Биздин энебиз
«Сарт эне» – деп биздин атабыз, энебиз айтышчу. Аларды ээрчип, биз да аны «сарт эне» – деп калганбыз.
Биздин эл эзелтен эле өзбектер менен иргелеш жашап келатыптыр. Ошондуктан болуу керек: алар менен карым-катнаш, алака алиге чейин калың. Алым-берим мезгил өткөн сайын азайбастан, тескерисинче арбып келаткансыйт. Илгертен эле эл менен элди жакын кылган баарынан мурда кыз дешет го. «Алысты жакын кылган – кыз, ачууну таттуу кылган – туз» деген акылман сөз да ошондон келип чыккан окшобойбу.
Сарт энебиз өзбек экен. Биз бала кезде аларды, эмнегедир, «сарт» дешип коюша турган. Ошондон улам келин-кесек тергеп, аларды ээрчип бала-бакыра да «сарт эне» дешип калган тура. Кийин ал анын кыргыздарга келин болуп келгенден кийинки экинчи аты катарында айтылып кала бериптир. Бул чакан кыштактагылардан бизге туугандыгы жоктор деле биздикилерди ээрчип, аны «сарт эне» дешчү.
Ошондуктанбы, биздин андагы түшүнүгүбүз боюнча «сарт энебиз» ушул айылдагы биз көрүп, биз билип жүргөндөрдүн баарын төрөп-өстүргөн Умай энедей туюлар эле. Жанагы «сарт эне» деген «Чоң эне» же «Улуу эне» дегендей угулчу. Анткени андан картаң адамды ал аймактан биз көргөн эмеспиз. Биздин бутубуз жетип, көзүбүз көргөндөрдүн ичинде андан аксакалы жок болчу. Ата-энебиз менен кээде той, ашка деп алыс-алыс айылдарга деле барып жүрчүбүз да, бирок сарт энебиздей картаңды жолуктурчу эмеспиз. Ошердегилер деле биздин «сарт энебизден» тарагандай сезилип кетер эле.
Сарт энебиз – чоң атабыздын атасынын зайыбы экен. Биз а кишиге эбиреби, кебире болот экенбиз. Сүрүштүрүп жатышып, биздин ата-энелер жаңылышып да кетише турган. «Иши кылып ушу кемпирдин зилиятынансыңар» деп гана кыскарта чабышчу андайда. Келин-кесек тамашалашып жашын сурашса: «Кудайдын өзүнүн эсинде болбосо, мен унутуп калдым» – дечү кырылдаган алсыз үнү менен тигилердин тамашасына – тамаша менен жооп берүүгө аракеттенген энебиз. Жарыктык чын эле жашын билбей калыптыр. Биздин ата-энелерибиздин айтуусуна караганда жүздүн ары-берисинде.
Биз эс тарткан кезде а киши эки бүктөлүп калган экен. Жаш келин-кесектер ал басып баратканда жонуна баласын мингизе коюшчу. Бирөөнү да эмес, кээде экөөнү катарынан отургуза коюшуп, сандарын чапкылай кыраан-каткырып күлүп алыша турган. Бала эмес жонуна суусу толо аякты коюп койсо деле чайпалбай кете бергидей. Ошончолук эңкейип калган эле. Эгер колунда жоон аса таягы болбосо, ошол калыбында ээги менен жер сайып жыгылчудай көрүнчү бизге. Беттин, алкымдын, колдорунун бырыш-тырыш терисинен ичиндеги суюктугу түгөнүп бараткан түтүкчөлөрдөй ичкерип калган кан тамырлары кыйма-чийме болуп билинип турчу. Каш-кирпигине чейин агарып кеткен. Баарынан да бизди, балдарды кызыктырып, нары таң калтырган нерсе а кишинин колдору титиреп, башы калчылдаганы эле. Тамакты өзү жеп-иче алчу эмес. Кимдин үйүндө жүрсө (А кишиден тарагандар он чакты үй-бүлө экен) ошолор өздөрү жанында отуруп, үч маал жедирип-ичириши керек. Биздикине кезек келгенде да ошентчүбүз. А дегенде апабыз, атабыз а кишинин кашына тизелей отура калышып, табактагы, же чыныдагы тамакты жедирип, же ичирип жүрүштү. Бара-бара энебизди биз, балдар, тамактандыра турган болдук. Кесеге аш келгенде (көбүнчө а кишиге суюк тамак даярдашчу да) бирибиз артына өтө калып башынан, дагы бирибиз колдорунан кармай, үчүнчүбүз анын ар убак биригип турчу шиш тизелерине кесени коё калчубуз. Анан ошонубуз кашык менен ичире баштачу элек. Көп ууртатып жиберип какалтып чакалтып алган учурларыбыз да болчу. Бирок а кишиге пайдабыз тийгенге кубанып калар элек. Чоңдор башын, колдорун кармап тамактандырып жатканда далай жолу а кишинин бу абалына таңыркай тиктеп отурганбыз да. Биз үчүн тамаша, оюн эле анысы. Аяганды, боору ооруганды билбесек керек анда. Кийин өзүбүз а кишиге жардам берүүгө жараган кезде деле ал ишибизге оюн катары мамиле кылып жүрдүк.
