Терс кайрык
(аңгеме)
Шариза ошол күнү чоң базардын четиндеги тар көчөдө шашып-бушуп келаткан. Оң колунда буюм толо булгаары торбо. Мүрүсүнө илген иймекей саман кол баштыгынын боосунан бекем кармап, боюн түздөй тыкылдап басса да түрү чарчаңкы. Жашы өткөн сайын эл көп жайларда жүрсө ушинтип өзүнөн өзү чарчай берет. Көзүнөн түшүрбөй тагынып жүрчү чоң алкактуу кара көз айнеги да аны көпчүлүктүн назарынан коргой алчу эмес. Баарынан да базарга барганында бутун шилтей албай кайтат. “Андан көрө гипермаркетке барсаңыз. Каалаганыңыздын баарын кыйналбай табасыз”, – дешчү балдары. Шариза болсо базар-учарын шаардын чок ортосунда тээ байыртан бери ордунан козголо элек, ызы-чуусу менен түртүшмөйү көп, сатуучу менен кардалдын тээ эзелтен берки “сизиң-бизиң” ызааттуу мамилеси салтка айланган эски базардан жасоочу адатынан тана элек.
Бүгүн да жайма базарды кыдырып чыкканча түш ооду, эми ала турганы бир гана кофе калган эле. Ал көп жылдан бери кумарланып ичип жүрчү “Якобс монархтын” жакшы сортун “Шоколад” базарындагы чай-чамек, шириндик сатылчу дүкөндөн алчу. Эрте менен үйүнөн чыкканда чөнтөгү толо акчадан ошого жетерлик тыйынды зорго ашырып койгон. Көзүнө сүрөтү сиңип бүткөн күрөң түстүү айнек кутудагы 500 граммдыгын бир ай бою ичет. Эртели-кеч чакан күмүш чайнекке жытын буркурата кайнатып, төөнүн көзүндөй болгон фарфор чөйчөккө куюп, лимондун ширеси менен тоо балын кошкондон кийин ансайын даамына кирген кыйгылт-таттуу кофени ууртап-татып олтурганында жашоо жеңил, бир эсе ырахаттуу сезилип кетер эле. Анан ысык кофе баданина жымырай жайылып, маанай кушун көкөлөтө баштаган жыргалдуу мүнөтүн узагыраак созуш үчүн көпкө чейин ордунан козголбой, короодо өз колу менен өстүргөн түркүн-түс гүлдөрүн куштарлана тиктеп олтура берет. А кышкысын чоң айнектүү терезеден аппак карга сонуркай караганча ичкенди жакшы көрөт. Түнү уйкуга баш коёрдун алдында ошол жыргалды эңсеп, таңдын атышын күткөн бактылуу сезим менен уйкуга кетчү.
Бүгүн кутунун түбүндө калган кофени ичип келген. Азыр жаңысын сөзсүз сатып албаса эрте мененки ырахатынан куру калып, беймазаланары айгине. Ушуну ойлоп, кабатырлана кадамын тездетти. Күн бешим ооп, дигер жакындай баштаган кез. Бул маалда базарчылардын алды соодасын жыйыштырууга кам урат. Алардын көбү шаардын жака-белиндеги айылдардан келип иштеген үчүнбү эрте жыйналат. Күн уясына конор маалда базарда гүрү-гүү басаңдап, темир контейнер дүкөндөрдүн эшиги биринин артынан бири шарактап жабыла баштайт.
Көп жөө басуудан буту талып, бир чети эрте жаздын чызырап ачуу тийген күнү нымшытып чаалыккан аял шашып баратып, жол боюнда сүйлөшүп турган эки эркектин бири ага тигиле тиктегенин элес да алган жок. Алардын жанынан кыйгап өтө береринде учурашканда гана көрдү:
–Абже, кандайсыз?
–Жакшы, ыракмат! – Шариза жигитти тааныбаса да элпек алик алды. “Абжелегенине” караганда төркүнү жактан го. Ал айылынын жаштарын көп тааный берчү эмес. Өздөрү учурашса жылуу жүз менен ал-жай сурашып коёт. Ошолордун бири го деп токтой калып дитин коё карады. Адегенде эле көзүнө жигиттин жуула берип жакасы оңуп кеткен көйнөгү менен жасалма териден тигилип, түлөй баштаган күрмөсү урунду. Башындагы кендир кездемеден тигилген кепкасы кыйшайып калыптыр. Тунарыңкы көз менен оолжуй тиктегенинен, тамылжыган жүзүнөн кызымтал экенин байкаган Шариза алыстаганча шашты.
