Үмүт Култаева: Түрк тилдүү элдердин фольклордук чыгармаларындагы эпикалык салттуулук маселеси

Түрк тилдүү элдердин фольклордук чыгармаларындагы эпикалык салттуулук маселеси

(фольклорист-этнограф С.Т.Кайыповдун изилдөөлөрүнүн мисалында)

Аннотация. Макалада түрк тилдүү элдердин фольклордук чыгармаларындагы эпикалык салттуулук фольклорист, текстолог С.Т. Кайыповдун изилдөөлөрүнүн материалында талдоого алынат. Окумуштуунун эмгектеринде изилдөөгө жасаган жекече мамилеси, колдонгон методдорунун негизинде жараткан илимий табылгалары фольклористикадагы жаңылык болгондугу илимий жактан аныкталат жана анын түрк тилдүү элдердин оозеки чыгармаларын мындан ары изилдөөлөргө үлгү болуучу сабактарына тиешелүү баа берилет.

Тектеш элдердин оозеки чыгармаларындагы  эпикалык салттардын маданий баарлашууну өнүктүрүүгө, илимий изилдөөлөрдүн келечегине оң таасир этүүчү ролу талдоого алынат.

Түйүндүү сөздөр. Эпикалык салттуулук, салыштырма-типологиялык, этногенез, этномаданият, этнография, архивдик материалдар, текстолог, статистикалык метод, типтүүлүк.

Бир этногенездеги түрк тилдүү элдердин басып өткөн тагдырлаш тарыхый жолу  көчмөн цивилизациянын көркөм дүйнөсү болгон элдик оозеки чыгармаларда  эпикалык салттуулукту жаратканы белгилүү. Эпикалык салттуулук – элдик оозеки чыгармалардын өзөгү. Анын калыптанышы фольклордук чыгармалардын  этаптуу өнүгүү эволюциясын, аларда көркөм чагылган турмуш чындыгынын катмарларын камтыйт. Ал эми түрк тилдүү элдердин оозеки чыгармаларындагы эпикалык салттуулуктун негизин  бирдей дүйнө тааным,  бирдей жашоо образы, тектештик, элдердин тарыхый басып өткөн жолунун жалпылыгы түзөт.

Эпикалык салттуулук –  ооздон оозго өтүп, кылымдарды карыткан эпостордун өмүрүнө кепил болчу феномен. Белгилүү фольклорист Э.Абдылдаевдин сөзү менен айтканда, элдик оозеки чыгармаларды илимий талдоого алуу үчүн алардын ички сапаттык касиети «традициялык типтүү учурларына жана туруктуу эпикалык формулаларына аналаз берүү зарыл» [1, 3]. Эпикалык салттуулук  фольклордук чыгармалардын өзөк окуяларын бир системага келтирип, улам кийинки  муундун  айтуучуларына эстафета катары өтүшүн шарттайт. Натыйжада элдик оозеки чыгармалардын канча варианты же версиясы болбосун, анда салттуулуктун сакталышы тектеш элдердин руханий жана материалдык маданиятынын этногенезининдеги жалпылыктан кабар берет. Ошону менен бирге   эпикалык салттуулук стадиялык өнүгүү эволюциясында улам кийинки айтуучунун варианты аркылуу коомдун,  ага карата коомдук аң-сезимдин, элдик дүйнө таанымдын өзгөрүү абалын көркөм чагылдырат. Мындай мыйзам ченем тектеш элдин тилин, этнографиясын, тарыхын, этномаданиятын изилдөөнүн өзгөчө булагы катары кызмат өтөйт. Демек, тектеш элдердин фольклорунда сакталган эпикалык салттуулукту изилдөө мындан аркы маданий баарлашуунун өнүгүшүнө зор кубат берүү мүмкүндүгүнө ээ.

