Рюноскэ Акутагава: Эне

Эне

Күзгү баарын көрсөтөт эмеспи. Мына ушул бурчта турган күзгүдөн кадимки шанхай мейманканасынын экинчи кабатындагы бөлмө дыкат жыйналып коюлгандыгын байкоого болот – дубалдары европалык ыкма менен сырдалган болсо, полуна жапон ыкмасынын негизинде бойро[1] төшөлгөн. Көгүлтүр түстөгү дубалдарына дагы бойро илинип коюлган. Күзгүдөн дагы бир элести – сокмо согуп, күзгүгө аркасын салып отурган аялдын элесин көрүүгө болот. Айдалысын жаап турган суйдаң кара чачынын арасынан үстүнө кийип отурган кимоносу агарат.

Дубал артынан угулуп жаткан ымыркай баланын ыңаалап ыйлаганы болбосо, бөлмө ичи кулак-мурун кескендей жымжырт. Баса, ошол жымжырттыкта баланын ыйлаганынан сырткары, тыным билбей жаап жаткан жамгырдын үнүн дагы эшитүүгө болот.

-Бери карачы – деди, аял кимдир бирөөгө. Бул «кимдир бирөө» – сыйда муруттуу, бети толмочураак келген эркек эле. Ал жанатадан бери үстүнө кебез кимоно жамынып алып, кайсы бир англис тилиндеги гезитке үңүлө тигилип, камыштан токулган бойродо жаткан. Эркек ошол жаткан калбынан жазбай жанында турган күл салгычка тамекисинин күлүн түшүргөн болду.

-Бери карасаң эми! – деди аял кайрадан үн катып, бирок сокмодон көз алган жок.

-Эмне болду?

Эркек эми башын көтөрүп, «Жок дегенде гезитти дагы тынчыраак окутпайсың» – деген таризде аялга тигилди.

-Бул номур… башка номурга көчүп алсак кандай болор эле?

-Башка номургабы? Биз буга кечээ кечинде эле көчүп кирдик го. Эркек аң-таң боло аялга тигилди.

-Кечээ эле көчүп келсек эмне экен? Балким, буга чейинки бөлмөбүз дагы деле бош тургандыр.

Дал ушул учурда эркектин эсине күңүрт жана дагы эки жума бою аларды убайымга салган үчүнчү кабаттагы бөлмө кылт эте түштү. Дубал беттери каңтарылып түшүп жаткан ал бөлмөдө жер таманга чейин чубалган жана да өңү оңуп кеткен чыт парда илинип, терезе текчеде чаң баскан жана узак убакыттан бери сугарыла эле герань гүлү турар эле. Терезеден кылаарга иши жок, баштарына самандан токулган калпактарын баса кийип алышып, эриккенинен эмне кылаарын билбей күнгө какталып жаткан кытай арабакечтерин көрүүгө боло турган.

-Ал бөлмө сага таптакыр жакпай туруп алгандыктан мында көчүп келдик го?

-Ооба, аның ырас. Бирок, босогосун аттаар замат бул бөлмө дагы таптакыр жакпай калат деп түк ойлобоптурмун –деди да, аял сокмосун токтотуп, муңга толгон кыйык көздөрүн жалжылдата эркекке тигилди. Көздөрүнүн алдындагы каралжын тактар кечээ жакында эле болуп өткөн кандайдыр бир кайгы-касиреттен кабар бергендей.

-Кайра эле мурунку ордубузга көчүп алсак… Же таптакыр болбойт дейсиңби?

-Бирок, бул бөлмө мурдагыбызга караганда алда канча чоң жана жакшы болуп жатпайбы?! – деди эркек аялга тигилип, менимче, сага жакпай жаткандыгынын себеби башкада болуп жүрбөсүн?

-Жок, андай деле эмес, себеби деле жок… Аял бир саамга ыргылжың боло түштү да, башка эч нерсе айтпаганы менен, бир аздан кийин чечкиндүү түрдө мындай деди: – Демек, таптакыр болбойт дечи?

Эркек үн каткан жок. Тамекисин соруп, түтүнүн гезит үстүнөн үйлөгөн болду. Бөлмө ичинде баштагыдай эле жымжырттык өкүм сүрүп, эшиктен баштагыдай эле тынымсыз жаап жаткан жамгырдын дабышы кулакка даана угулуп жатты.