–Абже?! – Мас жигит сүйлөшүп турган шеригин таштаган бойдон анын артынан жөнөдү. – Торбоңузду мага бериңиз, көтөрүп алайын?
–Жо-жок! Жеңил эле… – Шариза чочулай, боосун ансайын мыкчый кармап.
–Бериң, бере бериң! – Жигит менен тарткылыша түшкөндө аргасыз колун бошотту. “Мүмкүн эч жаман ою жок эле көтөрүп алайын дегендир”. Ошентсе да көңүлүндө бир күдүк ой турат. Мастыкка салып торбону ичиндегиси менен кошо ала качып кетиши да ыктымал. Ою тынчыбай, артынан ээрчий басып келаткан жигиттин колундагы буюмуна саксынып карап коёт.
–Мен Кармышактын небереси болом. Мажит деген уулун билсеңиз керек.
–Ооба, билбегендечи. Кармышак аба менен атам экөө кадырлаш кишилер эле. Атаң болсо бизден үч класс мурда окуган, – Шариза жакынсый сүйлөдү.
–Ошонун баласы болом. Абже, кичине ичип алдым эле. Кечиресиз а?
–Өзүң жакшы атанын баласы экенсиң. Талаада жүргөндө ичпе!
–Ичпейм, абже… Аялым, балам бар, – деди жигит актангандай.
–А жакшы экен. Мен базардын ичине кирем. Ыракмат көтөрүп келгениңе. Эми жолуңдан калба! – деп торбону алганы колун сунду. Жигит бергидей эмес.
-Жо-ок, абже! Жеткирип коёюн.
“Акча сурайт го эми…”, – деп түкшүмөлдөдү Шариза.
Ичип алып көрүнгөндөн акча сурагандардан көп күйгөн. Бир куюм арак үчүн бети жоктук кылып өң таанышын көрсө эле тилене бергендер көп. Акчаңдын бар-жогуна карабай лөлүлүк кылып жабышып да алат. Аларга бермейинче кутулбайсың. Ошону ойлогон Шариза ичинен капчыгында болгон акчасын чамалай кабатырлана түштү. Кофеге жетерлик эле калгандай болгон. “Эч болбосо 50 сом ашса жакшы болмок”, – деп ойлоду. Өзүнө үмүт артып ээрчип келаткан жигиттин колуна карматып кутулмак. “Кокусунан акча сурап калса “жок” десем ишенбейт”, – деп кыжаалат Шариза. Чындап эле ишенбесин сезип турат. “Ушул эжеден кантип эле 100 сом чыкпасын”, – деп ойлошу шексиз. Базар-учар кылганында да сатуучулар аны капчыктуу аялдай көрүшөрүнө көнүп калган. “Сиздей эжеге ушул ылайык”, – деп кымбатын көрсөтүшөт. Ошол даражасынан паска түшпөс үчүн акыркы акчасы болсо да айткан баага алууга аргасыз болот.
Ушундай олку-солку ойго чайналган аял “Шоколад” базардын ичиндеги тар жолдо түртүшүп баратып улам артын карап коёт. Жигит да андан калбай салып-уруп келатат. Колундагы баштыкка көңүл коштой түрү бар. Мынчалык ээрчигидей каалаганы эмне болду экен? “Албетте бир куюм аракка жетерлик акча да”, – деп зээни кейий ойлоду Шариза. Кары-картаң же майып болсо да бир жөн эле. Андай карыптардын колун куру койчу эмес. Бул жердеш иниси таш чайнаса аш кылар алдуу-күчтүү курагы экен. Бир ою: “Мен ага акча берүүгө милдеттүү белем? 100 сом берсем да, 1000 сом берсем да жумуруна жук болбой, баарына арак ичип коет. Анан бир балээсине калбайын. Кой, “акчам жок” деп эле коёюн”, – дейт. Бирок “жок” деген сөздү айтууга оозу да баргыдай эмес. Мас болсо деле адам да, үмүтү таш каап, дили ооруп, ындыны өчө түшөр. Ошол абалын элестеткенде ичи түтпөй кетет. Анда адам көңүлү деп бир күндүк кофесинен кечип коюуга эрки жетеби? Ошенте алса сонун болмок ээ! Бир шоркелтейди бир күн болсо да бактылуу кылмак. “О жок, арак ичип бактылуу болбой эле койсун!”, – деди кайра оюнан кайтат. Шариза өзүнүн алсыздыгын моюнга алгысы келген жок.
