Жаш калемгер Кадырбек Аблабековду эскерүү кечеси өттү

21-ноябрда А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында “Жигит өлбөс болсочу” деген аталышта жаш калемгер Кадырбек Аблабековду эскерүү кечеси өттү.

Кечеге КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Улуттук адабиятты өнүктүрүү борборунун директорунун орун басары К.Кадыракунов, Ч.Турсунбеков атындагы фонддун өкүлү Н.Абдыгулов, КР Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясынын президенти Н.Маамытбаев баштаган жаш таланттар, К.Аблабековдун үй-бүлөсү, жакындары ж.б. катышты.

Иш-чаранын катышуучулары бир ооздон Кадырбектин такшалып келе жаткан, келечекте өз чыйырын сала турган жөндөмү бар талант болгондугун, бийик адамкерчилик сапаттарын эскеришти.

Эскерүү иш-чарасын демилгелеген КР Эл акыны, Улуттук адабиятты өнүктүрүү борборунун директору К.Култегин Кадырбектин китебин чыгарууну убада кылды жана чыгармаларын топтоштуруп, ред.коллегия түзүүнү сунуштады.

Кадырбек Аблабеков 1998-жылы 27-февралда Кочкор районунун Молдо Кылыч айылында жарык дүйнөгө келген.

Кадырбек окуучу кезинен эле коомдук иштерде өзгөчө жигердүүлүгү менен өз курбалдаштарынан алга озуп чыккан эле. Окуучу курагынан “Жаңы толкун” адабий клубуна мүчө болуп, Токмок шаарындагы өзү билим алган №7 мектепте кечеси өтүп, чыгармачылык тушоосу кесилген. 2017-жылдан тартып КР Эл аралык Нурборбор чыгармачылык Академиясынын алдында түзүлгөн Жаңы Толкун адабий клубунун жетектеп келе жаткан.

2018-жылы Кыргызпатенттин 7 жаш автор долбоорунун алкагында “Аскердеги толгонуу” аттуу жыйнагы жарык көргөн. Соңку күндөрү казак акыны Дуйсеналы Алимакындын ырларын которуп, басууга даярдап жүргөн.

К.Аблабеков 2021-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетин аяктап, ушул эле окуу жайдын магистратурасында билимин улантып, аны менен катар КР Финансы министрлигинде эмгектенип жаткан эле.

Экөөбүз

Жүрөгүңдүн бир мен деп кагышы чын,

Мендик жүрөк бир сен деп кагат улам.

Биз экөөбүз кезигип калыш үчүн,

Ушул калаа ушундай жаратылган.

 

Жалгыз жүргөн жаныма жолдошсуң төп,

Махабаттын талыбас  канатыбыз.

Экөөбүздүн сүйүүгө көрк кошсун деп,

Жаратылган кооз болуп жаратылыш.

 

Шамал болот сезимдер ыргалсын деп,

Ырлар жазып сүйөм деп сыр билгиздим.

Сүйүүбүздү даңкталсын, ырдалсын деп,

Керемет бар үнүндө булбул куштун.

 

Кажети жок айтуунун ашыкмын деп,

Сүйүү үчүн жамгыр жаайт тээ төбөңдө.

Адашканда кайра эле табышсын деп

Жаратылган жер шары тегеренме.

 

Экөөбүз деп нур чачат тушумдан күн,

Аалам дагы баш ийет бул сүйүүгө.

Экөөбүздүн сүйүүбүз үчүн балким,

Ушул жашоо жаралган, ушул дүйнө.