Үмүт Култаева: Аялзат асирети: Афина жана аялмээр

Аялзат асирети: Афина жана аялмээр

(Жаш акын Афина Бакированын чыгармачылык изденүүлөрү)

Чыгармачылык хаос…

Ар бир чыгарма мен үчүн өлүп кайра тирилүү

Чынгыз Айтматов

Афина Бакирова – азыркы кыргыз поэзиясында келечегинен үмүттөндүргөн жаш акындардын катарында унутулбай саналган калемгерлердин бири. Анын алгачкы  “Мен өзүмдү сүйүү кызы атаймын”  аттуу ырлар жыйнагында  көз мончоктой жаш кыздын жаштык, сүйүү, табият, ата-эне, дос жөнүндөгү али ууз  сезим-туюму көркөм чагылып, ага аттуу-баштуу акындардын (А.Өмүрканов, А.Жакшылыков, А.Темирова ж.б.) көзү түшкөн. Таза кыздай наздуу ырлары менен “Алыкулдун ак боз ат” фестивалында  лауреат болууга татып, андан соң Жазуучулар союзуна мүчөлүккө катталган.

Ырлардын хронологиясына караганда жыйнакка Афинанын 1998-2004-жж. алты жыл ичиндеги ырлары топтолгон. Андагы кырк өрүм чачы төгүлүп, күлкүсүнөн күн уялган, куунак көңүл 18 жаштагы ажарлуу КЫЗ менен азыркы Афина АЯЛ акындын ортосунда асман жердей айырма бар. Бул Мезгилде Афина жар күтүп, эне болуп, үй-бүлө түйшүгүнүн, тагдыр-ташпишинин  тегирменинде жанчылып да, сыналып да, адамдар ааламын чарк айлана түрдүү мамилелерде сынып, кайра бүтөлдү; чачылып, кайра жыйналды; бөксөрүп, кайра толду; жоголуп, кайра табылды; өлүп, кайра тирилди:

Шуулдап-күүлдөп жаадың бүгүн таң азан,
Жамгыр, менин окудуңбу жаназам?
Өз өлүмү менен көптөр сакайды,
Өлүмгө да үмүт артып… карасаң!..

Келдиң көктөм… мага өзүмдү жоктотуп,
Абалкыма койчу мени окшотуп?!
Өзүмдү бер! Андан бийик сурабайм,
Өлүм — өзүм менен калыш коштошуп…

Постмодернисттик философияда өлбөстүктүн өзгөчө түрү катары өлүмдүн жаңы ритуалдары негизделип жаткан азыркы шартта, өлүм менен жашоо бүтпөстүгү, анын бир абалдан экинчи абалга өтүү теориясы дагы бекемделди. Ф.Ницшенин жашоо философиясы боюнча өлүм феномени  адамды пенделик тиричиликтин оор уйкусунан ойготуп,  ага “…сенин табиятың ким болсо, ошол болууга тийишсиң” деген чакырык таштайт. Ал эми Россия билим берүү академиясынын профессору А.А.Корольковдун аныктамасы боюнча: “Өлүм адамды максаттуу жашоого түрткөн түбөлүк стимул. … Өлүм – өз жашоосуна баа берүүнүн жогорку чен-өлчөмү”. Ушул көз караштан алып караганда, Афинанын “өлүмү” – дененин өлүмүнөн эмес, жан-дүйнө ыйыгынын (таланттын) “өлүмүнөн” коркуу, максатсыз, мазмунсуз жашоодон,  табият тартуулаган талант шыбагасын жоготуудан зааркануу.

Кечир мени, о, жан дүйнөм көөнөргөн!
Кечир! Мага ырайымың өчүрбө.
Бүгүн, бүгүн өз боло көр ыйыкка,
Катарына кошо электе эсилдер

Ыр 2014-жылы жазылган. Ортодо 10 жылга жакын убакыт Афина дээрлик жазган эмес,  өтө сейрек жазган. Натыйжада ал чыгармачылык хаоско дуушар болгон. Тике маанисинде хаос – боштук, мифологиялык мааниде – дүйнө пайда болгонго чейинки туман жана караңгылык менен толтурулган түпсүз чексиздик, жалпы  мааниде – баш-аламандык.

Ал эми чыгармачылык хаос – адамдын жан-дүйнөсүндөгү гармониянын талкаланышы же идеалдын баш-аламан абалда калышы. Бирок анын экинчи жакшы жагы бар: “…аң-сезим хаосту иретке келтирүү менен өсөт. …Хаос дайыма жаңы нерсени жаратат жана мурунку абалды чанып, аны өлтүрөт. Жөнөкөй тил менен айтканда хаос бүтүндөй жандууну жараткан ЭНЕЛИКтин ролун аткарат”. Анда жаратмандыктын атасы ким? Атасы – чыгармачыл инсан. Ушул мыйзам ченем менен караганда, жогорудагы ыр Афинанын биринчи жыйнагындагы бир да ырына окшобойт. Ал ыр жазбай калган күндөрүн  жан-дүйнөнүн “өлүмү” эсептеп, аны менен поэзияга болгон мурунку мамиле, көз караш менен коштошуп, “ыйыгынын” кайрылышын жаңы дем менен тосуп алган, б.а.,   хаосто өлүп, кайра тирилүү аркылуу чыгармачылык секирик жасаган. Натыйжада жаңы сапаттык деңгээлдеги өсүү жаралган. Демек, ортодогу  бул мезгил аралыгында Афина Бакированын чыгармачылык эволюциясы  жайгашкан. Ошондуктан акын кыздын чыгармаларын эки этапка бөлүп,  кеп оролун акын кыздын алгачкы чыгармачылыгынан баштоого туура келет.

Тубаса акындык көрөңгө

“Мен өзүмдү сүйүү кызы атаймын”  аталган алгачкы жыйнактын телегейи тегиз дегенден алыспыз. Жыйнактагы  ырлар  келечегине үмүт арттырган катардагы жаш калемгердин деңгээлинде жазылган. Бирок бир айныксыз кубулуш  – Афинадагы тубаса акындык талант көрөңгөсү анын биринчи эле ырын окуганда көзгө даана урунат:

Ак талаа анда… мезгилди өктөм аралап,

Мамыры гүлдөр, мамыры гүлдөр өсчү эле.

Үйдөгү чырак уйкума болуп сапарлаш,

Үлпүлдөп барып акырын гана өччү эле.