Жалаң момпосуй, печенье, кофе, чай сатылуучу чакан базардын контейнер дүкөндөрүнүн катарын аралап өтүп, эң төрүндөгү айнектелген дүкөнгө да жетти. Бул жерде Шариза көп жылдан бери жактырып ичүүчү кофенин жакшы сорту сатылчу. Күн кечтегенде кардар азайып, бош олтурган сатуучу келин дилгир учурашты: “Бүгүн жаңы товар алдык, тандай бериңиз!”. Шариза дамамат сатып ала турган кофе кутусун колуна кармаган бойдон ары-бери айландыра карап, бир чечимге келе албай кысталып турду: же кофе, же тиги жердешин ыраазы кылуу. Анан сатуучуга эңкейе акырын суранды:
-Мага баасын бир аз кемитип бересизби? Дайыма силерден сатып алам го?
–Эжеке, бизде дүң баасы ушул. Андан түшүрө албайм.
-Абже, ала бериңиз. Жетпегенин мен кошоюн, – Жигит чөнтөгүн сыйпалай кетти.
Шариза ага жалт карады. Бул сөздү күткөн эмес. Анан:
–Жо-жок! Өзүмдө бар! – деп дүкөнчү айткан баага алганча шашты. Ашкан майда акчасын санаса жол киреден тышкары 70 сомдой калыптыр. “Ушул болсо да колун суутпай берип коёюн”. Мас жигит акча сурай элек болсо да өзүн карыздар сезип жүдөй баштаган. Бир аз ыңгайсыздана: “Сага чай алып берейин дедим эле. Акчам да калбаптыр, үкөм. Ушуга болсо да бир кола ичип кой ”, – деди колуна уучтаган акчаны сунуп. Жигит уяла түшкөнсүдү. Шаризага эки анжы ойдо тиктеп:
–Мен сизге чай алып берейин, абже!? – деди анан апкаарый мукактана.
–Кой ээ, үкөм!
Бул учурда экөө базардан суурулуп чыгып баратышкан. Жерге үйө төгүлгөн картошка, сабиз, пияз сатып олтургандардан айланып өтүп, жогору карай бир аз басса аялдамага чыгат. Ал жерден тынбай каттаган автобуска олтуруп, үйүнүн дарбазасына чейин жетүүгө болот. Чоң-кичине автоунаалар кымгуут өтүп жаткан жол четиндеги аялдамада өз автобусун күткөндөр көп эле. Аларга барып кошулган Шариза торбосун алганы колун сунуп:
–Чоң ыракмат, үкөм! Сен да кеч калбай үйүңө жетип ал, – деди жеңилдегендей.
–Абже! Сизди таксиге салайын! Онобу жерде таксилер турат. Жүрүң!
–Мен автобуска эле түшөм. Үйүмдүн алдына алпарат!
Жигит аялдын каршылыгына карабай такси жакка басты эле,
–Мен кеттим! Автобусум келди, – деди Шариза кескин үн менен. Бул сөздү угуп кайрылып келген жигит автобуска артынан чыкты.
–Сен каякка? – Аял эми чындап ачуусу келип.
–Сизге жол кире төлөп коёюн, кийинки аялдамада түшүп калам.
Күдүк ой беймазаланткан Шариза жүзүн айнек жакка буруп, үнсүз баратты. Көңүлү кыраа: “Мынчалык жабышкыдай ою эмнеде?”. Кийинки аялдамага жеткенде жигит айдоочуга акча сунуп жатып:
–Абже, сизге да төлөп койдум. Жакшы барыңыз! – деп ызааттуу коштошту да, жеңил секирип түшүп кетти. Ал айылына кетчү автобекет тарапка эмес эле, кайра базарга кетчү жолго түшкөнүн көрүп калды. Аңгыча автобус ордунан козголду. “Кызымтал неме үйүнө эле кетип калганы жакшы эле…”, – деп бушайман болуп узай берди Шарипа.
Үйүнө келгенде күйөөсүнө ушул окуя жөнүндө айтып берип жатып, дагы эле өз суроосуна жооп таба албагандай:
–Акча берсем албады. Өзү деле акчалуу окшойт. Бирок неге ээрчип алганын түшүнбөй койдум.
Кээде ойлору туюкка кептелгенде жөндүү сөз менен ажатын аччу эри ага токтоо күлүмсүрөй тиктеди:
–Сен белгилүү адамсың да. Айылдаш карапайым жигит үчүн сени менен сүйлөшүү сыймык болгондур.
–Ошондой деп ойлойсуңбу? – Шарипанын бети кызара түштү. – А мен акча сурайт го деп ага куйкам курушуп жатпадыбы… Бирок аягында тескерисинче болуп чыкты.
Күйөөсү ийнин куушуруп коюп, компьютерде жазып жаткан ишин улантты.