Ырысбай Абдыраимов: Жугуштуу дарт

Жугуштуу дарт

(аңгеме)

Терезе-каалгасы күн чыгышты караган дарылоо мекемесинин маңдайына жеткиче орто бойлуу, кызыл жүздүү киши кыңк эткен жок. Ал өзүнөн мурда ыргып түшүп, машинанын алдыңкы каалгасын ачып, жан-жагынан сүйөгөн катчысына алдан тайгандай бой таштады. Күн кызып, теребел үп тартып, ыраңындай кара күрмөгө чүмкөнүп, эт-бетинен тер куюлуп атса да, ооз-мурунун жүндүү моюн орогучу менен кымтыланып алган. Кеңсесине баратканда алдынан чыккандарга салам айтуу, же алардын саламына кур дегенде баш ийкеп да койбой, урушкан душманынан бетер сүзө качырып өткөндөгүдөй түр менен ооруканага баш бакса, ойлогон оюнун мүдөөсүнөн чыкпай калаарын сезип, карп-курп учураган ак халатчанды көрөр замат дене-боюн аяр кармаган Өмүр, ылаалаган аттай кайра-кайра баш ийкейт.

Башкарма менен иштешкенден бери анын мындай жоругуна кыйла жолу кириптер болгон катчы раистин бу кылыгына көңүл бурган жок. Өмүрдүн жүрүм-турумуна, жасалма кыялына иренжигенин бетке айтууга, кол шилтеп, оолактап кетүүгө анда дарман жок. Ою башкада. Оо бир жолу башкармадан: “-Менден үйрөнсөң боло! Убагында тааныш-туунуш, мансаптуу кызматты чоңдордон арттырып койгон экенмин, ашык атышты: Эски ордумда эчтекеге жарабайсың деп чыгарышты эле, ошо колдоочуларым эки колтугумдан сүйөп, кайра раистикке олтургузуп коюшту. Ооматым менен ишим жүрүшүп кетсе, кампачыныбы, же кассирдиби ыргыта чаап, ордуна сени түртө салам” – деген убадасын уккан. Катчыны бир канча жылдан бери ушул шерт сооротуп, Өмүрдүн жанынан тап жылдырбай келет. Эл ичинде ушул баштык тууралуу кандай имиш жүрөт, ким муну жактайт да, ким аны жамандайт, баарын тыңшайт да, анын бирин төкпөй-чачпай, ийне-жибине дейре калтырбай Өмүрдүн кулагына шыбырайт. Өмүр катчысынын кеби менен ичи жамандардын эбин таап, ийине келтирип жүрөт.

Башкарма жумурткадай аппак бөлмөнүн дубал жандай коюлган олтургучунан орун алды. Үшкүрүнүп-бышкырынып, күрмөсүн жагжайта чечип, телмире тиктеген катчысына көз кысты. Сөөмөйүн үстөлдөгү телефонго нускады. Минткен ымдоосу: “телефондун номерин билип ал! Калкозго ылдам жетип, жанагылардын дайынын кабарла!” – деген маанини туюндураарын катчы жадыбалдай жат билет. Ал жылт койду.

Өмүр тилегендей бөлмөдө врач экөө калды. Сыртта кезек күтүп, бөлмөнү сагалаган башка оорукчандар жок. Күсөгөнүнүн жарымы кабыл болгондой башкарма чөп башындай улам ыргалып, көздөрүн үлүрөйтө, чаңкап, кургагандан бетер эринин жалана берди. Кыңкыстап, ичинде кымыңдайт. Кесел кейпинде турганы менен ою алда-кайда чабыттап, чарбасынын үстүндө кулаалыдай салпылдап учуп жүрдү. Чейрек саат мурда областтан текшерүүчүлөр бараарын кабарлаган райондогу жетекчи курдашына ичи жылыды. Шырт эткен дабыш чыкса, селт этип, шектүү добушка кулагын тикчийткен короочу сымал телефондун шыңгырын күттү.

Райондогу досу былтыр, аркы жылы да күн мурунтан кулак кагып, муну сактаган. Өмүр анын кызмат акысын тим калтырбай, накталай да, натуралай да төлөп жүрөт. Дайыма ушундай, райондун билермандары жыйналыштарда “антебиз, тигинтебиз! Кайра куруу башталды” деп, ооздорунан көбүк чачырата сүйлөшкөндөрү менен андай жетекчи дегендердин айтканы ишке ашпай атканын башкарма жакшы билет. Баягы эле… биринин ордун экинчиси аңдымай, жердештик, тууганчылдык, тамыр-сөөктү, майлуу-сүттүүнү колдомой, бир кыядан томолонуп, жыгылганды эл көзүнчө жемелеп-жаскап, терисин тескери шылышканы менен аны кайра эле башка бир майлуу дөбөгө жылдырмай… Мунун баары Өмүргө дайын.

Бирок, курамына бейтааныш кызматчылар кошулуп, капыс баскан текшерүүчүлөр анын жүрөгүнө чындап суук колдорун салчудай, оңдурбастай туюлду. Кыялында жоон топ, аттуу-баштуу ал текшерүүчүлөр саратан күчүндө турса да, тоңдурмасы эми кап ортологон талааларды, саамдан кийин бармак башындай тамеки көчөттөрүн олтургузуу менен убара болуп, кызыл ашыгынан өйдө ылай жөөктөрдү кечкен дыйкандарды аралап жүргөнсүйт. Алиге дейре түзүгүрөөк оңдолбой, саржан жылган сайын чикирттеп, токтоп калган тракторлорду көрүшүп, “июнь айы болсо да, али эгини эгиле элек өсүмдүктөрдүн түшүмү күзгө дейре кантип жетилсин?”- деп ойлошуп, баш чайкашкандай болот. Чарбанын короолорунда жем-чөп жетпей, кабыргалары каркайып, төрт аягында араң турган кой-малга зээндери кейигендей туюлат. “Булар соо койбойт, эми… Башкармалыкты ээлегениме беш жылга аяк басса да, жараткан, жок дегенде бир жылдын тапшырмасын аткарганга жардам бербеди. Эми канттим, ай?! Болбосо, кимиси менен болсо да, жекеме-жеке чабышып, жаныма жуутпайт элем го, буга окшогондорду… Кышка дурустап тоют камдабаган бычанчыларда айып! Чөп таңкыс болуп, нечен жандык тырайды. Эт толбой, же сүттүн планы болбой… Жүндүн планы элүүдөн ары ообой… Пахтадан да, тамекиден да карыз, азык-түлүктөн… Айтор, баарынан чыгаша…” – деп, жаны карайды.

-Өх, үх, жаным!,- деп, онтоп атты ал, башын шамал чайкаган дарактай термелтип.

-Тирүү калар бекем, жаным калаар бекен?..

Доктур башкарманын түктүү билегин кармап, көңүлүндө тамырынын кагуусун эсептеп, Өмүрдүн дилиндеги эмес, тилиндеги эңсөөсүн ырастагандай баш ийкеди. “Тоскоолдук кылбаңыз” дегендей бош колунун сөөмөйүн эринине такады.

Өмүр мурунку эмес, бу жолу башка дарыгерге туш келгенине кубанды. Анткени, былтыркысы жакшы таанып калган болчу, мунун сырын толук билчү.

-Ой, атаң көрү ай!.. Ушинтип, капилет оору жыкпаса, эмне… Талаада жумуш кычабай, иш бир жаңсыл болгондо сирке чагып, төшөк тартсам, бир жөн. Калкозду эми байыта баштаганымда, ак сарайларды куруп…

Ой жаным, ух жаным… –“Акыбалыма жан ачып, көңүл улап, коштоор бекен?” – деп үмүттөнө, көз кыйыгын алдыртан доктурга жиберди.

-…Жетимиш сеги-из, жети-миш то-огуз, сек-се-ен… Тамырыңыздын согуусу эң мыкты, аксакал, кудум спортчулардыкындай.

–Дарыгер шылдыңдагандай күлө бакты.

-Жо-ок, иним! Кунт коюп, тыкан текшер! Жаман айтпай, жакшы жок. Окус көзүм жумулуп кетсе… Мени билесиңби, жооптуу кызматтагы адаммын, бир райондун калкы карап турат, алардын турмушу менсиз өтпөйт, балам!… “Өлбөй турган жан эле, кантип эле жан таслим болсун?”-дешип, үстөкө-босток тергөөгө чакырып, сенин да чак-челекейиңди чыгарышы мүмкүн. Мен партиянын адамы болом, былтыр инфарктан зорго калгам, – деп, бул кеселдин жөн-жайын билбегени менен кимдир-бирөөдөн уга калган дарттын атын оозанып, ошонун белгиси ушу деген тейде көздөрүн чылк жуумп, узун столго сунала жатты. Белин карманды да:

–Ики, ана сайып атат, ийне менен тепчип өттү. Мобу жеримди кармасаң, доктур!- Ал дарыгердин колун көкүрөгүнө сойлотту.

