Бүгүн Кыргыз эл акыны Сүйөркул Тургунбаевдин туулган күнү! 80 жашка толду!

Түрк маданияты эл аралык уюмунун ТҮРКСОЙ баш катчысы Дүйсен Касеиновдун куттуктоосу:

Урматтуу Сүйөркул Тургунбай уулу!

Түрк маданияты эл аралык уюму ТҮРКСОЙдун жана жеке өзүмдүн атымдан сизди куттуу мааракеңиз – 80 жашка толушуңуз менен чын ыкласымдан куттуктаймын!

Сиз кыргыз калкына сунган “Салам жаш өмүр”, “Кечки троллейбус” аттуу жаңычыл, жайдары ыр жыйнактарыңыздан тартып “Эки аска”, “Жарыктын ыры”, “Күндүн көзү” сыяктуу окурмандардын толук сүймөнчүлүгүнө арзыган китептериңиз кыргыз маданиятынын кенчине айланды, өзүңүздү Кыргыз эл акыны наамына чейин жеткирди.

Адабий сын жаатында өзүнчө эмгектериңиз бар. Ал эми көркөм котормодо өрнөк болор эмгектерди жараттыңыз. Айрыкча түрк дүйнөсүнүн улуу акыны Алишер Навоини өзбек тилинен кыргыз тилине ажайып бир чеберчилик менен алып түштүңүз. Моңгол ырларын, Евгений Евтушенко менен Тараз Шевченконун дастандарын кыргызчага ийгиликтүү которгонуңуздан кабарыбыз бар.

80 жаш кутман мааракеңиз сизге дем-күч, сый-урмат тартууласын! Аксакалдык нарк-насилди жана түрк дүйнөсүнө берилгендикти каалаймын!

 

 

 

 

 

Күндүн көзү

1
Күн жөнүндө жазылууга тийиш бир
Бүтпөс казал–узун ыр.
Күн көзүндөй түбөлүктүү,
Күн көзүндөй ыйык ыр.

Бир учугун ошол ырдын
Чубаймын мен салып үн,
Күн илеби демөөр болсун,
Күндөй болуп эрийин.

2
Кылкылдап мачталары тумандуу
деңиз мекенин аралап
алыскы сапардан келаткан чаалыгып
кемедей дүпүйүп карааны
зор калаа калкып чыгат
кара түн кучагынан
боюн жазып, түйшөлүп, сергилденип,
түбөлүк жаш табият

Эне кубанычы

Жан эне чүрпөсүнө ичи эзилип,
бойтойгон турпатына көңүлү эрип,
бооруна кысып, кайра көкөлөтүп
жобурап, мээрин төгө эркелетип.

Өзүнчө жатат сүйлөп миң жалбара.
“Эгерде туубай калсам сендей бала
чатакты баштамакмын бардык жанга–
бармакмын табыптарга, доктурларга
канткенде табамын деп мындай бала.

 

Төрт бурчун төгөрөктүн түгөл кезип,
жүрмөкмүн каңгып бардык базарларда,
жолугуп түш жоруган кыйындарга–
төлгөчү, карта ачкан цыгандарга.

Таң, кечке эбиретип кыйнамакмын
“Айткын”,–деп тыйын берип, арбын-арбын,
зарылып, тынчын алып далайлардын…
Эгерде туубай калсам сендей бала
түйшүккө салмакмын мен дүйнө жармын”.

Жаңы күн

Аскалар мисирейип муздап, какшап
куурултуп, муунума суугун уруп,
чилде кыз чымчып ойноп бети-колду
чыңкылдап, сезимимди чыйрыктырып.

Тоолор бүт кар жамынып, күңүрттөнүп
бир сырдуу түтөп турган булут үйлөп,
улуу күн жылмайганда бийик кырдан
бардыгы жарк дей түштү айбат күтүп,
алптардай эпостордон карап турган.

Капыстан чочугандай аян берип,
дүңгүрөп силкиништи коо жаңыртып–
кайдадыр кагын жүрдү каңгыр-куңгур,
кайдадыр добуш кетти жаңырыктап,
белгисиз жат күүлөрдүн шоокуму уруп
көзүмдө элес-булас көрүнүштөр,
кандайдыр карайкылар кайып өттү…

Генийдин коркунучтуу түштөрүндөй
Заматта бул окуя болуп өттү.

Андан соң түк эчтеме билбегендей
бардыгы жуушап калды момурайып,
кайрадан тыптынч турмуш өкүм сүрдү
жүрөккө жаңы күндүн жыты кирди.

Жан “болеро”, жалжалым

Кудуреттүү сенин чалган улуу күүң
Кулагымда жаңырыктап күнү-түн,
Миң бир тилде, миң бир үндө сыбызгып,
Чубагансыйт бүтпөс чуусун тирликтин.

Ыргагыңа, эрип, көшүп, термелдим
Музыкалар садагасы, жан перим,
Айгеримим арзып күткөн ак мөөрүм,
Жер, асмандын ортосунда үлбүрөп
Кай жол беттеп, не максатты көздөдүң?

Дир-дир бийлеп арасында нурлардын
шыңгырадың, дирхем болуп ырдадың,
сан сулуунун саадасы да, саадаты
санаа кушу сага түштү бүт жандын.

Көңүл рухум көкөлөтүп көктөмдөй,
алып кеттиң бийигине дүйнөнүн,
жетегинде желек болуп желбиреп
жети катар көк үстүндө күүлөндүм.

Бул өтмүштүн чөлдөрүндө мөгдөп миң
Сан кылымдын этек-жеңин сермедиң,
тирлик жүгүн желе кылып жетелеп
жер-жеберге жетчү көчтөй термедиң.

Жан Болеро, жаз Болеро жамалым
Жаңырыгың ээрчип кетип барамын,
Сабак кылып айтып бердиң мага сен
байыркыдан берки жазмыш баянын.

Канатыңда кайкып учуп шердендим
бүт турпатым албырып от койгондой,
бул жанымды шумкар сездим азга мен
Хан-теңирдин кыл учуна конгондой.

Калпакчан жигитке

Сен, калпакчан!
карсылдап эл алдында сүйлөп жатсаң
ар сөзүң ооздон чыккан
сөз болсун калпагыңа куп жарашкан,
жалыны, оту болсун
жаркытып көңүлдөргө чырак жаккан.

Сен, калпакчан!
кыз жандап келе жатсаң
алдыңдан бирөө чыкса
кыл чайнаган,
кыңк этпей
кынга кирип,
кыйгач бассаң,
калпагың түшүп баштан
кызыңды таштай качсаң —
кийбей кал сен калпакты —
айлангын сен калпактан!

Эй, калпакчан!
Сен боз атчан
калдайып калың топто келе жатсаң
кара ылаачын деми урсун карааныңан,
канат байлап,
шам жанып кабагыңан
канжыгалуу кайып чык
таймаштардан.

Эй, калпакчан!
Насип буйруп алыскы кыйырлардан
Кокус бир
дүйнө кезип жолго чыксаң —
аралап аянттарды эл жайнаган
Римде,
Токиодо,
же Лондондо
Кайкайып
калпак кийип келе жатсаң —
түрүңдөн
уруп турсун тоонун сүрү,
сөзүңдөн
келип турсун тоонун деми,
көзүңдө
жансын тоонун касиети.

Калпагыңды аздекте
кадырын билип,
Кайда болсун кийбе аны аваз көрүп,
сен башыңа
жөн гана кийим кийбей
билгин дайым
жүргөнүң тоо көтөрүп.

Калпак кийип баратсаң
сен зыңкыйып
канааттансын
көргөндүн көзү курчуп,
тоо айбарын сактаган
баш кийимиңден
турсун тунук
кармалбас нурлар учуп.

Элдин шондо урунуп
назарына
ал кийимдин арзыйсың
нак баасына —
жарашасың куп гана
сен калпакка
жарашат саа
куп гана калпагың да.

Турмуш

Турмуш куу, турмуш кашка
кечээги бүгүн башка,
чаркына түшүп кайра
чамаң жок чаркталбаска.

Бу тирлик будоосунан
буура сан, бука моюн
буулугуп кетет алы,
шалдаят шаанын шаасы,
алсырайт алптын алпы.

Жүгү анын миң-миң гирдей
Үйүлөт жалгыз башка,
менсинген эрдин эрин
мертинтип жыгат ташка.

Көөнөртөт көөнөрбөстү,
маң кылат акылманды,
чарчатат атан төөнү,
кар кылат лөктү, нарды.

Ийилтет ийилбести,
бүгүлтөт бүгүлбөстү,
демдүүнүн демин алып
ноютат ноюбасты.

Жетсе эгер күнү, сааты
бурчамга келбейт жандар
буркулдак бейсалакы,
тиранды тырпыратат
тыйынча калбайт баркы.

Дүйнөң бул — бир карасаң
көрүнгөн андан-мындан
кайыптан бүткөн тайган,
жетпессиң миң куугандан,
кайрылып бир карасаң
кажырлуу каптагайдай
атанды буйлалаган,
кайра да бир карасаң
ал ыкчам, сенден сыйкы,
азгырык бүткүл нурку,
таймаштан бүткөн тулку:
дөөлөрү дөөлөр менен
шаалары шаалар менен,
элдери элдер менен,
адамы адам менен,
шамалы шамал менен,
деңизи жээги менен,
ысыгы суугу менен,
жырткычы жырткыч менен
кармашып келген, келет
түбүнө жетпейт ченем.
Суу кылып сулууларды,
ууктуруп улууларды,
жайратып жакшыларды,
жалмантып жамандарды
карабай алды-артына
калдастап кете берген
эгеңиз турмуш деген
наркы ушул жер бүткөндөн.

Сүйөркул Тургунбаев

Ырлар Кыргыз маданият борборунан алынды.