Назым Хикмет: Алга жылган айдыӊ нурдун ичиндемин. Колдорум ишке ынтызар, дүйнө көркөм!

Назым Хикмет

Назым Хикмет бу жарык дүйнөдөн катуу кызыткан болот-темир сыӊары кызарып күйүп өттү, андан өмүр бою поэтикалык чыгармалар шыркыраган кызыл учкундардай чачырап, Саманчынын жолундагы жылдыздардай жайнаган өчпөс изге айланды.

Кусалык

Деӊизге кетким келет.

Көгүлтүр суу күзгүсүн

кучактап өпкүм келет.

Деӊизге кетким келет!

Кемелер кетип барат,

кемелер чөгүп барат

мейкинге алыстагы;

сарсанаа шамалына,

муӊ-кайгы шамалына

керилбей парустары;

бир күнү кеме үстүнө

чыгармын, балким, мен да

өрөпкүп таалайыма,

акыры келер өлүм

айнылбай жазылган соӊ

ар кимдин маӊдайына

нурундай батар күндүн

деӊизге чөккүм келет,

нурундай батар күндүн

толкунда өчкүм келет.

Деӊизге кетким келет!

Деӊизге кетким келет!

 

Мажүрүм тал

Айнегине чагылат аккан суунун

мажүрүм тал шактары чуудаланып.

Мажүрүм тал наз менен ашкан сулуу

чайкайт күмүш саамайын сууга малып.

Кылыч менен талдарды чаап шакка

Кетти кызыл атчандар батыш жакка

батыш жакка күн батып бара жаткан.

Ок жаӊылды капыстан!

Бир жаш атчан

Кушка окшоп канатка аткан

кулады аттан!

Бакырбады,

Кеткендерди жалбарып чакырбады,

Башын жерден көтөрүп бир азга араӊ

Арман толгон көз менен карап турду

Аттардын туяктарын кылактаган .

Арман күн ай,

атаганат,

карып туруп ал эми кайра аттанып

өбөктөбөйт ак көбүк ат жалына,

ак аскерди кубалап айгай салып

ойното албайт кылычын баштарына!

***

Кулагында алсырап жаткан жандын

өчүп барат дүбүртү чапкандардын.

Кылк-кылк этип кызарып күн баткан жер

жутуп алды караанын атчандардын.

Атчандар, атчандар, кызыл атчандар,

аттары шамал-куюн  канатчандар,

аттары шамал канат..

аттары шамал…

аттары…

ат…

Өмүр өттү атчандай шамал канат!

Аккан суунун үнү өчтү ир алдыда,

дүйнө бүтүн боёлду караӊгыга,

жабылды кара парда

мөлтүр тунук көгөргөн көзүнө

анын,

төгүлдү мажүрүм тал

сары чачы төгүлгөн бетине

анын!

Баратат коюу тартып түн карасы.

Ыйлаба, мажүрүм тал, ыйлабачы!

Ыйлаба,

ыйлабачы!

Ыйлабачы…

 

Ач достор жана бир десте гүл

Эй, оозу сүт жыттанган көзөл акын,

сен жөн эле чычаясыӊ

белгилүүдөй сүйүү сыры саган жалгыз.

Ашыглык жайын айткан кеп-сөздөрдөн.

биз деле, шүгүрчүлүк, кабардарбыз.

Кутургандай чуу салып, адыраӊдап

Өттү куду мурдумун жанынан жаз

сары такта вагондору

тер, тамеки жыттанган поезд сыӊар.

Мен күттү элем келет деп жаздын айын

мага бир тышы кызыл мис идиште

ысык сүт алып келчү аяш сыӊар.

Кантейин, жаз келбеди күткөнүмдөй,

Күткөндөй жаз келбес сага дайым.

Күткөндөй түк келбейт самаганыӊ.

Кызым, энем, зайыбым, медерим, сен,

башыӊа күн нурун сепкен,

көздөрү алтын нурун төккөн,

көздөрү алтын кызым менин!

Кутургандай чуу салып, адыраӊдап

Өттү куду мурдумдун жанынан жаз,

бирок кылып шааниси келген жаздын

сага бир гүл барбады менден, аттиӊ,

бир десте гүл,

букети фиалканын.

Кантем, кызым, эмне кылам,

иш таштаган досторум ачка калып,

шам-шум этип, эптеп бир жалгашты өзөк

гүл алам деп сактаган акчамды алып!