Адамзат тарыхында түрк тилдүү элдердин тарыхый басып өткөн жолу, руханий дүйнөсүндөгү жалпылык дүйнөлүк масштабдагы окумуштуулардын назарына илинип, алардын фундаменталдуу изилдөөлөрү  түркология илиминин калыптанышына негиз болгон. Ошондой  окумуштуулардын катарында  фольклорчу-этногрaф, тилчи, текстолог, жазуучу-публицист, котормочу, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Сократ атындагы эл аралык сыйлыктын (SOCRATES INTERNATIONAL AWARD) лауреаты, Европa Ректорлор Клубунун (THE CLUB OF THE REKTORS OF EUROPE) мүчөсү, коомдук ишмер Сулайман Турдуевич Кайыпов бар.

С.Т.Кайыпов ХХ кылымдын 80 – жылдарынан баштап, илим дүйнөсүнө баш оту менен кирген, киргенде да адегенде эле тандаган илимий темасы жалпы түрк тилдүү элдердин эпикалык мурастарын салыштырма-типологиялык аспектиде иликтөөгө арналган. Тактап айтканда, алгач «Эл ырчылары» аттуу тема менен илимий чыгармачылыгын баштаган окумуштуунун 1978-1980  – жылдары  СССР Илимдер академиясынын М.Горький атындагы Дүйнөлүк адабият институтунан оозеки чыгармачылыкты изилдөө бөлүмүндө такшалмадан өтүшү аны илимдеги  түркология мейкиндигине алып келген. 1981-1984 – жылдары ошол эле институттун аспирантурасында окуп,  1984-жылы «Эр Төштүк» эпосунун  көркөм сүрөттөө каражаттары (кыргыз жана башка түрк тилдүү элдердин версиялaрынын мисалында)” Художественно-изобразительные средства эпоса «Эр Тёштюк” (на материале киргизской и других тюркоязычных версий) аттуу кандидаттык диссертациясын коргошу   С.Кайыповдун эл аралык деңгээлдеги окумуштуу болорунан алдын ала аян берген көрүнүш эле. Анткени   «Эр Төштүк» эпикалык чыгармалардын ичинен сюжеттик-композициясынды бир нече түрк тилдүү элдерге гана эмес, «Монголиядан тартып Батыш Европага чейинки ареалда англо-франк, кавказдык түрк тилдүү элдердин эпикалык чыгармаларында жана славян фольклорунда» [2, 68] кездешкен  айрым  типологиялык окшоштуктарга ээ;  көп жанрлуу, көп варианттуу чыгарма катары дүйнөлүк масштабдагы окумуштууларды кызыктырган.

Эпостун табияты изилдөөчүнү  фольклор таануу илиминин кориферлери: В.В.Радлов, Г.Н.Потанин, Х.Г.Короглу;   «Эр Төштүктүн» версиялары бар башка түрк элдеринин чыгаан окумуштуулары: М.Ауэзов,  П.А. Фалев, Ф.В. Ахметовалардын фундаменталдуу эмгектерин үйрөнүүсүнө негиз түзгөн. Натыйжада ал өзүнө чейинки изилдөөлөрдүн алкагынан чыгып, В.В Радлов тарабынан 1871-жылы жарыяланган  2146 ыр сабынан турган текстти [3,4]  жана Казандагы,  Кыргызстан, Казакстандагы архивдик кол жазмаларды терең салыштырма-типологиялык талдоого алышы фольклордук  изилдөөнүн жашырын сырларын өздөштүрүүгө шарт түзгөн. Ошондуктан бул изилдөөнүн баалуулугу  салыштырма-типологиялык талдоого алынганындыгы гана эмес, андагы С.Т.Кайыповдун  текстологиялык анализи «фолклористикадагы жаңычыл ачылыш»[4, 16] катары  бааланып келет. Диссертациялык материалдын негизинде толуктап, тереңдетип, кайра иштеп чыккан окумуштуунун «Проблемы поэтики эпоса «Эр Тёштюк» аттуу монографиялык эмгеги чынында эле жаңычыл жана баалуу эмгек экендигин эпостаануу боюнча жарыяланган жаңы басылмаларда фольклористтер бир добуштан белгилешет [5].