 

Талаалар сенде атамдын үнү сакталуу,

Көйнөгүм бурап шамалдар акчу токтобой.

Мээримсиз күндүн колдору сылап маңдайым,

Жоготком сизди, жоктобойм аны жоктобойм.

 

Мен тигер гүлдү, мен төгөр жашты күтпөгүн,

Сүйүүм бар анда бейитиң турган кучактап.

Мамыры баскан тоолордон кайткан бакытым,

Барайын, ата, көз салып турат узакта.

Ырды Афинанын жаш курагы (ал 1980-жыл, 3-декабрда жарык дүйнөгө келген) менен баалоого туура келсе,  18 жашка толо элегинде (1998-жыл, 17-октябрда) жазган экен. Афина жаштыгына карабай поэтикалык мейкиндикти (ак талаа),  мезгилди (мамыры гүлдөр аркылуу) туюу сезими кадыресе. Калемгер өзүн курчап турган чөйрө – дүйнөнү жана ал дүйнөнүн кичи формасы – өзү чоңойгон үйдү жылуу уядай сезип, “үлпүлдөгөн чырак жарыгындай” назик жана аялуу кабылдай алган. Болгондо да көчмөн цивилизацияны баштан кечирген дүйнө элдери тоо гүлдөрүнүн “ханышасы” эсептеген  мамыры гүлү ырга өзгөчө лирикалуу пафос берип,  мейкиндик объектиси талаага “ак” түстүн эпитет катары кошулушу, кандайдыр сезимтал кыздын аздектеген нерсесин алдын ала кабарлайт. Ырдагы ой логикалуу уланып, экинчи куплетте акын кыздын аздек “дүйнөсү” атасы экени ачыкталат. Окуя адат өткөн чактын – чу мүчөсү аркылуу көзү өткөн атага болгон кыз баланын мээрими, жылуулугу кадимкидей окурманды “жылытат”. “Мээримсиз күндүн колдору” аркылуу мезгилди жандандыруу, идеяны күчөтүүчү кайталоолор  сөз өнөрүнө болгон шык-таланттан кабар берет.

Ошол эле учурда ырдын үчүнчү сабы (“көйнөгүм бурап шамалдар акчу токтобой) чыгарманын структурасынан жакшы орун таба албай, уйкаштык үчүн гана колдонулганы  калемгердин жаштыгынан кабар берет. Ал эми ырдын аягындагы   эки сабы эки анжы ойго түртүп (“көз салып турган” атасынын бейитиби же “тоолордон кайткан бакытыбы?” автордук идеяга көлөкө (тоолордо калган же жаткан десе туура болот беле) түшүрүп койгон. Анткени менен ойду берүүдөгү образдуулук  мыкты.

Экинчиден, Афинада тубаса акынга таандык  өзүн-өзү таануу, өз дүйнөсүнө кирүү далалаты алгачкы ырларынан эле байкалат. Даяр стандартты тууроо, башка бирөөнүн таасирине сокур берилүү дээрлик жокко эсе. Анын алгачкы ырларындагы жылт эткен жакшы жышааналар да, мүчүлүштүктөр да өзүнүкү, өзүнүн “мени” окурманды тартынбай, кашкая тиктейт. Бул акындык өнөр үчүн өтө маанилүү.

Жыл карыткан алп сүйүүнү көтөргөм,
Жыландардай кектүү өткөн көчөңдөн.
Жан эмесмин багынгамын, багынтам,
Сүйүп дагы, сүйдүрүп да өтөм мен!

Алгач сүйүүм билбеймин ким  экенин,
Акыркыга билбейм качан жетерим.
Арзуу үчүн аянбастан дүйнөдө –
Ыйлап дагы, ыйлатып да кетемин!

Калыстык үчүн экинчи куплеттин алгачкы эки сабы ойдогудай чыкпаганын белгилөөгө тийишпиз,  (алгачкы сүйүүнү билбей калбоо керек эле), уйкаштык да ырдын структурасынан жакшы орун тапкан эмес. Бирок ырдагы эстетикалык баалуулук  – лирикалык каармандын (мендин) ички руханий кайраты жана жашоо кумары.

Үчүнчүдөн, Афина ыр дүйнөнүн ыйыктыгын, сөздүн наркын, акындык жоопкерчиликти эрте сезгенине  “Акын Жолон Мамытовго” аттуу ыры далил:

Жанчылып ал! Аксын кандар сарыгып,

Жанчылып ал! Жакшы сөзгө зарыгып.

Аларчага баргым келди кайрадан,

Арбагына улуулардын жалынып.

 

Жашыл тартып майда чөпкө басылган,

Жатат дөңсөө кабар берип асылдан.

Арзыбаган нерсе үчүн төкпөйүн,

Төгөр болсоң, төкчү бүгүн жашыңдан

 

…Жүрөгүңдү үзүп коюп азадан,

Улуу акын жаткан жерден тазалан.

Көркөм сөз өнөрүндөгү аруулануу, тазалануу  (катарсис) түшүнүгүн теориялык жактан билбесе да, анын акын үчүн зарылдыгын ички жан-дүйнөсүндө сезүүнүн өзү тубаса талантка таандык көрүнүштөрдүн бири.

Аял жана үй-бүлө

Вечная женственность
Тянет нас к ней.

(Гёте “Фауст” (Б.Пастернактын котормосу)

Адамдын чыгармачылык хаоско дуушар болушу анын өмүрүндө болгон маанилүү окуя менен шартталат.  Афина мындай абалга  2005-жылы турмушка чыккандан кийин дуушар болгон. Анын үйлөнүү окуясынан өтө көптү күтүп алганы  “Сезим ырынан” көрүнөт. А.Бакированын адамдык тагдырынын да, акындык тагдырынын кулпусун ачууга бул ыр жардам берет, ошондуктан аны толук берүүнү туура көрдүк:

Мени менен сен бактылуу боло гой,

Шуулдап турсун тирүүлүктүн аралы.

Капам өчүп, күчөйт кайра оболой,

Айнектейим, адаммын мен жаралуу.

 

Кантип сүйлөп, качан айтып берейин?

Канааттануу бактысы экен тирүүнүн.

Мен мээримге канбай калгам себеби.

…Чырактайым, ошол менин түйүнүм.

 

Жанда жүрүп жарым болдуң күтүүсүз,

Барбы бакыт, барбы сүйүү чын эле?