Сарт энебиз кээде бизге так ушул абалында жаралгандай да туюлуп кетер эле. Анын эч качан башкалардыкындай солкулдаган жаштыгы, башкалардын сугун арттырган чырайы, күндөп-түндөп казан-аяк кармап, иш кыла да чарчап-арыбаган күч-кубаты, бала төрөп, бала баккан, бешик терметип түн күзөткөн энелик доору болбогон сыяктанып кетер эле. Басса-турса ээрчип, колу-башын калтаңдата төгүп-чачып тамак жегенин карап, башкалардыкына түк окшобогон бу кебетесине күлүп, шылдыңдап жүрүшсүн үчүн гана аны кудай атайлап жаратып койгондой мамиле кылчубуз.
Көрсө, андай эмес экен. Чоң атабыздын атасы ага ашык болуп калып, анысын жашырбастан жакын туугандары аркылуу атасына айттырып жатып, араң үйлөнгөн экен. Сарт энебиздин атасы чоң атабыздын атасынын кыйышпас досторунан-ашыналарынан тура. Базарга барган сайын ал атын ошонукуна байлап, ошонукунан көк чай ичип, жумушу бүткөн соң ошонукунан аттанып кетчү экен да. Алар да кыргыз достору жайлоого чыккан маалда, быяктын аптабы мээни кайната баштаган кезде, ага чыдай алышпастан бала-бакырасы менен барышып апталап сейилдеп, өздөрү айткандай «салкындап» келишчү экен да. Өзбек ашыналары жайлоого эшектерине мөмө-чөмө артына барышкандыктан биздин чоң аталарыбыздын үйү үч-төрт күнгө чейин андайда коон, дарбыз, шабдаалы, жүзүм жытына толуп, башка үйдөгүлөрдүн шилекейин чуурутчу экен. Ал эми кыргыз достору жакада аңыз ачылып көчүп келишкенде өзбек ашыналарынын ал-ахвалынан кабар алышканы сары май, сүзмө, курут, быштак артынып барышкандыктан, тигилердин үйү бир нече күнгө чейин чанач, кымыз жыттанып турчу экен.
Ошентип, ансыз деле карым-катнаш калың болуп турган кезде чоң атабыздын атасы (анда жыйырмага караган курагы экен) аны дагы бекемдөөгө, андан ары чыңдоого себепчи болгон тура.
Чоң атабыздын атасы баласынын оюн билдиргени өзбек досуна барбайбы. «Каримжан ашына, – дептир бир аз ойлонуп отурган соң жай гана, экөөбүз ансыз деле дос элек. А дегенде аталарыбыз достошуп, алардан экөөбүзгө өткөн эле. Бала кезден сен эшекке, мен атка учкашып, аталарыбыз менен ары-бери келип-кетип жүрүп достоштук эле. Эми бизди бир тууган кыла турган дагы бир иш чыгып атат, Каримжан. Менин уулум Бектурду билесиң. Биерге да көп келген кичинесинде базарга мал айдашып. Силер аякка барганда да а дегенде эшегиңерди алып, колуңарга суу куюп, үйгө киргизген да ошол тун уулубуз эмеспи. Эсиңдедир. Оозуңа сала берген белем жараткан: ушу балаң мага жагып калды; кыздарымын бирин берсемби, качан келсем алдыман тосуп чыгып, алик алган ушул балаң» – деп бир жолу айткан да экенсиң. Менин эсимде жок, өзүнүн эсинде жүрүптүр. Каримжан абам унутуп калбаса, берген убадасы да бар дептир мага орточу салган кишисине. Кыскасы, куда түшкөнү келип отурам бу жолу, Каримжан. Бектурума кызыңы сурап келип отурам. Буга макул десең, мындан ары кудайлашкан куда болуп калабыз. Бир тууган болуп калабыз. Бар быдырым калбаса да мейли, беремин: айта бер оозуңа батканын. Тун уулуман, тун келинимен аяй турган эч нерсем жок. Орточу салбай өзүм келдим. Сага өзүмдөй ишенгендиктен ушинтип өзүм келип отурам».
