Нурлан Калыбеков: Мен такыр бул дүйнөнү, бөлбөймүн ак-карага

Автопортрет

Кимсиң өзү,

кайдан келдиң, баратасың каякка?

Сен үчүн бүт, баары эски,

керектөөдөн чыгып калган кудайлар,

жок, сенде түк идеал.

Бутуң бокто жүргөн менен

ойлоносуң көк менен,

асман менен жашайсың,

жашагандар жер менен

ырыскыңды жеп жатышат чокулап.

Деги кимсиң?

Жалгыздыкты жактырган,

жакпайт сага жүргөн жандар топурап,

кеткиң келет дербиш болуп жер кезип,

чыккың келет Гималайдын башына,

тооп кыласың

Шаман сымал Ата-Журттун ташына.

Жаткың келет кээде,

түбөлүккө топуракты жазданып,

карманасың өзүңдү,

ыйлап ийе ташташыңа аз калып,

көзүң чалса тентип калган жандарды.

Деги сенде ар барбы?

Арам тамак бектер менен хандарды

жылаңачтап айдактап,

келет сенин кең көчөнү айланткың.

Теңдегиң бар жөн койсо,

тектүү менен тексиздерди

таразанын ташына.

Эч ыраазы болбойсуң,

күндөгү ичкен ашыңа.

Жакпайт сага көр дүйнөнүн оокаты,

жалтыр-жултур буюмдары көздү алган.

Жакпайт сага жол башчылар из салган,

жүргүң келбейт изи менен алардын.

Кудайды да издебейсиң, көктөн сен,

баш ийбеген эч кимге,

өз билгенин бербеген бир, көк бет сен.

Деги кимсиң,

Качан, кайда житесиң?

 

Кожоюн

Сага гана баш ийем,

менден башка сага эч ким баш ийбейт,

бар аларда кожоюндар, кожейкелер сандаган.

Ар коктудан чыга берип кыйындар,

мээсин, эсин, сезимин байлап алган

кыл арканга сыйкырдуу.

Ал сыйкырлар укумунан-тукумуна уланат,

кыйын аны жандыруу.

Кожоюнум, жалгызмын деп ыйлаба,

аска-зооң бар, тоо-ташың бар, дайраң бар.

Ай, Күнүң бар, жылдызың бар, жайлооң бар,

асманың бар анан да,

сан жетпеген ааламдарың айтпайын.

Кара, кара жан-жаныбар, куштарың,

Сени даңктап сойлоп, жойлоп, учканын,

карагайың, талдарың, баары сенин балдарың.

Кейибегин мен бармын,

кулуң дагы, уулуң дагы жана досуң, сырдашың,

жашыңды тый муңдашым.

Сени жакшы түшүнөм

канча жолу көз майыңды коротуп,

мээнет кылып уктабай,

эргүүң менен, сүйүүң менен жараттың,

Сен аларды бир өзүңө окшотуп.

Сага каршы чыккан далай От жандар,

ошондо да койгон жоксуң токтотуп,

билем, билем жатат ичиң ачышып.

Кой, кейибе, экөөбүздү чангандар,

келет акыр кайрылып.

Олтура тур тагыңда,

мен жаныңда,

Сен тиккен ыр багында.

 

Чалгыла

Өзүмө – өзүм батпайм,

ички отум алоолонуп көктү серпет,

оолугуп, жээлигемин,

акылым бууракандап ашып – ташат.

Бу мезгил кайда шашат?

Күнүңкү ишим бүтпөйт,

бүтсө да маңызы жок,

таң атат, иңир кирет,

уктасам уйкум канбайт.

Жайылып олтургум жок дасторконго,

карылар кеп кылчу эле:

Кармалат кайран өмүр дасторкондо.

Жоо кууп келаткандай,

чуркаймын кай жаккадыр,

бир мүнөт тыным алсам,

оокатым өтпөөчүдөй сезилгенсийт.

Тыпырап бутум жерге тийип-тийбей,

жүрөмүн, жүрөм чуркап,

жаткансып өмүрүмдү бирөө уурдап.

Мен шашам, мезгил шашат,

кечээки ой максатым,

эскирди кайра бүгүн,

кечээки текке кеткен кайран күнүм.

Сооп иш кылсам эгер эртең менен,

башканын сыйын көрөм түш оогондо,

бирөөнү сөктүм эле,

жаңы эле кетти ашатып башка бирөө.

