Ушул жумада өкмөт башчы Темир Сариев жазуучулар союзунун төрагасы Акбар Рыскулов агабызды кабыл алып, кыргыз адабиятынын учурдагы абалы, чыгармачыл интеллигенциянын коомдогу ордун жогорулатуу жана кам көрүүнү күчөтүү маселелерин талкуулашты. Премьер-министр жазуучулар өз чыгармаларын окурмандар менен бөлүшүүдө заман талабына жараша тажрыйбаларды колдонуу зарыл деп айтты. Ал эмне болгон тажрыйбалар экенин биз билбейбиз.
«Жаңы Агым», 17.03.2016-ж.