Каримжан шар киши экен. Ар кандай ишти ачык айтып, ачык сүйлөшкөндү жактырган адам экен. Сөз ээрчитип маалкатканды жактырбаган мүнөзүн да биздин чоң аталар билишсе керек да. «Бар» же «жок» деп кесе айтканды жакшы көргөн Каримжан бул жолу да ал шардыгын карматыптыр.
«Сураганыңыз эле Айсарабы? Бердим. Алып бериңиз уулуңузга. Менин да эсимде жок экен жанагинтип айтканым. Анын эсинде жүрсө, демек, айтканым ырас. Жараткандын демек оозума сала бергени да ырас. Лабизден кайтууга болбойт, – деп нарыда очок жанында күймөнүп жүргөн кемпирин чакырат да, бетине бата тартып жиберет. Анан минтип кошумчалаптыр: «Камына бериңиз Жуман ака, тойго.» Чоң атабыздын атасы эки колун бооруна ала коюп: «Ыракмат, Каримжан! Сенин шардыгыңа ишендим эле, мени умсунтпадың. Бирок, айт аларыңы. Калыңды бычып коёлу. Биздин кыргыздардын салты боюнча атайын кишилер келип, кесим-бычымын бүткөрүш керек эле, ал кааданы бузуп өзүм эле келе бердим дебедимби. Ортого адам салгыдай жат-жалаң эмеспиз да. Кадича (Каримжандын зайыбы) экөөңөрдү сыйлагандан, силердин адамгерчилигиңерге ишенгенден өзүм келе бердим алдыңарга. Жок дебесең да, макул десеңер да а дегенде өзүм угуп сүйүнүп, же күйүнүп тим болоюн деген элем. Бали, Каримжан, адамгерчилигиңе!» – дей бериптир чоң атабыздын атасы кубанганынан башка сөз таппай.
Ашынасынын жетине албай жатканын албырып чыккан ак саргыл өңүнөн көрүп турган Каримжан да толкундап кеткен го. «Нимеге жок дейм? Силерди жакшы билсек, балаңарды жакшы билсек. Алма сабагынан алыс түшпөйт деген кыргыз туугандардын макалы туура. Ата-эне жакшыбы, перзенттери да жакшы. Көрүп келатабыз. Камына бериңиз, Жуман ака, куда кааласа, күздө балдарыбызды баш коштурабыз. Өзүбүздүн өзбектерден да келип жүрүшкөндөр көп эле. Аларга айткан шылтоом эле – али кызыбыз жаш деп койчумун. Чынын айтсам, ал адамдардын өзү көңүлүмө, эмнегедир жакпаган. Мына сизге, сиздин балаңызга буюрганын, ошондуктан башкаларга болбой жүргөнүмү бүгүн, азыр түшүнүп отурам. Тагдырдын буюрганы болот деген ушу экен да. Оомийин!» деп дагы бир жолу бетине бата тарта буурул тартып калган сакалын сылаган калыбында ордунан тура келген Каримжанды кучактай калып, чоң атабыздын атасы дагы жалынып жиберет экен: «Ой мусурман, калыңды айт, дебедимби. Бир жолу көңүлдү жамдап кетейин, Каримжан. Айт, оозуңа батышынча айта бер, өзүмүн дүнүйөм жетпесе, туугандарымкы бар. Силер Айсарадай кызыңарды аябаганда, мен силерден мал аямак белем, айта бер, уялбай. Анан биротоло бата кылабыз деп аптыгат экен. «Эмне деп атасыз, Жуман аке? Калың алгыдай мен кыргыз белем? Ата-бабаңыздан бери ашына болуп жүрсөк да өзбек туугандарыңыздын салтын билбейт турбайсызбы ушул убакка чейин. Тамаша кылып атат десе, чындап эле сурап аткан турбайсызбы. Биздин расмини билбегениңизди караңыз а-а. Кайра үстөк беребиз кызыбыздын үстүнө биз, өзбектер. Үстөк бергенибиз ушу: көрпө-төшөгүн өзүбүз жасайбыз. Кийим-кечесин өзүбүз даярдайбыз. Тоюн