Менин мээм жетпей койду,

силерге берем суроо:

Убакыт неге мынча тез өтүүдө?

эмне үчүн мезгил мага өчөшүүдө?

убакыт чалмасыбы чагылгандын?

Чалгыла 0771 121840

 

Уйку

Күндө кечте өлөм мен.

Жаным учуп арбактай,

саякаттап көз көрө элек,

бут баса элек жерлерди,

чыгам, бирден кыдырып.

Учурашам жандар менен

бейтааныш,

таанышымдай санаалаш.

Аралаймын токойлорду

эң бир кооз,

талдар менен сүйлөшөм,

мас боломун буркураган,

чөп, гүлдөрдүн жытына,

мастыгымды таркабасын

деп тилейм.

Кайберендер алып чыгып

аскага,

жылдыздарды алперип,

тагат бирден чекеме.

Мемиреген белгисиндей

тынчтыктын,

көпөлөктөр бий бийлейт.

Оолуктурган оюм жок,

токтоп калып акылым,

жаным жыргайт тек гана.

Учам, учам ойт берип,

жарык жанган жылдыздай.

Ай шооласы астында,

Ай селкинчек тебебиз,

Ай көкүлдөр шыңкылдап,

дирилдетет жанымды.

Каакым сымал жанымдын

жеңилдиги керемет,

ак пахтадай жанымдын

жумшактыгы шумдук эй.

Чырр – дей түшкөн саат үнү,

албарстыдай басканда,

кетем чоочуп ойгонуп.

Оорлошкон денемди,

сүйрөп алып кетет мээм,

тирилемин тирилик…

Мээ азабы башталат.

 

Биз..

Тизсек эгер, шуру мончок сыяктантып,

адам жанын жипке биз,

тизсек эгер, жоокерлердей катарга,

сөөктөрдү шагыраган жердеги.

Көрөр элек, канча жан,

бизге чейин калтырганын өмүрдү,

айтып берсе бизге алар,

тирүүлүктө кантип өмүр кечкенин

жана азыр кандай жашап жатканын.

Айтып берсе айырмасын жашоонун

көр алдында, Күн алдында,

тозоктогу, бейиштеги жана орто жолдогу.

Айтып берсе Көк Теңирдин,

Периштелер, пирлердин

жана шайтан жиндердин

мекен жайын, түнөгүн.

Берсе өткөрүп көзүбүздүн алдынан.

Мына ошондо пенде заты

калар беле ойлонуп.

Көзү менен көрбөсө,

көрбөсө эгер кармалап,

акыр заман пендеси

ишенбейт түк китептерге, баянга,

ишенбейт түк берилген түш аянга.

Акыр заман пендеси көрүш керек,

керек сөзсүз кармалап,

ошондо да, тооба дебейт, тооп кылбайт,

мүмкүн, мүмкүн таң калат,

таң калат да, кете берет кол шилтеп,

келген өз жол нугунда.

Адам уулу жаралгандан,

таралгандан тукуму,

жер бетине келди канча элчилер,

Көк Теңир да канча жолу келди өзү,

келди адам кейпинде.

Ошондо да,

ишенген жок көөдөн көзү жабыктар,

кубалашты, шылдыңдашты,

таш бараңга алышты.

Келет учур, мезгил өзү

соттоп, актап, аныктаар.

Аттиң, бирок, мезгил соту

келгичекти сандалып,

калмай болдук баарыбыз

тозок отко тандалып.

Талкалоого аз калдык биз, дүйнөнү,

О, Жараткан, тозокко да барбайбыз,

жеп тынабыз өзүбүздү-өзүбүз,

кыяматты сен эмес,

биз өзүбүз жасайбыз.

Бизге ишен.

 

Аян

Сендейлерге,

сенден мурда жаралган,

айтып бергем,

кайталаймын дагы бир:

“Мен бармын

жана эч бир жок болбойм.

Отко, сууга салып көр,

бырчалап көр, талкалап көр, майдалап…

Керек болсо эрит дары суу менен,

түбөлүккө жок болбогон

улуу заттан жаралгам,

чирибейм да азайбайм.

Бир учурда туруп ушул жерде эле,

бардык жерде боло алам,

кабат-кабат дүйнөлөргө коно алам,

көчө берем түркүн калып, заттарга.

