Жолон Мамытов: Буурул таңдын жомогу (Баатырдык поэма)

Буурул таңдын жомогу

Баатырдык поэма

Киришүү

Чоң атамдын атасы

өз атамдан уккам деп

бул жомокту ал айткан.

Чоң энемдин энеси

чоң апамдан уккам деп

бул жомокту ал айткан.

Жел кемелер деңизди

жиреп сүзүп кеткендей,

мезгилдерден бул жомок

желип өткөн сезгенбей,

Куйма кулак балдардын

кулагында калган да,

картайганда өздөрү

айткан бөбөк-балдарга.

Ал бөбөктөр чал болуп

алдан-күчтөн кайтышкан.

Бул баянды ошондо

кичүүлөргө айтышкан.

Сан кылымды кечирип

жашыл бойдон арчадай

ушул баян эскирбей

бизге жеткен чарчабай.

Карт дастанды жаңыртып

эскерели кайта аны.

Кези келди.

Биз дагы

кийинкиге айталы…

 

Биринчи бөлүм

Бала Чилтен баяны.

Жолборс жашаган коңулдагы окуялар.

Жалпак таман менен болгон

Кармаштын акыры.

I

Күн кур эмес малы өлүп,

катын өлүп, бала өлүп,

кылым өтпөй кыргынсыз,

тыным өтпөй кырсыксыз,

уйгак сымал жармаша

ээрчип алып каргаша,

байыркы бир заманда

эл беталды көчкөндө,

жайлуу турак издешип

агын суудан кечкенде,

бир чал менен бир кемпир

көч артынан жеталбай,

жалгыз уулу жоголуп

журтта калат кеталбай.

Чал теңирге жалбарат:

«Аман болсун башы эле».

Ошол жылы баланын

он экиде жашы эле.

Карыганда багаарым

кайда кетти дейт кемпир.

Жалгызынан дарек жок

жапаа, кайгы жейт кемпир.

Кара журтту кайтарып

кара жанды кыйнашып,

чар тарапты искешип

чаалыгышып издешип,

туура алты ай күтүшүп

үмүттөрүн үзүшүп,

Чилтенинин бул журтка

кайрылбасын түшүнүп,

картаң эне какчайып,

бели ийилди бекчейип,

куш сезилип жалгызы

шашып учкан кеч келип.

Карт атанын көздөрү

электенип, тунарып

катты калды сөңгөктөй

кызыл өңү кубарып…

Болбос ишке дабаа жок

кандай айла кылалы.

Биз окуя тизгинин

бала жакка буралы!

II

…Таштан ташка секирип

бала жүрсө гүл терип,

Жамгыр төгүп жиберет

күн карайлап бүркөлүп.

Сыкма болуп кийгени

бала жаанда кайыгат.

Жүргөн селден өтө албай

бир үңкүргө кабылат.

Сөөккө жетет тим эле

ал үңкүрдүн муздагы.

Ойношчу экен ал ченде

жин-перинин кыздары.

Адам жытын түпкүрдөн

алар дароо искешип,

ким келди деп топурап

чыга калат издешип.

Тырмактары шамшардай

учкун учуп көзүнөн,

асман түспөл чачтары

узун экен өзүнөн.

Термелишип турушу

адам көөнүн сыйкырлап,

талып калып көргөн жан

эске келбейт кыйкырмак.

Бала Чилтен тиштери

үшүгөндөн шакылдап,

жин-перинин кыздары

жылат ага жакындап.

«Ай-ий жакшы бала экен,

ай-ий эси бар экен.

Ай-ий көзү көк экен,

ай-ий чачы кара экен»

дешип алар туш-туштан

сөз ташташат балага.

Ошол кезде бир жолборс

пайда болот арада.

Шарт мингизип баланы

карматат да мойнунан,

чуркап барат зымырап

тоо-токойдун койнунан.

Бир дайрадан кечкен соң

түшүрөт да баланы,

оозун сомдоп адамча

сүйлөйт жолборс жанагы:

–Мен бир жаштан ашканда

ата-энемден жашынып

ойноп жүрүп, аскага

калган элем асылып.

Эми кулаар кезимде

кол шалдырап бут талган,

адам уулу – бир Мерген

мени ажалдан куткарган.

Издесем да Мергенди

ошол бойдон көрбөдүм.

Илбээсиндер айтышты

зоодон учуп өлгөнүн.

Жин-перинин кыздары

жешмек тытып өзүңдү.

Шакегине салышмак

оюп туруп көзүңдү.

Мен карызым өтөдүм

кааласаң кет, каала кал.

Ойнойм десең бир өсүп

менде дагы бала бар!..

…Бала Чилтен ошентип

үйүн көздөй шашпады.

Жолборс жүргөн коңулда

өмүр сүрө баштады.

Кечке токой аралап

каткырышат жарышып,

бала Чилтен, жаш Жолборс

күрөшүшөт алышып.

Оюндары канган соң

эт жешет да чукташып,

томурайып ар жерде

жатып калат укташып.

Булчуңдары баланын

уйдун сүттүү желиндей

күндөн-күнгө чулчуюп

катып барат темирдей.

Сокбилектей билеги,

көкүрөгү керилип,

көп убакта жаш Жолборс

калчуу болду жеңилип.

Үйдөй ташты ордунан

оңой-олтоң жылдырып,

карагайды жүз кулач

койчу болду сындырып.

Бала Чилтен бакжайып

бар сезими өнүктү.

Айбанаттын тилине

өз тилиндей көнүктү.

Токсон гүлдүн бүрүн жеп

токой кезген жаныбар

бир карагер ат тапты

маңдайында шамы бар.

