Аңгеме
Эрте жаздын тумандуу таңында жекшемби күндү үйдө өткөрүү ниети күтүүсүз бузулду. Радиого маекке чакырганда Касиеттин дегеле баргысы келбесе да, жакшы тааныган журналисттин көңүлүн кыя алган жок. Апта бою иштин күүсү менен жүрүп, дем алышта гана өзгөчө чарчоо сезилчү. Ал таксиде уйкулуу көздөрү менен үргүлөп баратты. Көчөдө кыймыл аз. Майдалап себелеген жаандын бозомук туманы адамды ого бетер ныксыратат.
Радиодогу маек ал күткөндөн да жандуу өттү. Жекшемби күнкү таттуу уйкусун кечип келгенине эми өкүнгөн жок. Сүрөтчүлүк өнөрү жөнүндө сүйлөшүү ага дайыма жагымдуу эле.
Сергек маанайда сыртка чыкса, асмандан эленген жамгыр али токтобоптур. Кол чатырына тамчылаган шыбыргак добушту тыңшай, бир аз жөө баскысы келди. Ушул доошту сагыныптыр. Ак жаандын майин шуулдап, табышмактуу дүйнө, өтмүш тагдыр, опосуз өмүр жөнүндө муңайым шыбырагансыйт.
Өзү да акыркы күндөрү эрте жаздын пейзажын тартууга делгирип жүргөн. Боёк жытын эңсеп, кыл калеминин толгоосун туя баштаган. Чыгармасына жаңы түстөрдү жаз ойготкон жаратылыштын өзүнөн тапмак. Буга бүгүн эң сонун мүмкүнчүлүк болуп турду. Ошол үчүн үйүн көздөй шашпай, жол боюндагы «Мажүрүм тал» сейил багына бурулду.
Бул жерде жаздын деми өзгөчө сезилди. Терек, ак кайың, мажүрүм талдардын кыш бою какшыган сөңгөктөрүнө суу жүгүрүп, бутактары бөртө баштаптыр. Ала-телек жер нымдуу болсо да, кыртышта бирин-серин көк чөп кылтыят. Көктөм дуулдап кирип келерине аз калгандай.
Касиет сейил бактан чыккысы келбей, таш таман жолдо жай басып баратты. Шынаарлашкан бир-эки түгөй болбосо, айлана ээн. Ал ушул бакка келген сайын «Арзуу» дарагын эстебей койчу эмес. Бул дарак тээ илгери бир жаш жигиттин баянын уккандан бери оюнан кетпей жүрөт. Атайылап деле издеген жок. Болгону, ушул жерден өтүп калса, жол боюнда өсүп турган тал-теректерге сарасеп сала карай берчү. Жигит сүрөттөгөн «Арзуу» ушул күнгө чейин көзүнө илинген эмес.
Албетте, ушундай болууга тийиш эле. Жаш жигиттин жоопсуз сүйүү дартына, назик үмүтүнө күбө болгон «Арзуу» көптүн көзүнө оңойлук менен көрүнбөсө керек. Ал чырпык кезинен чырмалыша өскөн кош бутагын жат көздөрдөн аярлай катып, бактын түпкүрүндө далдоолонуп тургандыр. А мүмкүн улуу сүйүүгө кабылган жанга гана көрүнөр. Же болбосо, дитин коюп, ниетин тууралап издегендер гана таба алар… Бүгүн ошондой күн эле.
Касиет бактан чыга бериште күтүүсүздөн токтоду. Ички олку-солкулугун жеңип, дароо артына бурулду. «Бүгүн же эч качан!» – деди өзүнө. Ушул жаанга карабай, «Арзуу» дарагын издөөнү чечти. Миңдеген даракты бириндетип карап чыкса да, акыры таап алар… Сүрөтчү айым ушундай чечкиндүүлүк менен тез-тез басып, дарыяны көздөй кетчү жөө өтмөккө карай бет алды. Эмнеге ушул жакка басканын өзү да аңдаган жок. Жол чакан дарыяны бойлогон узун аллеяга туташчу.