да өзүбүз кылып беребиз жамаатыбыздагыларга. Үстөк берет бекенбиз, Жуман ака? Мына ушундай биздин ирасми, билбесеңиз. Сарпайын жакшылап камдасаңыз болду», – деп анан жонун таптап күлөт да – эмне дээрин билбей туруп калган ашынасынын көңүлүн көтөрүш үчүн дагы минтиптир: «Менин бирин-экин малым сиздин мал менен эмеспи канча жылдан бери. Ошолорду өлтүрбөй-житирбей ит-кушка жедирбей багып турсаңыз бизге жыл сайын берчү калыңыңыз ошо. «Ал достугубуз үчүн, Каримжан. Кудалашпастан мурун деле андай болуп келген, мындан ары деле ошондой боло берет. Мен алардын оозуна чөп жулуп салбайм. Алар өз буттары менен басып, өз ооздору менен отточу мал деген болот. Биздин мал кайда жүрсө кошо жүрө берчү макулук. Кыргыздын эмнеси көп, тоо-ташы көп, демек жайлоосу көп. Алар үчүн мен да, менин атам да силерден эч качан акы доолаган эмес, доолабайбыз да. Бирок жанагы ирасмиңизге мен макул боло албайм. Мен кыргызмын: өзүмдүн элимин салтын кылышым керек. Анда мен өзүм айтайын: биздеги малыңарга бүгүндөн баштап, бир ат кошулат – ал сеники, бир уй кошулат – ал Кадичаныкы. Быяктагы тоюңардын да союшун мен берем. Күрүч, сабиз, пиязына чейин берем. Сарпай өзүнчө. Кана эми кайрадан бата кылалы» – деп андан кийин чоң атабыздын атасы отура калып, бетине бата тартыптыр.
Ушулардын баарын жана кыргыздарга келин болуунун толуп жаткан башка салт-каадасын, өзбектердикинен кандай өзгөчөлүктөрү бар экенин, кантип тилди үйрөнгөнүн, кайната, кайнене, кала берсе кайнилерге, кайын-сиңдилерге чейин мында башкача мамиле болгонун, аларды өздөштүргүчө кандай кыйналганын, төшөккө жаткандан кийин түндүн бир оокумуна чейин андай өзгөчөлүктөрдү күйөөсү, биздин чоң атабыздын атасы айтып берип үйрөткөнүн «сарт энебиз» колдорун калтыратып, башын тынымсыз термелтип отуруп кызыксына сураган бизге тажабастан айтып берер эле. Бизден мурункуларга да далай жолу айтып берип биротоло жат болуп калган белем, мүдүрүлчү эмес. Акырын, күч менен айтса да ыраатын бузчу эмес. Көздөрүбүз, кулактарыбыз али курч биз, а кишинин мышыктыкындай кырылдап тээ көмөкөйдөн араң чыкчу сөзүн эптеп укчубуз, эптеп түшүнчүбүз. Бизге таржымалын айтып берүү менен жаш кезин эске түшүрүү анын өзү үчүн да жагымдуу нерсе экенин биз кайдан билели анда. Кыйначубуз да аны калтыраган колдорунан, калтаңдаган башынан кармап туруп алып: али тигини, али муну айтып бериңиз деп. Жомоктору түгөнүп калат белем, анан өзүнүн башынан өткөндөрдү айтып кирер эле жанагинтип. Кызык да, кайгылуу да болчу а кишинин айткандары. Алиги тынымсыз калтыраган колдору тизесинде кезектешип жаткан биздин башыбызды «сылагылап», чачыбызды «уйпалап» киргенде, алардын тери менен гана сөөктөн турганын да унутуп калар элек. Ушунчалык жумшак, ушунчалык жагымдуу сезилчү анын колдору. Кээде уктап кетчүбүз тизесине башыбызды койгон бойдон. Уктап кеткенибиздин башынан абайлап кармаган бойдон нарыга жаткырып коюп, кезек күтүп турганыбыздын башын тизесине коёр