Туяктары таш чапчып

жал-куйругу төгүлөт.

Бул келишкен аргымак

асыл жылкы көрүнөт.

Карагерди минди эле

күч-кубаты артылды.

Алгачкы ирет ошондо

айылын эстеп талпынды.

Ата Жолборс аскадан

аркар сүйрөп түшкөндө,

эне Жолборс эгизден

эчки сүйрөп түшкөндө,

бала Чилтен алдынан

тосуп чыгып аларды,

ыраазылык билдирди

айтып туруп саламды:

–Куткардыңар өлүмдөн,

балаңарга дос болдум.

Өз үйүмдөй кайгысыз

ойноп-күлдүм, шоктондум.

Жыргап жүрө берипмин,

Уруксат бер, жол кетем.

Атам-энем бар эле

кандай алда болду экен?

Ата Жолборс, ыракмат

ата болгон сүрүңө,

эне Жолборс, ыракмат

эне болгон күнүңө.

Досум Жолборс, кош эми,

балалыкты эстешип

бир каткырып алаарбыз

калаар болсок кездешип!

 

Бала Чилтен астейдил

сабал салып турганда

жооп күткөн ормонду

тынчтык басты бир дамга.

Ата Жолборс жалынан

жулуп берди бир тутам.

Эне Жолборс чачынан

түйүп берди бир тутам.

Бала Жолборс кылынан

байлап берди бир тутам.

–Кыйын күндөр туш болот,

катып жүрсөң беленде

үчөөбүздүн күчүбүз

кошо жүрөт денеңде!

Коштошушту Чилтенге

жашы менен карысы,

Жолборс бийлик жүргүзгөн

айбанаттын баарысы.

III

Чилтен жетти журтуна

кырк күн, кырк түн толгондо.

туш тарапта түмөндөп

кошун жатат жон-жондо.

Сөздөрү да бөлөкчө,

Өздөрү да бөлөкчө.

Жанып турган түнкүсүн

көздөрү да бөлөкчө.

Асабага ашталган

кайрылары шиш келет.

Колго тийген жандыктан

жасап жатат шишкебек.

Желедеги кулунду

туш жагынан сайышып

Жеп салышты заматта

астына от жагышып.

Дагы бири баканы

тирүү жутту каратып.

Жиптей тартып жыланды

жешет экөө талашып.

Кумурсканы жайнаган

кочушуна толтуруп

чайнап жатат бирөөсү

таш түбүндө олтуруп.

Ары жакта бир тобу

адамды отко ташташты.

Бутун буттай, колун кол

тытмалаша башташты.

Муну көргөн Чилтендин

бүткөн бою муздады.

Чекесинен тер кетип

көкүрөгү сыздады.

Түн жамынып үйүргө

жакын жетип караса,

жылкы кайрып сокур чал

ыйлап турат балача:

–Ыраа көрбөй койдуң ов

теңир мага ажалды.

Күнөөм үчүн качанкы

ыйгардың бул жазаңды?

Жин-перинин аскери

малды-жанды койбоду.

Эр азамат эченди

эс жыйдырбай сомдоду.

Эки жылдан бержакка

жатат жайнап жон-жондо.

Тирүү жүрөм жем болбой

өзүм арык болгонго.

Бала Чилтен муну угуп

башы жерге шылкыйды.

Чалга жакын барды да

жай сурашып сыр курду:

–Мен адамдын баласы

кулак салгын, абаке.

Көп жыл мурда жашаган

мындагы журт канаке?

–Жайлуу турак издешип

алар сууну кечишкен.

Бир ат менен биздерди

журтка таштап кетишкен.

Жоголгондо балабыз

алты ай күткүн дешти эле.

Бала да жок, тууган жок,

жок дүйнөдө эчтеме.

Алты ай күтүп энеси

кайып болгон баланы,

моюн сунуп ажалга

акыретке карады…

«Атаке!» деп эр Чилтен

кучактады атасын.

Ал ошондо түшүндү

балалыктын катасын.

Жашы кетип он салаа

буркурады, боздоду.

Ал көз жаштан коктуда

кыян жүрөр окшоду.

Ал көз жаштан бир тамчы.

чал көзүнө чачылды.

Сокур карек соолуган

чайыттай болуп ачылды.

Буудан деген жылкыны

бөлүп айдап үйүрдөн

кирип кетти ормонго

ата-бала сүйүнгөн…

–Алты ай күткөн энемдин

сөөгү калган бул жерде.

Баба менен кандаштын

көбү калган бул жерде.

Алты айчылык сапарга

кеткен тууган не болду?

Кыр-түзөңдө бириндеп

кырылдыбы жоо колдуу?

Жин-перинин аскери

аскер эмес, ач бөрү.

Алтай журттун кишиси

ач бөрүдөн кач бери, –

деп кабарлап эр Чилтен

тозгон журтту топтоду.

Кармашууга кас менен

кандуу жолго токтоду.

Усталары узанып

албарс кылыч сугарды.

Асыл ташка кылоолоп

мизин эки чыгарды.

Карагайдын учуна

болот учтук капташты.

Отуз күнү найзаны

көмүр чокко тапташты.

Тегиз күлүк суутуп

күчтөнүштү катарын.

Жебелердин учуна

уу сүртүштү атайын.

Алты төөнүн терисин

ийлешти да майлашты.

Денесине Чилтендин

сексен ороп байлашты.

Туягына атынын

калың темир кактырды.

Толорсугун толтурбай

караңгыда бактырды.

Темир кадап төшүнө

туулга кийди башына.

Кармашуута кас менен

камчы басты атына.

