“Түнкү лирика” китеби окурмандардын назарында

Бүгүн А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында казак акыны Муратхан Шохандын “Түнкү лирика” аттуу китебинин бет ачарына арналган поэзия кечеси болуп өттү. Аталган китепти филология илимдеринин доктору, акын А.Эгембердиева которгон. Казак акынынын кыргыз жергесинде өткөн алгачкы чыгармачылык кечесине КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары К.Кадыракунов, Кыргыз эл акыны Г.Момунова, Кыргыз эл жазуучусу, акын А.Жакшылыков, Ж.Саалаев, К.Көкүлов ж.б. кыргыз акындары, Э.Бейилхан баштаган казак акындары жана поэзия күйөрмандары катышты. Эки саатка созулган ыр кечеде эки элдин акындарынын чыгармачылыгына күбө болгон күйөрмандар чыгармачылык байланыш мындан ары да улана беришин тилек кылып кайтышты.