Эрнис Турсунов – кыргыз маданиятын аздектеген акын (1934-2014)

Акын, прозаик, драматург жана белгилүү котормочу Турсунов Эрнис Нурдинович 1935-жылы 24-августта Фрунзе шаарында интеллигенттин үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Нурдин Серкебаев Кыргызмамбастын директору болуп кызмат аткарып, ошол кездеги китепке суусап турган кыргыз элине алгачкы китептерди, окуу китептерди чыгаруунун үстүндө иштеген. 1938-жылдагы кандуу репрессия Нурдин Серкебаевди да жөн койгон эмес, ал жалган жалаага кабылып, 28 жаш курагында атууга кетет. Анын сөөгү кийин Ата-Бейиттен табылган. Эрнистин экинчи атасы Кененбай Турсунов партиянын Ысык-Көл обкомунун бөлүм башчысы, Ысык-Көл, Тоң, Тогуз-Торо райкомдорунун биринчи катчысы кызматтарында иштейт. Өз атасынан жаш калган Эрнисти экинчи атасы жана энеси Сабира Телтаева-Турсунова толугу менен…..