Мен бармынбы, демек барсың сен дагы,

кутулбайсың менден жана өзүңдөн.

Өлөмүн деп коркутпа,

өлүм деген чек эмес,

кайра баштан жашооңду баштайсың.

Андан көрө кежирленбей түш жолго,

мага келчү түз жолго”- деди рухум шыбырап.

 

Бүтүндүк

Мен такыр бул дүйнөнү,

бөлбөймүн ак-карага,

бул дүйнө турат мага бүтүндүктөн,

агылып түшкөн нурлар бу түндүктөн,

баарына тийет тегиз.

Төмөндөн Көктү көздөй,

сызылып сызат жарык.

Бөлгөндөр ак-карага бул дүйнөнү,

агың ак, а караң, караңа бар,

бейишти самагандар бейишиңе,

тозокко жарагандар тозогуңа,

бар, бара бер.

Мага жок ысык, суугу,

мен турам бүтүндүктөн,

нур түшкөн тээ түндүктүн

астында, үстүндөгү

жарыктын жолу кызык.

Жараткан бою кызык.

 

Замана

Менин жолум белгилүү,

абийир менен өтөп бүтүп

жандык аманатымды,

башатыма баруум керек оозанган.

Түшүнбөймүн силерге,

Неге жашап жүрөсүңөр бу жерде,

жыйып эле жатасыңар

көр дүйнөнүн бок-сагын,

сатасыңар бирин койбой

досту-жарды, эл-жерди.

О Жараткан, кечире көр пендеңди.

Наристени ал тургай,

касапчыдай союп алып,

бөйрөк, боор, жүрөгүн

сатышууда деп уктум.

О Жараткан, о Кудай,

билбей жатат дарегиңди буларың,

билсе эгерде, Сени да

талап алып, тоноп алып, сатышмак,

үлүш тийбей калса кокус,

бирин – бири атышмак.

Калбай барат жер бетинде ыйыктык,

тили менен ысымыңды айтышып,

сени коюп күрөөгө да күбөгө,

сатышууда ыйманын.

Жүрөктөрүн ээлеп алды Ибилис,

жер бетинде Сен жоксуң,

олтурасың очоюп өз тагыңда,

түшчү жерге, десеңчи өзүң бирдеме.

Жомок кылып айттырбастан,

болор кыяматыңды,

эртелетсең боло, бол эй тезирээк!

Же, Сен эмне,

асманга эле жооп берип,

жердин бетин башкарабы башкалар,

жерди эмне кагаз бийлеп калганбы?

Кетирүүдө мезгил менин аргамды,

чүнчүп бүттүм сатылган бул заманда.

Сөздөн айлан, эй дүйнө,

оозум барбайт сүйлөөгө.

Жаша кагаз, жашыл кагаз, көк кагаз!

 

*****

Өзүң көрдүң Кудурет,

келе жатсак экөөбүз,

Сен тууралуу

жомок айтып киришти.

Алар үчүн мен каапыр.

Сени менен турганымды,

эч бирөөсү көргөн жок,

Сени менен дем алганым,

сезишкен жок эч бири,

Сенин назик шыбырыңды,

уга алган жок эч кими.

кайран кулак, кайран көз,

кайран мурун барбайган,

көрбөгөн соң, укпаган соң,

сезбеген соң эч нерсе,

Сени сүйлөп не кылат.

Эч бир жанга байкалбай,

Сени көрүп, Сени туюп,

Сени менен дем алып,

кандай бакыт жашаган.

 

Пайгамбарлар

Даңк силерге түбөлүк,

таазим этем башым жерге тийгенче,

башым көргө киргенче,

даңктайм атыңарды мен.

Алып жүрөм силерден мен канаагат,

бириңди да, койбойм төмөн, жогору.

Мен кыйналсам келесиңер жардамга,

башкалардан күтпөйм деле жардам да.

Даңк силерге түбөлүк,

ысымыңар жер бетинен өчпөсүн,

тигип кеткен дарагыңар

жашарсын да, көктөсүн,

жая берсин шак бутагын кепкенен.

Чарчагандар келип саябанына

тыным алып, жаны бир аз эс алсын,

(кантсин анан, бечаралар өз дарагы жок болсо.)

Мага капа болбогула өтүнөм,

эч кимиңдин жолуңарга түшпөстөн,

эч бириңди туурабай,

бара жатам өз жолумда кыбырап.