-Жазгы жамгыр… Бир аздан соң эркек өз оюн мына ушинтип угуза айтты да, чалкасынан оодарылап берип мындай деди: – Жакында Ухуга көчүп кетебиз, балким ал жерде мен үч саптык ырларды жаза баштайм?

Аял буга жооп бербестен сокмосун уланта берди.

– Уху жаман жер эмес. Биринчиден, фирма ал жерден бизге чоң үй берген жатпайбы,  баса, бакчасы да бар экен – кааласаң гүлдүн түрүн өстүр, кааласан башка нерсе отургуз. Бекеринен аны илгери Июньсихуан, башкача айтканда Юнцзя гүлдөрүнүн бакчасы деп аташпаган чыгар… Капысынан эле эркек үндөбөй отуруп калды, буга чейин анын гана үнү угулуп жаткан бөлмө ичинде кимдир бирөөнүн бышактап ыйлаган үнү угулду.

–  Тосико, дагы эмне болуп кетти? Эркек эмне кылаарын билбей өбөктөй калып, аялга суроолуу тигилди: – Биз экөөбүз сүйлөшпөдүк беле. Бышактап, ыйлаганды токтотобуз деп макулдаштык эле го. Анан эле сен минтип… – Балким, сени башка бир нерселер убайымга салып жатпасын? Балким, Кытайдын кайсы бир элет жерине эмес, Японияга кеткиң келип жаткандыр?

– Жок, жок, – деди аял ый аралаш чечкиндүү түрдө баш чайкап. – Сени менен жердин жети түбүнө болсо да кетем. Ошентсе да… Тосико башын төмөн салып, ыйлап жибербеш үчүн алдыңкы эрдин кесе тиштеди. Өңү кубакай болгон менен жаактарынын алдында көзгө көрүнбөгөн алоо жалбырттап жаткандай болду. Ийиндеринин билинер-билинбес түрдө титиреп, кирпиктери нымдала түшкөнүн көргөндө эркектин ичи элжиреп, ушу азыр дагы жанында турган мына бул аялдын сулуулугуна тан берип, нике кайып буюрган жары үчүн жаратканга ыраазы болуп кетти.

-Ошентсе да… бул бөлмөдө жашоо мен үчүн тозокто күн кечиргенге барабар болуп жатат.

-Буга чейинки бөлмө тууралуу дагы сен ушинтип айткансың. Деги эмне болуп жатат? Кур дегенде, себебин түшүндүрүп койчу – жана… Ушинтип айтып келе жатып, Тосиконун аны тигиле карап тургандыгын сезген эркек сөзүнүн аягына чыкпай токтоп калды. Тосиконун жашка толгон көздөрүнөн кандайдыр бир билинер-билинбес жек көрүү сезими коштогон өкүттү, не адам баласынын туюму оңой менен аңдай бербеген касирет-кайгыны көрүүгө болот эле.  Эмне үчүн бул бөлмө ага жакпай калды? Тосиконун өзү дагы бул суроону эркекке бир нече жолу берген. Аялынын көздөрүнө көздөрү кадала түшкөндө эркек: сөздү улантуу керекпи же жокпу? – деп ойлоп буйдала түштү. Бирок, бул абал көпкө созулган жок. Дал ушул маалда эркек иштин чоо-жайын түшүнгөндөй болду да толкундануусунун жашыруу үчүн: – Сени убайымга салып жаткан мына ушул да? – деп Тосикого суроолуу тигилип, ошол замат, – Билсең мунун өзү менин дагы кыжырымды келтирчү болду деп кошумчалады.

Мына ушуну айтаар замат Тосиконун көзүнүн жашы мөлт этип кулап кетти. Бул көз жаш тынымсыз жаап жаткан жамгыр менен бирге  дубал артында  ыйлап жаткан ымыркай баланын көз жашы менен жуурулушуп, андан ары ааламды курчап турган миң сандаган тамчыларды көздөй агып кеткендей болду.

