31-майда “Беш акын” теледолбоорунун экинчи айлампасы өтөт

ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун демилгеси менен Кыргыз улуттук жазуучулар союзу жана, ЭлТР биргелешип уюштурган “Беш акын” теледолбоору 31-май күнү саат 19:00 дө Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармонияда болмокчу.

Адабий-музыкалуу кечеде бир муундагы беш жазма акын калыстар тобуна экиден өз ырларын, котормолорун тапшырып, ырларына жазылган обондор ырдалып, өздөрүнүн ыр жазгандан башка өнөрлөрүн көрсөтүшү керек. Акыркысында калыстар тарабынан берилген суроолорго жооп берет.

Бул демилге былтыртадан бери болуп, поэзия сүйүүлөрүнүн купулуна толуп келе жатат.Экинчи айлампада 50-60- жаштар аралыгындагы Бактыгүл Сейитбекова, Салтанат Орозобекова, Бүбүйра Бектенова, Өмүрбүбү Бегалиева, Бурулкан Сарыгулова ат салышат. Эске сала кетсек биринчи айлампада Керез Зарлыкова, Абдилаат Дооров, Калбүбү Сариева, Гүлжамила Шакирова, Абдыжапар Эгембердиев катышып 1-орунду Гүлжамила Шакирова багындырган. Андыктан бардык ыр сүйүүчүлөрү үчүн эшик ачык.