Кечиргиле, тилим тийсе кээ бирде,

кеткенимде жаным ачып, кыйналып,

тилим тийет силер тургай Теңирге

(Ал унчукпай күлүп гана тим болот)

Тигип жатам көчөтүмдү өзүмдүн,

меники ырас жол багы эмес ээрчиткен,

меники ыр бак, ыр аянт,

силер айткан Улуу Затты жар салган.

 

Апам жана мен

Мен бала элем, апам анда жаш эле,

Бирок, бизге тагдыр боору таш эле.

 

Кайда барса ийик түшпөй колунан,

Ат баштыктай мен да, түшпөй жонунан,

 

Кумурскадай чарчабаган, тынбаган,

Үй оокатын жалгыз өзү тыңдаган,

 

Кайраты зор тоону ордунан жылдыраар,

Оо, ал тургай мезгил белин сындыраар,

 

Көөдөн көзү көрө билген, дили курч,

Макалдатып сүйлөй билген, тили курч,

 

Сөзгө дагы, бөзгө дагы маш эле,

Апам анда гүлкайырдай жаш эле.

 

Жашыл дүйнө жаштыгында чарк уруп,

Чөптөр бийлеп, таштар дагы каткырып

 

Турар эле, бирок биздин дубалдан,

Көздөн, сөздөн, балким кара дубадан,

 

Онтогон үн чыгар эле жаңырып,

Асман, жердин мейкиндиги тарылып.

 

Күн тийбеген тескейдеги үйгө окшоп,

Үй кабагын турчу муңдуу күү коштоп.

 

Атам сулап жатар эле төшөктө,

Тамак бууган муң бар эле өзөктө.

 

Кандай күнгө кабылгам мен, катыгүн,

Оору менен алпурушуп аттигиң,

 

Сыртта эркек, үйдө аял болдум не?

Бешенеме кара жылдыз кондуң не?

 

Оору эмес, ооруп көпкө жаткандар,

Нагыз оору, оору жанды баккандар,

 

Ыйлап алчу, кээде ушинтип бышактап,

Кош тизесин, колу менен кучактап.

 

Деген менен кайраты мол жан апам,

Тагдырына бий, болуштай, хан апам.

 

Жерди кармап турган өңдүү огунан.

Касиети обочо эле тобунан,

 

Бирок, аттиң мезгил ийрип ийигин,

Алды акыры, өз колуна бийлигин.

 

Бербейт кайра, жалынсаң да, бербестир,

Кайран жаштык асылсаң да, келбестир.

 

Карылыктын жүгүн артып жонуна,

Таяк берип, мээнет кетпес колуна,

 

Боюн аштап, ийип койду эңкейтип,

Сынын алып, тишин күбүп кемшейтип.

 

Апам тургай, менден учуп каакымы,

Каш какканча өттү жаштык закымы.

 

Ошол күндөн, ушул күнгө агылып,

Онтогон үн, кейиген ый жаңырып,

 

Аба жетпей, араң-араң дем алып,

Өмүрүмдүн күлгүн кезин жеп алып,

 

Күн тийбеген жарыгы жок жол басып,

Онтоп, кейип келе жатам шор басып.

 

Мезгил өзүң, оңдо, менин катамды,

Атамдан соң, мен карыттым апамды…

 

Мен бала элем, апам анда жаш эле,

Бирок, бизге тагдыр боору таш эле.

 

Ка – гы – лай – ын

Ата – деймин.

– Я, балам – дейт.

– Сенин эле балаңмын ээ, э ата?

– Ии, балам, менин эле баламсың,

Кагылайын, ок, ка – гы – лай – ын.

Түшкө кирет жарыктык,

өзгөрбөгөн баягы эле, турпаты,

кара жердей балбан дагы, кенен да.

Баягы эле, турушу, камырабас, кенебес,

баягы эле, момундугу кой оозунан чөп албас.

Добушу да, акырын чоочутпайын дегенсип…

Шап асылып мойнуна,

жыттап алам сагынычым таркатып.

Бурр – дей түшүп,

тирүүлүктүн жыты келет мурдума.

Жүр, балам – дейт, кеттик эски кыштоого,

аары карап келебиз.

Сынык кулак эшегине учкашып,

Көк-Колотту көздөй жөнөп кетебиз.