2

Таң супадагы күндүн күмүш канат жебелери экинчи кабаттагы бөлмөнүн терезесин черткилеп, бөлмө ичин нурга бөлөйт. Терезенин каршысында кызыл кыштан кынаптала салынган үч кабат үй көзгө урунат. Эгерде күңүрт коридордон карай турган болсоң үйдүн фонунда бул терезе көзгө чоң бир сүрөт, ал эми анын торчо жыгачтары ошол сүрөттүн алкагы сымал  көрүнөт. Сүрөттүн чок ортосунда колуна шиш кармап, ымыркай бала үчүн байпак токуп отурган жана Тосикодон жашыраак аялды көрүүгө болот. Мына ошол күндүн жамгырга чайынган күмүш канат нурлары кымбат баалуу жибек кимоночон бул  аялдын кубаттуу ийиндерине үйрүлө калышып, албырып турган жүзүнөн аярлай сылап жатышкансыйт.  Мейманкада бул учурда, тагыраак айтканда таңкы он менен он бир ортосундагы мезгил аралыгында кулак-мурун кескендей жымжырт. Бул мезгилде тургундардын айрымдары, ошондой эле соода-сатык иштери менен келгендер жана туристтер адатта мейманканадан чыгып кетишет да,  мында кечкурун гана кайтышат. Ошол себептүү, буттарында бөлмө ичине кийүүчү атайын чокой бар экендигине карабастан мейманкананын далисинде нары-бери жыла басып жүрүшкөн кызматчы аялдардын дабышы кез-кез кулакка чалынат.

Дал мына ушул учурда далистин тиги четинен кимдир бирөөнүн басып келе жаткан дабышы угулду. Бул колуна паднус көтөргөн кырктар чамасындагы кызматчы аял эле. Адатта, ал минтип номурларга чай таратат. Эгерде аны чакырбаганда, балким ал терезе жанында отурган аялды этибар албай өтүп кетмек. Бирок, тиги аял кызматчы аялды байкай коюп, үнүн бийик чыгарып, кубанычтуу түрдө мындай деди: – О Киё-сан!

Кызматчы аял ийиле учурашып, терезе жанына басып келди да, мындай деди: – Таң атпай сокмо согуп, деги бир «Иш десе ичкен ашын жерге койгон» мээнеткеч жан экенсиз… Балаңыз кантип калды?-

А, менин болочок баатырымды  сурап жатасызбы? Дале уктап жатат. Ал сокмосун токтотуп, балачасынан жылмайган болду. – Баса, О-Киё-сан.

-Ов, кулак сизде. Деги, тынччылыкпы? Бир нерсе болуп кеткендей чоочутасыз да – деди апапакай алжапкыч тартынган кызматчы аял ууртунан тарта жылмайып.

-Коңшубуз Номура-сан… Ооба, менимче Номура-сан болсо керек эле. Аялынын атын билбейсизби?

-Номура Тосико.

-Тосико-сан? Экөөбүздүн ысымыбыз бирдей экен да. Көчүп кетише элекпи?

-Жок, көчүп кетише элек, угушума караганда, кыязы, дагы беш-алты күндөй турушат да, андан соң  Ухуга кетишет….

-Таң калычтуу, жакында эле алар жашаган бөлмөнүн жанынан өткөм – эч ким көрүнгөн эмес эле го.

-Туп-туура айтасыз, капысынан эле алар кечээ күнү үчүнчү кабатка көчүп кетишти.

-А, ошондойбу?

Бир нерсе эсине кылт эте түшкөндөй аял мостоё түштү да, жер тиктеген боюнча мындай деди: – Менимче, көчүп келген күндүн эртеси булардын ымыркай баласы чарчап калды окшойт?

-Ооба, тилекке каршы ошондой болду. Сыркоолоп калаар замат ооруканага жеткиришкен, бирок…

-Демек, ал ооруканада экенинде чарчаптыр да? Ошол үчүн мен эч нерседен кабарым жок окшобойбу.

Аял баш чайкай, улутунуп алды да, ошол замат жарк эте жылмайып мындай деди: – Бечара, мейли эми, ыйманы саламат болсун. А сен, алардыкына кирип чык да.

-Дагы эмне кылайын! Кызматчы аял каткырып күлүп жиберди да, – Эгерде минте турган болсоңуз, чырмоок баскан үйдөн телефон чалды дегиче мырзага бул тууралуу айтам – деп кошумчалады.

