Сүйүнбай Эралиев: Фронтто жаз. А мен чөптө жатамын, Жаткан өңдүү чоң атамдын төрүндө

Темиркул Үмөталиев

Түбөлүк оттой

Кеттиң эле майданга ушул жерден,

Кубат коюп атыңды, өмүр берген.

Кайсы тоонун бүркүтү дебедиби,

Кызыл кыргын чабуулда сени көргөн!

 

Күйгүзүүчү чок болуп чачылгансың,

Каарданган жолборстой качыргансың.

Баатырсынган фашисттин башын жулган,

Жазайылдын огундай атылгансың!

 

Курбалдашым согушка бирге кирген,

Тозок отун бир кечип, бирге жүргөн.

Карап турган ажыдаардан жалтанбастан,

Найза сунуп качырган, кайра сүргөн!

 

Сүйүнбай Эралиев

******

Мына, дагы Тогузунчу Май келди,

Жаркын жаздын коштоосунда акырын.

Ал жылдарда бут баспады кай жерди,

Баарын кошсо, болмок канча чакырым?

 

Жеңиш күнүн күтүп алган кез жакшы!

Согуш гана эске түшөт кайра да…

Ошондогу аккан канды, көз жашты

Бирге кошсо, жетмек канча дайрага?!

 

Жатты дүйнө, канга, жашка бөлөнүп,

Калаа кыйрап, миң-миллион эр өлүп.

Анын орду араң толду кайрадан,

Дагы ошончо жаңы балдар төрөлүп…

 

Үч мертебе кайра туруп жараттан,

Үч мертебе жоону беттеп бараткам.

Тагдырыма мен ыраазы ар качан

Мекениме солдат кылып жараткан!

1985-жыл.

 

Алтын барактар

Кандуу кыргын анда төрт жыл уланган,

Элден калбай эр жигиттен-уландан

Баары кеткен… Тирүүлөрдөн канча көп,

Азаматтар октон анда куланган.

 

Биз көрбөгөн азап-тозок калбаган,

Окшоп турду күн батышка кан жааган.

Жаралангам, бардык огум атылып,

бүтө электе мен жоого деп камдаган.

 

Өлгөндөрдүн тизмесине кирерге

Аз калганда, Петр деген бир эрге

Дуушар болгом, сүйрөп чыгып ал мени

Жеткирди эле октон далда бир жерге.

 

Бизде достук кан, тер менен бекилип,

Үзүм нанды жедик дайым тең бөлүп.

Эрдиктер да жатты тынбай жетилип,

Матросовго, Чолпонбайга теңелип.

 

Мүрзөлөргө көп болду чөп өнгөнү,

Өлгөндөрдүн бизге чоочун өңдөрү,

Бирок алтын барактарда жазылып,

Түбөлүккө калган аты-жөндөрү.

 

Эс алуу маалында

Фронтто жаз,

А мен чөптө жатамын

Жаткан өңдүү чоң атамдын төрүндө.

Азыр мага керек эмес чатагың,

Дитим барбайт киши өлүгүн көрүүгө.

 

Мурун жарып жыты келип талаанын,

Токой чөбү узун өскөн көйкөлүп.

Алар кудум колундай жаш баланын

Жатат менин сакалыма сөйкөнүп…

1969-жыл.

 

Согушта сен жөнүндө

1.

Баратып кышкы чабуулда,

Билбеппиз түндүн киргенин.

Ак карга кирди жабыла,

Ар ким үңүп бир жерин.

Тердеп келген тер катып,

Дене музга айланды.

Бирде туруп, бир жатып,

Мен да таппайм  айламды.

Жок, «айлам жок» деш бекер,

Сен кылт эттиң оюма.

Ток тийгенден беш бетер,

Тарап дене-боюма.

Сен жөнүндө сезимди,

Жазданам да, жамынам.

Кар «кырт» этсе, сенсиңби,

Деп ойлонуп, жаңылам.

От чыккансыйт денемден,

Кар да болсо жатканым.

Тоңуп өлөт элем мен,

Мында да бир сактадың…

2.