эле. Башыбыздан «сылап», чачыбыздан «уйпалагандан» сарт энебиздин колдору талучу эмес да. Дайыма кыймылдап турат дебедикпи. Аларын башыбызга алып барып койсо болгону, андан ары өздөрү эле уктап калганга чейин бир тыным албастан «сылагылай» берчү. Өз энебизге антип эркелесек андан кийин эле: «Болдучу, колум ооруп кетти» – деп башыбыздан түртө тургузуп жибере турган да. Сарт энебиз антчү эмес. Ошондуктан а кишинин арык тизелерин талашчубуз. Тамактандырганда да талашчубуз энебизди. Жаш балача мойнуна боркок илип, алиги кырчыйган тизелерин да жоолук менен ороп таштап, анан гана колдорун, башын кармап кирчүбүз. Антпесек идиштеги тамак чайпалса, баарын булгап албайбы. Канчалык бекем кармасак деле кээде ээгине, андан барып тизелерине аштан таамп кетчү. Ошондуктан алиги боркокту тагып, тизелерин да жаап коюп атпайбызбы…
Сарт энебиз күйөөсү менен узак деле жашабаптыр. Бир уул, эки кыздуу болгондо андан ажыраптыр. Ачарчылык болуп, анысы аз келгенсип, элди кара тумоо каптап, ошондо жесир калган экен бу киши да. Эмне шыпаа болгонун билбейт, ал улуу тумоодон аман калгандардын катарында бу да айыгып кетиптир. Жаздыктан баш көтөрүп эсине келген соң гана эринин өлгөнүн билиптир. Эптеп сооротушат. Башына алып барышат. Эл жаткан соң уурданып эки чакырымча жердеги көрүстөнгө дагы барат экен. Эртеси билишип барышса, мүрзөнү кучактап жаткан болот. Анын денесинен аккан терге бейит жамгыр жаагандай карарып кеткен имиш. Ошондон кийин дагы үч айдан ашык төшөктөн турбай калган экен. Айыкканда ушинтип, башы калчылдап, колдору калтырап калган тура. Бирок, эс-акылына доо кетпептир. Баягы жалгыз уул, эки кызы да азыр жок экен. Көздөрү өтүп кетиптир. Алардан тарагандар бул айылдагылардын чоң тобу. Өзү жанагинтип, бирөөлөрдүн жардамысыз тамак-аш жей албай калгандыктан тиги өзбек кыштагындагы ага-туугандары аны алып кетишкен тура. Ошол жактан келип жүрөт экен.
Баарыбыздын атыбыз а киши үчүн эки гана сөз менен айтылат: «Уулум», же «кызым». Ушул эки сөз менен гана кайрылат баарыбызга. Аттарыбызды угаары менен эле кайра унутуп коёт экен. «Уулум, бери келчи, бетиңен өөп коёюн». «Кызым, бери келчи, маңдайынан өөп коёюн», – деп калтырап-титиреген арык колдорун узатып анан, эмнегедир, ар убак муздак жүрчү жука эриндерин былбыратып, бетибизге, же маңдайыбызга тийгизээр эле.
А киши келгенде биердегилер үймө-үй кыдыртып, төбөлөрүнө көтөрүшчү. Анын мындагыларга кадыр-баркын ушундан билчүбүз. Чоңдордун ушундай мамилесинен улам ага биздин ыкласыбыз арткан. Анын үстүнө сарт энебиз төркүнүнөн бизге, сөзсүз, бир нерсе ала келчү. Биздин эмнеге үзүлүп түшөрүбүздү жакшы билет да. Мөмө-чөмөгө. Карылыгына карабастан а кишинин куру кол келгенин такыр билбейбиз. Калтага, же себетке мөмө-чөмөсүн салып жонуна көтөрүп келер эле. Анысына чейин сурачыбыз да. Калтаңдаган башы титиреген колдору менен эч нерсеге жараксыз деп ойлогон биз жанагыдай жүк менен алда кайдан жөө келгенине да таңданчубуз.
Сарт энебиз дайым жөө жүрүп келатыптыр. Бели жанагинтип бүктөлүп, «көкүрөгү кирилдеп, көздөрү ириңдеп» дегендей таяксыз баса албай калгандан кийин деле эч кандай унаа минбептир. «Келин болуп келгенде чүмбөттүү араба менен жеткиришкени болбосо, андан мурда, андан кийин деле же арабага түшүп, же атка минген жан эмесмин», – дечү а киши. Ата-бабаларынан бери жерден көк чымырагандан тартып, жаканын эгини жыйылып, түздөрү сары аңызга айланганга чейин малынын жайын ойлоп, жайыттан жайыт которуп көчүп жүрчү элдин келини болгондогу анын эсинен ушул убакка чейин чыкпай жүргөн бир машакат – ошол көчкөн болуптур. Ошондо да айылдын андайда шарактаган кыз-келиндерине кошулуп, жасалгалуу ат минбептир, бешик өңөрбөптүр; бирок төө жетелептир. Таңга маал жүк артылып, анан чубалжып жөнөгөн көч жолдо бир түнөө менен эртеси кечке жуук араң жетчү өр, кыя жолдуу жайлоого да жөө барчу экен. Жүктүү төөнү жетелеп, ошончо жерге жөө басчу экен жарыктык. Анын көңүлү деп, күйөөсү да атынын тизгинин ээрдин кашына арта таштап коюп, кыл чылбырдын учунан коомай кармаган калыбында аны жандап жөө басчу экен. Мунусун эрөөн көргөн айылдын тили узун келин-кесеги: «кыргыз кыздарынын тукуму куруп калгансып, кайдагы сартты алып, карасаң тиги байкуштун бөжүрөгөнүн. Жүрөгү түшүп кетсе деле атка мингизип койбойбу тигинисин. Уялбастан өзүнүн жөө басканын кара буту күйгөн тооктой кыбыраган катынына кошулуп. Желенин жанына барбаса, кой, эчки сааганды билбесе, элдин катынычылап тезек терип, отун алганды билбесе, анын эмнесине алып жүрөт? Чырайын эмне, чылап ичмек беле» — деп сарт энебиздин бу тегеректе жок сулуулугун көрө албагандар, ага тымызын ичи тарыгандар, айрыкча сыртынан анын күйөөсүн жактырып, өздөрүнө ыраа көрүп, бирок ал купуя тилектери ишке ашпай калган соң мурдагы сүйүү сезими эми жек көрүү сезими менен алмашып кеткендер угузуп да, угузбай да күңкүлдөшүп, наалый беришет тура. Бирок биздин чоң атабыздын атасы андайлардан сөз жечү эмес экен. «Бээ сааганды деле, кой-эчки сааганды деле үйрөнүп алса болот. Бирок мен өзүм каалабайм аны. Анткени жарымы кый жыттанткым, чанач жыттанткым келбейт. Башкача айтканда, силерге окшоткум келбейт. Менин жарыма жандашсаңар гүл жыттанат. Мурдуңар иштейби? Гүл жыттанат. Силер көң жыттанасыңар» — деп теңтуш жеңелерин ал кайра кемсинтип таштачу экен. Анысын сарт энебиз чыканактай тулкун «бүлк-бүлк» эттире алсыз күлүп отуруп, кээде эскерип калар эле.
Чынында эле сарт энебиз сулуу, нары таза-табгир болгон экен. Өзүнүн үстүнөн да, күйөөсүнүн үстүнөн да бир жерин кир чалган кийимди көрүшпөптүр. Жаш балалуу башка үйгө киришкенде заара жыттанса, биздин сарт энебиздикинен күйөөсү айткандай эле гүл жыттанып турчу экен. Көрсө, дайыма өзү да, кийин балалуу болгондон кийин аларын да күнүнө эки-үч маалдап жуунтуп жүрөт тура. Кан базардын босогосунда ата-бабасынан бери жашап келаткан немелер андай нерселерди элеттиктерге караганда жакшы билери шексиз да. Дүйүм дүнүйөгө толуп турчу базардан, албетте, издеген буюмдар табылчу. Наристе кезинен андай пакизеликке көнгөн Айсара апта сайын атайын аттанып-тондонуп дегендей кем-каржысын ошол базардан гана бүтөрүп көнгөн кыргыз күйөөсүнө алиги атыр самынды зыноорлоону да унутчу эмес экен. Башка керектүү нерсе эсинен кээде чыгып кетсе да, таза жуунуп-чайынып жүргөнгө тиешелүү самын, бет май, упа, атыр өңдүү нерселерди эч эсинен чыгарбаганын сөз кезеги келгенде бизге деле энебиз айта жүрчү. Айрыкча анысын оркойгон арык тизелерин бизден талашып башын коё калган кыздарга акыл-кеңеш катарында эскергенин угар элек. Алардын чачынан айрандын жыты мурдуна урганда ошенткен көрүнөт. «Айран ичкенге жакшы, кызым. Анан анда-санда чачтын кебегин кетириш үчүн жууганга да жарайт. Ошондо да артынан самын менен жууп коюш керек. Кыз баланын башы айран жыттанып жүрсө, уят. Базарда атыр самын деген болот. Кымбатыраак, бирок ошо пулуна жараша ырахаты да бар. Атаңа айт, базарга жөнөгөндө. Кийин келин болгонуңарда да уялбастан күйөөңөргө айтып, ошондой самын алдырып, жуунуп жүргүлө. Упа менен атырдын да жакшысынан пайдаланыш керек. Ургаачынын экинчи көркү ошондо» — деген өңдүү сөздөрүн угуп калчубуз кенет-кенет.
