Рюноскэ Акутагава: Кашкулак

Кашкулак

“Жапон жылнаамасынын” маалыматтары боюнча Минотоку кыштагында биринчи жолу кашкулак адамга айланат, бул окуя отуз бешинчи жылы жаздын экинчи айында Суйко императорунун мезгилинде болгон. Ырасында башка китепте кашулакты «адамга айланып калды» деп жазбайт, анда «адамга окшоп калган» делет, бирок бул эки китепте тең “ырдаган” деген маалыматтар бар, андыктан ал кашкулак адамга айланганбы же адамга окшошуп калганбы, эмнеси болсо да анын чыныгы адамча ырдаганы чын окшобойбу.

Мындан кыйла көп жыл мурун “Император Суйниндин башкаруу мезгилиндеги жазууларда” мындай айтылат: сексен жетинчи жылы Тамба повинциясында жашаган Макасо аттуу жаш жигитке тиешелүү ит терисине жип менен өткөрүлгөн магатама сыяктуу кымбат баалуу асыл таштары бар кашкулак тиштеп алат. Бакин мына ушул жип менен өткөрүлгөн баалуу таштар жөнүндө жана Яхобикуни мётиндин кантип пайда болгондугу тууралуу “Сегиз ит” аттуу романында жазган. Анда мурунку доордогу окуялардан айырмаланып, Суйнин доорунун кашкулагы эч кандай башка жандыкка айлана алган эмес, ал жөн гана асыл таштарды терисине катып алган. Ушинтип окуя көбүрүп-жабырып отуруп, отуз бешинчи жылы жаздын экинчи айында Суйко падышачылыгынын доорунда гана кашкулак биринчи жолу адамга айланган.

Кашкулактар атам замандан бери жапон токойлорун байырлап келишкени тууралуу император Дзиммунун чыгышка жасаган жортуулунан калган маалыматтардан кезиктирсек болот. Ал эми адамга айлана алган кашкулак жөнүндө алгачкы маалымат 1288- жылы хандык түптөлүп баштаган мезгилге туура келет.

Бир карасаң бул жөн гана кокустук. Бирок, бар балекеттин баары ушул жерден башталып жатпайбы.

Митиноку кыштагында жашаган Сиокуми деген кыз жана ошол эле кыштакта жашаган Сиояки аттуу жаш жигиттин ортосунда сүйүү болгон. Кыз апасы менен жашагандыктан жашырынып, жигити менен түнкүсүн жолугуп жүрдү, бул тууралуу эч ким билчү эмес.

Жигит дайыма түнкүсүн үйүнөн алыс эмес Исояма тоосун ашып, кыз менен болжошкон жерге келет. Жолугуу убактысы болгондо кыз да үйдөн чыгып кетет. Бирок, ал апасына кам көрүп жатып көп учурда кечигип келе турган. Бир жолу ал түн суюлуп калган кезде келди. Дагы бир жолкусунда таң атып кетип, короз кыйкыра баштады, а кыз келген жок.

Окуя мына ушинтип кызды таң аткыча күткөн түндөрдүн биринде болду. Жигит асканын башына олтуруп, күтүүдөн тажаганда асканы жаңыртып ырдады. Жээкке урунган толкундун добушу үнүмдү басып кетеби деп ойлодубу, айтор кургаган тамагын болушунча кыйнап, бийик үнү менен кыйкырып обон салды.

Талаада жаңырган ырды угуп, эне жанында жаткан кызынан ким ырдап жатканын сурады. Кыз болсо уктап жаткандай түр көрсөтүп жата берди, энеси кызынан кайра сурады, анан дагы сурады, мындайда өзүн жоготуп, эмне деп жооп берерин билбей, ырдап жаткан адам эмес деп калп айтып жиберди.

Энеси: “Ким анда ал?” деп тактап калды. Ушундайда тапкычтыктын пайдасы тиет экен, кыз “кашкулак болуш керек” деген жооп тапты. Карачы, сүйүү илгертен бери эле аялдарды айлакер болууга шыкап келгенин.

Эртең менен кыздын энеси алардан алыс эмес жашаган килем токуган кемпирге кашкулактын ырын укканын кеп кылат. Көрсө, ошол кемпир да түндөгү ырды уккан экен. “Капыра- ай,- деп таң калып, көрсө кашкулактар да ырдашат тура” – деп ойлоп калат да, бул туурасында айылдагы камыш кескен кишиге айтып берет.

