Мустай Карим: Жол үстүндө – буттарым, көңүлүм – ырда. Мен өмүрдү ушундай сүрүп келем.

Башкырт элинин улуу акыны, жазуучусу жана драматургу Мустай Карим.

(1919-2005)

Сен төрөлгөн жерде болдум

Жаркын жаздын жадыраган чагында,

Келдим, мына, сен төрөлгөн айылга.

Таазим кылам изиң түшкөн жолдорго,

Салам берем сага жашташ кайыңга.

 

Жылып турат күн нуруна жол чаңы,

Бийик турат кайыңдардын учтары.

Жакшысыңбы, жалжалымдын турпагы!

Амансыңбы, алганымдын кыз чагы!

 

Кутман жердин мейкиндери, кырлары,

Каштай тунук Сармасандын суулары,

Айдарым жел, жадыраган жаш гүлдөр,

Ай жарыгы, күндүн күмүш нурлары.

 

Баарыңарга алкыш айтып турам мен,

Ал-анткени менин жарым силерден

Өмүр таап, койнуңарда көгөргөн.

Нуруңарды, мээриңерди ал өзү

Күлмүңдөгөн көздөрүнө чөгөргөн.

Кызыңардын кыялынан силердин,

Кыйрыңардын кенендигин көрөм мен.

 

Мен айтамын: Амансыңбы, жашчылык!

Келдим сенин жамалыңа тартылып.

Табыштык го кайра дагы эсен-соо,

Далай жылды артыбызга калтырып.

 

Өргө чаап өрөпкүсө кыялым,

Өзгөчө бир жашаргансып турамын:

Өзүмдү мен өрт-жалынга күйбөгөн,

Он сегизге жаңы келген курагым,

Суу кечпеген, күйүт уусун татпаган,

Шаттыктардын дарбазасын ачпаган,

Тентек мүнөз жаш уландай туямын.

 

Бирок билем: кайтпайт кайра жаш күнүм.

Байчечекей ачпайт жайда ак гүлүн.

Жалгыз толкун мөңкүсө да канчалык,

Бир кашатка эки жолу урунбайт,

Кайра толбойт төгүлгөн суу чайкалып,

Кеткен шамал кедерине бурулбайт…

 

Билем аны…

Ошентсе да тигинде,

Тоо этектеп күнүндө да түнүндө

Булак агат шылдыраган бир үндө,

Балатылар  өсүп келет жарышып

Бойго жеткен ак кайыңдын түбүндө.

Куштар болсо өз тилинде кужурап,

Балапанын уясынан учурат…

Кайра артына жанбаса да жаш күнүм,

Жаштык өзү келет экен кайрадан:

Тигинекей, жаш селкилер шат күлүп,

Бураң этип суу алышат дайрадан.

Сулуу кыздар суу алышып оштонот,

Алар кимдин жүрөгүнө өрт коёт?

 

Менин дагы жүрөгүмдө от-жалын

Жанып-күйөт – өчпөйт өзүм өчпөсөм

Биздин жаштык, барсыңбы? – деп айтамын.

Кыз жаштыгы, аманбы! – деп заңк этем.

 

Бардыгы тең жандуу мында

Ак сарайдын жез туткалуу

Дарбазасын ачканым бар.

Килем салган ак мрамор

Тепкичтерин басканым бар.

 

Жүргөнүм бар таш үйлөрдө

Асман тиреп кекирейген.

… Бейпил Дёма кашатында,

Жыгач үй бар жепирейген.

 

Ошол үйдө көргөн элем

Күндөрдүн эң жакшыларын.

Ошол үйдө уккан элем

Үндөрдүн эң таттыларын.

 

Атам үйү! Жепирейет

Моюлдарга чык көмүлүп.

Бирок анын айнегинен

Турат дүйнө бүт көрүнүп.

 

Анын ар бир устунуна

Атам колу тийип чыккан.

Кайгы дагы, шаттык дагы

Ага далай кирип чыккан.

 

Жамал да бар, жан дагы бар

Тамдын бардык байлыгында.

Баары бүтүн шаңдуу мында,

Жандуу мында.

 

Ачык айнек текчесинде

Термелет гүл таажылары,

Алар эмне, бакчадагы

Фиалкага наз кылабы?

 

Бал аарысы шире сорот

Гүлдөн гүлгө коно калып.

Мунусу тек талаалардан

Келгени го салам алып.

 

Төрдө илинген сүлгүлөрдүн

Саймасы бар дүйүм-албан.

Ар саймада апакемдин

Көздөрүнүн нуру калган.

 

Дубал сааты тынбай жүрүп

Күндүр-түндүр чык-чык этет,

Жалгыз өзү замананы

Жылдыргансып тынчы кетет.

 

Жан-кыймыл бар бардыгында,

Баары бүтүн жандуу мында,

Жандуу мында.

 

Тек дубалда жоону жеңип,

Кайтып келген кылыч турат.

Ошол гана өз кынында

Кыймылдабай тынып турат.

 

********

Көп какшайсың: “Деги өзүңө карасаң,

Жүрө бербей жанды сабап, чапкылап”.

А мен болсом өмүр бою келатам,

Чоң байгеге чабылган бир ат сымак.

 

Бу дүйнөдө тирүү калган бар беле?

Өлүм келер өчү менде барчылап.

Ошондо мен дүңгүрөгөн байгеде

Эт жүрөгү чарт жарылган ат сымак

Өлсөм экен мүрт үзүлүп, тарс кулап…

 

Кыш чилдеде жылуу шамал

Бу кандай жыл?

Ушундай да болчубу?

Кыш мезгили өз жолунун жарымын

Өтө электе, көк деңиздин толкуну

Айдап келди жылуу шамал агымын.

 

Жылуу шамал кышты кыйын кыстады,

Жаткан карды жалап-жуктап жиберди.

Даугава дайрасынын муздары

Дабыш бербей эрип-эрип түгөндү.

 

Күн күркүрөп, жамгыр жаады шатырап…

Керимселдин кереметтүү күчүн көр:

“Жаз келди!” деп чөптөр чыкты чытырап,

“Жаз келди!” деп көзүн ачты бүчүрлөр.

 

“Жаз! Жаз!” деди ырчы чымчык кара баш

Таңда талдын бутагында отуруп.

… Ошо күндүн кечи менен аралаш

Кар-бороону келди кайра кутуруп.

 

Кыш кыштыгын кылды белем мында да,

Жаз жөнүндө кыял калды бир гана.

 

Көрөр замат көздөрүңдүн нурларын,

Мен дагы ошол чымчык өңдүү сайрадым:

“Махабат” деп көңүл эргип ырдадым,

“Махабат” деп көңүл чөгүп зарладым.

 

“Махабат” деп көккө чыгып, тоо аштым

“Махабат” деп делбиреди этегим.

… Билбептирмин сенин ошол карашың,

Кышта адашкан жылуу шамал экенин.

 

Күнөө менде болушу да ыктымал,

Калды менде махабаттан тек кыял.

 

*******

Кайгы түсү топурактан карарак,

Бирок андан капкара чач агарат.

 

Капкара түс болсо дагы топурак,

Ага чыгат аппак гүлдөр жадырап.

 

Кайгы басып кара чачың агарса,

-Бүт дүйнөнүн чачы агарды, – деп айтпа.

 

*******

Жол үстүндө – буттарым, көңүлүм – ырда.

Мен өмүрдү ушундай сүрүп келем.

Күнгө карап күндүзү, караңгыда –

Жылдыздарга карап мен жүрүп келем.

 

Шамал кесип эрдимди, чачтарымды.

Кара кылдар, ак кылдар аралашкан.

Эшиктерди каккылап ачамын да,

Жүрөктөрдү каккылап салам айтам.

 

Бирок кээде көк бетин булут чалып

Күн көрүнбөйт, жер үстүн туман басат.

Жылдыздар да ошондо көнүп калып,

Караңгыда сокурдай карайлатат.

 

Анткен менен бактың бар ченебеген:

Күн ачыкта, күн бүркөө кездерде да,

Караңгыга жылдыздар чөккөндө да,

Өмүрүмдү сабалап бара берем.

 

Жылдыздардай көрүп мен кишилердин,

Көздөрүнө каралап бара берем.

Жолумдан тек адашып калбас үчүн,

Ырларымда калп айтып салбас үчүн,

Үмүт, шаттык, муң төгүп жадыраган

Көздөргө  мен каралап бара берем.

 

Акындын кубанчы

Айтканы шаттык-кубанчын

Акынга бирөө келеби?

Сүйүнүп жүргөн пендеге,

Түк тийбес анын кереги.

 

Кишилер келет акынга

Кайгы-зар, мүшкүл, дат менен.

Күйүттүн мөлтүр белгиси

Кирпикке конгон жаш менен.

 

Жубатар эле бүт элди,

Акын же Алла-Таала эмес.

Баарына тилип бергидей

Жүрөгү бышкан алма эмес.

 

Келгендер зарын бөлүшүп,

Түйшүккө кетет чөгөрүп…

Ошондон акын көзүндө

Ой-санаа барат көбөйүп.

 

Бир сапар кечте акындын

Көзүнөн шаттык төгүлдү,

Күүгүмдө кайра таң атып,

Күн чыккан өңдүү көрүндү.

 

Акындын кабинетинде

Кызык иш болду, карагын:

Кетиптир таштап бир кемпир

Таянып келген таягын.

Которгон: Салижан Жигитов