Сарт энебиз андай тазалыкка жаш кезинен үйрөтүлүптүр. Өздөрү намазгөй ата-эне балдарынын баарын, ошонун ичинде муну да тогуз жашынан тартып, беш маалдап даарат алууга, беш убак жайнамазга бут коюуга көндүрүшкөн экен. Чоң атабыздын атасы да ушу кишинин таасири менен сопулукка өткөн дешет. Арак эмес, бозо да оозуна албаптыр. Айылдын айрым катындары да сарт энебиздин үлгүсү менен орозо тутуп, намаз окууну үйрөнүшкөн экен. Ошондуктан сарт энебиздин экинчи аты – Атин эле. Аялдардан чыккан молдону ошентип атаашарын кийин билдик.
Биз эки жаагына акырын эки алаканыбызды коюп, калчылдап турган башын токтотуп, дагы экөөбүз диртилдеп турган эки колунан кармай, дагы бирибиз тизесине коюлган идиштен тамак ичирип, же жедирип жүрчү кезде деле а киши намаз окучу. Убагы келери менен жылуу суусу бар кара кумганды (энебиз кайсы үйдө жүрбөсүн, ичинде суусу бар кумган күндүз деле, түндө деле очоктон бери түшчү эмес) таяктан бош колу менен шылкылдата көтөрүп алып, далдаага жөнөчү.
Сарт энебиз быяктагы урпактарын сагынганда эле жөөжалаң жанагинтип белек-бечкегин көтөрүнүп келип калат экен да. Улуулардын айтуусуна караганда мурда алигидей мөмө-чөмөсүн көтөрүнүп ал киши тиги улуу жайлоого чейин жөөлөп барып калчу экен. Айран, сүткө, кымызга кынуу таап калган ал кээ жылдары эл жазгы журтка чыгаары менен келип, алар улуу жайлоодон кайткыча көчүп-конуп жүрө берчү экен. Биздин тушубузда жакага араң жетип келчү болуптур. Көбүнчө күздө, эгин-тегин жыйналып, аңыз ачылганда, биздин ата-энелер жакага көчүп келип отурганда келчү. Кечиге берсе, быяктагылар атайын киши жиберише турган. «Кабар алчы, кечигип атат го сарт энебиз, ооруп-нетип калбады бекен» – дешип чоочулагандарын да укканбыз. Ал келсе өзү менен кут-берекени кошо ала келчүдөй убактысы жеткенде кадимкидей жол карап калышаар эле. Биз, балдар, ого бетер. Биздин жол караганыбыздын себеби белгилүү да: анын желкесине көтөрүп келчү мөмө-чөмөсү, анан такыр тынбастан-чарчабастан башыбыздан «сылап-сыйпаганы». Сарт энебиз ошол бойдон боз кыроодо кетчү. «Мен эми сандалга барайын. Төркүнүмдөгүлөрдүн кимисиникине кирсең да мындан быякка сандалы бар. Колу-бутуңу кошо салып ысытканга ошо жакшы. Өлбөсөм, бохарда (сарт энебиз өзбек сөздөрүн аралаштырып сүйлөөр эле. Жаз дегенди айталбастан «бохар» деп атпайбы), же күздө дагы темселеп келип кетем» – деп анан аны жардана тиктеп, коштошуу жакындап калганынан жүрөгүбүздүн бир чети тызылдап турган ар бирибиздин башыбызды калтыраган колдору менен кармай берип, муздак эриндери менен маңдайыбыздан «чоп», «чоп» эттире өөп чыкчу.