IV

Жин-перинин кошуунун

Жалпак Таман бийлечү,

Жүрүп кетсе жөө-жалаң

буту жерге тийбечү.

Көкүрөгү жар эле,

алп чеңгели кан эле.

Кармашканда күч берчү

кырк илээси бар эле.

Эң биринчи илээси

сөзү менен чуктатып,

көз көрүнөө адамды

коёр эле уктатып.

Сегизинчи илээси

жылан болуп имерип

көздү сокур кылчы эле

уусун чачып жиберип.

Жыйырманчы илээси

доңуз болуп куркулдап

челип салчуу душманын

чуркап жетип дуңкулдап.

Отузунчу илээси

шамал болуп жутунуп

ороп кетчүү адамды

куюн болуп учуруп.

Эң акыркы илээси

жолборс болуп арылдап

тиш салганда касына

кан жайылчу шарылдап.

V

Жалпак Таман так билди

душман келе жатканын.

Көкүрөгү эрдигин,

көөдөнгө кек катканын.

Сынамакка душманын

миң аскерин жиберди,

каптаттырып имерди.

Миң аскерди эр Чилтен

Качыратып куурайдай

кайсап кырып жиберди.

Бул айласы бүткөн соң

алпка жолун тостуруп

дагы салса сарасап,

карагайдан сур найза

алп илинип баратат.

Жалпак таман байкады

жоосу оңой эмесин.

Алгачкы ирет коркунуч

дирт эттирди денесин.

Опол Дөөсүн чакыртып

сына деди күчүңдү.

Дөөнү жеңсе бул Чилтен

Жалпакеңе анда эле

тең келээрин түшүндү.

Дөө качырып барды эле

шаша түштү эр Чилтен.

Токтой калды апкаарып

жигиттери ээрчиткен.

Ошол кезде Дөө аны

мыктап сайган окшоду.

Сексен кабат терини

найза жиреп токтоду.

Дөө найзасын тартканча

Чилтен кылыч шилтеди.

Топ деп башы таарылып

Дөө жан берди мүрт эми.

Жалпак таман атына

ыргып минип тосту жол.

Таазим кылып астейдил

эр Чилтенге сунду кол:

–Бул алтын баш доорунда

баатырларды көп көрдү.

Ашкан баатыр экенсиң

алардан да өктөмдүү.

Миң аскерди бир кырып

алпты дароо туздадың. –

Опол Дөөнү ишенген

койдой кылып мууздадың.

Тилегиңди айт бачым.

айтканыңдай кылалы.

Жер меники, кет десең

ат тизгинин буралы.

Багын десең багынып

кошуун болуп берели.

Кыйындыгың көтөрөөр

досуң болуп берели!…

Жалпак Таман жапылдап

сүйлөп жатты сөздөрүн.

Эр Чилтендин уламдан

уйку басты көздөрүн.

Муштай көгөн мурдуна

конуп туруп сайды эле,

чочуп кеткен Чилтен эр

кылыч сууруй калды эле,

Жалпак Таман жыйрылып

жылан болуп арбады.

Ууртуна жыйнаган

уусун эми камдады.

Камбар ата тукуму

айтуяктуу Карагер

чаткаяктай калды эле

дүң дей түштү кара жер.

Ат болбосо Чилтенди

анык азыр өлтүрмөк.

Карагердин кареги

агып түштү мөлтүлдөп.

Сойлоп кеткен сур жылан

топ бадалга жашынды.

Азуулары арсайып

доңуз болуп качырды.

Эми жарам дегенде

электебей эр Чилтен

эки азуудан кармады,

кайрып туруп сындырып

каман оозун кандады.

Доңуз дароо ошондо

жолборс болуп кубулду.

Күркүрөгөн дабышы

жер жүзүнө угулду.

Чокмор баштай куйругу

аркан болуп узарып

секирүүгө камданды

көзү оттой кызарып.

Ата Жолборс жалынан

жулуп берген тутамды,

эне Жолборс чачынан

түйүп берген тутамды,

бала Жолборс кылынан

байлап берген тутамды

кармап Чилтен колуна

үн чыгарса күркүрөп,

жер жарылып ал үндөн

булак акты диркиреп.

Эки жолборс тирешип

эки дүйнө беттешти.

Жардап карап тургандар

жабалактап четтешти.

Ошол кезде эр Чилтен

Чын кармашты баштады.

Каршысында жолборсту

апчып туруп жонунан

жара чайнап таштады.

Жалпак Таман жан берди

чын ажалга туш болуп.

Жайнап турган аскери

учуп чыкты куш болуп.

Далдалактаган сансыз куш

Күндүн көзүн жапканда

эр Чилтендин жебеси

учуп жатты асманга.

Бир жебеге тепчилип

бир нечеден илинип,

күн кайрадан нур чачты

тазаланып куштардан

асман жара тилинип.

Карагердин кайрадан

кошкуругу угулду.

Күндүн нуру жылкынын

карегине куюлду.

Жигиттери Чилтендин

тегиз ишке жарашты.

Беш салаадай жебе огу

караңгыны таратты.

Эң акыркы кара куш

түшкөн кезде алдына,

жер титиреп, зоо көчүп

тоо силкинип алды да,

Булак мөңкүп кайрадан

жан-жаныбар ырдады.

Жин-перинин бийлиги

жер үстүнөн кыйрады.

Экинчи бөлүм

Алты айчылык жол.

Дүрбөлөң коктунун сыры.

Чөөлөрдүн падышасынын туткунунда.

Таш күзгү таржымалы.

VI

Эр Чилтендин эрте-кеч

аз көрүнүп карааны,

жин-перини жеңсе да

ачылбады кабагы.