Түрк тилдүү элдердин үчөөнө таандык «Эр Төштүктүн» кыргызчасына Саякбай Каралаевдин, казакчасына И.Ахметовдун, татар тилиндеги версиясына В.Радлов жазып алган   тексттерди салыштырма-типологиялык талдоого алуу процессинде, ал мезгилде фольлористикада кеңири жайыла элек, азыркы мезгилде санариптештирүү тенденциясына жараша актуалдуу мүнөзгө ээ болгон статистикалык методду колдонгон. Бул багытта С. Каралаевдин айтуусу менен төрт жолу басмадан чыккан «Эр Төштүктүн» төртөө төрт башка болуп чыкканы илимий чоң проблема эле. Эпостун оригиналындагы 16 559 саптын  биринчиси (1938) басылышына – 16 017, экинчиси – 12 316, үчүнчү жана төртүнчү басылышы 14 154 ыр сабын түзөт. Казак баатырдык жомогунда да ар кайсы басылмаларында текстеги персонаждардын аттарында (Алп кара кус – Симург, Кол Таусар – Көлжутар ж.б. ) өзгөрүүлөр орун алгандыгын жомоктун поэтикасына терс таасирин тийгизгендигин белгилеген. Ал эми татарлардын «Ийир Төшлик» жомогун басмадан чыгарууда В.В.Радлов тарабынан жарыяланган текст сакталуу менен анын тили азыркы татар тилине ылайыкташканы жакшы көрүнүш катары бааланган [3, 16-17-бб]. Текст менен иштөөдө келип чыккан мындай проблемалар – текстке редакторлук кийишүүлөр изилдөөчүнү басмадан чыккан материалдардан баш тартып, архивдик материалдар менен иштөөсүн шарттаган. Ушунун өзүндө фольклордук изилдөөнүн табияты талап кылган «жашырын бир сыры» текстологиялык анализге муктаж экендиги аныкталган. 

Текст менен иштөө изилдөөчүгө изилдөөнүн дагы бир мейкиндигин – көркөм сүрөттөөлөрдү эпостун стилдик каражаты гана эмес, эпостун сюжеттик-композициясын уюштуруудагы ролун генетикалык башаттары аркылуу талдоо зарылдыгына багыттаган. Натыйжада гипербола С.Т. Кайыповдун аталган эмгегинде эпостун бүтүндөй поэтикасын анализдөөнүн детерминанты катары каралат. Аталган чыгармалар фантастикалык, мифологиялык катмарлардан тургандыктан, эпикалык мейкиндик үчкө: жер асты, жер үстү жана асмандан турары да эпикалык салттуулук катары сакталгандыгы элдердин байыркы дүйнө таанымынан катар берип, алардын окшош тарыхын, ой-туюмдарынын жалпылыгын жараткан.

Окумуштуу түрк тилдүү элдердин эпикалык чыгармаларында калыптанган эпостук сюжеттин негизин түзгөн баатырдын үйлөнүү окуясы жана анын тоскоолдуктар менен болгон күрөшүн салыштырма-типологиялык талдоого алып, «Эр Төштүктүн» үч элдеги версиясында бирдей кездешкени алардын генетикалык жалпылыгын  шарттаган төмөнкү факторлор сюжет курууда детерминанттык роль ойногонун негиздеген:

·        элдердин бир аймакта, бирдей тарыхый тагдыр кечирип жашагандыгы;

·        элдердин жашоо образынын окшоштугу;

·        элдин бирдей руханий жана материалдык маданиятка ээ болушу

 Ал эми  «Ийир Төшликте» баатырдын жылан менен болгон күрөшү казактардын «Ер Тёстик», кыргыздардын «Эр Төштүк» эпосундагыдай сюжет куруу деңгээлине жетпей калуу себебин кыргыз-казактардын шаман ишенимине байланыштуу деген жыйынтыкка келген. Демек, эпостун поэтикасындагы көркөм каражат эпикалык салттуулуктун генезисин да, анын сюжет куруудагы ролун да, чыгармаларда көркөм чагылган элдин ишенимин  да аныктоого ачкыч болуп берген.