Окшоп өчүп жалыны,

Чогу калган бир отко,

Күндүн батып жарымы,

Кеч башталды фронтто.

Баары жым-жырт, келгени,

Ким көрүптүр кечти андай!

Катуу кыргын жердеги,

Болбогонсуп эч кандай.

Болор-болбос шуудурап,

Токой желге урунат.

Шылдырап да шыңгырап,

Суу да алыстан угулат.

Мен төрөлгөн жакта да,

Булак минтип акчу эле.

Арчаларды аскада

Жел ыргаса жакчу эле.

Булут минтип көччү эле,

Минтип кирчү кеч деле.

Сен ыкталып ийниме,

Бийлээр элек кечеде.

Жоо бузган ошо кечени,

Эстетет ушу кеч эми.

Дайым көздө элесиң

Жанда жүргөн кечээги?!

 

******

Билем, азыр ойлуу тиктеп турасың,

Мага, сага тааныш Кур-Таш кылаасын.

Бул мүнөттө болсо дейсиң жанымда,

Жоодо жүрөм, жокмун, кандай кыласың?

Бирок ошо менин колум өңдөнүп,

Кечки шоокум маңдайыңан сыласын!

Билесиң, жок башка кылар жардамым,

Биздин сүйүү менин ишим аркылуу,

кирдебесе, деген намыс-ардамын,

А көрөрбүз тагдыр жазган ар жагын…

Биздин күздүн жели муздак болчу эле,

Кой, үшүйсүң, кой, үйүңө бар, жаным?!

 

Узатарда

Узатарда эл бар эле көптөгөн,

Колдоруңду кыскан болуп бекемдеп,

Бирок сени эмне үчүндүр өппөгөм,

Эми өкүнөм, боштук кылган экем деп.

 

Жароокерим, айтсам эгер ачыгын:

Баласы үчүн тоодо жүргөн малчынын,

Адеп күтүп башкалардын алдында,

Кыздан бетер мен кыбылжып калчумун.

 

Эгер анда мен сындырсам шагыңды,

Өтүнөрүм, кечир жаштык  жагымды?

Мен өзүмдү эми түзөп жүргөнсүйм,

Жоо талашып жаткан жерде багымды.

 

Асылкеч

Ой асылкеч, калчу эмессиң унутта,

Өрттү кечип, жоодо жүргөн кезде мен,

Ок атышуу тынган ар бир минутта,

Улам-улам улутуна эстегем.

 

Не бир кызуу чабуулдарда, кармашта

Биз душманды, душман бизди сездеген,

Элесиңди эсте тутуп ар башка,

Минут сайын мен канча ирет эстегем.

 

Капысынан кирип барып, тез гана

Же кыштакты, же калааны көздөгөн

биз бошоткон кубанычтуу кезде да,

Мен өзүңдү сагыныч менен эстегем.

 

Же жатканда блиндажда тактада,

Ар кимибиз өз эрдигин сөз менен

жетине албай айтып жаткан чакта да,

Мен өзүңдү ыйлай жаздап эстегем.

 

Элге апкелип тынч мезгилди мурдагы,

Биз жеңишти көрүп кайттык көз менен.

Бирок менде күн болгон жок бир дагы

Сен сагынтып, жүрөгүмдү эзбеген!

 

*******

Аягын чапчып буулуккан,

Атымды алып суулуктан:

«Шашпасаң, азга токто?» — деп,

«Сагынар бекем жокто?» — деп,

Жаш чайган аппак жүзүңдү

Жашырдың аттын жалына,

Жайылып чачың далыңа…

Жоготпой ошол элесиң,

Жөнөгөм жоого мен өзүм.

 

Ага чейин

Билбейм, дагы канча окоптор казылат,

Жанды жалмап учат дагы канча октор?

Ойлойм, сөзсүз согуш бир күн басылат,

Басылганын барлар көрөт. А жоктор?

 

Анда, жаным, атпай муздап куралдар,

Айыл-айыл жерге тарайт бу балдар.

Жер бетинде калат канча мүрзөлөр?

Эми аларды күтпөйт тууган дубалдар.