Чилтен баатыр чыкты деп

алыс кетип кабары,

даңкы дубан жарса да

ачылбады кабагы.

Кыялына эрте-кеч

үйүп алып санааны

кызык күндөр келсе да

ачылбады кабагы.

Атакеси бир күнү

сыр сурады уулунан:

–Түнөрөсүң бейдарек

нени сезсек мунуңан?

Алтай журтуң батынып

сурай албай өзүңдөн,

адам билбес кайгыны

байкап турат көзүңдөн.

Колуң менен чогулткан

элиң даяр ишиңе.

Чыгар, уулум, бугуңду

ката бербей ичиңе.

Деген сөзгө эр Чилтен

каректерин жаш чайып,

сырын айтты момундай

атасына кашкайып:

–Он экиде кезимде

энем тирүү чагында,

Айкөкүлдөй кыз менен

алчалуунун багында

кармачу элек көпөлөк

көз кумарын кандырып

канатынын түсүнө.

Көптөн бери ошол кыз

күндө кирет түшүмө.

Жалындаткан сулууга

жакын барып кол сунсам,

мага тике карабай

болот ыйлап олтурган.

Жаш кездеги шертим бар,

Айкөкүлдү издейин.

Арман болуп калбасын

акылымды түздөйүн.

Жер которгон журтумдун

билбейм эмки мекенин,

бирок сезет жүрөгүм

кыйын алда экенин,

Уруксаат бер, атаке,

сапар жолго чыгайын.

Таржымалын туугандын

өз оозунан угайын…

Алтай журттан мыктылар

баатыр түшүн жоруду.

Тозуп кеткен элди эстеп

кабыргасы кайышып

сезимдери ооруду.

Менмин деген жигиттер

жолдоштукка катталып,

жооп алган эр Чилтен

жолго чыкты аттанып.

VII

Алтымыш күн жүрүштү

ат туягын талытып,

аскалардан өтүштү

муз жарылган кар учуп.

Жетимиш күн дегенде

желдей болуп желишти.

Булут челген тоолордун

этегине келишти.

Кокту-колот, суу бойлоп

ичкерилеп жүрүштү.

Дүрбөлөңдүү жылгага

дүпүрөтүп киришти.

 

Бул жылганын ичинен

от атылып асманга,

сай ташындай чокторду

туш тарапка чачканда,

түнү болуп күндүздөй

бүт теребел жаркырап,

оттуу дайра кокту ылдый

кетип жатты шаркырап.

Эгээдери коктунун

жалын топтой тоголок,

эр Чилтенге аскадан

жакындады тоголоп.

Ысыгына чыдабай

аттар артка жылышты.

Куйкаланып жалдары

омуроосу тырышты.

Чекесинен эрлердин

тер жамгырдай агылды.

Топ жалындан чыккан нур

көздөрүнө чагылды.

Иңир кечте коктуга

өзүнчө эле күн чыкты.

Топ жалындан ошондо

мындай деген үн чыкты:

«–Кастык ойлоп адамзат

келген болсоң дилиңде,

чөктүрөмүн баарыңды

от кайнаган иримге.

Эгер болсоң жолоочу

жол көрсөтүп коёмун.

Болсоң кокус каракчы

көздөрүңдү оёмун.

От уурдагыч шум болсоң

байлап туруп кул кылам. –

От ташытып өзүңө

турпатыңды күл кылам, –

Ачыгыңды айт бачым, –

калп айтканың билемин,–

жактырбаймын жалганды,–

чындык сөзгө иемин». –

Чилтен муну укканда

от алоолоп канында,

таржымалын жашырбай

айтып берди Жалынга. –

Эр Чилтендин баяны –

от эгээсин муютту. –

Уккан кебин жактырып

көөдөнүнө уютту.

«–Бир заманда Жин-пери

мени менен урушкан.

Өчүрөм деп түбөлүк

отума суу куюшкан.

Ал кусурду атайы

мага согуш баштаган,

колу-бутун куйкалап

алыс сүрүп таштагам.

Душманымды жок кылган

Чилтен, досум экенсиң.

Эми кантип Топ жалын

санаалашка кекенсин.

Сенин журтуң чачылып

баратканда бүлбүлдөп,

жол көрсөтүп койгонмун

күн артынан жүргүн деп,

От бергенмин колуна

үшүгөндө жылын деп,–

адамзатка тирүүдө

эркин болуу кыйын деп.

Бул шакекти эр Чилтен

тагып алгын салааңа

Күйүп кетет отунан

бүтүндөй бир калаа да.

Жаман ойлоп колдонсоң

өзүң кошо күйөсүң,

жакшылыкка колдонсоң

жеңиш менен жүрөсүң…»

Муну айтты да Топ жалын

кош деп артка шашылды.

Сай ташындай сансыз чок

аркы кырдан атылды.

Дүрбөлөңдүү жылгадан

дүрбөлөңдүү таң атты.–

Эр Чилтендин аз кошун

күндү этектеп баратты.

VIII

Токойлордон өтүштү

бал аарылар бал жыйган.

Арашаны адамдын

аңкаганын кандырган.

Тоолорго туш келишти

мончок болуп тизилген.

Көлдөргө туш болушту.

көк сүрөтүн түшүргөн.

Кез келишти талаага

сансыз гүлдөр ачылган.

Адам бою шибери

кайберенин жашырган.

Аркыраган шамалдай

аттарынын жүргөнү.

Эпкининен ийилет

эрмен менен бүргөнү.