Качандыр бир кезде бул жерде солкулдак шактары шаркыратмадай төгүлгөн мажүрүм талдар катар тизилип өсүп турчу дешет. Ополоң-тополоң доордун келиши менен каралбай калган аллея көркүн жоготкон. Азыр бул жерде бутак-шактары суюлуп, башын ийе ыйлап жаткандай аянычтуу көрүнгөн бирин-серин гана дарак калган.
Касиет издегенин дал ушул жерден табам деп ойлогон эмес. Бирок кандайдыр бир ички түрткү аны аллеяга жетелеп келди. Жүрөгү сезген экен. Эки-үч кадам шилтээри менен «Арзуу» дарагы көзүнө урунду.
Өзөктөш кош бутагы бири-бирине чырмалыша өскөн дарак дал ошол эле! Түбүнөн бери оролушкан бутактары ысык сүйүшкөндөр кучакташып тургандай көрүнөт
– Сени таптым акыры… — деди Касиет өрөпкүй, дарактын тулкусуна алаканын аяр тийгизе.
Жыйырма жыл бою издегени жол жээгинде эле өсүп турган экен! Анын жанынан көп жолу ары-бери өткөндүр, бирок көзүнө илинбегени таң калыштуу эле. Оңор эмес убакыт өтсө да мажүрүм талдын кош бутагы ажырашпай, бирдей жооноюп, шактап-бутактап, кулачы жайылган чоң даракка айланыптыр. Бул көрүнүшкө көңүлү тойгон сүрөтчү аял башын чалкалата “Арзуу” дарагынын учуна тиктээр замат “и-ий!” – деп ичиркенип алды. Кош бутактын бири орто ченинен кыйылыптыр. Кимдир-бирөө атайылап балталап кесип салгандай. Бир кезде асманга чогуу умтулган эки тагдырдын бири жарым жолго жетпей таш боор колдун курмандыгы болуптур. Кесилген бутактын көзгө суук көрүнгөнү ай.
Экинчи бутак түгөйүнөн ажыраса да, өсүүсүн токтотпой бой керип, калың бутак-шагы чатырдай болуп дүпүйүп турат. Баарынан да мунжу түгөйүн өзүнө жабыштыра кучактап, шактары менен чүмкөп алганы таң калыштуу эле. Кесилген бутак да куурабаптыр. Эгиз өскөн шеригинен жашоо демин алып, көгөрүп турат.
Бул көрүнүшкө сүрөтчү аялдын жүрөгү ооруду. Ушуну кыйганга кайсыл таш боордун колу барды? Бул даракты «Арзуу» деп атаган ошол жигит азыр кайда болду экен? Кыйылган бутакты көрдүбү, көрсө кандай абалда калды?..
***
Эгер машыктыруучу жигит ошондо өз сырын ушул дарак менен шөкөттөп айтып бербегенде, Касиет бул баянды эчак унутуп калмак.
… Ошол күнү тестиер уулун спорт клубуна жетелеп келген. Жаш балдарды мушташ өнөрүнө машыктыра турган тренерди көпкө издеп жүрүп, ушул жерге туш болот. Аны тосуп алган орто бойлуу, арык чырай жаш жигиттин машыктыруучу экенине Касиет күмөнсүй караганы эсинде. Спорт дүйнөсүнүн адамы булчуңдуу, катаал болушу керек деп элестетчү экен. А бул жигит жумшак мүнөз жана чабалдай көрүндү. Ал пахта кездемеден тигилген таза ак бешмант кийип, белинде кара белбоосу бар эле. Жигит нурдуу жана токтоо көздөрү менен ыкластуу түз тиктеп, күлүмсүрөй учурашты. Айкидо боюнча машыктыруучу экен.
– Эч кам санабай эле коюңуз! Айкидо – балдар үчүн жөн гана мушташ өнөрү эмес. Бизде каршылашын кара күчкө салып уруп-согуу деген болбойт.Айкидонун философиясы – «катуулукту жумшактык жеңет». Бизде муштум менен эмес, жумшак мамиле менен жеңишке жетишет.