Деңиз өңдүү жаркын болду ушул кыш,

Акактайым, өрттөй кырчын ким эле?

 

Мен бактысыз болбой жаштык барынан,

Алаксыдым кербез мүнөз көркүмө .

Ажыратпай мени ыйык тагыман,

Асыл жандай өмүр сүрүп өткүн, ээ…   (2005)

Агынан жарылып, буга чейин мынчалык ачык айтпаган жашырын да, аялуу да, ызалуу да автордун жан-сыры төгүлө-чачыла айтылган бул ырды кайдыгер окууга болбойт. Афинанын биринчи ырлар жыйнагындагы бир да чыгармага окшобогон бул ырда жаш аялзатынын жан-дүйнө өксүгү, үмүткө толгон тилеги ширелише келип, окурмандын сезимин тепчип өтөт. Мындай ырды эр адам жазышы мүмкүн эмес.

Ырды окуган соң, окурмандын сезимин “тыз” эттирген: эмне үчүн “жаралуу”, “кайсы мээримге канбай калды экен?” – деген суроолор тизиле калып, авторго болгон кызыгууну жаратат. Ырдын мындай таасири көркөм эстетикадагы изги ийгиликтердин бири.

Натыйжада акындын өмүр баянына экскурс жасоо зарылчылыгы өзүнөн өзү авансценага чыга келет. Өмүр баян – ар кандай чыгармачыл адамды изилдөөнүн негизги булагы, ал тургай адабият таануу илиминдеги изилдөөнүн негизги методдорунун бири эсептелет. Инсандын өмүр баянындагы окуялар, сөзсүз, анын чыгармачылыгына өз “мөөрүн” басат.

Акындын алгачкы жыйнагында өзүнүн өмүр башаты жөнүндө төмөндөгүдөй саптар бар:

Көз алдыма апам гана элестейт,

Өз үнүмдү өзүм гана уга алам.

Мен апамдын тарткам бардык мүнөзүн,

Апа, мени өкүндүрбө суранам!

 

Акындарды катар тапкан ыйыгым!

Таза кандуум, ак жаркыным, улугум!

Үч айынан сүтүн эмген эчкинин,

Мен – тунгучу  сенин акын уулуңун.

 

Тексттен көрүнүп тургандай, студенттин үй-бүлөсүндө төрөлүп, Афина 3 айынан чоң ата-чоң эненин колуна өткөн. Өкүнүчтүүсү, андан көп өтпөй өз ата-энеси эки башка жолго түшкөн. Ал чоң ата-чоң энесин  ырларында жылуу сезим, сый-урмат, өзгөчө мээрим менен эскерет. Алгачкы жыйнагындагы биринчи ыры  чоң атасын эскерүү менен башталган.

Ал эми өз энесин дайыма эңсеп, анын камкордугуна болгон муктаждыгы жан-дүйнөсүн “жаралаган”. Ал акындын Эне менен сырдашуу”аттуу ырынан ачык көрүнөт:

Сени дайым күнөөлөгөндөн,
Таарынгандан сага чарчадым.
… Ачуум келет сырдашып алып,
Ай төгүлгөн түнү алчалуу.

Улгайган чоң ата, чоң эненин колунда чоңоюунун Афинанын чыгармачылыгына тийгизген оң таасири да зор; анын элдик тилдин байлыгы менен сугарылганы эркелетүү сөздөрүн чебер колдоно билгенинен да даана көрүнөт. Бул Афинанын жеке стилинин бир көрүнүшү эсептелет. Өмүрлүк жарга арнаган жогорудагы ырда айнектейим”, “чырактайым”, “акактайым деген сөздөр дүйнөнүн бүтүндүгүн камсыз кылуучу аял-эркек мамилесиндеги  гармонияны берүүнүн экспрессивдүү көркөм каражатына айланган. Ал эми ырдын логикалык корутундусу – “Ажыратпай мени ыйык тагыман (сөздү бөлүп көрсөткөн – биз.) ,  Асыл жандай өмүр сүрүп өткүн, ээ” – улуулардан улуу сөз уккан адам тарабынан айтылуучу чоң сөз! Ырдын идеясы да ааламдык проблема.

Бирок ушундай изги тилегин, күткөн үмүтүн үй-бүлөлүк турмуш актадыбы? Бул бир гана Афинага таандык эмес,  азыркы бүтүндөй жаш үй-бүлөнүн маселеси. Ал балалыгы канбай калган мээримди  чоң турмуштан кандыргысы келди эле, тилекке каршы, чоң турмуш чоң проблемаларды жаратып, ал жаратты ырбатып жиберди.  Натыйжада түмөн суроолор жаралат:

Эмне үчүн биздин улуттук менталитетке жат феминизм агымы коомду аралай баштады?

Эмне үчүн нарк жоголуп, улуттук баалуулуктардын куну кетти?

Эмнеге коомдо аялдык табиятын жоготкон аялдар көбөйүп барат да, ошол эле кезде эркектин кадыры төмөндөп кетти? ж.б.

Аял коомдук турмуштун сезимтал барометри (Ю.М.Лотман), ошондуктан анын жан-дүйнөсүндөгү гармониянын бузулушу –  коомдогу гармониянын бузулушу. Буга бир жагынан кылым тогошкон мезгилдеги социалдык хаос, үй-бүлөлүк турмушка камкордуктун жоктугу, жаш үй-бүлөнү камкордукка алуу салтынын бузулушу, демократиянын чүмбөтүнө жамынуу аркылуу аялдын жыныстык алсыздыгына жасалган дискриминация, аял-эркек психологиясын үй-бүлөлүк турмушка даярдоонун салттуу чен-өлчөмдөрү менен реалдуулуктун бирин-бири тануусу; экинчи жагынан Афинанын жеке тагдырындагы өз энеге болгон таарыныч да себеп болгон.

Афинадагы  ушул  таарыныч,   өксүк  анын  бүтүндөй дүйнө таанымынын “жүрөк толтосуна” айланып, жеке кайгысы, кубанычы, бактысы, АРМАН-АСИРЕТИ (демек, чыгармачылыгы) аялзат ааламын аңдоодон тамыр алып,  кыздар поэзиясын жаңы боёктор менен байыта баштады.

