Кожогелди Култегин: Чындык менен чыңалган Чыныбай Акунович!

Чындык менен чыңалган Чыныбай Акунович!

Опоосуз дүйнөнү, тагдырдын таш боорлугун караңыздар, эки-үч айдан кийин 60 жашка толо турган досума, ага арнап мааракелик куттук жаза турган досума бүгүн минтип көз-жаш төгүп эскерүү жазып олтурам…

Чыкемдин бизден да жакшы көргөн жан курбусу бар эле – Чындык деген! Башкадан алыстаса да, Чындыктан эзелим алыстабайт болчу! Башканы кой, бизнесте, башканы кой, саясатта Чындыкты жанынан чыгарбаганда – таазим кылып, тан бердик! Чыныбай дагы – Чыке болчу, Чындык дагы – Чыке болчу!

Чыныбай таланттуу акын катары таанылып турган кезинде биз үчүн Чыңгыз Айтматовго жолугуш, бет-маңдай келиш мүмкүн эмес нерсе эле. Ошондуктан “Биздин өзүбүздүн Чыкебиз бар!” – деп койчубуз аны көрсөтүп. Оозубузга сала бергендей, өзүбүздүн Чыкебиздин жолу дагы абдан байсалдуу, абдан сыймыктуу, абдан ооматтуу болгондугуна жалпы кыргыз эли күбө!

Ал өзү акын эле! Атасынын аты Акун эле! Мартабасын көтөргөн ак ун болду!

Чыке экөөбүз катар окудук, катар ыр жаздык, катар “Кыргызстан” басмасына ишке кирдик, туңгуч китебибиз да 25 жашыбызда катар, бир кутучада жарык көрдү.

Кайран Чыкемдин өмүр-таржымалын шарттуу түрдө он жылдыктарга бөлүп карасак болот экен. 30 жашка чейин ал көрүнүктүү акын, аспирант, илимдин кандидаты, декандын орун басары даражаларына жетти. 40 жашка чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин Түркиядагы өкүлү, ТИКА кызматкери, “Манас-1000” Мамлекеттик комитетине караштуу Түркиядагы “Манас дастаны” филиалынын деректири кызматтарын аркалап – дипломатияда өзүн көрсөттү. “Жаңы тууган” – Түркияны, түрктөрдүн тилин биринчилерден болуп өздөштүргөн кыргыз айдыңы! 50 жашка чейин “Акун” фирмасын негиздеп, атагын чыгарып, фирмалар тобуна айландырып – Кыргызстандагы бирден-бир бизнесмен болуп чыга келди. Андыктан Кыргызстан ишкерлер союзунун президенти, Кыргыз-түрк ишкерлер кеңешинин теңтөрагасы коомдук кызматтарына тартылды. Ал эми 60 жашка чейин, өзүңүздөр жакшы билгендей, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуу менен, Кыргыз саясатында өзгөчө чоң орду бар инсанга айланды. Бийлик фракциясынын башчысы, көпчүлүк коалициянын башчысы, Жогорку Кеңеш төрагасы мартабаларына чейин жетти.

Ушунун баарысына жанагы Чындык деген жан курбусу жеткирди. Чындык бар жерде Эмгек, анан Жөнөкөйлүк сөзсүз бирге болот экен. Аны дагы Чыныбай Акуновичтен улам байкадык. Карапайым үй-бүлөдөн чыккан кара тоголок бала Чындык, Эмгек, Жөнөкөйлүк аркылуу калың элдин сыймыгына айланды!

Жөнөкөйлүк демекчи, маселен, ал убагында түрк жазуучусу Нихал Атсыздын “Көкжалдардын өлүмү” романын, ошондой эле “Түрк дүйнөсүнүн адабияты” деген аталыштагы эки томдукту кыргыз тилине которгон экен. Канча чоң эмгек! Өзү бир жерде кеп кылып да койчу эмес аларды.

1994-жылы Түркия мамлекети Кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовду Түркияга чакырып, бир ай бою өзгөчө эсте каларлык жолугушууларды өткөрүп, өзүнчө узун сүрөө адабий, маданий майрам курганы бар. Ошондо улуу жазуучуну жандоо, котормочулук жасоо вазипасы так ушул Чыныбай Акуновичке жүктөлгөн экен. Натыйжада отуздан оогон жаш жигиттин жасаган жардамына, кылган кызматына Чыңгыз Төрөкулович жан-тени менен ыраазы болуп, Чыныбай Турсунбеков кыргыздын табылгыс кадрларынан экендигин, туруш-турпаты менен дипломаттыгын, анын мындай мүмкүнчүлүгүн Кыргызстан пайдаланбаса болбостугун көпчүлүктүн алдында шардана-шардана айтыптыр. Башка киши болсо – муну деле кыйла реклама жасамак өзүнө.

Жогорку Кеңеште бийлик фракциясынын жетекчиси, коалиция башчысы катары канча өкмөт түздү, канча кыйчалыш кырдаалдарды жолго салды, Жогорку Кеңеш төрагасы катары канча кабылуу, бараандуу эмгек өтөдү. Бир дагы жолу муну мен жасадым деп төшүн какканы жок. Менин эмгегимди билбей атасыңар деп доомат артканы жок. Чындыктан, Жөнөкөйлүктөн жазбады. Ар дайыма асылгандар болду байлыгына, бийлигине – кээ бирде кетилдеп күлүп коюп гана кутулду. Бул айласыз экенсиңер дегени болчу. Төрага катары нааразылыкты өз партиясынан көбүрөөк укту. Бул анын кашкайган калыстыгынын далили эле.

Чалкеш саясатты дагы Чыныбай Акунович жөнөкөй гана түшүндүрүп койчу. Чатышкан маселени дагы Чыныбай Акунович жөнөкөй гана чечип салчу. Кыйчалыш кырдаалда бир аз кызара, бир аз кызаңдай түшмөйү бар эле. Бир аз. Ашынып кетчү эмес. Ачуудан (ачуу ичимдиктен да, ачуу сөздөн да, ачуу кыял-жоруктан да) дайыма алыс болуп – өмүрүн пакиза тутунду. Өтөлгөлүү, өрнөктүү өмүр сүрдү. Бул айткандарым барган сайын бажырайып көрүнөрүнө, барган сайын дааналанаарына бөркүмдөй ишенем.

Чыныбай Турсунбековдун бир классикалык ыры бар “Тушоо той” деген. Ырда балалыгы чагылдырылат Совет доорундагы. Балдар тушоо тойдо жабыла жүгүрүп, бирок биринчи келген бала эмес, парткомдун баласы тушоону кесет… Автор “партком” кезинде дагы мындай калыссыздыкка өмүрүн беттештиргени жок, өзүн кириптер кылганы жок. Балалык аруулугун түбөлүк сактады. Аттигиң, арман дүйнө-ай, 60 жашка дагы так ошондой аруу кадам шилтеди эле…

Кош түбөлүккө, асыл досум! Кош бол, менин Чыкем! Бейиш гүлбагынан орун насип этсин!

Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегин