Котормо

“Жамгырдагы серенада” — автор Шамшия Жубатова, которгон Алтынай Темирова

Шамшия Жубатова

Казакстан жазуучулар Союзунун, Евразия Чыгармачыл Гильдиясынын мүчөсү. Аль-Фараби  атындагы Казак мамлекеттик Улуттук университетин окуп бүткөн. Белгилүү Француз акыны Жан Поль Беранженин «Сыныкскрипка» поэтикалык китебин которгон. Эл аралык “Алаш”адабий сыйлыгынын лауреаты. Он чакты поэзия жана проза жанрындагы китептердин автору.

       Жамгырдагы серенада

                     ***

Токсон тарам жолдордун өңүрүндө,

Турган элем, ал кезде көрбөдүң не?

Күн шооласын кучактап учуп көккө,

Кайра Жерге жөрмөлөп түшөм күндө.

А наристе жүрөгүм ыңоолодо

Кургабастан тирилик жөргөгүндө.

Ажайып го түбөлүктүүлүк деми,

Кандай ысык балкыган күндүн мээри,

Маңдайымды жылытат ысык табы,

Таңдайымда күрүчтөй ширин даамы.

Чарк көпөлөк кээ кезде айландырып

Боектордун кызыктуу коюлганы.

Асыл күндөр алтынын артып алган

Салам жолдойт алыскы калаалардан.

Санааларды сапырган саз өмүрүң

Кайыңдары төгүлгөн Каркырадан,

Тойдон тойго ашыккан аппак булут

Кубанычы казактын таркабаган.

Ташкараңгы түнөктүн бар сырлары,

Мен мында дейт бийик тоо чокулары,

Таңды ойготкон, көөдөндө жанды ойготкон

Үзөңгүдө туяктын тырсылдагы.

Тунжураган токойлор жыпар чачып

Оромолдой желбирейт уч жактары.

Калчылдатты жарылуу Арыстагы,

Кадамдаган арыштар карышталды,

Бөйпөңдөдү ток бүйүр Барыс дагы,

Арстан болуп атылып кур намысы.

Бейоопа күн жанымды тынчытпады,

Жаркылдаса да жолдо, жарыштагы.

Аткан кезде бозомук буралып таң,

Сулуу сымак сүзүлдү сыр агыткан.

Бала кезде жасаган кагаз кемем

Агып өттү жанымда бир арыктан.

Дагы деле жүрөгүм наристе экен

Балалыктын бейнесин кучактаган.

                  ***

Жым-жырттыкта, дүнүйө күркүрөдү,

Жамгыр куюп, басылды дүркүрөгү.

Ажайып бир жанмын го, казагымда,

Байкабаган бу неси, журттун мени?

Адебимдин чегинен аттай албай,

Кээде кайра көңүлүм зиркиреди.

Жанары чын жүрөктүн жакшы кептен,

Апам кирип түшүмө, жүзүм сүрттү.

Эңгирөөдө эңсеси каткан аалам,

Шаңкылдоодо Сарыарка – өлөң айткан.

Жан сыңары мен дагы бир жаралган,

Жамгыр болом, Көктөммүн, Жазмын анан.

Күз кеткенде жабыркап жалгыздыктан,

Кыйын экен жабыгуу, убай тартсаң.

Соккон шамал дагы бир дамбылдабыз.

Биз анткени убакыт кабындабыз.

Көрүнбөсөк, суранам сагынбаңыз,

Сагынбаңыз, ар дайым жаныңдабыз.

Сардар менен сарбаздын сабындабыз.

Өнөр деген таксырдын тагындабыз.

Табындырып жүрөбүз жалпы журтту,

Табыныңыз, бирок да багынбаңыз.

                    ***

Мен сиздерге дагы эмне билдирейин,

Көп нерсеге келмекчи алым деймин.

Казак тили не десе “Тааны!” деймин,

Токой кандай дегенде “Калың!” деймин.

Нөшөр менен бороондо каш какпаган

Тоолор неге мынчалык акактаган?

Кыраан куштар бийикте калкылдоодо,

Канатынан бир үзүм таштап маган.

Көкүрөгүн жарташтын жарып өтүп

Келди менин мезгилим таш капкадан.

Тосуп алып алдынан эрке күндү

Жамгыр куйду, көк асман төңкөрүлдү.

Жашоо – эне, бешигин терметүүдө,

Эй, дүнүйө, тыңша деп өткөнүмдү.

Мамыр айы кайрадан гүлүн төктү,

Жыпар чачып, желпиди сирень гүлдү.

          ***

Көңүл неге көрнөктүү,

Өмүр неге өрнөктүү?

Токуу үчүн өрмөктү

Араладым жер-көктү.

Мунарасы мухиттин

Бүгүн неге чайкалды?

Чайкалганда түбүндө

Маржан бары байкалды.

Калкып учкан ак булут

Мага айтарыңды айттыр.  

Карлыгачтын канаты

Көктөн жерге кайткан ыр.

Булбул кушум сайрады

Тыңшап саздын кылдарын.

Дүйнө жүзү бүт билет,

Муундардын ыргагын.

Ооба, ошондой дедим мен,

Жок десеңиз, токтоңуз.

Шам жаккан акын бу деген,

Желге илешип кетти аңыз.

          ***

Жоогазындай жайкалгам

Жаштык чагым барында.

Кайда капыс калтыргам

Көк тумарым мойнумда.

Кимден төмөн элем мен,

Акыл мына, бой мына.

Кусаланткан дүнүйө

Кызык кылып койдуң да.

Жоогазындай сүрөттөн

Калган эле көп белги.

Алоологон жүрөгүм

Күткөн эле көктөмдү.

Өмүр – өзөн, саңсып кеп,

Өткөөлдөрдөн өттү эми.

А кеч күздө кар жаады,

Ойлой бердим көк белди.

Тынымдары бүтпөгөн

Өмүр деген илеп белги.

Кең арыштап басмакмын,

Бирок тегиз жер керек.

Баспай турган демимди

Асман – энем күч берет.

Арты менен алардын

Жүргөнүм го термелеп.

              ***

Бактылуу да эмесмин,

Бактысыз да эмесмин.

Жүгүрөмүн артынан

Үмүт аттуу элестин.

Кыял – тоо деп аталган

Кол созгонмун чокуга.

Муңдуусуң деп атасаң,

Балким менде муң бар да?

Сааттарым чыкылдап

Жанды койбойт сыр сурап.

Алсын-алсын жылтырап

Алыстагы бир чырак.

Көңүлүмдүн айнегин

Келди бекен желдетким.

Арасында жүргөндү

Жактырамын мен көптүн.

            ***

Каакым гүлдүн үртүгү

Келтирүүдө күлкүнү.

Ээн жайда жоошуган

Кайтаралык жылкыны.

Сайран куруу дегеним

Манжалардын кырсыбы.

Келдим бейиш төргө нак,

Жембаштыкка ыр салып.

Өзөн суудай шаркырап,

Бийчи кыздай буралып

Толкуп жатты көк деңиз,

Ак кемеси туру анык.

Балыктардын топтору

Чубап суудан секирип,

Орду анын сууда деп

Ойлогонум чекилик.

Жатат жээк шуулдап,

Көк толкуну көбүрүп.

Жарылбаган жанар тоо

Жан-дүйнөмөн ыр тилеп,

Чарчадымбы деп коём,

Бир картайып, бир түлөп?

Жыпар жамгыр тамчылап,

Сен да келип бүркүп өт.

            ***

Кыйындыкта кыстаган

Болосуң бир күн чарчаган.

Кыйын ишке чырмалган

Жер бетинде канча адам?

Оу, көк асман, дүнүйө,

Көзүң салчы төмөнгө,

Аңгеменин башаты

Сен болорсуң өзгөчө.  

Кыйгач тартып чытылды

Көрктүү аалам кабагы

Тутуп алсам кантмекчи

Ак тыбыттуу булаңы?

Таалим аттуу мыйзамы

Улуу өмүр сабагы.

Өткөөлдөрү өмүрдүн

Өрүк, талдай ийилип,

Коштошо албай кыйналам

Сен карасаң кыйылып.

Жамырады жашыл бак

Ырчы кушу жыйылып,

Бул кылымдын көйнөгү

Нак алтындан кийилип.

Мобу жайлоо жайлуубу,

Төшү неге көк темгил?

Жалбырагын издейби

Кеч күз желек төккөн гүл?

Кантип бүттү өткөнү,

Бардыгын тең тегиз бил.

Өтөлгөсү өлчөлүү

Өмүр неге өктөм бул?

Шалдыр-шулдур куланып,

Акты булак шыңгырак.

Жанар тоонун жарыгы

Жасабады каршылык.

Жарык шоола турганда

Бакыт деген – барчылык!

Кайда кетип барасың

Айланайын жарчы үмүт!

   Которгон – Алтынай Темирова.

 

About the author

Жазуучулар Союзу