Эпикалык негизги каармандын өмүр баянындагы эпикалык салттуулуктун (баласыздыктан кор болгон ата-эненин сыйынуусу, баатырдын күттүрүп төрөлүшү, тез чоңоюшу, жар издеши, кыздын атасынын тапшырмаларын аткаруу, кара күчтөр менен болгон күрөштө жеңишке жетиши, сыйкырдуу буюмдары, минген атынын (үч элдеги: Чалкуйрук, Шалкуйрук, Цалкуйрук) кубулушу, жардамчыларынын сыйкырдуу күчкө ээ болушу жана алардын (төрт Мамыт) жардамга келиши ж.б.) жалпы жана айырмалуу өзгөчөлүктөрүн текст аркылуу салыштыра изилдөөдө  С. Т. Кайыпов бир нече тил (казак, татар) үйрөнүүгө жетишкен. Натыйжада азыр маанисин так билбей эле колдонуп жүргөн түрк тилдүү элдерге таандык сөздөрдүн этимологиясы (умачтай көзү ачылып, устукан сөөгү мистедей ж.б.) аныкталган. Айрыкча «Эр Төштүктүн» тексти байыркы эпостун үлгүсү катары көркөм сөз каражаттарга абдан бай экендиги тыкыр изилденген. Ушунун өзү мындан ары түрк тилдүү элдердин элдик оозеки чыгармаларын изилдөөгө багыт берүү мүмкүндүгүнө ээ.

Биз буга чейин сөз кылгандай, көркөм сөз каражаттардын элдик оозеки чыгармалардагы колдонулуу жыштыгын аныктоодо да окумуштуу статистикалык методду колдонгондугу изилдөөнүн жогорку деңгээлин камсыз кылган. Эки аспектиде, бир нече топко бөлүнүп классификациялаган көркөм сүрөттөө каражаттары азыркы мезгилде да фольклордук изилдөөнүн үлгүсү катары жаш изилдөөчүлөргө сабак бере алат. Мисалы:

                              I.            Салыштыруу образына карата пейзаж 23 салыштыруу аркылуу 86 конструкцияны жараткан.

1)    айбанаттар дүйнөсү: 57 айбанаттын образы 140 ашуун кездешет (үй айбанаттары: айбан, мал, буура, ат, тай, кой, кочкор, бука,тайган, ит, күчүк, улак);

2)    кайберендердин образы: аркар, кулжа, бөкөн, кийик, элик, каман, кулан)

3)    жырткычтардын образы: сүлөөсүн, жолборс, кузгун;

4)    канаттуулардын образы: торгой, карга, чымчык, кузгун, чыйырчык, тоту, бөдөнө;

5)    жырткыч канаттулардын образы: бүркүт, кыргый, карчыга;

6)    чымын-чиркей, курт-кумурскалардын образы:чымын, кене, кумурска;

7)    тоонун образы эпикалык баатырга карата 21 салыштыруу, ал эми анын душмандарына карата 25 салыштыруу;  тоонун өзү 24, тоонун теңи 11 салыштыруу, Ала-Тоо менен Опол-Тоо 21 [3,127-б.]  салыштырууга колдонулганы аныкталган.

 Изилдөөчү өзүнө чейинки окумуштуулардын (3, 127-134-бб.) эмгектерине таянып, тоо культу жалпы түрк тилдүү элдердин эпикалык чыгармаларындагы архаикалык катмар экендигин далилдеген.

                           II.            Салыштыруу көркөм сөз каражаты катары

1)    өсүмдүктөр дүйнөсү: чөп, маш, алма, мисте, карагат, карагай, камгак, чырпык, чынар, чыбык;

2)    жаратылыш кубулуштары: шамал, куюн, закым, тоо жели, булут

3)    космостук кубулуштар: күн, ай, чолпон, жылдыз ж.б.