Доктур жүрөк тыңшоочун анын этине тийгизди. Өмүр өзүнчө “өпкөмдү текшерип жатат. Кудай кааласа, бу мадыра башты да, жаңылтам” деп, кере-кере дем алып, таш жарчудай үшкүрүндү. Көздөрү врачтын көзүнө тигилгени менен ой-санаасы текшерүүнүн жыйынтыгы чыгаар эртеңки жыйналышта турду.

Көп өтпөй, телефон шыңгырады. Чыдамы түгөнгөн башкарма үстөлдү көздөй жүткүнүп, врачтын колунан трубканы алгыча шашты. Андан катчынын “айдоо аянттарда жүрүшөт, раис” деген тааныш үнүн укту.

Дарыгер анын кагазын чиймелеп бүтүп, бөлмөдөн ары чыкты.

-Ата-а, эмне кылса болот, ушу силерди! Адамды тынчыраак дарыланта койбойсуңар го! Кара эчки жан кайгысын тартса, силерге мал кайгы, – деди нааразы боло, катчысы маңдайында тургандай. Ооруканада экенин капыстан эстей калды да, шилтемей болгон сөөмөйүн токтотту.

–Көк мээ агрономду айт, пахталуу жакка ээрчитип барсын!

-Ой аксакал, талаага али чигит эгиле элек болсо, кайсы пахтаны көрсөтөт?

-Ики-и…- Өмүр жанагыдан бетер безилдеп ийди.

–Кемчиликти безге сайгандай чукуган кандай немесиңер? Караны ак, жогун бар, болбогонду болду деп турсаңар, кардыңар жарыларбы? Ашкебилер, ашка жүк, башка жүк, илеендилер!.. Силердин көзүңөр түз эмес мага, чөп чыкпай, эгини бышпаган – жери да жоо, колунан кокон тыйын келбеген жиндиси да – жоо. Жаным көзүмө көрүнүп турганда кескилемей болдуңар го, баччагарлар! Адамды тирүүлөй жутат окшойсуңар! Ой өлдүм, ой талдым. Адам болбойт окшойм, мен… Жарда-а-м-м… Апей, жанымда эч ким жок, кимге айтып жатам, мен…

Дагы канчага кейиир эле, ким билет, аңгыча катчы:

-Аксакал, машиналарга олтурушту. Жөнөп баратышат, – дей салды.

-Оозуңа май, берекем! Ошент, ары узат.

-Ээ, бекер сүйүнүптүрбүз. Малкана жакка бурулушту, аксакал!

Өмүр чыдай албай, үстөлдү “дүңк” эттире муштап алды.

-Эй, тентимиш, сени адам кылган мен эмес белем? Унуттуңбу?

-Жо-ок, аксакал.

-Анда аюудай сапсайган аркы зоотехникке дайында. Эптеп, көз жазгырып, желиндүү, семиз уйларды көрсөтсүн!

Катчы саамга үндөбөй калды. Анан мукактана:

-Ага да киши чаптыргам. Ал…

Өмүр чаңырып ийди:

-Эмне “ал?…”

Анын бакырыгын уккан дарыгер шашып кирди. Өмүрдүн өңү өзгөрдү да, кара күчкө денесин калчылдатып:

-Титиреп жатам да, бул эмнеси? – деп, тиштерин шакылдатып кирди. Телефондун тыңшоочун колдон түшүрүп ийди да, этек-жеңин оронуп, бороондо буюккан кишидей бүрүштү.

-Ж-жайлашат окшойт, с-союшат окшойт.

-Ким соёт?

Доктурдун ушул суроосунан кийин “билип койдубу?”- деген чочулоосу куру бекер экенин туйган башкарма күлүмүш этти:

-Жанагы кирургуңар да. Ооруп турсам, ичимди жарбай коёбу? Акыбалым жама-ан, балам! Эки бөйрөгүм таштай салаңдап турат. Мени жаткыр, садага, жаткыр, ооруканага. Ана дагы күчөп кирди. Мына, тамагымды бууп атат. Ох жаным, акыретке керек десең, жанымды кыйнабай ал!

–Ал көздөрүн чакырайтып, алкымын кармалады. Жакасынын топчусун чечип, күчүркөнө жөтөлдү. Ошондо телефон дагы шыңгырап ийип, дартына дабаа табылгандай болду.

-Сүйүнчү, аксакал! Малканага кирбей, аркы калкозго өтүп кетишти.