Аны биз, балдар, кыздар көпкө чейин узатып барчубуз. Ийнинен тартып, таяктан бош колун кармаган калыбыбызда узатып жөнөчүбүз. Анын колуна, таягына жетпегендерибиз алдынан, артынан акмалап жүрүп отурар элек. Жонунда дагы көтөрүнчөгү бар. Эми быяктагылар берген курут, быштак, кургатылган эт. Аларды калтага салышып, өзүнүкүндөй кылып чапан өңүрүнө ороп, сыртынан белине кошо таңып коюшкан. Өзү да мөмө-чөмөнү ушинтип алып келчү да. Тыяктан да ушинтип таңып беришет экен да.
Кыштактын четине чыккандан кийин энебиз муздак эриндерин дагы бир сыйра маңдайыбызга кырылдап-шырылдап жатып тийгизип, андан ары бизди бастырчу эмес: «Быяк ээн. Кичинекей балдар жүрбөйт мындан ары».
Эки бүктөлүп, анда-санда бут коюп, өмүр жолунун акыркы аралыгын өлчөгөнсүп, бейкумар, беймаанай бараткан сарт энебиздин карааны көрүнбөй калганча алиги жерден кетпей карап тура берер элек. Ананчы. Андай эне бу айылдагылардын эч кайсы балдарында жок да. Биз барып жүрчү коңшу айылдардан да көргөн эмеспиз, дедим го. Демек, андай эне бизде гана бар! Ошого сыймыктанып жүрбөйбүзбү. Ошондуктан андай энеден ажыроо, убактылуу болсо да, биз үчүн кыйынга турчу.
Биздин андагы баамыбызда сарт энебиз ошол абалында жердин түбүнө барчудай туюлар эле. Андан улам ага болгон биздеги аёо сезими ого бетер күчөп чыкчу. Артынан аяп карап турар элек. Кийин аталарыбыз менен базарга мал айдашып барууга жарап калганда көрсөк, а кишинин төркүнү беш-алты эле чакырым жерде экен.
А кишинин кетиши менен биз, балдар, колубуздагы оюнчугубузду тарттырып жибергенсип, сустая түшчүбүз. Башыбызды «сылагандан», чачыбызды «тарагандан» талбаган анын арык, бирок жагымдуу колдорун заматта эңсеп калар элек. Чапан өңүрүнө салып, балачасынан жонуна көтөрүп келчү мөмө-чөмөсүн сагынып кетер элек. …
А кишинин өлгөнүн укканда биздин көзүбүздөн жаш агызган ошол керемет жыттуу мөмө-чөмөсү, уктап калганыбызга чейин эрикпей-зерикпей, чарчабай-арыбай башыбыздан «сылап» отура берчү башка кемпирлердикине окшобогон колдору болду. …
Жүздөн ашкан сарт энебиз бышыкчылык маалында өлдү. Төркүнү менен биздин айылдын ортосунда, сексен жылдан ашык убактан бери ары-бери жөө каттаган жолунда өлүптүр. Белине белдемчи ордуна байлана жүрчү жайнамазын жайып таштап, анын бир четине бут коё намаз окуп жаткан учурунда көз жумуптур. «Башын сейдеге койгон бойдон, көтөрбөй калыптыр» – дешти тегирменден келаткан бирөө көргөн экен, ошонун кабары боюнча анын денесин биздин айылга алып келгендер.
Биздин эмки сүйүнгөнүбүз эки жактын тең көңүлүн калтырбас үчүн тирүүсүндө далбас уруп ары-бери жөө каттачу энебиздин сөөгү биздин жерде калганы болду. «Кайда жан берсе, ошо жердин топурагын жазданып жатышы керек. Буюрганы ошо» – деген молдолордун чечими биздин пайдабызга болуптур. Сарт энебиз биздин чек арага өтүп, анан жан берген тура.
…Алиге чейин биздин тукумдун чоң-кичинеси ал көрүстөнгө барганда өзүнө жакын кишисинен кийин сарт энебиздин жерге айланып бараткан чакан бейитинин жанына да барып чөгөлөй отура калып, куран билгени анын арбагына багыштап куран окуйт, куран билбегени ала барган гүлүнөн үч-төрт талды анын мүрзөсүнүн үстүнө да таштап коёт.
1974