Каргасы жок как эткен,

кузгуну жок кук эткен,

тамчы суу жок ичээрге

туш келишти бир кезде

жайдак, такыр куу чөлгө.

Акакташып эчен эр

ашык жүгүн таштады.

Аргымактар кибиреп

илкип баса баштады.

Эрме чөлдүн эч качан

бүтпөчүдөй аягы,

аттан түшүл жөө басып

тамандары канады.

Эр Чилтендин бул иштен

саны санга бөлүндү,

куу ажалдын көзүнө

куу тумшугу көрүндү.

Мээнет берип баарына

мээ кайнаткан күн өттү.

Ортосунда куу чөлдүн

очорулуп жүдөштү,

чаңкап барып күүгүмдө

чалдыбарга түнөштү.

Бир заманда бул жерде

адам уулу жашаптыр.

Ак таштардан келтирип

ак сарайды жасаптыр.

Анын баары ураптыр,

аппак таштар кулаптыр.

Эми болуп чалдыбар

күңгүрөнүп турат бул.

«Кимдер мунун ээлери,

не деген журт, кайда алар

Бул ээликкен турмушту

мезгил кантип жайгараар?

Кезегиңде гүлдөтөөр,

миң түрлөнтүп саймалаар,

анан бир күн ушинтип

чалдыбарга айланаар.

Адам уулун не тагдыр

түбөлүктүү кылбадың?

Кылымдарды коротуп

желге чачтың жыйганын.

Адам уулун не мезгил

аяп коё албадың?

Ата-энесин алып сен

урук курут болбоско

калтырасың балдарын.

Адам уулу эмне үчүн

бул буйрукка көнүшүп,

азап чегип келатат

бирин-бири көмүшүп?

Кайда жетет адамзат

ай-жылдарды куушуп,

улай берсе сапарын

бирин-бири куушуп?

Болобу да болбойбу

ушул көчтүн акыры?..»

Муну ойлогон Чилтендин

аза түшөт акылы.

Түркүн-түмөн санаага

Чилтен ою бөлүндү.

Ошол кезде чөл жактан

сансыз оттор көрүндү.

Жылтылдашып ал оттор

ар кай ченден жанат да,

башка жайдан жылт этет

сыйкыр өндүү заматта.

Бир каткырган үн чыкса,

улуп уңшуйт бир туруп,

бул алаамат жылган от

келет алга умтулуп.

Тыптынч жаткан чөл түнү

бейпилдигин жоктоду.

Бул шумдукка багынып

туруп берген окшоду.

Катты мында аз кошуун

казык кылып каккандай,

ал жетпеген бир чоң өрт

жалмап келе жаткандай.

Жакындоодо бул укмуш

курчап алып өчүгүп,

жеп жаткандай кирген суу

улам жарды көчүрүп.

Куйтуңдаган түмөн чөө.

селдей болуп каптады.

Арып бүткөн аз кошун

чегинише баштады.

Жеп жиберди ал чөөлөр

артта калган аттарды.

Муңкуратып мына эми

анык тытмай башталды.

Ошол кезде эр Чилтен

ата Жолборс жалынан

жулуп берген тутамды,

эне Жолборс чачынан

түйүп берген тутамды,

бала Жолборс кылынан

байлап берген тутамды

кармады да колуна

жер силкинте бакырды.

Кармашууга чөөлөрдүн

падышасын чакырды.

Эки чоң от балбылдап

Чилтен көздөй бери акты.

Жалтылдаган майда оттор

аны коштоп келатты.

Падышасы чөөлөрдүн

канткен менен сүрдөдү,

аркы дөңдөн Чилтенге

мына минтип сүйлөдү:

–Биз кумдайбыз саналгыс,

биз чөптөйбүз кырылгыс.

Биз бул чөлдүн ээсибиз,

биз токойбуз кыйылгыс.

Бирибизди өлтүрсөң

өч алабыз миңибиз.

Бирибизден кутулсаң

жете алабыз миңибиз.

Кербен өтсө миң төөлүү

улам таштап бир төөсүн

чөл четине барган ал,

кара жанын куткарып

жалгыз төөчөн калган ал.

Он миң кошун кол өтсө

бир ат берип утурдан,

миң атынан ажырап

анан бизден кутулган.

Мында келген чөөлөрдү

мейли адамың бүт кырсын.

Жайнап жатат чөлдө чөө

баары бир сен туткунсуң!»

Муну укканда баарынын

бүткөн бою муздады.

Ачуусуна чыдабай

албууттанган эр Чилтен

жерди оё муштады.

Колундагы шакегин

чалдыбарга туштады.

Дүрт деп күйүп чалдыбар

Алоолоду асманга.

Эрип кетти сымаптай

кылым жаткан таштар да.

Муну жасап эр Чилтен

каардана бакырды.

Падышасын чөөлөрдүн

дагы сөзгө чакырды:

«–Жер жайнаган сансыз чөө

менде күчтү сездиңби?

Өткөрөсүң тийбестен

мындан ары эч кимди!

Эч убакта кечилбейт

канчалардын убалы.

Сени дагы багынтаар

бар адамдын куралы.

Эгер кайра баштасаң

кан ичкичтик жайынды,

бүтүн чөлдү куйкалап

тыйпыл кылам баарыңды».

Деген кезде сансыз чөө

жер жуткандай жоголду,

Бул жерден да Чилтендин

иши минтип оңолду.

IX

Чөлдөн өтүп кетишип

токой көлгө жетишип,

ирдентишти аттарын

өздөрү суу кечишип.

Көл жээгинде эр Чилтен

кыйла күнүн өткөрдү.

Күкүк менен сүйлөшүп,

эркелетип чөптөрдү.

