“Алтын калем” улуттук сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Урматтуу калемдештер,

Урматтуу “Алтын калем” улуттук сыйлыгынын катышуучулары,

КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен КР Улуттук жазуучулар союзу уюштурган Кыргыз тилинин нукура көркөмдүгүн, баа жеткис байлыгын, океандай тереңдигин даңазалоо; кыргыз тилинде чыгарма жараткан акын-жазуучулардын мыкты чыгармаларын аныктоо; калемгерлердин талантын ачууга жана адабий жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүү максатында жарыялаган “Алтын калем” улуттук сыйлыгынын жыйынтыгы чыкты. 9 кишиден турган калыстар курамы поэзия, проза, драма, балдар адабияты, котормо, адабий сын жана орус тилдүү чыгармалар боюнча  7 номинацияда бирден жеңүүчүнү аныкташты. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи эртең 12-декабрь Улуттук адабият күнүндө саат 15:00дө А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасынын Ч.Айтматов залында өтөт. Келиңиздер, сыйлык ээлерине бирге күбө болуп, куттук айталы.