“Беш акын” долбоору өз жеңүүчүлөрүн тапты

Үстүбүздөгү жылдын 3-декабрь күнү ТЮРКСОЙ түрк тилдүү элдердин маданият тармагы боюнча эл аралык уюму уюштурган “Беш акын” долбоорунун жыйынтыгы чыгарылды. Аталган долбоор май айында башталган.

Баары биригип беш муундун ичинен 25 акын катышып, бешөө жеңүүчү болуп табылды. 40–50-жылдары туулган акындардын ичинен Анатай Өмүрканов, 50–60тан Карбалас Бакиров, 60–70тен Атантай Акбаров, 70–80ден Зайырбек Ажыматов, 80–90дон Алтынбек Исмаилов жеңүүчү болду. Калыстар Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Майрамкан Абылкасымова, Кыргыз эл акындары Омор Султанов, Төлөгөн Мамеев, Анатай Өмүрканов, белгилүү сынчы Кадыркул Даутов, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, профессор Омор Сооронов, композитор Түгөлбай Казаков, КР улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Акбар Рыскуловдор эки жакка тартпай, акыйкат чечим чыгарышты.

ТЮРКСОЙдун генералдык катчысынын орун басары Фырат Пурташ жеңүүчүлөргө сыйлык тапшырып, Кыргызстандын ТЮРКСОЙдогу өкүлү белгилүү акын Кожогелди Култегин ойлорун ортого салып, “Беш акын” долбоору Казакстан акындарына өткөрүлүп берилди.

Жумахун ШАРИПОВ, КР улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү,
“Эркин тоо”, 01.12.2015-ж.