Касиет Айкидо өнөрү жөнүндө көздөрүнөн учкун чачырай берилип сүйлөгөн жигитти дитин коюп тыңшаса да, анын сөзүнө көп деле түшүнө алган жок. Мындай мушташ өнөрүнүн бар экени ал үчүн жаңылык болчу. Уулунун күчтүүлүккө жана өзүн коргой алууга машыгышын каалаган. А бул машыктыруучу тескерисинче: “Муштаганга муш менен эмес, жумшактык менен жооп кайтарууну үйрөтөбүз”, – деп жатты. Баласы ансыз деле жүрөгү жумшак, боорукер. Муну ойлогондо Айкидодон айнып, бирок бул чечимин тренерге түз айтыштан ыйбаа кылып, үнсүз баш ийкей коштошуп узай берди.
Спорт клубунун короосунан чыга бериште гүлдөй баштаган шабдалы дарагына көзү түштү. Шабдалы жалбырагы чыга электе гүлдөйт. Жаңы ачылган ууз гүлдөрдүн кырмызы назик түсү көз жоосун ала үлбүрөйт. Касиет бул сулуулуктан кыя өтүп кете алган жок. Арбала тиктей туруп калды. Шабдалынын билинер-билинбес аңкыган жемиштикиндей таттуу жана баркыт жытына мээрленди. Гүлдөгөн дарактын жанында карап туруунун ырахаты башкача: сезим сергип, эс-мас кыялдар козголот.
– Ушул шабдалы гүлдөшү менен биздин короого жаз келет, – Жанында машыктыруучу жигит да гүлгө оролгон даракка тиктеп туруптур.
– Ооба, өтө кооз гүлдөйт экен.
– А мажүрүм талдын гүлдөрү сизге жагабы? – Жигиттин күтүүсүз суроосуна Касиет жооп берүүдөн такала түштү. Бул дарактын гүлдөгөн учурун байкаган эмес экен.
Машыктыруучу анын жообун күтпөй эле сөзүн улады:
– Мажүрүм тал жаздын башында гүлдөйт, бир караганга гүлдөрү анчейин деле көрктүү эмес. Саргыч-жашыл майда гүл ачат. Бирок кичинекей сөйкөчөлөрдөй кылтылдап турушу жарашыктуу.
– Ыр жазган жигит окшойсуң. Аябай көркөмдөп сүйлөйт экенсиң, – деди Касиет ага бир аз таң кала тиктеп. Бая эле дүйнөсү тынч жигиттин нурдуу көздөрү өзгөрүлүп, санаалуу киртейет.
– О жок, эже, ыр жазыш кайда… Жөн эле… жаратылышка жакынмын…
–Сиз менен сүйлөшсөм болобу? – деди анан тартынып-кысталган үн менен.
– Угайын…
– Мм-м… Эч кимге айта албай жүргөн бир сырым бар эле. Жүрөгүмө батыра албай, кыйналып кеттим. Негедир сизге ачылгым келди. Мүмкүн туура кеңеш бере аларсыз …
– Мейли, алымдын жетишинче…
– Мм.. Мажүрүм тал жөнүндө айтсам… таң калдыңыз го. Бул дарак менин турмушума көп байланыштуу… Сизге түшүнүктүү болсун үчүн башынан айтып берейин: мектепти бүтүргөндөн кийин армияда кызмат өтөдүм. Жоокердик мөөнөтүм бүткөндө шаарда калып, курулушта иштей баштаган кезим. Күн сайын жумушка “Мажүрүм тал” сейил багын аралап барар элем. Кечинде да ошол жол менен кайтчумун. Бир жолу иштен жайкы аптапта көлөкөлүү бактан чыккым келбей басып жүрдүм. Ошол күнү жол боюнда өзөктөш эки бутагы бири-бирине чырмалышып өскөн даракты көзүм чалды. Аны көргөндө эле арзышкан кыз-жигит сүйүүгө канбай кучакташып турганы элестеген. Өзөктөш кош бутактуу талды “Арзуу” деп атап алдым. Өзүмдүн да жүрөгүм толо сүйүү бар эле. Окуучулук кезден ашык болгон кызды “Арзууга” ээрчитип келип, сүйөрүмдү билдирсем дечү элем. Эч бир күч ажырата алгыстай оролушкан бутактарга окшоп ашыгымды кучагыма бекем кыскым келчү. Кучактап туруп жүрөк элжиреткен таттуу сөздөрдү шыбырап айтсам деп эңсөөчүмүн..