Афинанын түпкү аң-сезиминде баланы эч качан таштабаганга, үй-бүлөнү бузбаганга түпкү санаасында (подсознание) анты  болгон. Болбосо, 19 жашар кыз түшүндө (“махабат мекениндей ошол тоодо, бир түштө мен балалуу болгон элем”) балалуу болмок беле да, төрөлө элек балдарынын түйшүгүн тартат беле?! (Буга чейин ачык айтылбаган аялдык улуу сезим Н.Гургубаеванын “Төрөлө элек балдарымдын атасы” ырында да берилет).

Түшүн мени… сыздап турган мендеги,

Жөн кыз эмес, ыйык Эне жүрөгү

… Түшүн мени… ыйлап турган мендеги,

Сен сыйлаган бүт аялзат көздөрү

 

Эне болсом эсиңе түй, эй жазым!

Мен кызымдын туям жашы акпасын.

Жарала элек балдарымдын түйшүгүн,

Мойнума алып, токтолууда жаш башым…

Али турмушка чыкпай жатып, өз тагдырын программалаштырып алган Афина үй-бүлөлүк турмуштун бакытын да, азабын да баштан кечирип, көр тиричилик менен руханий чыгармачылыктын бирин-бири жээриген карама-каршылыгында отто курчуган болоттой чыңалды.

Бөлмөлөр бар, кайда экенин билбеймин.
Колго тааныш темир тутка каалга бар.
Ал каалганы ачып кирип келсең сен,
Үй — күнөөсүз, биз — санаасыз, шаар — шамал.

Кемселиңди чечпей, башта шапкеңди,
Издеп мени ашканага өтөсүң.
Туюп турам, муздай түшкөн топчуңан,
Суук башталган шаардын кечки көчөсүн.

Арасында казан, чайнек, буулардын,
Аралашып отко, жемиш, гүлдөргө.
Күлүп турам, кучагыңа аласың,
Көк Теңирдин сүймөнчүгү бул бөлмө.

Үй-бүлө – бүт дүйнөнүн кичиртилген модели. Сырткы дүйнөдөгү “суукту” да, “шамалды” да капарына албаган психологиялык климатты үйдүн жылуулугу эмес, үй-бүлөдөгү мамиленин жылуулугу камсыздайт. Ашканада   “күлүп” турган аялды эшиктен кирген эркегинин “кучагына алышы” чынында эле жашоонун көркүн чыгарган көрүнүш. Үй-бүлөдөгү мындай кут даарыган мезгилди жаш акындын “Көк Теңирдин” сүйүүсүнө теңеши эң сонун эстетикалык табылга. Ошол эле учурда үй-бүлө  адамдардын психологиялык, социалдык, маданий, руханий татаал мамилелер системасына негизделген курулма. Анын адамдын жан-дүйнөсүн чалкыткан бакты-кубанычы, ырахаты менен бирге азабы, түйшүгү, кайгысы, арманы, гана эмес өз трагедиясы бар. Айрыкча, руханий башаты мыкты аялзаты үй-бүлөлүк басымды өтө сезимтал кабыл алат. Афина жан-дүйнөсү самаган чыгармачылык эркиндиктин куну үй-бүлөлүү аял үчүн канчалык кымбатка турарын жон териси менен сезип, кийинки дагы бир “Күйөө түрмө”   аттуу ырында жогорудагы ырга таптакыр карама-каршы мааниде, бүтүндөй аял түйшүгүн  сөөккө жеткире көркөм жалпылоого алды:

Күйөө түрмө,

Жашоодо изденүүгө тойбогон аялзаты,

атташат босогоңду!

Сен менен сүргөн өмүр,

Сүйүшкөн сүйүү дагы –

Жолдордой көрүстөндүү,

Ыйык да коркунучтуу!

Даап анда басалбайсың!

Учурат үрөйүңдү …

 

Асманыңда жаркыган жылдыз эмес!

Асманың – ийнелүү асман.

Аялдар аялсынып,

Көтөрүп башын бийик,

Бойлорун керип койсо,

Төбөгө сайып турган.

Ушундай асмандарда-

Аял баш көтөрүүгө мүмкүн эмес!

Аялдар бийиктөөгө мүмкүн эмес.

Үй-бүлөдөгү мындай кырдаал бир гана Афинанын эмес, куттуу коломтосун сактап калган аялдардын дээрлик бардыгынын, айрыкча чыгыш аялдарынын башынан өткөн. Ушундай кырдаалда үй-бүлөнүн азап отуна какталган аял акылмандуулукту, көтөрүмдүүлүктү, сабырдуулукту, кечиримдүүлүктү өздөштүргөн. Ал эми чыгармачыл аял үчүн мындай жазмыш кадимки тозок отуна айлануу менен анын руханий  бийиктигин жаратарын, ошол отто болоттой курчуп, кайра жаралган  аялдын образы   ырдын экинчи бөлүгүндө  таамай айтылат:

Жолу кырс аялзаты туш болот сендей жанга.

Же болбосо Кудайдын каарына кабылганда,

Мөөнөтүн өтөйт анан сага барып…

Күйөөсү түрмө болгон аялзаты,

Жыланбоор шамал менен балакталат,

Энеден туума бойдон,

Энеден туума бойдон бөлөнөт тикенекке.

Эркеги тилегине бут тоскон чыгаан аял,

Жылаңач чыккан жандай,

Турмуштун көчөсүндө.

 

Жылаңач бойдон кайкып үйдөн чыгып,

Жылдызга кол созууга аргасыз жан…

Өз башынын ,

Тилегин , максаттарын аткарарда,

Ичинен кылмышкердей сезет өзүн.

А бирок,

Корккусу келбейт анын,

Коркунуч сезимдери өчкөн болот,

Мүнөзү өрттөй болот,

Бакыт да – өлүм ага,

Өлүм да – бакыт ага.

Аттарын уккан менен экөөнү тең,

Өз башынан өткөрүп көргөн эмес.

Эркек менен аялдын психологиялык өзгөчөлүгүнө ылайык, үй-бүлөлүк келишпестикти эркек сырткы кыймыл-аракети менен чыгарса, аял ички сезим-санаркоолору менен баштан кечирет. Мындай маанайдын азабы жыланбоор шамал менен балакталат”, “энеден туума бойдон бөлөнөт тикенекке” (курсив – биздики) деген сөз түрмөктөрү аркылуу жүлүн сыздатар пафосто берилген. Ырдын мазмуну гана эмес, анын формасынын эркин тандалышы, анын ички курулмасы Афинанын чыгармачылыгынын жаңы этабына күбө.

Албетте, үй-бүлө маселесинде биздин улуттук менталитеттин да, социалдык чөйрөнүн да ак тактары көп. Улуттук маданият үй-бүлөлүү аялга карыздар же Афинанын сөзү менен айтканда:

Эми эч бир уул бала,

Өспөсүн түрмө болуп,

Белгисиз айылдагы,

Бейпил үйдө чоңоюп жаткан кызга…

Бул багытта улуттук маданиятта иштелип чыккан концепция, стратегиялык идеологияга коом муктаж болуп жаткан сыяктанат. Ошол эле учурда Афина үй-бүлөлүк азап-тозокко утулган жок, утуп чыкты; жеңилген жок, жеңип чыкты. Анын жеңиши аялдык улуу милдет – чырактай уул-кызга эне болуу, бир эр  адамдын аруу-таза жары болуу менен эле өлчөнбөйт. Жеңиштин наркы акындын акындык өнөргө сыр жашырбас ачыктыкка, руханий кайратка ээ болгону, турмуш-тагдырга   философиялык көз караш менен карап, аялдардар поэзиясындагы айтыла элек асиретти көркөм аңдоого алгандыгы  менен түшүндүрүлөт.

Афина жана аялмээр

Менин сүйүктүү, жанбирге , байкуш наристем, азыр сага бара албайм, ошондуктан жазып жатам. Кечээги жоругум үчүн чексиз кайгыдамын жана ичим күйүп турат. …Мен азаптуу  түн өткөрдүм, эзилген ызалуу чала уйкуда жан-дүйнөмдүн тереңинен жагымсыз жана оор бир сезим ойгонду…  Менимче жыныстык мамиледе биздин тажрыйбабыз ар башка жана ага биз  ар башка мамиле жасайбыз. Бул мени абдан  чочутат. Сендеги жыныстык сезим уйкуда, сен жыныссыз жандайсың,  уйкудагы ошол  сезимиңди ойгото албай каламбы деген ой келгенде мени жан чыгарчу коркунуч каптайт.  Андай болсо дос бойдон калсак кандай болот?!  

 …Сен абдан таза адамсың, балким жашырын жыныстык психологияны түшүнбөйсүң. …А жыныстык популярдуулук  жашоонун негизги мыйзамы, балким дүйнөнүн негизи. …Мен өзүмө ушунчалык жакын аялды өзүмдү канааттандыруунун  куралы катары карай албайм…  …Менимче, адамдын денеси гана эмес, анын   жекече  рухунун да жынысы бар…

Бердяев Н. Болочок аялым Лидия Раппка кат

 Дүйнөлүк маданиятта аялзат феномени татаал кубулуш катары Жер   менен Асман байланышын камсыздоочу ааламдык күч катары таанылганы белгилүү го.  Чыгыш акындары даңктаган күн менен ай жалтанган аялзат табияты  (“Уялгандай ай, күн экөө паранжаны жамынды, Көрүшкөндө жүзүңдөгү эки кызыл жалынды” – Рудаки, К.Басылбековдун котормосунда),  Батыш философиясындагы “вечная женственность” түшүнүгү, биздин улуттук маданиятта талапка ылайык талдана элек. Ал эмес “женственность” түшүнүгү эне тилге жарытылуу которулбаптыр. “Аялдар поэзиясы” деп айгай салганыбыз менен анын поэзиясынан мурда өзүнүн табиятын иликтөөгө алган мактанарлык эмгекти табуу кыйын. Биз айрым сөз баккан калемгерлер менен кеңешип, аялга таандык өзгөчө бул касиеттин (женственность) татаал маңызын эске алуу менен  аны – аялмээр деген түшүнүк аркылуу беребиз. Кыргыз тилинде  “мээр” деген сөз уңгусу күйүмдүү, боорукер, жароокер, кайрымдуу, сүйкүмдүү, жылуу, ак пейил ж.б. адам сапаттарын мүнөздөөчү сөздөргө негиз болот. Мээри түшүү – жакшы көрүү, берилүү; мээр чөп – адамга күч-кубат берүүчү жомоктогу чөп ж.б.

Аялмээр – аялзатынын биологиялык (жыныстык), психологиялык, социалдык, философиялык аспектиде талдоого муктаж өзгөчө сапаттарынын жыйындысы.  Албетте, бул сапат аял аттуунун баарына эле таандык эмес.

Аялмээр – аялзатына энелик туюм менен бирге табияттан берилүүчү шыбага. Андан айрым аялдардын  кур калышы (эркек мүнөз, мерез, орой, кара күчтүн ээси болгон ж.б. аялдар) табыгый эмес, социалдык зомбулукка кабылуудан же цивилизациянын таасиринен келип чыккан жасалмалуулук .

Дүйнөлүк маданиятта аялмээр адамдын жашоо гармониясын камсыз  кылуучу феномен катары таанылган. Ал эмес философ жана экзисционалист Н.Бердяев Европа өлкөлөрүндө, айрыкча Англия, Франция, Германияда эркек духу улутту ойготсо, Россияда аялмээр улуттук мүнөздүн башатында экендигин далилдеп, илимий чөйрөгө дагы бир сенсациялуу пикир жараткан. Ошондуктан “Родина-Мать” түшүнүгү орус стихиясынын негизин түзөт. Айрыкча, аялдын жыныстык жашырын сырларына мамиле жасоо маданияты эркектердин дээрлик көпчүлүгүндө жетишпейт. Жагып калган аялзатына кандай болбосун жетип, аны уйпалай калуу – эркек егоизми аялдын жан-дүйнөсүн жабыркатып, натыйжада аялдын да эркектин да жашоо гармониясы талкаланган учурлар аз эмес. Чыгаан философ Н.Бердяевдин айтканын карабайсызбы, жогоруда биз келтирген пикирди  аялды өтө жакшы көргөнү үчүн, анын алдындагы жоопкерчиликти сезгени үчүн айтып жатпайбы… Кептин баары эркектин  аял рухунун жынысын түшүнбөгөндөн келип чыгат окшобойбу. Убагында улуу сезимди үй-бүлөлүк турмуш менен кирдетпөөнү өтүнүп, атактуу балерина Бүбүсара Ч. Айтматовдун баш кошуу сунушунан баш тартканын  ким билбейт.

Аялмээр феномени улуттук аң-сезимдеги фундаменталдуу түшүнүк, аны оной-олтоң чечмелөөгө да, ага ат үстүнөн мамиле жасоого да болбойт. Илимий адабияттарда аялмээр аялзатынын мүнөзүндө ички жана сырткы формасы менен белгиленет. Сыртынан сулуу, назик, келбеттүү, жагымдуу аялзатынын ички руханий дүйнөсүндө уяттуулук,  аруулук, асылзаадалык, күйүмдүүлүк, боорукерлик, жароокерлик, жапакечтик, кайрымдуулук,  жылуулук, ак пейилдик, камкордук, энелик, жаратмандык, жумшактык, сырдуулук, кечиримдүүлүк, кусадарлык, багынуучулук, жашырын кубаттуулук жана кайрат, ийменүү, сыпайылык болбосо,  андагы аялмээр толук эмес. Ушул көз караштан алып караганда, акындан жаралган акын кыз – Афинага аялмээрдин өзгөчө көрүнүшү таандык экенин байкоого болот. Эгер адамга берилген ысым анын жан-дүйнөсүнө, тагдырына таасир этүүсү ырас болсо, ага тагдыр буйруган ысымдын салмагы да оор. Афина – акылмандыктын мифологиялык кудайы, эр жигиттин коргоочусу, адилеттиктин символу. Бекеринен байыркы философиянын мекени Греция бул ысым менен мамлекетинин борборун атап, кылымдарды карыта аздектеп келбеген чыгар.  Афина “турмуш университетинеде” аялдын аялдык табиятына улам сүңгүп кирип олтурганын, анын аялмээрин сезүүгө  төмөнкү саптар негиз болот:

Жөө эмес, бүгүн жамгыр шайдоот эмес,

Жаап жатат санаа минип, санаа минип.

Кербез жан теңине албай айыңдарды ,

Дос тутпай жанындагы айымдарды,

Жашайт ээ тагдыр-багы ырга сиңип…

 

Көңүлүм туман дагы, жаркын дагы,

Ким бирөө эгер менден жүз үйрүсө –

Ал менин бийигимден тартынганы (астын сызган – К.Ү).

Гүлдөрүм жапырылбайт башын катып,

Чоочутса чагылгандын чартылдагы.

 

Термелем… жаанга чыктап бүрүм-гүлүм,

Түңүлүп канчанчы ирет күбүлгөнүм?

Тирүүлүк, бетиңден мен өчкөн жокмун,

Жүрөгүм канап турса улам курчуп,

Ал менин ошончо ирет тирилгеним…

Аялдын эр адамдан болгон негизги айырмачылыгы анын табият менен өзөчө үндөштүгү, анын үнүн тыңшоо жөндөмү, сыртынан билинбеген, ички жан-дүйнөсүнүн серпилгичтиги. Анткени табият менен аялга жараткан берген жаратмандык касиет алардын табыгый байланышын түзөт. “Гүлүн жаанга чыктап термелүү”  селкинчек тебүү эмес, бул аялдын жашырын ички сезим күүлөрү. Эгер эр адам бардык кылык-жоругун сырткы жүрүм-туруму менен демонстрацияласа, аялзат ичтен түтөп, ичтен курчуйт. Мындай руханий феноменди  Афина табияттын “санаа минген”  жамгыры менен параллель коюп, аялдагы сабырдуулук, көтөрүмдүүлүктүн сырын   аялдын “бийиктиги” менен ченеген. “Жүрөк канаган сайын  улам курчуткан да, өлүп кайра тирилткен”  да  аялмээрдин кубаты. Анткени аялмээр руханий мүмкүндүктөн дүрмөт алат.  Руханий дүйнөсү жарды аялдан  аялмээрди издөө да кыйын. Ошондуктан Афина үй-бүлө түйшүгү басмырлаган сайын ичтен серпилүүгө кудрети жеткендиктен, руханий импульс анын ырларына сапаттык өнүгүү берди.

Айнектей өң бута болуп ушакка,

Же үзүлүп түшпөй көктө термелет.

А мен – менмин! Моюбас да ноюбас,

Дүйнө, мени ушул бойдон термеп өт.

 

Шыбырасам шыбырыман күбүлгөн,

Сапырылган, жапырылган сүйүүлөр.

Баарыңарды аруу бойдон аттадым,

                             Каяшаны айталбайсың бириңер (курсив – биздики).

 Мына аруулуктун касиети. Өзүн таза сактаган аялдын жүзү жарык, сөзү өтүмдүү.  Эгер аярмээрдеги негизги сапаттардын бири аруулук болсо, ал аялдын сүйүүгө жасаган мамилесинен көрүнөт. Афина өзү айткандай, бул дүйнөдөн –“сүйүп дагы, сүйүлүп да”  өтүүгө татыктуу жана жөндөмдүү жан. Тээ мындан 2,5 кылым илгери эле немистин даңазалуу философу  Гегель белгилегендей: « …сүйүүгө берилгендик аял мүнөзүндөгү эң сонун сапат, аялдын сүйүү  үчүн өзүнөн кечүү жөндөмү эң жогорку чекитине жеткенде, руханий жана реалдуу турмушундагы бүт жашоосун ушул сезимге тереңдетип топтойт».

Аруу аялдын аруулугу сүйүүгө жеңил баа карабай, бул улуу сезимдин наркын көтөрө билгендигинде. Афинадай аялдар чыныгы өзүнүн баркын билген эркекке гана ачылат, баркын баалай албаганга, сүйүү менен убактылуу ойногусу келген “кумарпозго”  “кечил” болуп жабылат:

Келет балким эки-үч саатка унуткуӊ,
Тагдырыӊды ажырагыс сөөгүӊдөн?
Баса, бул күз кечилкана, мен кечил,
Буулугарсыӊ, мени таппай өзүмдөн.

 

Күлүп, күйүп, чын пейилден ак тиктеп,
Олтурасыӊ, өзүӊ менен кармашып.
Биздин көздөр айтып турат айныбай,
Кечил менен кумарпоздун арбашын.

