ЖАГЫМДУУ ЖАҢЫЛЫК, өткөрүп жибербеңиздер!
Жаш акын, калемгерлердин чыгармачылыгына дем берүү жана колдоо максатында
«Чыныбай Турсунбеков атындагы адабий сыйлыкка» сынак жарыяланат.
Сынакка 18 жаштан 45 жашка чейинки (45 жаш кошулат) акындар катыша алышат.
Конкурстун максаттары:
кыргыз тилинин көркөмдүгүн, байлыгын, тереңдигин даңазалоо;
кыргыз тилинде ыр жазган акындардын арасынан мыктыларын аныктоо;
акындардын талантын ачууга жана адабий жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө
мүмкүнчүлүк түзүү.
Сынактык чыгармалар 2024-жылдын 15-мартынан 15-майына чейин кабыл алынат.
Байге фонду – 200 000 (эки жүз миң) сом
Жеңүүчүлөр Ысык-Көл жээгинде жыл сайын өтүүчү “Жылдыздуу жээк” поэзия фестивалында сыйланышат.
Конкурска катышуу үчүн арызды www.tursunbekov.kg сайтынан толтурсаңыздар болот. Ошондой эле
𝗳𝗼𝗻𝗱.𝘁𝘂𝗿𝘀𝘂𝗻𝗯𝗲𝗸𝗼𝘃@𝗴𝗺𝗮𝗶𝗹.𝗰𝗼𝗺 электрондук дарегине жана
кагаз (басма) түрүндө төмөндөгү дарекке жибериңиздер
Бишкек ш. Кулиев көчөсү №2, почта индекси 720010
Сурап билүү үчүн телефон: 0775 99-77-77. 0554 72-72-27 (WhatsApp, Telegram)
Сынактын жобосу жана шарттары менен www.tursunbekov.kg сайтынан тааныша аласыздар.
Катышууга чамдайбыз!
Маалыматты бөлүшүүнү эстен чыгарбаңыз!