Бирок баары мен ойлогондой болгон жок. Махабат мага бакыт эмес, азап тартуулады. Махабаттуу мажүрүм тал бизди жылда жазында куру үмүт менен күткөнсүйт. “Жазында сага сүйгөнүм менен келем”, – деген убадамды быйыл да аткара албадым. Бул жолу да “Арзууга” өзүм эле бардым. Анын оролушкан кош бутагын көрүү мени ансайын жалгызсыратты. “Кечир, – дедим, – мен сага кайрадан жалгыз келдим…”. Махабат дарагынын жумшак сабактары шуудурай термелип мени жубаткансыды. Бутактары бүрдөй баштаптыр. Жаш бүчүрлөр жүрөгүмдө жаңы үмүттү ойготту: “Ишен! Ал баары бир меники болот!”, – деп сөз бердим мага сырдаш-муңдаш болгон даракка. Ал күн качан келерин билбейм…
Машыктыруучу жигит күйгүлтүк сезими көөдөнүнө батпагандай оор улутунду да, үндөбөй калды.
– Ал кыз менен эмне үчүн сүйлөшө албай жүрөсүң? – Касиет таң кала сурады.
Жигиттин кубакай жүзү бир бозоруп, бир кызарды:
– Олуттуу себеби бар…
***
Касиет ошол күтүүсүз жолугушууну эске салган мажүрүм талга алакан жөлөй, көпкө сонуркапкарап турду. Анан башына сонун ой келди: ал “Арзуу” дарагынын сүрөтүн жаратат. Жазгы пейзаж тартууга дилгирленип жүргөн сүрөтчүгө издеген темасы өзү туш болду.
Бул жөн эле сүрөт болбошу керек. Анда алгачкы махабаттын, купуя сакталган ысык сүйүүнүн тагдыры чагылышы шарт. Картинада талдын жоон сөңгөгүнүн жаракаланган катмар-катмар кабыгы – далай жазды тосуп, далай күздү узаткан узак өмүрдүн изи сыяктуу. Жерге терең жайылган тамырлары анын жашоого өжөрлүгүн, убакыттын агымына туруштук берген кубатын айгинелейт. Ошол эле убакта эч бир жандууну аябаган тагдырдын катаалдыгы бул даракты да кыйгап өткөн эмес. “Арзуунун” айыкпас жарасындай болгон кесилген бутагы – шаркыратмадай төгүлгөн солкулдак чырпыктардын арасынан көүнүп турат.
Эртеси ал сүрөт шаймандарын көтөрүп келип, кыл калеми менен холстко алгачкы сүртүмдөрдүшашыла шилтей баштады. Даракты биринчи көргөндөгү сезимдин эпкини менен сүрөттү тез эле бүтүрчүдөй сезилген. Бирок ишке берилип кирген сайын, ою тереңдеп, кыймылы жайлады.
“Сүрөттөгү мажүрүм тал кандай маанайды бериши керек? Дарактын сүйүүгө, жаштыкка толуп турган гүлдөгөн доорунбу же мезгил жулмалап, эгиз бутагынын бири кыйылган өкүттүү тагдырынбы?”– деген суроо туулду. Кудум адам жашоосундай… Жүрөгү бүтүн адам, канаты кайрылбаган тагдыр болбогон сыяктуу, дарактын да өз арманы бар.
Касиет бул ойду башында бир нече күн көтөрүпжүрдү. “Арзуу” дарагына эрте менен да, күндүзү да, кечинде да келет. Мажүрүм тал ага негедир ачылган жок. Чыгармачылыктын толгоосун далай жолу жеңе билген сүрөтчү бул жолу өзүнүн жеке сезимдерин, ойлорун жана көз карашын холстко түшүрө албады. “Арзуу” көп дарактын бири эмес эле. Ал жаш жигиттин жалындаган сүйүү сырын тыңшап, аны менен кошо жазды күтүп, солкулдак сабактары ашык жандын дегдөөсүндөй термелип, майда бариктери арзыган жүрөктүн үлбүрөк үмүтүндөй болуп шуудураган. Бул тал турган турушу менен сырдуулукту, туюк арманды, эскерүүнү өзүнө топтогон жандуу эстелик.
Махабат дарагынын сырын боёк менен бере албай көп күн түйшөлдү. Сүрөткө кантип жан киргизишти билбей жан-дүйнөсү эзилген Касиет кол шилтеп да коё албады. Басса-турса ойлонот. Сүрөтчүлүк ышкысын козгогон мажүрүм тал көз алдынан кеткидей эмес. Анын сырын ачуу бир адамдын гана колунан келиши мүмкүн. Ал – “Арзуу” дарагы жөнүндө айтып берген жигит! Булдаракка байланышкан сүйүү баяндын акырына чейин укмайынча баштаган ишин бүтүрө албасын түшүндү…
***
“Дүйнө чындыгында тар экен…” Касиет издеген адамынын аты-жөнүн сураштырып билгенден кийин социалдык тармактардан бат эле тапты. Facebook’тагы жеке баракчасы ачык экен. Анда жүктөлгөн сүрөттөрүн көргөндө башка бирөөбүдеп саамга күмөнсүп турду. Сүрөттөн турмуш курчуткан өткүр жана ишенимдүү көз караш менен теше тиктеген орто жаштагы эркек бир кездеги Айкидонун жумшак мүнөз, жарык жүздүү, сезимтал машыктыруучусуна такыр окшош эмес эле. Анын тикирейген кыска чачын күмүш бубак аралай баштаптыр. Маңдайын өмүрдүн билинер-билинбес изи тордоптур. Жүзүндө сом темирдей бекемдик менен токтоолук уюган.
Кайраттын дарегин билгенден кийин да бир топ күн олку-солку болуп жүрдү. Бул эркек тээ артта калган жаштыктын окуяларын эске салууну каалабасачы? Эң корккону – күтүүсүз суроосу менен жүрөктүн эски жарасын козгоп коюшу да мүмкүн? Же балким ал сүйгөнүнө жетип, бактылуу өмүр сүрүп жаткандыр.
Акыры мессенжерге кыска кат жолдоду: “Мажүрүм тал” сейил багынан “Арзуу” дарагын таптым… Ошол даракка байланышкан баяның эсимден кетпейт…”.
Кайрат билдирүүнү ошол эле күнү окуса да, дароо жооп жазбады. Бир нече күндөн кийин кыска жооп келди:
“Саламатсызбы, эже! Бул балалык сезим эле… Мен үйлөнгөм. Бир уулум бар…”
Касиет: “”Арзуу” дарагы күткөн кызгабы? Сүйгөнүңө жетип, бактылуу болгонуңа ишенем…”
Кайраттан дагы кыйла күн жооп болгон жок. Касиеттин көңүлү чөгө баштады. Мажүрүм талдын сүрөтүн тартуу каалоосу аны коё бергидей эмес. Бир нерсени катуу ойлой берсе да ишке ашат окшойт, көп узабай эле тренер мырзадан кат келди:
Кайрат: “Арыбаңыз, эже!”
Касиет: “Кутман күн, Кайрат!”
Кайрат: “Ишенем, сизде баары жайында деп.”
Касиет: “Ыракмат, шүгүрчүлүк.”
Кайрат: “ Бишкек шаарына келип калсаңыз,жолугайлы!”
Касиет: Эң сонун! Жакын арада барып калармын.
“Бул чакыруу жөн эмес”, – деп ойлоду сүрөтчү айым. Демек, көптөн күткөн баянды угат окшойт. Мажүрүм талдын сүрөтүн тартууга дилгирленип турганда убакытты созбостон жолго чыгыш керек. Эргүү көпөлөк сыяктуу, аны кармап калуу оңой эмес. Кайрат менен жолукмайынча “Арзуу” дарагынын сырын ачалбасын билип турат. Сүрөтчүлүк ышкы – жанын жай алдырбаган, башка бир дүйнөгө жетелеген ушундай бир сыйкырдуу күч. Ар бир боёк, кыл калемдин ар бир шилтеми – бул турмуштун чагылышы. Касиет буга эчак ынанган. Ошондуктан түмөн-түйшүк күнүмдүк ишине көз жуумп, эртеси эле Бишкекке учуп кетти.
***
Экөө көлөкөлүү бактын ичиндеги тынч жайда чай ичип олтурушту. Кайрат сүрөтүнө караганда алда-канча жаш жана өңү жумшак көрүндү. Ал сөздү создуктурган жок:
– … Кеч үйлөндүм, эже. 37 жашымда дарыгер кызга баш коштум. Бирок колуктумду “Арзуу” дарагына алып барган эмесмин…
Касиеттин көздөрү бакырая түштү: “Эмне үчүн?!
Кайраттын карылуу манжалары билинер-билинбес калтырап, көмөкөйү кургагандай тамагын кырына доошун түздөдү. Анан аба жетпегендей терең дем ала, жер тиктей ойлуу сөзүн улады.
– … Дарак дайыма жүрөгүмдө болчу. Ал бизди күткөн. Жылда жазында мени түгөйлөшүм менен келет деп күтчү. Мен ага: “Кийинки жазда жалгыз келбейм. Сенин түбүңдө туруп арзуумду айтам. Мен ал кызга кандай сагынып жүргөнүмдү, кучагымда турса да сагынарымды айтам”, – дечүмүн. Андан бери көп жыл өтүп кетиптир. Бирок “Арзуу” дарагына берген убадам аткарылган жок…
– Антүүгө эмне тоскоол болду?
– Мен ал кызга жетпей калдым, эже…
– И-ий десе…
– Буга өзүмдү гана күнөөлөшүм керек. Жаш кезимде өтө тартынчаак, чечкинсиз элем. Ал кыз экөөбүз бир мектепте окуганбыз, менден эки класс кийин бүттү. Окуунун отличниги, ак саргыл, жылдызы ысык бийкеч. Уяң мүнөз, назик болсо да, мектептеги шок балдар да даай албаган сүрү бар эле. А мен болсо эч өзгөчөлүгү жок жөнөкөй баламын. Сыртынан эле күйүп-жанып ашык болуп жүрдүм. Ал менин балалык биринчи сүйүүм эле. Жакшы көргөн кызың асмандагы кол жеткис жылдызга айланат экен. Топ кыздын ичинде турса да көзүмө бир гана ошол көрүнчү. Азыр ойлосом, анын деле сезими бар болсо керек. Анткени экөөбүз бет келишип сүйлөшпөсөк да, уурдана тиктегенин байкап жүрөм. Ошол бир караштан жүрөгүм эрип кетер эле. Бир жолу экөөбүз мектептин короосунан жалгыз бет келишип калдык. Көздөрүбүз дагы кезигишти. Ал мени жалт карады. Ууртундагы уячасы чуңкурайып жылмайгандай болду. Жүрөгүмө ток ургандай нес болуп, жылмаюусуна жооп кыла албадым. Кийин канча жолу өзүмө наалат айтып: “Эмнеге ушунчалык суу жүрөксүң!” – деп тилдегенимчи! Андан кийин деле кызга жакындай албадым. Тең эмесмин деп корктумбу же өзүмдүн сезимдеримди ачык айтууга жүрөксүздүк кылдымбы, азыр деле толук түшүнө албайм. Эгерде ошол убакта бир аз кайраттуу болгонумда, балким, баары башкача бүтмөк беле?
…Мектепти аяктагандан кийин жолдорубуз эки башка жакка кетти… Мен армияга жөнөдүм. Ал жактан эки жолу жазган катыма жооп берген жок. Кийин билсем, кат колуна тийбептир. А мен оюмда биротоло түңүлдүм. Армиядан келгенимче ала качып кетиптир. Аяш-атасынын уулу экен. Ата-энесинин макулдугу менен зордоп эле олтургузуп коюшуптур.