 

Баш тарткан соӊ сендей азыткылардан,
Безгек тийген эс-мас дүйнө бейтааныш.
Мен бир сүрөт музейиңе тагылган,
Болотнайда мисирейген ак каныш… (курсив – биздики)

Тексттен көрүнүп тургандай, аялмээр жок жерде жылуулук жок, демек, аял-эркек мамилеси жок. “Аялмээр  болбосо жашоо кургак абстракция, ташбоор. Аял өзүнүн аялдык милдети менен эркек жасай албаган улуу ачылыштарды жасайт. Жашоонун айрым сырлары бир гана аялга ачылат… Мейли, аялдар математика менен логикадан артта болсун, анткени менен аларда математика менен логикадан жогору турган акылмандык жашынган”.
Аялмээр татыктуу эркекке гана ачыла турган сырдуу кулпу. Аны ачууга эр адамдан аяр мамиле керек  экени А.Бакированын төмөнкү ырында кылдат сүрөттөлгөн:

Мага өзүмдү жомоктойсуӊ тыя албай,
Кемелине келип турган деӊизим.
Дегениӊ да азабымдан куткарат,
“Сен жердеги жан эмессиӊ” мен үчүн.

 

Кызматкерлер ызаат менен ийилип,
Шампан ташып, шаӊ да ташып кеч кирди.
Сагыныпмын мен сендеги өзүмдү,
Мен сендеги тагдырымды, мезгилди…

Эмнелерди көрдүӊ мага келгенче?
Мен тааныдым, кырк бакыттын жамалын.
Бакыт бүгүн – менин назым аялдык,
Бакыт бүгүн – сенин сыйкыр ааламыӊ…

Аялдын аялмээр аркылуу ачуучу “ачылыштары” менталдык мүнөзгө ээ. Кыргыздын элдик философиясы “ургаачынын чырагы кырк” дейт. Аял  түйшүгүнүн чексиздигин жакшы түшүнгөн даанышман эл ага таандык ыйык касиеттерди эске алуу менен  тирүүчүлүктүн наркын өлчөөнүн бир ыйык чен-өлчөмү 40 саны  менен туюндурган. Кыргыз тарыхында улуттук элитанын кырк жигит, кырк кыз күтүү салтынын калыптанышы өзүн телегейи тегиз сезүүнүн  чен-өлчөмү.  Ал эми Афинанын “кырк бакыттын жамалын” таанышы “аялдын жыныстык рухунун” (Н.Бердяев) канааттанышы – ырахат сезиминин эң жогорку бийиктиги, аялдын жан-дүйнө кубанычынын деңиздей чалкышы, анын  аялдык бактысынын мелт-калт чайпалып,  тирүүлүктө тарткан “азабынан” куткарышы. Ал аялмээрин толук сезген үчүн “кызматкерлер шампанга кошо шаң ташып” жаткандай. Ушундай сезим гана гана аялдын жаратмандык касиетине кубат берип, анын “жашынып жаткан даанышмандыгын” руханий ачылыш ачууга даярдайт:

Келди анан келбээрсиген кер кабылан,
Калтаарып сүйдүм жаалын, мээрин, өңүн.
Кайсы аял уккан болсо жашады дейм,
Дүйнөнүн мен уккандай дүңгүрөгүн!

Ыйлаймын сүйүнүчтөн, эрээркеп да…
Чоочунга ичим ысып достой сүйлөйм.
Өлүмдүн бар-жогуна көңүл бурбайм,
Өлбөстүн жолдорунда оттой бийлейм.

Демек, өзүнүн наркын, аялдын баркын билген эр адам ургаачынын рухунун тилин таап, анын аялмээрин ойготот. Мындай эркекке аял тарабынан “кемелине келип турган деӊизим”, “келбээрсиген кер кабылан” деген баанын берилиши  –  эр адамдын кадыр-баркын бийиктикке оболотуп жиберген. Эрки күчтүү, наркы бийик эркектин   аялды “согушсуз” багынтышы ырдын “калтаарып сүйдүм жаалын, мээрин, өңүн” сабында өз кульминациялык чекитин мелжийт. Мындай көрүнүш биз макаланын башында койгон: эмнеге коомдо аялдык табиятын жоготкон аялдар көбөйүп барат да, ошол эле кезде эркектин кадыры төмөндөп кетти? – деген суроого жооп боло алат.  Бир кезде бытовизмге басмырланган Афина “шуулдап-күүлдөп жааган жамгырдан өз жаназасын” сезсе, татыктуу эркектин сый-урматы, сүйүүсүнөн руханий канаат алган акын кыз эми “өлбөстүн жолдорунда оттой бийлегенге” жан дүйнөсү дүрмөттөлө эргип олтурат.

Бирок да мындай бактылуулук өтө сейрек – катаал турмуштун мыйзамы ушундай. Ошондуктан Афина бакыт көз ирмемин “бүгүн” деген мезгил туюнтмасы менен чектеши кыргыздын “бүгүн көргөн эртең жок” дүйнө таанымы менен түшүндүрүлөт. Эгер мындай көз ирмем көп болсо, бакыт баасын жоготмок. Жашоого дал ушундай философиялык көз караш менен кароого жетишкен А.Бакирова оомал-төкмөлүү дүйнөнүн карама-каршылыгын, бир күнү бүт өмүргө татыган бакыттын баасын таанууга аргасыз.

Ичтеги эркиндик да эркин эмес,
Ичимде өз мыйзамым көгөргөн көк.
Көрүнөө бир жашоого сүйүүм батпайт,
Көмүскө бир жашоого абийир көнбөйт.

Жылдызы келишпеген бул жолдордо,
Жылдыздуу жашап өтүш талап-буйрук.
Мен сени кабыл алдым о, чоң сезим!
Сени да кабыл алдым карыпчылык!..

Дал ушул абийир –  аялмээрдеги дагы бир асыл баалуулук. Ал аял үчүн турмуштун дал өзүндөй бинардык оппозицияга негизделет: анын бактысы да, ичтен сыздырган азабы да бирге жашайт. Аны булгабай жашоо аруу аялдын ички мыйзамы. Аялзатына артыкчылык менен катар табияттан берилген чектөө таандык. Бул жазылбаган мыйзамды абийирдүү аял табыгый мыйзам катары кабыл алып, өзүнүн жеке жан жыргалын курмандыкка чалат, анткени  эне деген ыйык наамга болгон жоопкерчилик аялмээрдүү аялда эркекке караганда бир нече эсе жогору. Мындай кырдаалдагы аял-эркек мамилесин менталдык маданияттагы “күн”, “тоо”, “жол”, “шамал”, “терек”  концептеринин ички туюнтмасы аркылуу ар бирине тиешелүү артыкчылык менен өксүктү образдуу берүүгө жетишкен. Анткени күн – сүйгөн адам, тоо – бийиктик, жол – тагдыр, шамал – сезим дүрбөлөңү, терек – сүйүүнүн символу.