-Койдум эжекебай, тамашалап жатпайынбы. Бар эми. Чайың муздап калмай болду.

Кызматчы аял кетээри менен, аял кыңылдай ырдап сокмосун улантты.

Мен жогоруда айтып кеткендей саат он менен он бирдин ортосунда мейманканада жымжырттык өкүп сүрөт. Дал ушул маалда кызматчы аялдар бөлмөлөрдө турган вазалардагы соолуп бара жаткан гүлдөрдү алып чыгып, эшикке ыргытышат да, тепкичти бойлото кеткен күмүш түстүү темир тосмолорду жалтырата сүртүшөт. Мына ушул кулак-мурун кескен жымжырттыкты атайы ачылып коюлган терезелер аркылуу кирген көчө кыймылынын шарданы гана бузат.

Аялдын тизесиндеги түйдөк жип жерге түшүп, артынан кызыл тилке калтырган боюнча, коридорду көздөй тоголонуп чыгаары менен ошол туштан өтүп бара жаткан кимдир бирөө жерден аны көтөрүп алгандай болду.

–  Чооң рахмат!

Аял столдон өйдө туруп, уялыңкы түрдө ийилип учурашкан соң маңдайында турган аял бир аз мурда эле кызматчы аял менен кеп кылып жаткан Тосико-сан экенин байкады.

–   Эч нерсе эмес.

-Түйдөк жип ичке назик манжалардан, шиш кармап турган кардай аппак манжаларга өттү.

-Тосико бөлмөгө кирип, терезеден тийген күн нуруна көзүн жүлжүйтө мында деди: -Бөлмө тим эле ысып кеткен го!

-Мен дагы сокмо согуп отурганда аргасыз көзүмдү жүлжүйтүп алам.

Аялдар бирин-бири карап жылмайган болушту.

-Быйтыйган сонун байпактар го! – деди Тосико, үнүн аяр чыгарып. Аял муну укмаксан болуп, аргасыз көздөрүн ала качып кетти да: – Ойлосом, дээрлик эки жыл бою колума шиш кармабаптырмын. Бош отургандан көрө деп…

-Туура. Бирок мен бош убактым көп экендигине карабастан бир нерсе кылууга моюнум жар бербейт. Тосиконун мына бул сөздөрү негедир аялга катуу тийди. Аял колундагы шишти столго коюп, бирок: “Ооба, сизди түшүнөм” – дегендей жылмайды.

– Чүрпөңүздү айтам… Менимче, эркек болуу керек эле? Канча айлык болуп калды? – деди Тосико саамай чачын сылай берип.  Коңшу бөлмөдөн чыгып, кечээ эле жанына жай бербей жаткан бала ыйы азыр бүйрүн кызытты. «Эмне үчүн тынымсыз ыйлай берээри, бул тууралуу ал өзү кандай ойдо экендиги» өңдүү көңүлгө тынчтык бербей жаткан суроолорду биринин артынан бирин узаткысы келди.

-Май айында эле төрөлгөн – деп айтып, аял бир саамга унчукпай жер тиктеп калды да, андан соң Тосикого кайрылып – Сиздердин үй-бүлөңүздөрдө чоң жоготуу болду деп уккандай болдум эле?

Тосиконун көздөрү жашылданып кетти. Бирок, өзүн колго алып, жылмаюуга далалат кылды.

-Ооба, тилекке каршы, ошондой болду. Көк жөтөл деген балакет жармашып, кыскасы бардыгы күтүүсүз болуп кетти. Тим эле түш сыяктуу болду го, чиркин.

-Жаман болгон экен да. Эмне дээримди дагы билбейм турам… Аялдын көздөрүнөн жаш тегеренип кетти. – Кудай анын бетин ары кылсын… Билбейм, бир нерсе болсо мен кантмекмин.

-Алгач, акылымдан айнып кала жаздагам, бирок арга канча, күндөр өтө берет экен. Экөө тең эми терезе тушка бирдей тигиле карап калышты.

-Бул жердин шамалы катуу экен, тим эле жүрөгүңдүн үшүн алат.

-Ооба, ар кимдин туулган жери Мисир – демекчи, туулган жердей жайды табуу кайда.