 

Тутанбаган сигарета

Балким, ал бүгүн түнү каза табар

ок-дарынын изи калып кемселинде.

Бүгүн түнү өзүнүн буту менен

кетти өлүмгө…

-Сигаретиӊ  барбы? – деди.

-Бар,- дедим.

-Ширеӊкеӊчи?

-Жок, – дедим мен. – Ширеӊкем жок.

тутантар чылымыӊды атылган ок.

Алды да сигаретти

басып кетти…

Балким азыр жаткандыр чалкасынан,

оозундагы сигарет тутанбастан

түтүн чыгып жүрөгүнүн толтосунан…

Кетти.

Крест.

Бүттү.

 

Менин ырым

Жок менин күмүш ээр айгыр атым,

жок менин дүйнөм, бай мурасым,

жок менин мүлкүм, малым,

бар наяты бир чыны балым,

түсү жалын

бир чыны балым!

Ушу балым- карманганым.

Бар мүлкүмдү, малымы, мен –

жалгыз чыны балымы,

мен коруйм чымын-чиркейинен,

коруйм эч бир талбастан.

Күт, курдашым, күдөр үзбө…

Чыныман бал өксүбөсө,

аары учуп келер Багдаддан.

 

Амнистия

“Миӊ бир түн” китебин жаптым,

чылым жактым.

Темир тор арасынан карап бактым.

Сыйкырдуу бир күзгүгө окшоп

жалтылдайт жылдыздардын

ар бирөөсү.

Түн.

Бурса түрмөсү.

Куш учпас,

кербен өтпөс,

бир караӊгы.

Көлдүн суусу буркандап шарактады.

Үрөй жок кара бапак кийгендерде.

Коркунучта алдыңкы кабаттагы

баарыбыз адеп сурак берген бөлмө.

Эриндер кеберсиген, кабактар салаӊдаган.

Дубалдын жылчыгынан

сызылды тамчы жарык.

“Амнистия!” деген кабар

түрмөнү кетти жарып.

Ээ-эй, биз чыгабыз

шапкебизди желкеге

жылдырабыз.

Аба,

турпак,

аял,

аптап…

Трамвайга жабыш чуркап,

Поэздге мин, кемеге мин!

Чынжырсыз

конвою жок

жалгыз өзүӊ кезе бергин.

Кааласаӊ шаарга бар,

кааласаӊ кыштакка чап.

Тоолор ашып, токойдо уктап да бак.

Өз эркиӊ кайда барсаӊ,

эмне кылсаӊ.

Кара бапак кийгендерден

арга качкан,

үрөй учкан.

Үмүтсүз түрмөдө күн сүрүш кыйын,

кыялсыз жашоо дагы болбос анда.

Бир карасам,

колумда күйүп чылым

бүткөн экен бир жолу сорбосом да…

 

Түрмөдө жазган каттардан

******

Бүгүн – жекшемби.

Биринчи ирет бүгүн мени

чыгарышты аптапка алып.

асман менден ушунча алыс,

Өмүрүмдө биринчи ирет

ушунча кеӊ,

ушунча көк

болгонуна айран калып,

кыймылдашка шай келбей карап турдум.

Андан соӊ ызат менен жерге отурдум.

Тынч турду таш дубалга тийген далым.

Тарс эсимден чыгыптыр баары бирдей:

самаган ой,

азаттык,

сүйгөн жарым…

Жер бар, күн бар, мен бармын,

бактылуумун!

 

********

Алга жылган айдыӊ нурдун ичиндемин.

Колдорум ишке ынтызар, дүйнө көркөм!

Көздөрүм дарактарга тойбойт такыр,

дарактар али үмүткөр, али жашыл…

Күнөстүү бир жол созулат

Тут багынын арасынан .

Лазарет терезеси алдындамын.

Туйбаймын дары жытын.

Кайдадыр бир чыныгүл ачылыптыр,

жыты келет, ачылыптыр!

Кеп ушундай , Ысмайылым!

Маселе түшкөндө эмес түрмө ичине,

багынып бербегенде бүт маселе!

 

Терек

Түндө көрсөӊ сууда дарак

күмүш арча сыяктанат

дечү биздин Надим акын.

 

Сүйчү муӊдуу айымдарын –

ак көйнөкчөн кайындарын

рязандык да бир акын.