***
Кайрат тиши ооруган адамдай жүзүн бырыштыра, башын жерге салып тунжурап калды. Өкүнүчү ичине түшүп, муун-жүүнүн сыздатып тургандай. Далысы үңкүйүп, чекесиндеги бырышы тереңдеп, жүзүн кайгынын көлөкөсү каптаган. Касиет үн катпай сөздүн уланышын күттү.
– Биз эки жылдан кийин күтүлбөгөн жерден жолуктук. Эл көп жерде бетме-бет келгенибиздеайылдаш катары жөн гана баш ийкешип өтүп кетмекчи болдук. Бирок экөөбүздүн тең кадамыбыз тушалып, бири-бирибизди тиктеген бойдон катып калыппыз. Анын башындагы ак жоолугу эскирип, жүзү азыңкы, колунда балтыр бешик наристеси… Турмуш көрүп кагылып-согулган ошол келин дүйнөдө бир да жан теңдеше албас кымбат асылым экенин жүрөгүмдөн туюп, жан-жүйөөм жанчылды. Ал болсо мурдагы баёо нуру өчкөн өжөр көзүн мага жалбара кадап, бир сөзүмдү күтүп жатты. Ооба, эриндери бекем кымтылып, мен «жүр, кеттик!”десем эле, баарын таштап, шарт ээрчип кетүүгө даяр тургандай эле. Өзүмдүн жүрөгүм да ошону каалаганын билдирип туйлап дүкүлдөйт. А мен болсо куруюн, дагы эле баягы чечкинсиздигим тилимди байлап, колго өзү конгон бакыт кушумду кармап калууга эрким жеткен жок. Зирек жан көз ирмемде бул алсыздыгымды түшүнүп, дараметимди чамалап койгонсуду. Анан өзүн токтотуп, жашка толо муңдуу көзү менен ушундай бир чечкиндүү тиктеди да, артына кайрылбай басып кетти. Бажырайган жаштуу көз биздин сүйүүгө эң оор өкүм чыгарып: ”Кош!.. Түбөлүккө кош!” – деп чекит койгон эле. Кеп-сөзгө келбесек да арзуумду экинчи жолу биротоло жоготконумду түшүндүм…
Сизге ошол жылы өзүмдү кайда коёрумду билбей буулугуп жүргөнүмдө жолугуп, “Арзуу” дарагы жөнүндө айтып берсем керек… Жүрөктө тамырлап калган сезимди жулуп салуу кыйын экен. Мен баары бир үмүт үзө албадым. Дарак да, мен да баары бир аны күтүп жүрдүк. Көөдөнгө батпаган муңумду, түңүлбөгөн үмүтүмдү, ээ-жаа бербеген сагынычымды бир гана “Арзуу” менен бөлүшчүмүн. Тагдыр бизди кол кармаштырбай койду… Экөөбүз эки башка бүлө күттүк. Турмуштун деңизинде эки башка кайыкка түштүк.
Арадан көп жылдар өттү. Мен башка адамдарды да сүйдүм, бирок ал биринчи сүйүүм – эч кимге айтылбаган, бирок жүрөктө терең сакталган азаптуу да, таттуу да сезим. Кээде түшүмө кирет. Ак жоолукчан, басыңкы келин эмес, окуучу кезиндеги ак көйнөкчөн, уяң мүнөз, назик кыз бойдон… Чоң арманым – мен аны “Арзуу” дарагына алып бара албадым… Ал даракка үйлөнгөнүмдөн кийин өзүм да барганым жок. Анткени “Арзууга” берген убадамды аткарбадым…
Сиздин мени таап, жазган катыңыз тун сүйүүсезимдериме жаңылап жан киргизди. Ал кезде бала-чакалуу болуп калганым менен, махабатымдагы деле күчүн жогото элек экен. Аны өзүм деле билген эмесмин. Катыңызды окуганда баягы сезим ойгонду. Алгачкы сүйүү унутулбайт, аруу, тунук бойдон калат дешет эмеспи. Бирок дарак да, арзуум да мезгилдин артка кайтпас сапарында калыптыр… Эми баары кеч. Ушул, эже… менин сизге айта турганым.