Диссертациянын мындай терең изилдениши С. Т. Кайыповдун илимий багыты гана эмес, анын ТАГДЫРЫН аныктоочу факторго айланды.  Улам кийинки изилдөөлөрү түрк тилдүү элдердин фольклорундагы эң талуу проблемаларды кучагына алып келет. Кайсы темада, кандай багытта жазса да ал түрк тилдүү элдердин рух дүйнөсүндөгү баалуулукту туу тутуп, элдик оозеки чыгармалардын тарбиялык маанисин талдап жазды. 1997-жылдан Түркияда Чыгыш Анатолиядагы Ван шаарындагы Жүзүнчү Жыл университетинде Гуманитардык жана табигый илимдер факультетинин түрк тили жана адабияты бөлүмүндө профессор болуп иштеши окумуштуунун илимий масштабын дагы кеңейтти.  “Түрк элдик оозеки чыгармачылыгы”, “Жаңы түрк жазуу тилдери”, “Түрк баатырдык жомоктору”, “Жомок поэтикасы”, “Текстология негиздери”, “Түрк тилдеринин салыштырма грамматикасы”, “Кыргыз тили”, “Казак тили” жана “Өзбек тили” боюнча берген сабактары анын фольклордук чыгармаларга текстологиядык талдоо жүргүзүүнүн жаңы багыттарын аныктоого шыктандырган.  Түркияда өмүр кечирип, жыйнаган фольклордук материалдардын жыйналуу тарых-таржымалын «көзүмдүн карасы, көңүлүмдүн жарасы, …. көкүрөк дартым, көз жашым»  атаганы бекеринен эмес эле. Бул материалдар 2006-жылы «Жылга бергис жарым күн» [7] деген ат менен илимий-популярдуу адабият жанрында коомдук аң-сезимге күчтүү таасир этти. Китептеги  Ван кыргыздарынын элдик оозеки чыгармаларынан жыйналган 33 метел (макал), 28 табышмак, 189 саптан турган санат ыр, бир нече ыр, тил сындырмак (жаңылмач), кошоктун айрым үлгүлөрү, мазмунун угуп, бирок  жазылбай калган «Кырк шейит» аңгемеси катардагы фольклордук материал болуу менен чектелбейт. Анткени анда Алайдын аскалуу Ала-Тоосун, көк кашка суусун бир көрүүгө зар болуп, бөтөн жерде  арман жана кусалык менен жашап өткөн Мамазия карыянын арманы…, “Манасты” окуганда солкулдап ыйлап, хан кадыры калкына кайрылбай, карегине киндик кан тамган жердин элесин чөгөрүп, асыл адамдык наркы бааланбай: «Эй, бечара Рахманкул ажы, Кечиң, таңың өз колуңда болгон жок» [7, 88] – деп, өз тагдырына өзү боздоп ыр жазган, текке кеткен өмүрүнө кейиген күйүтү жер көтөргүс Рахманкулдун арманы бар.  Алардын тагдырын кайталагандай, ата журт кусалыгы улам жан-дүйнөсүнө тынчтык бербеген Сулайман фольклорчунун да арманы бар эле. Бул арманды Ван кыргыздары:

«Эр ватани –туулуп түшкөн жери,
Ит ватани жувунду ичкен жери»  – деген

макал менен сөөккө айтканын жазып алган окумуштуунун фольклорго болгон көз карашын жаңы этаптык деңгээлге алып чыкты.

Материалдар  этникалык кыргыздардан жазылып алганы менен андан окумуштуу жалпы түрк дүйнөсүнүн руханий баалуулуктарын көрө билди. Мамазия карыя акыркы демин жыйнап айтып берген санат ырларында түрк тилдүү элдердин жашоого болгон философиялык ой-туюмдарын, «кыркы менен кырк жолу кошо  өлүп, кырк жолу кайра тирилип» [7, 59], кара сөздү нөшөрдөй төгүп айкан  «Кырк шейит» аңгемесинен социалисттик саясаттын кандуу изин көрдү. Тарых жаза албаган чындыкты фольклор чагылдырарын дагы тереңден аңдаган фольклорчу генезиси жалпы төмөнкү типтүү  көрүнүштөр жалаң кыргыздарга эмес, түрк тилдүү элдердин чыгармаларындагы калыптанган салттуулук экендигин төмөндөгү постулаттар аркылуу илимий жалпылоого жетишти:

