Өмүр баян

Зинакан Пасанова

Акын-жазуучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Зинакан Пасанова  1956-жылы Ош облусуна караштуу Алай районунун Мурдаш айылында төрөлгөн. 1973-1978-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясында билим алган.

З.Пасанова студент кезинен бери поэзия жана проза жанрында бирдей эмгектенип келе жатат. 11 прозалык жанапоэтикалык жыйнактын автору:

«Аял сыры» (1998), «Жамгыр тоодон башталат» (2001), «Кут түшкөн түндөр» (2006), «5 жыл» (2008), «Сыркеч жамгыр» (2008), “Урушчак каздар» (2009), “Академик Текенов” (2011),  , “Арыба, Жүрөк” (2014), “Дос” (2016)“Томаяк издеген бакыт” (2020), аталыштагы поэтикалык жана прозалык жыйнактарында аял темасын, аялзатынын турмуштагы жана коомдогу ордун, тагдырын, назик жана сезимтал ички дүйнөсүн жана энелик касиеттеринчагылдырат.

З.Пасанова 1998-жылы Улуттук жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган.

Калемгер айымдын окурмандардын сүймөнчүгүнө ээ болгон чыгармачылык эмгеги бааланып, көптөгөң сыйлыктарга ээ болгон:

2001-жылы Жолон Мамытов атындагы сыйлыктын лауреаты.

2020-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамы.

2009-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыктысы» төш белгиси.

2019-жылы ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун Жусуп Баласагын атындагы медалы.

2019-жылы КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын «Кыргыз тили» төшбелгиси.

2025-жылы Жогорку Кеңештин “Ардак грамотасы”, ошондой эле КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин, КР Ички иштер министрлигинин, КР Президентинин Ош облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Ош шаардык мэриясынын жана шаардык кеңештин “Ардак грамотамалары” менен сыйланган.

About the author

Жазуучулар Союзу