Бул жолугушуу Касиет ойлогондой болгон жок. “Ошол элеби?..” – дегендей суусуну сууй түштү. Ал өзгөчө бир драма күткөн эле, бирок Кайраттын баяны катардагы өкүнүчтөрдүн бири болуп чыкты. Касиет Бишкектен ышкысы өчүп кайтты. Мажүрүм тал көңүлүнөн чыкпаса да, сейил бак тарапка барууга каалоо жок. Тартылбай калган сүрөт үйүнүн бурчунда ачык турат. Кез-кез кыл калемди колуна алып, холсту көпкө телмире тиктеп калат. Өзү издеген элести таппаганда кайра колу шалдаят. Чыгармачылык изденүүнүн туңгуюгуна капталуу – өзүнчө азап …
Ошентип жай, күз, кыш билинбей өтүп, каркыралар кыйкуулап кайта баштаган эрте жаз да келди.Жаздын жаркын күндөрүнүн биринде Кайраттан жалбарган кат алды: «Эже, келип кетиңизчи! Сиз менен сүйлөшпөсөм болбойт!». Бул кат сүрөтчүнүн жүрөгүн кайрадан дүпүлдөттү. Демек, “Арзуу” дарагынын ал күткөн сырын угат.
Кайратка жооп берерден мурун сейил бакка барып, мажүрүм талды көргүсү келди. Сүрөт тартуучу шаймандары колунда, тез-тез басып ашыга баратат. Бактын ичинде ойгонгон табияттын жазгы эйфориясына кушбак болуп маанайы жарык.
Даракка жете бергенде Касиет токтой калды. Мажүрүм талга жөлөнүп жапжаш кыз-жигит кучакташып турат. Көкүрөгүнө башын жөлөгөнкызды жигити эки колдоп бооруна кысып, бактылуу сезимге мас болгондой акырын термелет.Аларга ичи элжиреп, “Сүйгөнүңөрдөн ажырабагыла!“, – деп шыбырай сүйлөгөн бойдонжаштарды чочутпаш үчүн акырын басып, жолдон өттү. Дарактын тушуна жеткенде караса, бутактары бөртүп, бүчүр жара баштаптыр. “Арзуу” дарагынын жаңы жашоосу башталган экен.
Касиет тарта албай жүргөн сүрөтүнө издеген элесин тапты: карыган, жаралуу дарак жана анын алдындагы жаңы өмүр, жаңы сүйүү. Ал эми обочодо улгайган эркек ушул көрүнүшкө ойлуу тиктеп, эскерүүлөргө термелет.
Сүрөтчү эми Кайратка жооп берүүнү ойлогон жок. Ал жигиттин өтмүшүн козгобой, аны өз жашоосу менен тынч калтырууну чечти. Себеби, «Арзуу» дарагын эми жаңы сүйүшкөндөр ээлептир.
***
Ошондон бир ай өтпөй Кайрат ватсаптан күтүүсүз кат жөнөтүптүр: Эки көзүнөн булак болуп жаш аккан быйтыкчалар толо катта интернет сайтка чыккан маалыматтын шилтемеси гана көрсөтүлүптүр. Жамандыктын илебин сезгендей калтыраган колу менен шилтемени ачып, “38 жаштагы айым күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болду” деген теманы окуган Касиеттин денеси муздай түштү.
Суук кабар кыска экен: “Н.айылынын тургуну, 38 жаштагы А. аттуу аял кечээ түнү күйөөсүнүн зомбулугунан жараат алып, ооруканага жетпей каза болду. Аялдын мектеп жашындагы 2 баласы бар экен. Туугандарынын айтымында, күйөөсү буга чейин да көп уруп, запкы көрсөтүп келген. Аялдын өлүмүнө шектүү катары 42 жаштагы күйөөсү М.А. кармалды”.
Сүрөтчү аялдын көз алдына “Арзуу” дарагынын кыйылган бутагы тартылды. Мына тагдыр деген…