  1. Түрк тилдүү элдердин дүйнө таанымында Ата Журт түшүнүгү өзгөчө руханий баалуулук катары элдик оозеки чыгармаларда көркөм чагылгандыгы;
  2. Башка элден табылбаган дидактикалык ойломдун жеткен бийиктиги Коркут атадан баштап, Орхон-Енисей эстеликтеринде, Ж.Баласагын, М.Кашкари калтырган мурастарда калыптанып, кылымдарды карыта улантылып келаткандыгы;
  3. Өмүр, өлүм айланпасында өмүрдүн убактылуулугу, жашоонун түбөлүктүүлүгү жөнүндөгү философиялык ой корутундулардын тереңдиги;
  4. Убакыт жана мезгил түшүнүгүнө философиялык көз караш;
  5. Бүгүн көргөн эртең жок философиясы
  6. Көңүл маселесинин көркөм философиясы

Изилдөөчүнүн текст менен бекемделген мындай илимий корутундулары, албетте, түрк тилдүү элдердин фольклорун мындан ары изилдөөгө багыт берет.

Ал эми кийинки «Түркиядa жaшaгaн пaмир кыргыздaрынын кошоктору: Лингвофольклористикaлык булaк кaтaры: Изилдөө жaнa Текст», «Түркиядa жaшaгaн пaмир кыргыздaрынын мaкaл, лaкaптaры: Лингвофольклористикaлык булaк кaтaры»,  «Пaмир кыргыздaрынын тaмaк-aш мaдaнияты: Этногрaфиялык изилдөө: Үч томдук: 1-том: Илимий мaкaлaлaр» эмгектери өзүнчө сөз кылууга муктаж, фундаменталдуу фольклордук материалдар эсептелет.

Окумуштуу  С. Т. Кайыповдун фольклористикадыгы орду анын элдик оозеки чыгармаларга жасаган аяр мамилеси менен аныкталат деген ойдобуз. Ал фольклордук тексти тектеш элдердин тарыхын, тилин, этнографиясын, этномаданиятын, дүйнө таанымын таанып-билүүнүн башкага алмаштыргыс булагы, оозеки архив, документ эсептейт.  С.Т. Кайыпов үчүн  фольклордук чыгармалардын кол жазмасындагы ар бир тыбыш, ар бир тамга, ар бир диалект сөз, тилдик, орфографиялык, орфоэпиялык, стилистикалык, вербалдык жана вербалдык эмес каражаттар кол тийгис, ыйык нерсе. Текст – фольклордун жаны. Ага чыккынчылык жасоого болбойт. Ушул принциби С.Т. Кайыповдун илимдеги түбөлүктүү өмүрүнө кепил болот деген ойдобуз.

Колдонулган адабияттар

  1. Абдылдаев Э. «Манас» эпосунун эпикалык тоформулалары. Б.:Шам, 1997.
  2. Потанин Г.Н. Восточные мотивы в средневековом европейском эпосе. М., 1899.
  3. Кайыпов С.Т. «Проблемы поэтики эпоса «Эр Тёштюк». Ф.:Илим, 1990.
  4. Исаева А.К. Стадиальное развитие эпоса «Эр Тештюк» / Вестник Северо-Восточного федерального университета имени М. К. Аммосова: Серия Эпосоведение, № 2 (18) 2020.
  5. «Эр Төштүк» энциклопедиясы. Б.: «Манас улуттук академиясы» 2023.
  6. Кайыпов С.Т. «Художественно-изобразительные средства эпоса «Эр Тёштюк» ((на материале киргизской и других тюркоязычных версий) дис. … канд. филол. наук. М.,
  7. Кайыпов С.Т. «Жылга бергис жарым күн». Бишкек, 2006.

Үмүт Култаева, филология илимдеринин доктору, адабият таануучу