Акжол Доранбек уулунун “Күн жана мен” аттуу чыгармачылык кечеси жогорку деңгээлде өттү

Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында акын,  Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты, Маданияттын мыкты кызматкери, КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, КР Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясынын вице президенти, “5 акын” теледолбоорунун жеңүүчүсү Акжол Доранбек уулунун “Күн жана мен” аттуу чыгармачылык кечеси жогорку деңгээлде өттү. Кечеге КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков баштаган акын-жазуучулар, поэзия күйөрмандары катышып, жандуу кечени жандуу сүрөп отурушту.

Адаттан тыш, сахна толгон катышуучулары жок кечеде автор гана ырларын окуп берип, обондуу ырлары менен коштолуп турду. Кечеде акын дагы бир талантын тартуулап, өзү жазган обонун жандуу аткарып берип, келген элдин арзуусуна татыды.

Эркин Эгембердиевдин режиссерлугу менен өткөрүлгөн кечени баштан аяк Нурбек Болотбеков жана анын чыгармачыл тобу  жандуу музыка менен коштоп турду.

Аталган кече 25-апрель күнү Ош шаарында Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театрында өтөт.