Санаалуум сен тоо артынан элейип,
Көрүнөсүӊ, көз саласыӊ күн болуп.
Мен үйүмдө түпкүч болуп түйүлдүм,
Сен жолуӊда теӊселдиӊби, жүз жолу?

Билем, дүйнө күнөөлөбөйт эркекти,
Колдоп баары жан-жагыӊа топтолот.
Сага терек жерге жете жүгүнүп,

Мага шамал сес көрсөтүп октолот…

Эркекке табияттан эркиндик кенен берилген. Бул анын биологиялык артыкчылыгына гана эмес, жашоодогу гендердик ролуна да байланышкан: кыргыз дүйнө таанымында ал – “сырткы тон”. Ошого жараша анын таандык кенен мейкиндикте –  нуру ааламга тегиз тийген “тоо артынан күн болуп көз салып” турганы иллюзия эмес. Ошол эле учурда эркекте сезим жок дегенге да болбойт. Анын сезиминин тереңдиги “санаалуу” жана “элейген” абалы, “жолунда жүз жолу теңселишинен” көрүнөт.

Ал эми аялдын, анын ичинде үй-бүлөлүү аялдын эркиндиги чектелүү, ошого жараша анын мейкиндиги – төрт дубал ичине кысылган. Анын эркиндик чегинин тарышы автор чебер колдонгон  “түпкүч болуп түйүлдүм” сөз айкашы аткарган литоталык милдет аркылуу ырдагы психологизм дагы тереңдеген. .
Үй-бүлөлүү аялдын уят-абийирин, жүрүм-турум этикасын сактаган аял кандай улуу сезим болбосун, өзүн курмандыкка чалып, сезимди “жашыруун  аялдык акыл” (Н.Бердяев) менен башкарып, өз убагында коштошууну билет. Аярмээрдеги аруулуктун функциясы ушунда:

Коштошоордо ырдайын бир ыргалып,
Мага укмуш жаккан сенин дүйнөӊдү.
Үйрөнө албай койгонумду эч менин,
Жашыруун да, аяр дагы сүйгөндү.

Мен, туйгунум, бир божурап алайын,
Сезимимди сен биле элек кездечи?
Учуп-күйүп болгон элем бактылуу,
Бактылуулук – Теӊир менен кездешүү.

Уруксат эт, бир төгүлүп алайын,
Ажайып кооз аалам дедим өзүӊдү.
Ошол чакта сүйүнгөндөн ыйласам,
Балкый түшүп өптү Кудай көзүмдү.

“Кош” дешкенде эс-учубуз жыйылбай,
Көккө атылган сен экөөбүз кош кыраан.
Айрылышуу сестендирчү өлүмдөй,
Коркунучтуу сүйүүм, ыйым кошкула!

Бүтүндөй аалам ээси – Теңир менен кездешип, Кудайды балкыта көзүн өптүргөн абал – аялдын трансценденттик дүйнөгө өтүп кетиши, башкача айтканда, жердеги жашоодон убактылуу узап, рух дүйнөнүн кучагына алынышы. Ал эми рух дүйнөсү түбөлүктүү, демек, “туйгуну” (эркекке берилүүчү эң жогорку баа) менен коштошсо да,  УЛУУ СЕЗИМдин жан-дүйнөдө түбөлүк сакталышы.

Аял тагдырындагы чектелген өксүктү Афина жеке өзү үчүн жазбайт, ал бүтүндөй аялзатка боор тартып, поэзиянын сыйкыр күчү менен коомдук аң-сезимди ойготкусу келет.

Ыйманыма камчы чаппай сырдашып,
Мен коштошом сени менен дулдулум.
Аялдарга сүйүүдөн бак айтпаган,
Чөмүлүүдө, көмүлүүдө бүт кылым.

Коё бергим келет сени дүйнөмөн,
Магдыраткан бейпилчилик мага бу.
Ант берем мен! Дүйнөдө бүт аялзат,
Баш оорулуу, жүрөктөрү жаралуу.

“Кылым” түшүнүгү азыркы улуттук поэзияда активдүү колдонулуучу мезгил туюнтмасы, ал мезгил чен-өлчөмүндөгү бир чексиздик. Автор аялдын сыртынан билгизбеген түмөн түйшүгүн “көмүлгөн кылым” аркылуу тереңдикке сиңирген.

Аялдар дүйнөсүнө аңтара баам салган. А.Бакированын “Аял доско”, “Эркем (акын сиңдиме)”, “Күндөштүк” ырларында   жашоого болгон ар түрдүү мамиле сүрөттөлөт. Алардан айырмаланып, Афина  тандаган тагдырдын өзгөчөлүгү бар. Ал “буйруксуз сүйүүсүн” ээлеп кеткен аялга кайрылуусунда да өз бийиктигин сактай алат:

Күндөшчүлүк —
Кыямат күн эмес бул…
Кыл чайнашкан аялдык сүйүүлөрдүн окшоштугу!
Көптөр үчүн таалайдын жарышканы!
А мен үчүн —
Адамдык сапатымдын,
Жан дүйнөмүн тунуктугу —
Устаранын мизинде сыналышы!

Эрдиң көпкөк!..
Канталаган көздөрүңөн!
Өзүңө жан тартканым —
Айкөлдүк эмес такыр.
Эмесмин мен ургаачы көк жал дагы.
Тек гана….
Кандай тагдыр күтсөм да мен,
Мөл бойдон жашап өтүп кетким келет…

Мөлдүк да,
Бактылуулук —
Тагдырым, тандап алган…

Дал ушул “жан-дүйнөнүн тунуктугу”,  “мөл бойдон жашап өтүү”  Афинанын аялмээриндеги негизги касиет жана ырларында чагылган көркөм дүйнө болсун. Жан-дүйнөсүндөгү аруу касиетти жоготпой, аны ыр дүйнөсүндө жашоого  түбөлүк “өмүр” берүү үчүн Афинага дагы изденүү, айрым көп сөздүүлүктөн кутулуу, ойду берүүнү ашыкча татаалдантуудан арылуу гана керек. Калганы өз жайында деген ойдобуз.

Үмүт Култаева, филология илимдеринин доктору, адабият таануучу