-Мен мында жакында эле келгендиктен, аба-ырайы тууралуу  жакшы деле билбейт экенмин. Угушума караганда жаан жумалап жаайт окшойт.

-Айрыкча, быйыл күндүн көзү ачыла элек… Ой, балам ыйлап жатат окшойт! – деди да, аял кулак түрө калып: – Кечирип коюңуз, ойгонуп алган тура. Мен азыр! – деп айтып оозун жыйгыча ыйлап жаткан баланы көтөрүп, бөлмөгө жанагы кызматчы аял баш бакты. Бала таза одеялга оролуп коюлган экен, жаш жууган беттери болтоюп, Тосиконун назарын өзүнө бурду.

-Терезени сүртүп коёюн деп кире калсам ойгонуп кетпедиби.

-Эч нерсе эмес, сизге чооң рахмат – деди да, аял баланы колуна алып, көкүрөгүнө жакындатты. Тосико ылдый эңкейе берип,  дагы бир ирет баланын жүзүнө үңүлүп, ошол замат эмчек сүтүнүн  али эсинен чыга элек тааныш жытын сезгендей болду.

-Ой, ой, тим эле сүткө тойгон күчүктөй болуп…  уурттарын карап кой! Аялдын жүзү албырып чыкты, Тосиконун бул айтканына ал тек жылмайган болду. Чүрпөсүнүн оозуна эмчек салып, болгон дитин буруп, ууз сүтү менен бирге адам баласына тиешелүү асыл сапаттардын бардыгын мыскалдап өткөрүп берип жаткан эненин бактысы деген ушул эмеспи!

3

Юньцзяхуаюандагы анжыр жыгачы менен мажүрүм талдардын сыдырым желге сеңселген жалбырактары аяр шуудурап, сезимине чок түшүп, күндөрдүн биринде энеси, не болбоду жандай көргөн жакын жеңеси менен мына ошол купуя сезимин бөлүшүп жаткан селкинин уяң үнүндөй  туюлат. Бакча ичиндеги анжыр жыгачына тартылып коюлган асма тордо колуна чылым кармап, маңдайында илинип турган кытай торчосунда конуп отурган чыйырчык сымал кушка тигилген тейде бир эркек жатты. Чымчык анда-санда “чыйт-чыйт” эте үн салып, туурасынан коюлган туур жыгачтарынын биринен экинчисине конот да, анда-санда эркекти караган болот. Муну байкап отурган эркек чылымын чычайта тиштеп, каадалуу бирөө-жарымга кайрылып  жаткансып: – «Дагы эмне болду?» же «Кандай дейсиң?» – деп үн катып мыйыгынан жылмаят. Айдарым желге ыргалган жалбырактардын шуудуру менен бирге көк чөптүн жыты келет. Тээ алыстан кеменин: «до-о-о-тт!» – деп кыйкырып үн салганы угулуп, доошу ошол боюнча кайтып угулбай калат. Кыязы, кеме эбак эле сүзүп кеткен көрүнөт. Ким билет, балким ал жошо түстүү  Янцзыны  жирей, кудум жылдыздарды аралап бара жаткансып, аркасынан чубалжыган күмүш из калтыра чыгышты көздөй бет алгандыр. Ал эми мына ошол кеме сүзүп кеткен жайда отурган адам арбуздун кыртышын кемирип жеп жаткандыр. Үстүндө үйрүп алар кийими жок болгондуктан ал итке минген кедей окшойт. Тигине, тигинде болсо узатасынан суналып жаткан энесинин эмчектерин талашып торопойлордун бири экинчисин жөөлөйт, куру калганы эмчек ээмп жатканын жактырбай, тумшугу менен түртүп, мулуңдайт. Мына ушул кыяздагы түркүн ойлор басып, жанатан бери торчо ичиндеги чымчыкка көз салып, не кылаарын билбей үргүлөп жаткан эркек көзү кандай илинип кеткенин байкабай калды. Ушул маалда: – Уксаң! – деген үн угулду. Эркек чоочуп ойгонуп кетти да, маңдайында Тосико турганын байкады. Бетине эч кандай эндик сүртпөгөнүнө карабай аялдын жүзү толукшуп, тээ шанхай мейманканасында жашап жүргөн учурдагыга караганда алда канча татына эле. Аялын бир карап алып, эркек оозун ачып эстеген болду да, өйдө болуп асма торго отурду.

