Проза

Ырысбай АБДЫРАИМОВ, жазуучу:

    Илгери-илгери, кайсы бир өткөн заманда кыргыздар кокту-колот, кыр-кырда,  адыр-тоо, талаа-түздө  айыл-кыштакка, урууга бөлүнүп, баштары  бирикпей, бир-бирден жалгыз жашашчу. Туш-туштан ар кайсы жоо келип, аларга кол салчу. Жоо ынтымагы жоктордун айда  тапканын айда, жылда тапканын жылда карактап, бүлүндүрүп, чаап кетишчү. “Какаганга муштаган” болуп,  беш-алты жыл удаасы менен күн катуу ысыйт. Алакандай теп-тегиз  жерге асмандан  бүртүк кар, бир томолок тамчы тамбай, жамгыр жаабай, аска-зоо, тоо башында ак кар, мөңгү турбай, суу тартыш болуп, кургакчылык каптайт. Өсүмдүк өспөй, эгиндин түшүмү тартылат. Төрт түлүк мурунтан санак жеткис болгондуктан талаа тургай, жайлоо да тебеленип, жакырланып, жер такырланат. Чөптүн тамырлары соолуп, жер бетине өнүп чыкканы куурап, жадесе куурай да жок, адыр менен белестен, кокту менен колоттон орок менен чалгыга илешеер бычан табылбайт. Учу-кыйырына көз жетпеген  кең талаада адамга аштык, малга от жетпейт. Жай-күздө жыйнаган бычан түгөнүп, жутчулук   муунтат. Анын айынан Качканак байдын айылындагылардын  бодо мал, жылкылары кырылат. Короо-короо  кой-эчкилери  жайран салат.  

   Ал кол куушуруп бүк түшсө, күндөн күн өтүп, акыры ачарчылык  ач чеңгелин салып, элин мүлжүүрүн алдыртан  боолгойт. Букара калкын  багуу үчүн өз малын бөлүп берип, жандыктары түгөнгөндө оокат-азык издөөгө өтөт. Мергенчилерин жиберип, көк мунарык баскан тоодон илбеесин, кийик, марал, бугу, топоз аттырып алат. Бирок, жапайы ал аңдар деле кишилердин жумуруна жук, камырына чык болбойт. Боз үй, үңкүр, алачыкта жашаган караламан калк акыры бири-биринен тиленип, кайыр суроого оошот. Муну көргөн Качканактын ичкени иримге, жегени желимге айланат. Ал башын оорута катуу ойлонот. Аргасы куруганда төбөсүнөн ак кар, көк муз  үзүлбөгөн, учтары асман тиреген, караса көк мелжиген  тоонун тескей бетиндеги  Кутман аттуу байдын короосуна кол салуу бүтүмүнө токтолот. Жөкөрлөрүн ошол жакка жиберет.

   Жигиттери  жумалап-айлап  жол жүрөт. Тескей тоого жетип, түн каракчысында  үйүр-үйүр  жылкыларды  айдап чыгып, артка кайтаар жолуна сүрөт. Таң куланөөк салганда, кыйла ашууну ашканда  алардын соңунан куугун түшөт. Из кубарларды көргөн Качканактын  жөкөрлөрү ал ансайын буудандарын теминип, ого бетер күүлөнөт. Көзгө илешпей тоону айлана чабышат. Көктөмдө үйөр жүрүп, кеңейгени менен туман баскан колот-коңулга кирип, жашынат. Качкындардын эң артында кенедей ичке улан жалгыз калат. Ал жоргосунун башын колот-коого бурбай, тоодон түшүп, капчыгай этегинде кеңирсиген  жайдак талааны беттеп качат. Ошол амалы менен жөкөрлөрдү куткарып, куугундарды адаштырат.  

   Кутман байдын  Таңсулуу аттуу кызы да куугундарга кошулуп чыккан. Өспүрүм кыз олбурлуу, бирок, уурулардын изине сая түшкөнү менен кайда көз чаптырбасын, баскынчыларды таппайт. Ал ээн талаалап жүрүп, акыры, тээ алдыда аргымагын сабап, жортуп бараткан жалгыз караанды көрөт. Кыздын чаңында кала берген бөлөк куугундар эч кимди колго түшүрө албай, үмүттөрү үзүлүп, артына жөнөйт. Таңсулуу гана “качкынды бучкактайм” деп көгөрүп, кур кол кайтууга такыр көнбөйт.

   Ат жалында шамалдай ойногон чыйрак кыздын ошондо он үч – он төрттөгү кези. Качкын бозой канчалык жан үрөбөсүн,улам артка кылчайып, артынан ат жалына жабышкан караандын куюндай ылдамдык менен кууп, жакындап калганын, аралыктары улам кыскарганын көрөт.

   Таңсулуу:

  –Асманга куштай кайкып учсаң да, канатыңды кайрыймын. Менден чаарчыктар качып кетпеген. Артымдан түшкөн күлүктөр  деги мага  жетпеген – деп, элик менен жарыша жүгүргөнүн эстейт.

