Данияр Исанов: Ата-Журт

Ата-Журт

(Эссе)

Ата Журт – деген сөздүн өзүн эстегенде, эчаккы өткөн бир учур эске түшөт. Ошол жылдары тагдыр мени Жер Ортолук деңиздин жээгине чейин сүрүп барып таштаган эле…

Ал учурда тамырымды тартып, сырымды сураган жалгыз гана “күрп-шарп” эткен деңиздин толкуну болчу. Толкунга гана айтчумун сырымды. Ал менин ырымды угуп, ыйымды түшүнчү.

* * *

Көкүрөккө толгон бугумду деңизге төкчүмүн. Ата-бабам көрбөгөн алыскы жерде жүрүп, кайсы бир күнү онтобой туруп катуу жыгылганым эсимде. Таңды-кеч төшөк тартып жатып жаман ойлор жабышканда, Кудайдан тилегеним бир гана нерсе болгон. Эмнеси болсо да өз элиме жетип, көзүмдү өз жеримде жумсам деген…

* * *

Топурактын жытын сагынчумун. Ата Журтумдун топурагынын жыты мурдумду өрдөгөнсүп, оюман кетпей туруп алган. Кусага чалдыкканымды түшүнбөптүрмүн. Азыр мен басып жүргөн, көзүм өткөн соң мени баса турган – Ата Журт топурагына зар болуп ооруптурмун…

* * *

Ошондо билдим, кусалык деген сөздүн төркүнүн. Кусадан да адам өлүп алышы мүмкүн экенине күбө болгом. Жарыктык таенем, өз кызына болгон энелик сүйүүсүнүн айынан жыл айланбай ооруп, жүрөгү кусага чалдыгып, акыры жүрүп олтуруп ал дарт алып тынган эле. Көрсө, адам ошон үчүн баарынан улук экенин, адамдардын көкүрөгүндө сүйүү жашагандыгы үчүн кусалык деген илдет менен оорушаарын, сүйүү жалаң эле эне менен баланын, аял менен эркектин ортосунда гана эмес, андан да өтүп Ата Журт менен адамдын ортосунда да терең тамыр алганына алыста жүрүп түшүнгөм.

* * *

Жер Ортолук деңизди байырлап жүрүп, ажайып кооз делген Анталиянын асфальт төшөлгөн жолдоруна кадам таштап жатып, жазгы алашалбыртта баткагы тизеге жеткен айылымдын жолдорун сагынчумун.

* * *

Биз иштеген мейманкананын бөлмөсүнө түнөгөнгө караганда, деңиз жээги жанга тынч. Анткени, таң агарып аткыча толкун үнүн тыңшайм. Башкалары кайсы тилде сүйлөшкөнүн ким билсин, мекенден миңдеген чакырым алыста туруп, толкун менен эне тилимде сүйлөшчүмүн.

* * *

Айланамда кыргыз жок кыйналар элем. Кудайдан тилим унутулуп, дилим бурулуп калбасын деп тилечүмүн. Жумалап ачка жүрсөм да жулунбадым. Кошоматка кол куушурбадым. Алтын сатып, уурдаганым жок. Арымды сатпадым. Абийиримди сактадым. Ошого шүгүр дейм! Чөнтөгүм жука болгону менен көкүрөгүм тунук болгонуна каниет кылдым. Карманган байлыгым – тилим болгону үчүн өзүмдү өтө бай эсептечүмүн. Жанымда өзүм менен дайыма кошо жүрчү комуз күүлөрүн угуп, аман калдым. Жалгыз экениме карабай, тилимди сактайм деп, Кудайдын куттуу күнү өзүм менен өзүм – кыргызча сүйлөшөр элем.

* * *

Деңиз жээгинде элем. Кайсы бир күнү жайдын аптаптуу түнүндө уктап жатсам, көпкө чейин деңиздин арыз-муңун эч ким укпай койгонгобу, же ичине сыры батпай кеткенгеби, айтор, катуу толкуду. Өмүрүмдө мындай чоочубасам керек?! Денемди суунун шары жууп кеткенде гана көзүм умачтай ачылды. Кантип ыргып турганымды сезбей калдым. Жээктен узак качтым.

* * *

Көпкө дейре толкуду деңиз. Кудум мен алтүндө алыста калган айылымды, көчөдө калган эчаккы балалыгымды эстеп мөгдөп ыйлаган сыңары толкуду. Өрөпкүүсү, кубанычы, арыз-муңу, арманы толкунга катылып жатканын түшүндүм. Адам түгүл жаратылыш да бук болгондо эчкирип ыйлайт тура!? Көрсө, ал жакта да Ата Журтуна жамынып, өз көмөчүнө күл тарткандар көбөйүп кетиптир…

* * *

Бул деңиз жөн деңиз эмес. Эчен тарыхты өзүнө сиңирип, эсепсиз эрөөлдөрдү кечирген, кандар төгүлүп канча бир жандарды жуткан деңиз. Ушул нерсе эртели-кеч күнгө какталып, эс алам деп алыстан келген адамдардын ойлоруна келет болду бекен деп ойлончумун?! Алгач ирет ушул деңиздин атын 6-класста окуп жүрүп, тарых сабагынан уксам керек эле… Минтип ата-бабам көрбөгөн чалкыган деңизди байырлап калам деп, үч уктасам түшүмө кирбеген. Канча бир жандар мактап, алыстан арзышкан деңиз боюнда жатып, оюмдан киндик кан тамган жер кетпей кусаланар элем.

* * *

Андан бери көп жылдар өттү. Азыр менин бактым тоодой. Оорусам айыктырып алаар, Ата Журт койнунда жүргөнүмө сыймыктанам. Бөтөн жерде жашаган жыргал турмушумдан баш тартып, өз жеримде жүргөнүмдүн өзү чоң бакыттын бири эмеспи?!

* * *

Ата Журт! – деген ажайып керемет оору бар. Бардыгыбыз аны менен оорушка милдеттүүбүз…

Эгер ушул оору сенде бар болсо, анда сенден өткөн бактылуу адам жок. Жаралган ар бир уул-кызыңдын жүрөктөрү сен деп согуп, сен деп жүрөк оорутушсун – Ата Журт!