-Почта келиптир.

Тосико ууртунан тарта жылмайып, күйөөсүнө бир нече кат сунду да, коюнунан кызгылт-сары түстөгү дагы бир кичинекей конверт сууруп чыгып, күйөөсүнө көрсөтүп мындай деди: – Мага да кат келиптир.

Эркек чылымын чычайта тиштеген боюнча каттардын улам бирин нары-бери тегеретип карап, Тосико болсо ошол турган турпатында тиги конверттен чыккан жана түсү дал ошондой  кызгылт-сары түстөгү баракка көз чаптырып, бир нерселерди ашыга окуп жатты. Юньцзяхуаюандагы анжыр жыгачы менен мажүрүм талдар дигерде боло калчу желге акырын гана шуудурашып, бул эки адамга астейдил көз салышкансыйт. Алыстан чыйырчык үн салат. Учуп бара жаткан коңуз капысынан эле эркектин ийинине конот да, бирок ошол замат сапарын улантмакка чырылдап үн сала кайдадыр учуп жөнөйт…

Мына ушул бир саамга созулган жымжырттыктан кийин Тосико каттан көзүн албаган тейде кыйкырып жиберди.

-Кудай у-р-р! Коңшу келиндин баласы дагы чарчап калган окшобойбу.

-Коңшу келиндин? – Эркек элейе калды. – Коңшу келиндин дегениң кандай?

-Айтып жатам го, коңшу келиндин деп. Баягы шанхай мейманканасындагы келинчи.

-А-а, эстедим, баягы бала да ээ? Олдо, кокуй күн ай, жаман болгон тура.

-Ошону айтпайсыңбы. Өлөт деп ким ойлоптур…

-Себеби эмнеде экен деги?

-Жазгандарына караганда ал дагы ооруп калыптыр. Алгач, суук тийсе керек деп ойлошуптур. Тосико толкунданган боюнча андан ары окуду. – «Биз аны ооруканага жеткирип барган менен кеч болуп калган экен…». Кудум эле биздикиндей болуптур ээ? «Укол куюшуп, кычкылтек беришти, айтор, мүмкүн болгон нерсенин бардыгын жасашты…». Окуй берейинби?.. «Ал болсо, тынымы жок ыйлай берди. Ыйы басаңдап отуруп, онтоого өттү да, түндөсү, тагыраак айтканда он бирден беш мүнөт өткөндө дем албай калды. Эмне дейин… Эне-баланы Кудай бири-биринен ажырата көрбөсүн…».

– Байкушка жаман болгон тура.

Эркек кайрадан термелип жаткан асма торго жата кетти. Чарчап калган наристенин элеси көз алдына тартылып, акыркы, эң акыркы доошу кулагына угулгандай болду. Качандыр бир мына ушул үшкүрүк коштогон бала доошу кайрадан наристенин барылдалган ыйына айланат да, нөшөрлөп төгүп жаткан жамгыр доошун басып, теребелди шаңга бөлөйт. Мына ушундай таттуу кыялдарга жетеленип кеткен ал аялы окуп жаткан каттын мазмунуна  кайрадан кулак түрдү. «…болоору болду, боёосу канды демекчи, эми арга жок. Билесизби, негедир биз жолуккан күндү эстедим. Ошол учурда сиз азыр мен  кез келип отурган  мүшкүлдү баштан кечирип жүргөн окшобойсузбу… Ойлосом каңырыгым түтөйт. Ичим туз куйгандай ачышат. Турмушуң түшкүр мынчалык катаал болбосо не болот».

Каттын ушул жерине келгенде Тосико тык токтоду да, илгери болуп өткөн жагымсыз окуя эсине түшө калгандай коюу каштарын түктөйтө серпип, бир саамга ойлуу туруп калды да,  тор ичинде отурган чыйырчыкты байкай коюп, сүйүнгөнүнөн улам жаш балача алакан чаап жиберди.

-О-о, оюма бир нерсе келди..! Кел, мына бул чыйырчыкты эркиндикке коё беребиз.

-Эркиндиккеби? Сен жаныңдай көргөн чыйырчыктыбы?