 

Ызылдатып чагып калат аарылар,

Сууга жөнө, сууга чурка – дейт атам.

Чыга келем шишип-көөп, чулчуюп.

– Ээ, балам – дейт – аарынын,

балы ширин болгон менен уусу ачуу,

уусун берет биринчи,

бал кадырын билсин – деп.

Турмуш дагы аарыдай,

уусун дагы, балын дагы таттырат.

Адам болом десең эгер, өмүрдө,

иштерман бол тынчыбаган аарыдай…

Борс-борс күлүп, акыл айтат жарыктык.

Күүгүм талаш үйгө кирип келебиз,

куру келбей отун, чөптөн өңөрүп.

 

Кайран атам мээриминин чеги жок,

эшегине берет жем, чөп кастарлап.

Дасторконго ороп койгон апамдын

жапкан нанын уурдап берет, ал тургай.

– Эшегиңе кашек берсең болбойбу,

не бересиң убал кылып ак нанды –

деп апакем калат, анан чырылдап.

– Ак боз атым минип жүргөн кез өткөн,

араба айдап, бала ташып, сүт ташып,

тушуңдагы тиги бала бакчага,

азыр менин жоргом ушул боз эшек –

камырабай күңк этет.

Кайран асыл атам ай, асылдыгы ченде жок.

– Макулуктун күчү адал да, сүтү арам,

бирок анын, касиети зор түбүндө.

Эшек минип жүрсөң кокус түшүңдө,

кетпес дөөлөт конот алтын башыңа –

деп – сүйлөнүп, сылап коёт башыман.

 

Эсил кайран атам, ай…

Кирет түшкө, кез-кезде,

аары карап күн кечке,

сынык кулак эшегине учкашып,

кээде отун, кээде чөптөн өңөрүп,

Көк-Колоттон келе жаткан болобуз.

– Ата – деймин,

– Я, балам – дейт,

– Сенин эле балаңмын ээ, э, ата?

– Ии, балам, менин эле баламсың,

Кагылайын, ок, ка – гы -лай – ын…

 

Дүйнө менен дүнүйө

Дүнүйөң – мал, дүйнөң – Күн.

Мал табам – деп, мал артынан мал болуп,

Күн издейм – деп, Күндү кууп кул болуп,

келатабыз темтейип бул өмүрдө.

Кара кардын тойгузам – деп – мал шордуу,

көк майсаңды кууп оттоп, семирип,

калат бир күн союлуп.

Бизди дагы соёт бир күн шум ажал,

бардыгына жеткенде,

эми, адамдай жашайбыз – деп турганда.

Же, жалганбы?

Күн издейм – деп жарык кууп кетебиз,

качанкы бир эскирген,

ар кайсы бир кудайлардын окуусун,

окуп алып, Акыйкатты таптым – деп.

Кул болобуз аларга.

Же, болбосо атак, байлык, мансаптын

сая түшүп артынан,

өпкөлөнүп өзүбүздү көрсөтүп,

төш кагабыз мактанып.

Кул болобуз убактылуу даражага тапталып.

Дүнүйөң да, дүйнөң дагы азгырык,

тирүүлүктүн баш айланткан закымы,

кыялдардын түйүнчөгү түйүлгөн.

Жалган десең, кесип берем мурдумду.

 

*****

Кечиргиле,

адам болуп туулуп,

араңарда жашап жатканым үчүн.

Абаңардан дем алып,

тузуңардан даам татып,

өмүр кечиргенимди.

Ичээр суум түгөнгүчө

мен өзүңөр мененмин.

Силер кандай кийинип,

эмне ичип, эмне жеп жашасаңар,

мен да жашайм силердей.

Силердики,

балким кымбат баалуудур,

а меники жөнөкөй да жупуну,

айырмасы жок, заты бир.

Мени көрсө кыжынып

жек көргөндөр аябай,

кечиргиле, силер да.

Жок силерде, жок күнөө,

жылдызыбыз келишпей,

же отубуз күйүшпөй,

калганы эле болбосо.

Боло берет түшүнбөстүк жашоодо.

Ата-эне, тууган-урук, дос-жарым

уят кылып силерди,

тийип калса оорчулук, зыяным

бергиле маа кечирим.

Кечиргиле уул-кызым,

ушул жалган дүйнөгө

алып келгеним үчүн.

Кечиргиле баарыңар,

араңарда жашап жүрөм чоочундай.

