Аялзат асирети: Афина жана аялмээр (Жаш акын Афина Бакированын чыгармачылык изденүүлөрү) Чыгармачылык хаос… Ар бир чыгарма мен үчүн өлүп кайра тирилүү Чынгыз Айтматов Афина Бакирова – азыркы кыргыз поэзиясында келечегинен үмүттөндүргөн жаш акындардын катарында унутулбай саналган калемгерлердин бири. Анын алгачкы “Мен өзүмдү сүйүү кызы атаймын” аттуу ырлар жыйнагында көз мончоктой жаш кыздын жаштык, сүйүү, табият, ата-эне, дос жөнүндөгү али ууз сезим-туюму көркөм чагылып, ага аттуу-баштуу акындардын (А.Өмүрканов, А.Жакшылыков, А.Темирова ж.б.) көзү түшкөн. Таза кыздай наздуу ырлары менен “Алыкулдун ак боз ат” фестивалында лауреат болууга татып, андан соң Жазуучулар союзуна мүчөлүккө толугу менен…..