Матисаковдун чыгармалары Пушкиндин тилинде

Матисаковдун чыгармалары Пушкиндин тилинде

Жакында Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Абдиламит Матисаковдун «Уроки доброты» деп аталган орус тилиндеги көлөмдүү китеби жарыкка чыкты. Бул китептен орус тилдүү окурмандар жазуучунун кыргыз окурман журтчулугуна кеңири белгилүү аңгемелери, повести жана эсселери, Кыргызстандын көрүнүктүү инсандары жөнүндөгү көркөм-публицистикалык чыгармалары менен тааныша алышат.

Буга чейин А.Матисаковдун кыргыз элин дүйнөгө тааныткан атактуу кино актер жана живописчи Сүймөнкул Чокморовдун кайталангыс образын жараткан «Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй» аттуу даректүү көркөм чыгармасы жана бир топ аңгемелери орус тилине которулуп келген болсо, бул жолу анын дээрлик бардык чыгармалары орус тилине которулуп отурат. Муну менен жазуучунун чыгармаларынын таанылуу диапазону бир кыйла кеңейгендигин жана мындан ары алардын дүйнөлүк башка тилдерге да которулуусуна шарт түзүлүп жатканын белгилеп кетсек болот.

Албетте, А.Матисаковдун прозасы өз алдынчалуу стилге, кайталангыс почеркке, кубаттуу колоритке ээ проза болуп эсептелет. Ошондуктан анын орус тилине ж.б. тилдерге которулган чыгармалары кыргыз адабиятындагы Кеңеш Жусуповдук же Мурза Гапаровдук деңгээлди татыктуу көрсөтүүгө жөндөмдүү экенине ишенебиз.

Ал эми А.Матисаковдун «Уроки доброты» деп аталган орус тилиндеги китебинин котормосун белгилүү жазуучу, адабиятчы жана котормочу, М.Горький атындагы бүткүл союздук адабий сыйлыктын лауреаты Мамасалы Апышев ийгиликтүү жүзөгө ашырган. Акыркы жылдарда М.Апышев кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын орус тилине которууда үзүрлүү эмгектенип келүүдө. Ошондуктан ага да мындан ары чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.

Айтмакчы, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Абдиламит Матисаковго ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев Анкара шаарынан ТҮРКСОЙ уюмунун Мухтар Ауэзов атындагы алтын медалын учак менен берип жибериптир. Ардактуу вазийпаны КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова тапшырды.

Абдимухтар Адилов