“Алтын калем” улуттук сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Урматтуу калемдештер, Урматтуу “Алтын калем” улуттук сыйлыгынын катышуучулары, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен КР Улуттук жазуучулар союзу уюштурган Кыргыз тилинин нукура көркөмдүгүн, баа жеткис байлыгын, океандай тереңдигин даңазалоо; кыргыз тилинде чыгарма жараткан акын-жазуучулардын мыкты чыгармаларын аныктоо; калемгерлердин талантын ачууга жана адабий жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүү максатында жарыялаган “Алтын калем” улуттук сыйлыгынын жыйынтыгы чыкты. 9 кишиден турган калыстар курамы поэзия, проза, драма, балдар адабияты, котормо, адабий сын жана орус тилдүү чыгармалар боюнча  7 номинацияда бирден жеңүүчүнү аныкташты. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи эртең 12-декабрь Улуттук адабият күнүндө саат толугу менен…..

Үмүт Култаева: Түрк тилдүү элдердин фольклордук чыгармаларындагы эпикалык салттуулук маселеси

Түрк тилдүү элдердин фольклордук чыгармаларындагы эпикалык салттуулук маселеси (фольклорист-этнограф С.Т.Кайыповдун изилдөөлөрүнүн мисалында) Аннотация. Макалада түрк тилдүү элдердин фольклордук чыгармаларындагы эпикалык салттуулук фольклорист, текстолог С.Т. Кайыповдун изилдөөлөрүнүн материалында талдоого алынат. Окумуштуунун эмгектеринде изилдөөгө жасаган жекече мамилеси, колдонгон методдорунун негизинде жараткан илимий табылгалары фольклористикадагы жаңылык болгондугу илимий жактан аныкталат жана анын түрк тилдүү элдердин оозеки чыгармаларын мындан ары изилдөөлөргө үлгү болуучу сабактарына тиешелүү баа берилет. Тектеш элдердин оозеки чыгармаларындагы  эпикалык салттардын маданий баарлашууну өнүктүрүүгө, илимий изилдөөлөрдүн келечегине оң таасир этүүчү ролу талдоого алынат. Түйүндүү сөздөр. Эпикалык салттуулук, салыштырма-типологиялык, этногенез, этномаданият, этнография, архивдик толугу менен…..