Байдылда Сарногевдин 90 жылдыгына арналган сынактын финалисттери аныкталды

Кыргыз Республикасынын эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдык мааракесине арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү алкагында Байдылда Сарногоев атындагы республикалык поэзия сынагынын финалисттери аныкталды. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу, Талас облусунун Талас районуна караштуу Бекмолдо айыл өкмөтү тарабынан жарыяланган сынакка жалпы 48 автордон чыгармалар келип түшкөн. 5 кишиден турган комиссия мүчөлөрү  Жобого ылайык 5-пунктунда көрсөтүлгөн талаптар менен (поэтикалык форманы билүүсү, тили жана техникалык чеберчилиги (рифманын, калыптын, стилдин оригиналдуулугу); Кыргыз тилинин нормаларын сактоосу; таасирдүүлүгү, образдардын айкындыгы, маңызы, жаңычылдыгы) карап чыгып, 10 финалистке экинчи турга өтүүгө жолдомо беришти.

Калыстардын чечими менен 2-турга өткөн авторлор: Калчоро Көкүлов, Элмира Ажыканова, Манас Алымбаев, Бегайым Нурланова, Бердибек Жамгырчиев, Керимбек Кадыракунов, Кесексары Исаков, Жаннат Сабырбекова, Бектурали Исамидин, Махабат Молдалиева.

Б.Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган республикалык поэзия сынагынын 2-этабы 13-ноябрь күнү Талас облусунда өтөт.

Эскертүү: Финалисттер кандайдыр бир себептер менен 2-турга катышуудан баш тартса, калыстардын чечими менен кийинки орундагылар катышуу укугуна ээ боло алат.