Кең көкүрөк жигиттин

келбетине кызыгып,

суу периси Күнкөкүл

үн катты ичтен сызылып:

…Чертти сезим кылдарын,

айтты жаштык ырларын.

Көңүлүнө жагаар жок

өтүп жаткан жылдарын.

Сулуулугу кылымга

кыйла бүлүк салганын,

кайгысына чыдабай

сууда жашап калганын…

Түркүмдөгөн асем үн

эр Чилтенди имерди.

Кызыл өңүн саргайтып

куса кылып жиберди.

Жашырбай да, сыр кылбай,

айтып берди эр Чилтен

Күнкөкүлдүн көркүнө

бурулганын көңүлү,

ырларына перинин

күйбөй араң түткөнүн,

бирок аны алыста

бала кезде антташкан

Айкөкүлү күткөнүн.

Сөзүн угуп баатырдын

пери ичинен муңайды.

Муңайганын билгизбей

айтты анан буларды:

«–Алыс экен сапарың,

күзгү белек беремин.

Сапарыңда бул күзгү

жол көрсөтсүн дегеним.

Кай багытка баратсаң

ошол жакты караткын,

жолу бүтүн көрүнөт

бара турган тараптын.

Кыйын кезде эр Чилтен

кылчактаба аркаңа.

Таш күзгүнү алгын да

ташка чаап талкала!..»

Коштошууга периге

баатыр күчүн топтоду.

Жүрөгүнүн жармысы

мында калган окшоду.

Көөдөн толо сезими

делебесин козгоду.

Көңүлдөгү бир сыры

көлгө чөккөн окшоду.

Жол жүрүүгө таң эртең

күчтөп эркин көндүрдү.

Жүрөгүнө сүйүүнүн

бир үрөнүн өндүрдү…

Чын пейилден аяшып

муңга баткан жаш досун,

жүрүп кетти жол улап

жаш кылгырта аз кошуун.

X

Эртең алты ай дегеңде

ушул түшкөн жолуна,

таш күзгүнү эр Чилген

кармап турду колуна.

Ал күзгүдөн көрүндү

бир керемет көл жээги.

Көл жакалай конушкан

анда көчмөн элдери.

Катарлашкан боз үйлөр

көк майданга тигилген.

Эшигине үйлөрдүн

журт белгиси илинген.

Муну көрүп Чилтендин

келди дароо желгиси,

бир чоң үйдө туруптур

өз журтунун белгиси.

Тааныш сымал туюлду

турган элдин жүздөрү.

Ал күзгүнү айлантып

Айкөкүлүн издеди.

Жол алысын унутуп

азыр жетип баргансып,

топ жыйынга андагы

аралашып калгансып,

көл жакалай үйлөрдү

кайра баштан карады.

Көрүнбөдү дагы эле

Айкөкүлдүн карааны.

Ал ошондо күзгүнү

коюнуна катты да,

өзү күлүп өзүнө

тура калды каткыра.

Тыңып алган топ берен

кайра түштү жолуна,

жетүү болуп максаты

жакадагы тобуна.

Үчүнчү бөлүм

Айкөкүлдүн түшү.

Чоң жыйын ээси Чортон баатыр.

Буурул түндүн жомогу.

XI

Уйкусунан Айкөкүл

чочуп кетип ойгонду.

Жаш жүрөгү дүкүлдөп

оодарылып толгонду.

Жакын көргөн адамы

бир салакат болгонбу?

Жоосу чыгып астынан

жолун тороп койгонбу?

Үч күн мурда Айкөкүл

уктап жатып түш көрөт.

Капилеттен түшүндө

кабыланга туш келет.

Атырылып кабылан

секирээрде жаңыдан

минип алат эр Чилтен

кармап туруп жалынан.

Ошол замат эки шер

жан кечтилеп кармашат.

Буйдалыштан андагы

теребелди чаң басат.

Чаң уюлгуп тараса,

бул не деген тамаша?!

экөөнөн тең дайын жок

эчен курдай караса.

Чочуп турса ордунан

Чыгыш толо жарык нур,

кулун-бээлер кишинеп

таң агарып калыптыр.

Эртесинде түш көрсө:

кайра салса сарасап,

жоо-жаракчан эр Чилтен

кыйгач өтүп баратат.

Кыз кыйналып кыйкырат,

үнү чыкпайт кыркырап.

Кайра сүрдүү кабылан

алга жылат ыркырап.

Төшөгүнөн Айкөкүл

тура калат чыркырап.

Эмелеки түшүндө

кайра дагы кабылан

жолун тороп туруптур.

Каарданган эр Чилтен

карагайды жулуптур,

кабыланды бул жолу

былчырата уруптур.

Кучак жая берээрде

Айкөкүлдү куу шамал

эр колунан жулуптур.

Камгак сымал Айкөкүл

алыс учуп барыптыр,

абайласа Чилтенди

аскер курчап алыптыр…

Ушинетип Айкөкүл

уйкусунан ойгонуп,

эт жүрөгү лакылдап

оодарылып толгонуп,

үч түн көргөн бул түшүн

жорутпастан көнөбү?

Түркүк-Эне үйүнө

таң агарбай жөнөдү.

Түркүк-Эне бул түштү

мына минтип жоруду:

«–Кабыланды өлтүрсө

Чилтениңдин соолугу.

Аскер курчап калганы

аны санаа басканы.

Күндөп-түндөп жол жүрүп

катуу келе жатканы.

Кыйгач өтүп кеткени

издегени өзүңдү.

Үнүңдү укпай койгону

сагынганы сөзүңдү.

Төлгөм айтып жатты эле

айлыбызга аз күндө

бир ак барчын коноорун,

чоң жыйында ал бирок

амалына алданып

Чортон колдуу болоорун…»

Муну укканда Айкөкүл

атып туруп ордунан

арман-зарын бүт айтып

Түркүк-Эне алдында

сүйлөп турду шордуу жан:

«–Түпкүрдөгү замандан,

Түркүк-Эне, сен жалгыз

келатасың арыбай.

Убакытка баш ийбей,

пенделикте карыбай.

Ал да сенин кулунуң

куткара гөр балаңды.

Мен Чилтенден айрылсам

көрөөр күнүм караңгы.

Билем Чортон өзүмдү

аялдыкка алам деп

жыйын жыйып жатканын.

Эгер тийсем Чортонго

мен Чилтенди сатканым.

Тырмактайдан бир өскөн

теңтуш көөнүн оорутуп

бетиме көө жапканым…»

Токтоналбай Айкөкүл

жашын төктү жамгырдай.

Түркүк-Эне түйшөлүп

акыл айтты ал мындай:

«–Сени дегдеп келаткан

эр Чилтенге көрүнбө.

Айдай жүзүң азгырып,

себеп болот өлүмгө.

Чортон баатыр тоого жок,

кармашканда капшырып

тоо тарапка сүйрөсүн.

Бөөдө сууда чөктүрөт

соот, тулга кийбесин.

Конок түшсө эң четки

алачыкка кирбесин,

басып алса ал жерден

уу балыктын ийнесин

колу-бутун шишитип

кедергиси тийбесин!..»

Айкөкүлдүн кабагы

аздап эми ачылды.

Күндүн нуру кылтыйып

көл жакалай чачылды.

XII

Чортон баатыр бул көлдү

жалгыз ээлеп жатчы экен.

Дүйүм даамын бул жердин

жалгыз өзү татчы экен.

Байкуш элге мындагы

салык салып жыл сайын,

тамашага батчы экен

тартып алып бүт малын.

Кордук минген бул элди

ачарчылык жеңгенде,

чачкын журттар биригип

убадалап коюптур

Айкөкүлдү бергенге.

Айкөкүлдүн бул жайда

он жетиде кези экен.

Ай нурунан көрк алган

чын перинин өзү экен.

Келип жатты калың журт

суюлбастан аягы.

Ушул экен биз билген

чоң жыйындын баяны.

Көл жакалай тиктирип

кырк өргөөнү көркөмдөп,

чокчурулган Чортондун

жайнап турган кези экен

той жасаймын эртең деп.

Жарчылары жар айтып

добулбасын кактырып,

ар өргөгө ар журттун

өз белгисин тактырып.

Эр жүрөктү аярдап

эр сайышка даярдап,

мергендерин аярдап

жамбы атканга даярдап,

камылгасын бүтүрүп

калган кезде күтүнүп,

кашка жолдун чаңына

карап калды жамы журт

бүт айылдын ити үрүп.

Бейтааныш эр келатат,

кабылан шер келатат

карагери ыргыштап.

Чочуп кетип бул Чортон

тура калды ордунан

көкүрөгүн бир муштап.

Ал бейтааныш баатырдын

аз кошууну такымдап,

адыр чаңын ызгытып

келе жатат жакындап.

Чортон мындай караса

оң өргөгө жанаша

бүркүт кабак жаш жигит

күлүк минип турбаспы!

Айтты дароо буйругун:

«–Кимдер булар келаткан,

алдын тороп бил жакшы!

Конок болсо жол жүргөн

конуп өтсүн, уруксат.

Котур таштуу эр болсо,

көл түбүнө чөгөрүп

тыйпыл кылам урушсак!..»

Камчы басты атына

бүркүт кабак жаш жигит,

Айкөкүлдүн иниси

бардык ишке маш жигит.

Чилтен билди жигиттен

Айкөкүлдүн ал-жайын.

Элдин-журттун тагдыры

ээн күндө калганын.

Чилтен билди жөн-жайын

бул коогалуу жыйындын.

Туш келгенин моминтип

кыйынына кыйындын.

Салам айтып Чортонго

аттан түштү эр Чилтен

жол бараткан элек деп.

Сууруп чыкты таңгактан

он аюунун терисин

тоюңа деп белектеп…

XIII

Эртесинде эл жайнап

эр сайышты жардашты.

Эки берен жүрөгү өрт

өжөрлөнө кармашты.

Капыс жерден качырып

көкүрөгүн кандашты.

Акырында экөбү

бирин-бири жайлашты.

Анан туруп Чортондун

мергендери тизилди.

Алмак-салмак жамбы атып

тийгизе албай эч бири

жаанын жиби үзүлдү.

Чортон сынап ичинен

эр Чилтенге кеп салды.

Атып алып жамбыны

ала кеткин деп калды.

Келип турса кыябы

Чилтен карап турабы.

Саадагынан ок сууруп

жаанын жибин бурады.

Бир атышта эр Чилтен

ал бутаны койбоду.

Ат башындай жамбыны

куржунуна сомдоду.

Алдырганга сөзүнөн

Чортон ичи ачышты.

Азамат деп Чилтенди

эл чуулдап жатышты.

«–Элге-журтка эр Чилтен

бир тамаша куралы,

ат жалынан кол созуп

күч сынашып тыналы.

Жеңип кетсең өзүмдү

ал балбандык таалайың.

Кокус калсаң жеңилип

Карагериң алайын…»

Келип турса кыябы

Чилтен карап турабы,

жеңип кетсем бергин деп,

Айкөкүлдү сурады.

 

Бир ийнине Чортондун

бир зор өгүз баткандай.