Жер бетине кокустан

келип калган жан окшойм,

келе жатам негедир,

бул жашоого көнө албай.

Кечиргиле…

 

Жан

Бар бололу түгөнбөйлү курдаштар,

Узак, узак, узак болсун бул сапар.

Жашоо бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да,

Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар.

Алыкул

Качандыр бир жаралам деп ойлоном,

Бул чеги жок табияттын колунан.

Аалам кезип айланыштуу жол менен,

Кайра баштан бул жашоого жолугам.

Жолон

Телмирет ажал кашымда,

Тагдырдын теспе ташында,

Айланып эле келатам,

Айланып бүттү башым да.

 

Жоголсом кокус быяктан,

Табылам сырлуу тыяктан.

Жан экем тынып, тынчыбас,

Жалын от чыгат туяктан.

 

Ободон кетсем куулуп,

Жаралам кайра туулуп.

Өмүрүм – айланкөчөгүм,

Шекердей келет чубуруп.

 

Токтотпой өмүр көчүмдү,

Тагдырым алаар өчүңбү?

Тирүүлүк, билбейм мен үчүн,

Таңымбы, кирген кечимби?

 

Мемирейт мезгил чеги жок,

Дүйнөм ай, ашык кеми жок.

Жапжалгыз боздойт жан шордуу,

Өзүнөн бөлөк теңи жок.

 

Айлантып атып чимирик,

Тагдырым келет чимирип.

Тынчыбайт окшойм, Кудурет,

Боюңа алчы сиңирип.

 

Жашоону көрдүм, курусун,

Көрбөдүм жакшы, дурусун.

Койнума каткан нерсем жок,

Болгону ушул турушум.

 

Жазымыш, өзүң көр, теңде,

Түшпөдү ооздон АК, келме.

Алсаң, ал жанды, а бирок,

Экинчи жерге апкелбе.

 

Чөккөндө..

Жеп алдым өмүрдүн жарымын,

Көрбөдүм бакыттын жарыгын.

Уурдалды алтындай жаштыгым,

Отуздун боюнда карыдым.

 

Бу тагдыр ушундай катаалбы?

Төрөлдүм, бербедиң батаңды…

Кудайды кармасам таяктап,

Оңдогун демекмин катаңды.

 

Тамыры зак жеген тагдырдын,

Көчөтүн суу куюп, жандыргын,

Шактарын жая албайт, келет өх,

Бүркүттөй өзүмдү жарга ургум.

 

Көңүлдүн түбүндө жара бар,

Өмүрүм чала жан, жарадар.

Бабалар журтуна көчкүм бар,

Мен кетсем канар ээ табаңар.

 

Жашоонун маңызын түшүндүм,

Үзүгү экенмин түтүндүн.

Мээримге зар болуп жашадым,

Келүүдө өмүрдү бүтүргүм.

 

Максатым бар эле бараандай,

Жашагым келчү эле адамдай.

Закымдар соңунда сандалып,

Өзүмдү калдымбы таба албай.

 

Каргыш бар, же өзүм жаманмын,

Калдымбы астында тамандын.

Санаалар курт сымал жанды оюп,

Саргайдым өңүндөй самандын.

 

Жашагым келчи эмес изи жок,

Изим жок, издечү кишим жок.

О дүйнө, бу дүйнө өмүр сүр,

Кудайга баары бир, иши жок.

 

Жеп алдым өмүрдүн жарымын,

Көрбөдүм бакыттын жарыгын.

Уурдалды алтындай жаштыгым,

Отуздун боюнда карыдым.

 

Аска – зоолор

Аска – зоолор

жакын турган жалгыз Көкө Теңирге,

кыйкырганда үнүмдү

коштоп алып жөнөйсүңөр асманга.

Кызыл Күн да түнөп калып силерге,

кайра кетет ак таңда.

Силер, Күндүн тууру, жатаканасы.

Ак чокуңду мындай кой,

кандай жакшы улагаңда жашаган.

Колдон келсе көчүрүп

келет элем үйүмө.

Силер, жердин устундары,

тең салмакта кармаш үчүн сайылган,

жумурткадай жер шаары

учуп кетмек камгактай

бир жолку эле болгон апаат, кайымдан.

Силердеги жымжырттыкты,

токтоолукту, сабырды

алгым келет, мен өзүмө сиңирип.

