Акбар Рыскуловдун “Эл акыны жана элчи” аттуу адабий-поэтикалык кечеси өттү

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Акбар Рыскуловдун 70 жашка толушуна арналган “Эл акыны жана элчи’’ деп аталган адабий-поэтикалык кече болуп өттү.
КУУнун мамлекеттик тил жана коомдук иштер боюнча проректору, адабиятчы Садык Алахан модераторлук кылган кечеге КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары К.Кадыракунов, КР Эл жазуучусу М.Абакиров, КР Эл акындары Т.Самудинов, М.Мамазаирова, К.Култегин, академиктер А.Эркебаев, О.Ибраимов баштаган акын-жазуучулар, коомдук-маданий ишмерлер, окуу жайдын эмгек жамааты, студенттер катышты.
Катышуучулар авторду 70 жаш мааракеси менен куттуктап, чыгармачылыгы тууралуу сөз кылышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Акбар Рыскулов ырларынан жана котормолорунан окуп, катышуучулардын суроолоруна жооп берди.
Элге кеңири тараган “Боогачың сенин болоюн!”, “Канышай”, “Кар вальсы”, “110-маршрут” ж.б. обондуу ырлары ырдалып, “Жаш толкундар” адабий ийриминин таланттары акындын ырларын окуп беришти.