Бир ийнинде арыстан

эркин оонап жаткандай,

анан кантип бул Чортон

туруп калсын мактанбай:

«–Чилтен баатыр, канакей

кармаш кураар төрүңө өт.

Ушул жолу ажалды

издеп калдың көрүнөт!»

деп билегин түрүнүп,

малайлары жүгүрүп

атка минди чоң Чортон

алаканга түкүрүп.

Аңдый карап бир-бирин

жакын барып калышты.

Заңк этише кагышып

чап билектен алышты.

Бири тоого сүйрөсө

бири көлгө сүйрөдү.

Жер туяктан оюлду

дүңгүрөтүп дүйнөнү.

Аттар какты омуроо

өпкөлөрү калбырдай.

Чекесинен эки эрдин

тер куюлду жамгырдай.

Чортон деген кара күч

эр Чилтенге тең экен.

Эч ким билбейт, булардын

кими кимге жем экен.

Эр Чилтендин кубаты

кете түштү шалдырап.

Муну сезип калың эл

мүңкүрөдү жалдырап.

Ошол кезде эр Чилтен

ата Жолборс жалынан

жулуп берген тутамды,

эне Жолборс чачынан

түйүп берген тутамды,

бала Жолборс кылынан

байлап берген тутамды

коюнунан алды эле

күчү көлдөй ташыды.

Муну карап тургандар

кубангандан жашыды.

Бул укмушка таң калып

Чортон чыны сүрдөдү.

Темир алпты эр Чилтен

тоо этектей сүйрөдү.

Чортон кайра күчөнүп

болгон күчүн сарптады.

Көпчүгүнөн көтөрүп

көлдү көздөй тартты аны.

Жакыңдаса көл жакка

күчтөнгөнү байкалып,

көөшүп жаткан көл дагы

кеткенсиди чайпалып.

Эр Чилтендин кубаты

кайра кетти шалдырап.

Муну сезген калың эл

катып калды жалдырап.

Ошол кезде эр Чилтен

кылчактабай артына

таш күзгүнү алды да

ташка чаап таштады.

Чортон өңү кумсарып

колу бошой баштады.

Көрсөң дагы көз менен

келбеген иш акылга.

Балык болуп балчайып

Чортон жатты такырда.

Кубанычтан эл жашы

көлдү көздөй каптады.

Ошол күндөн көл суусу

туздуу боло баштады.

Зор көтөрдү Чилтенди

Жаалап жүрүп эң алды,

кутулган эл Чортондон

көөдөн кере дем алды.

Кабактары жаркыды

кары дагы, жаш дагы.

Айкөкүлдү көргөндө

арманы күч эр Чилтен

эстен тана жаздады.

Журт кумары таркады

кырк күн, кырк түн той болуп.

Адам билбес бир сырды

Чилтен жүрдү ойлонуп…

XIV

Көкүрөктө көп кайгы

унутулуп ташталды.

Көл жээгинде ажайып

буурул таңдар башталды.

Бал сүйүүгө магдырап

баткан менен денеси,

Айкөкүлгө айкашып

жаткан менен денеси,

Чилтен баатыр оюнан

кетпей койду эч эле

Күнкөкүлдүн элеси.

Чыдабады бул ойго

эр баарына чыдаган:

«–Суу периси, мен сени

кантип эстен чыгарам?

Бул адамзат сезимге

тойгон күнү болобу?

Түгөнбөйбү чын эле

кара жандын жомогу?

Маанисине жетпедим

ойлоп туруп, жатып да.

Ошончо эле адамзат

сугалакпы бакытка?

Жүрөк тынбай ээленет

Күнкөкүлдү көрүүгө.

Айкөкүл да айласыз

бул сезимге көнүүдө…»

Санаа басып санааркап

баатыр жүзү саргайды.

Айкөкүлдү толгонтту,

далай күндөр ойлонтту

андан өтүп ал кайгы.

Эр Чилтендин абалын

сезген экен Күнкөкүл.

Жер астында суу менен

кезген экен Күнкөкүл.

Буурул таңда үч караан

көл бойлошуп жүрүшсө,

Түркүк-эне кезикти

даба болуп күйүткө:

«–Мен дүйнөдө байыртан

жашап келем карыбай,

убакытка баш ийбей,

пенделикте арыбай.

Бул турмушка баарыңдын

тийип турсун керегиң.

Ошол чексиз өмүрдү

мен силерге беремин.

Айкөкүлүң ай болсун,

Күнкөкүлүң күн болсун,

өзүң болсо эр Чилтен

жылдыз болгун куйруктуу.

Алтымыш жыл өткөндө

ай жолунда каттап жүр.

Жетимиш жыл дегенде

жер жолунда каттап жүр.

Кылым жүзгө толгондо

Күн жолунда каттап жүр!»

Эки сулуу, бир шерди

өлбөстүккө узатты

Түркүк-Эне пейили.

Учуп жүрөт ааламда

уулу – жылдыз куйруктуу,

ай, күн – анын келини…

Соңку сөз

Андан бери топ заман

өттү, кетти закымдап.

Жашап келет адамзат

убакытты такымдап.

Ачуу мезгил адамдан

алыс жылат аркырап.

Жакшы күндөр жыбырап

жакындашат жаркырап.

Эне барда адамзат

чексиздерге бара алат.

Эне гана жашоого

түркүк болуп кала алат.

Уул-кыздар дүркүрөп

бой жетишет саламат.

Желмогуздар жер үстүн

кыла алышпайт алаамат.

Журтун коргоп ар заман

жаңы баатыр жаралат!..

1976-ж.