Бүтсө барам кумурскадай тынбаган

бу шаардагы тирилик.

Барам дагы, бугумду

силерге айтып, Көккө айтып

келем бир күн чыгарып.

Кыйкырабыз ошондо,

ай-ааламды жаңыртып,

дүйнөлөрдү силкинтип,

ага чейин кошкула.

Баса, Күндү бергилечи көндүрүп,

конуп кетсин меникине бир жолу.

 

Май

Жабалактап жаады кар,

калды мына күндүн көзү бекилип,

бул не деген чекилик.

Мандалактар маңкайган…

көрчү түсүн шалпайган,

розалардын кулак-мурду кызарып,

үшүп калды капырай,

майдын күнү борошо уруп жатыр, ай.

Кышты майга жылдырбачы табият,

Үлбүрөгөн гүлдөрдү

калтырбачы таманында өтүктүн,

ансыз деле мээни тешип өтүп миң,

кыштын өткөн азабы.

Жүрөгүм суук, үйүм суук,

үтүрөйгөн түрүм суук,

кездер болгон чырагы өчкөн үмүттүн.

Болду, болду жетишет,

табият да үшүп турат мага окшоп,

үшүбөсүн башкалар,

болду, жааба башка кар.

Майыштырып май күнү,

жаздын белин сындырбачы табият,

ансыз деле сынып бүттү бул дүйнө,

суук кабар, суук сөздөн айтылган.

Жетет, болду борошо,

кайткын, кайткын, кайт ылдам.

 

Үмүт

Сен аман бол түбөлүк,

карапайым пендеге

Кудайдан да жакынсың,

сенсиз урап калат шордуу бул дүйнө.

Баарыбыздын көзүбүздө муңайым…

ойлоп алып опол тоодой нерсени,

колдоп турса Кудайым,

жетебиз деп анын эртең түбүнө,

жоготобуз өзүбүздү – өзүбүз,

тойбойт такыр көзүбүз.

Чымчык деле ырыскысын,

таап алаарын чокулап,

билбей учат, биз болсок

келатабыз тамтаңдап.

Көтөрө албай опол тоодой максатты,

көтөрүмдөй талтаңдап,

жеп жутабыз башыбызды алмадай.

Бала кезден каргадай,

беттеп бийик чокуну,

умтулабыз жетем деп,

жете албасак кечеңдеп,

олтурабыз шалдайып.

Сен турасың ошондо:

Адам пенде бошонбо,

аракеттен буу белди!

Сен бар үчүн

томкоробуз тоолорду,

омкоробуз ойлорду,

жеңилебиз, жеңебиз.

Жыгылсак да тойбостон

жыйнап туруп бар акыркы дем, күчтү,

кыйкырабыз үзүлгөнчө өңгөчтөр.

Сен үзүлбө!

 

Кырктагылар…

Кырктагылар,

кырктын кырын кычырата үтүктөп

ээлегиле жаштыктын шаң көчөсүн.

Ээрчиткиле жыйырмадагы кыздарды,

болуп турган, толуп турган чагыңар.

Ички көзү ачылып,

ишендирип сан миңдеген жандарды,

болгондор бар, кырк жашында пайгамбар.

Силер эмне,

жок дегенде кырк кызды,

ээрчитүүгө калдыңарбы жарабай?

Кырк жаш – деген акылман жаш,

билги жашы жаштыктын.

Акыл менен кутурууга уруксаат,

кутуруунун өзүндө эргүү жатат балкыган,

балкуу менен Кудайды таануу кандай бийиктик.

Урушкандан көрө, чиркин сүйүшкөн,

кандай сонун керемет,

көңүл суроо, көңүл улоо, улуу сооп.

Күнөө – дешип чектегендер сезимин,

жан дүйнөсү майыптар.

Чектей берип өздөрүн жинди болуп тынышат.

Чыгамын деп бейишке,

куу жыгачтай куурагандар андан көп.

Көрбөй туруп бул дүйнөнүн бейишин,

кирүү кайда о дүйнөлүк бейишке.

Чыккан менен бейишке,

талп – деп кайра түшөсүң, бул кең жерге,

жашаган оң ыргалып, ыргагында жашоонун,

кармап жашоо кыймылын.

Кырктагылар, карыдым – деп, обу жок,

кырчын жашты кыйбагыла тирүүлөй.