31-майда “Беш акын” теледолбоорунун экинчи айлампасы өтөт

ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун демилгеси менен Кыргыз улуттук жазуучулар союзу жана, ЭлТР биргелешип уюштурган “Беш акын” теледолбоору 31-май күнү саат 19:00 дө Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармонияда болмокчу. Адабий-музыкалуу кечеде бир муундагы беш жазма акын калыстар тобуна экиден өз ырларын, котормолорун тапшырып, ырларына жазылган обондор ырдалып, өздөрүнүн ыр жазгандан башка өнөрлөрүн көрсөтүшү керек. Акыркысында калыстар тарабынан берилген суроолорго жооп берет. Бул демилге былтыртадан бери болуп, поэзия сүйүүлөрүнүн купулуна толуп келе жатат.Экинчи айлампада 50-60- жаштар аралыгындагы Бактыгүл Сейитбекова, Салтанат Орозобекова, Бүбүйра Бектенова, Өмүрбүбү Бегалиева, Бурулкан Сарыгулова ат салышат. Эске сала кетсек биринчи айлампада Керез толугу менен…..

«Беш акын» теледолбоору – жазма акындардын жарышы

ТҮРКСОЙ, Кыргыз улуттук жазуучулар союзу, ЭлТР биргелешип 2017-жылы «Беш акын» теледолбоорун обого чыгарат. Теледолбоордун Биринчи кечесинде акындар Керез Зарлыкова, Абдилаат Дооров, Калбүбү Сариева, Гүлжамила Шакирова, Абдыжапар Эгембердиев ат салышат! Кече Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында 2-май күнү саат 18.00де башталат. Келип-катышып, адабий-музыкалуу кечебиздин күйөрманы болуңуз. Иш-чаранын уюштуруучулары ТҮРКСОЙ, КУЖС, ЭлТР

«Беш акын» теледолбоору болуп өттү

2-майда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында ТҮРКСОЙ, Кыргыз улуттук жазуучулар союзу, ЭлТР биргелешип уюштурган «Беш акын» теледолбоору болуп, ага акындар Керез Зарлыкова, Абдилаат Дооров, Калбүбү Сариева, Гүлжамила Шакирова, Абдыжапар Эгембердиев катышып, 1-орунду Гүлжамила Шакирова багындырды. Бул долбоор эми 50-60 жаштагы акындарга эстафета катары берилди.

“Беш акын” долбоору өз жеңүүчүлөрүн тапты

Үстүбүздөгү жылдын 3-декабрь күнү ТЮРКСОЙ түрк тилдүү элдердин маданият тармагы боюнча эл аралык уюму уюштурган “Беш акын” долбоорунун жыйынтыгы чыгарылды. Аталган долбоор май айында башталган. Баары биригип беш муундун ичинен 25 акын катышып, бешөө жеңүүчү болуп табылды. 40–50-жылдары туулган акындардын ичинен Анатай Өмүрканов, 50–60тан Карбалас Бакиров, 60–70тен Атантай Акбаров, 70–80ден Зайырбек Ажыматов, 80–90дон Алтынбек Исмаилов жеңүүчү болду. Калыстар Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Майрамкан Абылкасымова, Кыргыз эл акындары Омор Султанов, Төлөгөн Мамеев, Анатай Өмүрканов, белгилүү сынчы Кадыркул Даутов, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, профессор Омор Сооронов, композитор толугу менен…..