Ошентип бул окуя эл арасында ооздон-оозго өтүп жүрүп, акыры ошол айылдагы садака чогулткан кечилге да жетип, эми ал эмне үчүн кашкулактын адамча ырдаганын айтып бермек болот… Буддисттердин окуусу боюнча жашоо дайыма кайталанып туруучу чексиз айлампадан турат. Андыктан адамча ырдаган кашкулактын руху мурда адамдын руху болгон дегенди жокко чыгарып болбойт. Демек, мындай кашкулактар адам кылгандын баарын кыла ала туруучу жөндөмгө ээ. Ошондуктан, айлуу түндөрдүн биринде кашкулактын ырдаганын уксаңыз, таң калбай эле коюңуз…

Мына ушул окуядан кийин кыштакта кашкулактын ырдаганын уккан адамдар көбөйө берди. Керек болсо ырдаган кашкулакты өз көзү менен көргөн киши четтен табылды. Бир күнү ал чардактардын жумурткасын чогултуп, түн катып көл жээктеп үйгө келе жатса, жарыкка чагылышып ар кай жакка күрөлүп ташталган кардан алыс эмес жерге, так эле Исояма тоосунда акырын ырдап бара жаткан кашкулакты кезиктирген имиш.

Ошол ошентип, айылдын дагы бир жашоочусу ырдап бараткан кашкулакты өз көзү менен көрүптүр. Ушундан кийин айылдын бүт жашоочулары үчүн карысы- жашы дебей, аялы- эркеги дебей  кашкулактын ырдаганын укканбыз деп кеп кылышса, эч кимге таң калычтуу болбой калды. Кээде аны тоодон. Айрым учурда – деңизден, керек болсо, тоолор менен деңиздин жээгинде ташталган эски кепелердин чатырынан көргөндөр болду. Айта берсе сөз көп. Буга окшогон имиштер уланып, керек болсо бир жолу түндө Сиокуми аттуу кыз ырдаган кашкулакты көрүп катуу коркуп калыптыр деген менен аяктады.

Албетте, кыз башынан эле жигиттин ырдап жатканын билген. Ал энесинин дем алуусун тыңшап, кызуу уйкуга кеткенин билген соң жылуу жуурканын түртүп таштап, сыртка чыкты. Жигит эч жерде жок экен, ал асмандагы жарым айды жана жээкке урунган толкундардан башка эч нерсе көрө алган жок. Ал жигитин айлана-тегеректен издеп жаткан, бир маалда кыздын денесин шамал сыяктуу муздак каптап кетти да, эки бетин колу менен басып ордунда катып калды. Так эле эшиктин алдындагы кумдан кашкулактын издерин көрүптүр…

Бул окуя тоолорду, дарыяларды ашып шаарга да жетип келди. Эми Ямасиродо да кашкулак адамга айлана баштады. Андан кийин Омиде да айланды. Кийин башка аймактарда да кашкулак кишиге айланды. Токугава доорунда кишиге айлана алган көрүмчү кашкулак пайда болуп, буга элдер катуу ишенип алгандыктан, аны Садолук Дандзабуро деген киши деп да чыгышты.

Чынында кашкулак эч качан кишиге айланган эмес. “Адамдар өздөрү эле ойлоп таап, ишенип алышкан”- деп айтат чыгаарсыз. Бирок ойлоп көрсөңүз, чыныгы болгон нерсе менен сиз ишенген нерсенин ортосунда канчалык чоң айырма болушу мүмкүн?

Бул кашкулактын окуясына эле тиешелүү эмес. Деги эле бар атпайдын баары бүтүндөй биз ишенген нерселер эмеспи!

Жиль көлүндөгү балдар жөнүндө “Кельттеги иңир” аттуу Йитсанын аңгемесиндеги бирде көк, бирде ак кийим кийген протестант кызды элдер Ыйык кыз деп эсептешет эмеспи.

Андыктан адамдын аң- сезиминде ишеним жашап жатканда, Ыйык кыз менен тоодогу ырдаган кашкулактын окуясы бири- биринен эч айырмаланбайт тура.

Ата-бабалар адамга айланган кашкулакка чындап ишенген сыяктуу, биз дагы өзүбүздөгү ишенимдерге жан-дилибиз менен ишенишибиз керек. Анан ушул ишенимди жоготуп албай жашаганыбыз оң.

Ошондуктан эч качан кашкулакка ишенгендерге күлүп болбойт.

Магатама- ( яп.изогнутая драгоценность) Изогнутая бусина из дрогоценного камня в виде запятой. Үтүргө окшоп ийри келген асыл таштардын топтому.

Которгон: Малика Жумадилова