Карбалас Бакиров: Китептин санын көбөйтпөгүлө

КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен КРнын Улуттук жазуучулар союзу жаш акын-жазуучулар арасында поэзия, проза, драма жанры боюнча окуу-семинарын өткөрүп жатат.

Семинардын ачылышында сөз сүйлөгөн жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков мындай окуу-семинарлар жыл сайын уюштурулуп турарын белгилеп, адабий өсүштөр байма-бай болуп турарына убада кылды. Ошондой эле өткөрүлүп жаткан окуу-семинардын жыйынтыгы менен мыкты проза, мыкты пьеса, мыкты поэзия жазгандар болсо комиссиянын макулдашуусу менен китеби чыга элек болсо дагы жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл ала тургандыгын билдирди.

Кыргыз эл жазуучусу М.Абакиров: “Талант – Кудайдын берген шыбагасы. Таптабасаңар күнөө болот” деп жаштарга кайрылып, билим албасаңар талантыңар эч нерсеге жарабайт деген кеңешин берди.

Кыргыз эл акындары С.Акматбекова менен К.Бакиров “Сезим жок болсо эч кандай поэзия жаралбайт” (С.Акматбекова), “Китептин санын көбөйтүүгө ашыкпагыла”, “Том-томдоп китеп чыгарганыбыз менен дүйнөгө таанымал Ч.Айтматов гана бар, андыктан китептин санына эмес, сапатына карап чыгаргыла, мыкты чыгарма жараткыла” (К.Бакиров) деген кеп-кеңештерин айтышып, жаштардын окууларына ийгилик каалашты. Окуу-семинар секцияларга бөлүнүп уланууда.