Өмүрдүң ыраңына кан жүгүрүп, кабагы ачылды. Күлүп ийди.

-Ии алгыр, ошентсең! Бүйрого түшпөй, аман чыксам, сүйүнчүңө бир күрпөң.

-Катчынын шыбагасына берер койдун ордун адистеринен өндүрүү менен толуктап коюуну ойлоду. “Өйдө жактагыларга белекке деп тартуулаган миң сомдуктардын бир таңгагына татыбас, бир кой. Буга өлөсөлүүсүн карматып, калган актиптерден төө өндүрөөрмүн.”

-Аман чыгасыз, агай, көөнүңүзгө жамандыкты жуутпаңыз.

-Кардарынын кубулма чабалактап, эми чечекейи чеч боло ха-халаганына таң калды.

Иши шыр бараткандай туюлганына табаасы канган башкарма дарыгерди мыскылдай кыткылыктады.

“Аа байкуш, баам-парасаттан кемчил төрөлгөн дөдөй тура! Төө десе, бээ деп. Мага ушундай чалагайым доктур жакшы, айтканым менен болгон…”

Ал кызмат жагынан врачты өзүнө теңеген жок. Кеңсесиндеги актиптериндей бүжүрөп, бөжөңдөбөй, дарыгердин түз сүйлөгөнүнө, башкарма, атүгүл ардана да түштү. Тигиге теңтуш эмес экенин кыйытып, үнүн бийик чыгарды.

-Оозуңа кара, кайдагы жаманчылык!? – деп, бир эсе буйрук кылгандай, дарыгерге өктөм сүйлөдү.

–Пайгамбар жакшы тилекке да, жаманына да бата кылат,- дейт. Мага ылайыктуу сөздү оозан!

-Анда, мен да сизге кеселиңиз опурталдуу экенин эскертейин, агай! Бу кыйдылык менен аны өзүңүзгө гана эмес, башкаларга да жуктурасыз. Бөлөк кишилер сиздикиндей куйту дартка кабылбоосу үчүн алдын-ала сизди дарылайлы!

Доктурдун айтканына көнбөсө, соо жанын кеселман эсептеген дарыгерлер туура эмес дарылап, залал кылат деп ойлоп, кол алдындагы кызматкерин тыңшабай, кагып ийчү адаты тутту, Өмүрдүн.

-Эмне дейт?! Таш оозуңа, балит ооз! Жугуштуу деп… Не деп дөөрүгөнүңдү билбеген өзүңдү эмде, адегенде! Мен куландан тазамын!

Кийимин оңдоп-түзөп, этек-жеңин кагынып, бөлмөдөн чыга берээрде телефон ачуу чыңгырады. Врач тыңшоочту ала бергенде, андан катчынын жалооруган үнү угулду:

-Акса-ка-ал!… Кеңсеге кирип келатышат.

Өмүр дароо кеңгирей түштү. Узун олтургучка жетип, чалкасынан жыгылды. Доктур аны тургузмакка жөлөй калды;

-Айтпадымбы, сыркоолуусуз десем чычалайсыз. Сиздей анткор ооруну дароо “айыктырбасак, кеселиңизди” дагы бөлөктөргө “жуктуруп” элге кесириңиз тиер! Бактыбызга жараша сиз үчүн эчтемеге тең келгис дарыбыз бар.

-Ошонуңдан ылдам бер, кагылайын! Миң эселеп төлөйүн. -Өмүрдүн көзү жайнады.

-Албетте, беребиз!

-Кудай жалгагыр, доктурум! Ал дарыңдын атын, чыккан жайын айт. Кокус дагы оорусам, издегенде тапкыдай болоюн!

-Издеп, түйшүк тартпайсыз, агай! Сиздей эл башчынын кебин кийген, суу жукпас анткор, паракорлор үчүн жаңылануу маалында туугандыгына, кошоматына карабай, эл тарабынан акысыз, кызматтан бошотуу тууралуу буйрук-дары иштелип чыккан. Ал дарыны чогулушта, көпчүлүктүн көзүнчө калк жыйналган жерден аласыз! – деп, телефонго:

-Жолдош катчы, текшерүүчүлөрдүн башчысын чакырыңыз.

Өмүр иштин оңдолбос жагына оогонун даана сезсе да, адатынча ооналактап, сүйлөнө берди:

-Ох, жүрөгүм, ох, бөйрөгүм! Жаны бирге үстөлүм! Дарың менен куруп кет! Албайм аныңды, алба-айм…