-Ооба, анын эмнеси бар экен. Биз аны тиги баланын жаркын элеси үчүн коё беребиз. Эркиндикке чыкканына, менимче абдан сүйүнөт болуш керек… Бирок, мен торго жетпейт окшойм. Аны мага төмөн түшүрүп берчи. Мына ушундан соң Тосико торго жакын басып барды да, буттарынын учуна тура калып, колдорун болушунча жогору созгон менен торго жете албады. Тордон таруу куюлуп кетти. Эркек ордунан козголгон жок. Ал алгач тордон куюлуп кеткен тарууга, андан соң Тосиконун сыйда аппак моюнуна, көкүрөгүн тээп, жогору кайкалап турган эмчектерине жана манжа учуна тургандыктан тулку бойдун салмагына туруштук бере албай калтырап жаткан буттарына кызыгуу менен тиктеп жата берди.

-Жок, жетчүдөй эмесмин. Тосико буттарынын учунда турган калыбында күйөөсүнө кайрылды: – Турчу эми, мени карап жата бербей жардам берсең боло?

-Ага мен деле жетпейм. Бир нерсенин үстүнө чыгуу керек. Шашпай анан коё берсек кантет?

-Жок, мен азыр коё беришим керек. Болчу эми, түшүрүп берип койчу. Бары бир жаныңды койбойм. Жок, андай болбойт экен, алдыңдагы асма торду чечип, жыйнап салам – деп кабагын чытып, үрпөйүмүш болгон менен ошол замат ууртунан тарта жылмайып жиберди. Негедир аялдын мына ушул жылмаюусуна эркек таңыркай карады. Бул жылмаюунун артында буга чейин ага байкалбай жүргөн таш боордук, мерестик катылып жаткандай туюлду. Ал гана  эмес, абалтадан бери бу буту – айры, башы – жумуру адамдар ортосунда боло келген ыйкы-тыйкы мамилелерге такай күбө болуп келе жаткан теребел дагы бу сапар алдыртан абай салып: Эми эмне болор экен?- дегенсип тунжурайт.

-Жинди болбочу, – деди эркек колундагы чылымын ыргытып жатып. – Баласы өлүп, кан жутуп отурса, табалагансып каяктагы бир чымчык тууралуу чыйпылыктайсың… Уят да ушунуң!

Муну уккан Тосиконун өңү кубарып кетти. Ойлогону ордунан чыкпай шаабайы сууй түшкөн балача жер тиктеп, колундагы кызгылт-сары түстөгү катты майдалап жыртып жатты. Көңүлүн оорутуп алганын байкай койгон эркек не кылаарын билбей бушайман боло түштү да, көңүлүн жубатуу үчүн мындай деди: – Бул нерсени биз да башыбыздан кечирбедикпи. Эсиңдеби, ошондо сен жаныңды коёр жер таппай, чебелектеп… Күнү-түнү чырылдап ыйлаганын укпоо үчүн эле баланы ооруканага жаткырган элек, жаткырбай коюу – кооптуу эле… Эркек унчукпай калды. Тосико болсо башын шылкыйтып, жер тиктеген боюнча мындай деди:

– Уксаң.

– Эмнени?

– Мен… мени туура эмес кылды деп ойлойсуңбу? Ооба, чынында бирөөнүн алмончоктой баласы өлүп жатса, мен…  Тосико эми күйөөсүнө тигиле карады. – Баласы өлүп жатса, мен болсо сүйүнүп жатам. Чынында бала үчүн зээним аябай кейип жатат, бирок… мен негедир сүйүнүп жатам. Менимче, бул кылганым – осолдук. Сенчи, сен кандай деп ойлойсуң?  Чын эле ошондойбу?

Тосиконун үнүнөн мурда-кийин байкалбаган, деги эле көңүл-куюна такыр коошпогон мерестикти туюуга болот эле. Эркек буга эмне деп жооп берерин билбеди.  Аялынын мурда-кийин байкалбаган мындай жосунуна эси эки болуп, чечүүгө адам баласынын кудурети жетпей турган белгисиз бир тоскоолдуктарга кез келгенсип асма тордо кыймылсыз жатты.

1921, сентябрь

[1] Бойро – камыштан токулган кездеме.

Которгон: Таштанбек Чакиев