 

Сен сурайсың: согуш сөзсүз токтойбу?

Сөзсүз токтойт… ага чейин а бирок

да суюлат адамзаттын токою,

Болот али көп «дарактын» орду жок…

 

Ыр менен

Өмүр өтүп келет жалаң ыр менен

Бирдей көрүп азабын да, асылын,

Кээде кетет мага келбей кыр менен.

Эмнеликтен?

Билбей келем бул сырын.

Күтүп чарчап,

жан тажаган учурда

Туруп кетип көңүл чөктү маанайда,

Тоону тиктеп ак мөнгүсү учунда

Шыбыр салып сырымды айтам мен ага.

Биздин жердин:

чөбү,

суусу,

абасы

Жаш күнүмдөн сиңген менин денеме.

Жеңиш күндөн берки мезгил арасы

Өтпөгөнсүйт кулуну өлгөн энеге.

Мен алардын ак чачына табынам.

Жоокерлердин мүрзөсүнө коюлган

жалгыз тутам гүлгө арзыса табылгам—

Болмок карзым алынгандай моюндан.

 

Сооронбай Жусуев

Согуш

Согуш, согуш, көргөм суук түрүңдү,

Согуш, согуш, уккам заар үнүңдү.

Сенден канча кооз шаар бүлүндү,

Сан гүл соолуп, сан мөмөлөр күбүлдү.

 

Эсеп жеткис өмүрлөрдү кыйдың сен,

Эсеп жеткис адам үнүн тыйдың сен.

Себепкери болдуң тоодой кайгынын,

Селдей аккан көз жаш менен ыйдын сен.

 

Каза кылып уулдарын сүйүктүү,

Канча энеге сен тарттырдың күйүттү.

Нечен көздүн жаркын нурун өчүрүп,

Жерге көмдүң нечен таттуу үмүттү.

 

Алыкул Осмонов

Бүкөн

Бүкөнтай, бучук мурун үч жашар кыз,

Бир күндө жүз жыгылып, жүз басар кыз.

 

Аз ыйлайт, борс-борс күлөт, көп да күлбөйт,

Кемпирден токсондогу таза сүйлөйт.

 

Кыргыз да… ачырканбай кымыз ичет,

Кучактап уктап калат бир жилик эт.

 

Ар убак абалары “ырдап кой” дейт,

Бүкөнтай көздү жумуп ырдап кирет:

 

“Сагындым, атакемай келсе экен – дейт,

Ал жеңип, тилегимди берсе экен”, – дейт.

 

Карылар муну укканда жым болушат,

Көзүнөн жаш чууртушуп бурчак-бурчак.

 

Анткени – үч жыл болду кабар келген,

“Палан күн… палан жерде өлдү”… деген.

 

Эл үчүн каза таап жоо огунан,

Бүкөндүн атакеси кайтпай калган.

 

Бирок да бардык айыл жакшы көрөт;

Бүкөндүн – эркелетчү атасы көп.

 

Неге кечигет

(1942-жылдын жазына)

Эсимде… Бир жолу эмес, нечен ирет

Бул айда тоо боорунан гүл терчү элек.

А быйыл… күн жылыбайт, жер тегиз кар,

Шумдук ай, неге мынча жаз кечигет?

 

Алда эмне? Алмаштырып сан кылымды,

Өзгөрбөй келе берип ар бир жылы,

Же биздин каршы келип бактыбызга,

Алсырап, жол жүрө албай чарчадыбы?

 

Анда эмне?.. Жашообуздун негизгиси,

Келатып бир кырсыкка кезиктиби?

Болбосо, үйү алдында гүлдөрү аз деп,

Же бизге таарынуунун белгисиби?

 

Эл жүдөп, жан-жаныбар арыктады,

Сулуу жаз, бул кандайча сагынтканы?

Болбосо, ак иреңи сары болуп,

Байкоосуз катуу ооруга чалдыкканбы?

 

Жок жаным, чарчабаган, таарынбаган…

Жогорку үч себеп тең бирдей жалган.

Эмесе кечигүүнүн чын себеби:

Немецтин уулуу огунан жараланган.