 

Менде да бир жалгыз терек,

кайда жүрсөм табыш берет

мен мусапыр күндөн бери.

 

Бүт дарактай терегим да

турат сыӊар аягында

күтүп-күтүп бирдемени.

 

Карап турат чоӊ жолдорго,

карарыӊкы ой-тоолорго

жайдын ысык түн маалында.

 

Мени да бир терек дайым

айгай салып ар түн сайын

күтүп турчу түрмө алдында.

 

Бактыбызга, айбыбызга,

үмүттөргө кайгыбызга

күбө болуп, карадыӊ жай,

күбө болдуӊ битибизге,

жердеги бүт ишибизге

эх, терегим, терегим ай!

 

Терегимди сүйөм дагы,

аны мактап жүрсөм дагы,

Ата журтум бар арманым:

 

Мен эӊкейип кара жерге,

денем балкып кара терге

бир түп терек эге албадым.

 

Келип кайра кетип баратабыз

Мына, келип, кетип баратабыз,

Саламат кал, курдашым деӊиз!

 

Алдык бир аз шагыл ташыӊан,

бир азыраак көгүш тузуӊан,

бир азыраак чексиз кыйрыӊан,

анча-мынча кайгы-зарыӊан.

Аздыр-көптүр бизге билдирдиӊ,

деӊиз болуу ыкыбалынан.

Дагы бир аз үмүткө толдук,

дагы бир аз адам да болдук…

 

Мына, келип, кетип барабыз,

Саламат кал, курдашым деӊиз!

 

Ата журтум

Ата журтум, ата журтум, ата журтум!

Калбады сенде кийген баш киймимен,

Өлчөгөн жолдоруӊду бут киймимен.

Мен сенден кийип чыккан бешмантым да

эскирди, дал-дал кетти, түштү

ийнимен.

 

Сен эми калдыӊ жалаӊ

чачтарымдын актарында,

жүрөгүмдүн инфаркында,

маӊдайымдын бырыштарында,

Ата журтум, ата журтум, ата журтум!…

 

Булуттар адамдарды өлтүрбөсүн

Адамды адам кылган эне гана,

Ал окшойт жарыкчылык нурларына.

Бир эне туубадыбы силерди да?

Мырзалар, эне өмүрүн кыйбагыла!

Булуттар адамдарды өлтүрбөсүн!

 

Бир бала чуркап барат алты жашар,

көкөлөйт бакты аралап батпарагы.

Силер да бир кезекте чуркадыӊар,

Мырзалар, кыйбагыла жаш баланы!

Булуттар адамдарды өлтүрбөсүн!

 

Таранып колуктулар күзгү алдында,

күтүнөт күлмүӊ карап тарагына.

Күткөндүр ошентип силерди да.

Мырзалар, келиндерди аягыла!

Булуттар адамдарды өлтүрбөсүн!

 

Адамдар картайганда бүт өмүрүн

эскерип, батат сансыз таттуу ойго.

Не жазык карыларда – көрсүн күнүн,

Мырзалар, силер деле картсыӊар го.

Булуттар адамдарды өлтүрбөсүн!

 

Быйыл күздүн башында

Быйыл күздүн башында, түштүк жакта

деӊизге, кумга, күнгө буланамын.

Бак-даракка буланамын

бал ичинде булангандай

алмаларга буланамын.

Асман түндө жыттанат эгин мисал,

асман түндө эңкейлеп түшүп келет

бүрт-бүрт эткен чаӊы ысык кара жолго,

Жылдыздарга буланамын.

Деӊизге, кумга, күнгө алмаларга

байыр алам, жан секетим.

Болгонунча байыр алам.

Деӊизге, кумга, күнгө,

жылдыздарга, алмаларга

аралашып кетчү кез келди мага.

 

Не болгон оӊ

Деӊиздин үстүндө бир ала булут,

бетинде күмүш кеме,

ичинде сары балык,

түбүндө көпкөк балыр.

 

Жээгинде жылаӊач бир адам туруп,

ойлонот:

“Мен не болсом,

деги жакшы не болгонум:

булутубу, балыгыбы?

кемесиби, балырыбы?

Жарабайт анысы да, мунусу да.

Балам, сен андан көрө деӊиз болгун,

булуту бар, балыгы бар,

кемеси бар, балыры бар

чалкайган бир айкөл деӊиз!

Которгон: Салижан Жигитов