   Таңсулуу менен өспүрүмдүн ортосунда бута атымдай аралык калганда, кыз тулпарын чаап олтуруп, качкынды кууп жетет. Көз ирмемде ага жанаша түшөт. Чиедей уландын тизгинин жула тартууга кол сунат. Анткени менен бала жоргосун  улам ойноктотуп,  буйтайт. Каршылык кылып, кайрыла калып, камчысы менен кыздын тулпарын тумшукка чабат. Ошондо Таңсулуу күлүгүн жандай чаап барат. Экөө кайра катарлашканда уланды ээрден эңип алууну самайт. Бирок, тиги алыстай түшкөндө андан алдыга озуп баратып, оң колундагы  укуругу менен  качкындын бууданын тизеге чабат. Оозунан ак көбүк чачкан ат мүдүрүлүп түшүп, үстүндөгү ээси менен кошо  тоңкочук атып, жыгылат. Мына ошондо кыз: “Атам жалгыз журт жүрсөле, көрүнгөн жоо чаап кете бергидей, корголбой калат дедиңер беле?.. Мына  мен бармын, эр жигиттикке жараймын! Көккө учканды бутунан тартып аламын.Жер түбүнө  түшкөндү чачынан сүйрөп чыгаармын да, башын жара чабамын”- деп, Кутмандын  душмандарына кыялында сүйлөнөт.

   Өспүрүм ээрден ооп түшкөнү  менен кайра тура калып, куландай жүгүрүп барат. Кыз  шуу эттирип, ага кылтак ыргытат. Баланын мойну кыл чылбырга илинет. Таңсулуу жыгылып түшкөн качкынды сүйрөп жөнөйт. Улан атка сүйрөлүп баратып, мойнуна илинген чылбырды колдору менен эки жакка керет. Кылтакты мойнунан ылдый эки колтугуна түшүрөт. Капталындагы тинтесин алып, аны менен кылтакты кескилейт. Кылтак үзүлөөрдө  шайы кетип, эстен танат. Анткени, жумалап жол баскан жөкөрлөрдү ээрчип, Качканактын уулу да ачка жүрүп, өзөргөн.

   Таңсулуу  чылбырдын үзүлгөнүн сезип, артка кылчаят. Артта сүйрөлүп келаткан караандын жолдо жатып калганын көзү чалат. Ал бууданын артка буруп, кийимдери тытылып, бети-башы кан жалап, үн-сөзсүз боз топуракта оонап жаткан, салмагы улактай уланды  жерден эңип алат. Алдына өңөрөт. Аны атасынын ак боз үйүнүн алдына алып келип түшүрөт. Кайра боор ачып, ачуусун басат. Эсине келген баланын жүзүн жууп, жарасын тазалап, кайра таңат.

   Арыкчырай улан туткун болуп, боз үйдө багылат. Болгону боз үйдөн ыраактабайт. Качууга кам урганда кайрале Таңсулуу кармап алат. Ордодогу байдын өзү да, зайыбы менен уул-кыздары да ага жаман сөз айтпайт, кол кайрыбайт. Анткени, Кутман: “Бу ааламда бириндеп, уруу, колотко бөлүнбөй, бир эл, бир журт болсок, жоолор да тийишмек эмес. Ээн талаа, эрме чөл, кокту –колотто жалгыз-жарым жашасак, жоо катылат тура! Жер бүткөндүн баарына тараган кыргыздар чогулуп, бир мекен курсак, эч ким чабалбас. Тийишкен жоо тирүүлөй талкаланып, устуканы упат, сөөгү сөпөт болоор. Эми бу балада кесирлик жок. Жылкыга кол салган жөкөрлөрдүн, бизге жалгыздык менен ынтымаксыздын кесири тийди. Туткунга тийбегиле, чекесине чертпегиле! Жутчулуктун айынан ууру келди. Качканак  да жөкөрлөрүн бизге айласыздан  жиберди”-деп, дайындайт.

  Таңсулуу атасынын тилин алды. Ал убагын өткөрбөй, өспүрүмгө өз маалында тамак-ашын берет. Кирдеген кийим-кечегин  жууп-тазалап, кургатып, кийгизет. Кутман кызынын эр жигиттикинен аша чапкан эрдигине, кабак түйсө да, күлмүңдөп турса да, кең пейил, боорукердигине сүйүнөт: “Беш көкүл ушул секелегим уул болуп калсачы?” – деп тилеп, күбүрөйт.

   Атасынын буйругу менен Таңсулуу баладай кийинип, Качканактын айлына барат. Тестиерлер менен ойноп жүрүп, айлана-тегерекке чалгын салат. Көз кыры менен атасынын жылкыларын издейт. Бирок, алардын издери билинбейт да, көздөрү көрүнбөйт. Ар кимдерден сураштырса, Качканак өзүнө эч нерсе калтырбай, жөкөрлөрү айдап келген жылкыларды да элине түгөл таратыптыр.

   Кутмандын кара көзүндөй ишенген кызы тырмактайынан тың чыккан. Таңсулуу тестиер чагынан эле ууру-бөрүдөн коркпой, короо-короо кой-эчкилерди өзү жалгыз ээн талаада кайтарып, оттотконго ыктаган. Эркекче кийинип, балдар менен чүкө атышып, көк бөрү тартышып, ак союлдан кылыч чабышып, алар менен бой тирешип, күрөшкө түшчү. Байге чабышта, же аламан жарышта, ага  караан жетчү эмес. Башына калпак, үстүнө жеңи жок кемсел, бутуна булгаары өтүк кийип, балдардай ырдап-ышкырып, дайыма шамдагай. Жүргөнү да, күлгөнү да шайыр-шатман. Ага сыртынан көз салган кыз-келиндер да: “ Ушу  секелек кызыке, эркек болуп калсачы? Жоого  бет алып, жүгүргөнүн, тайманбастан эр эңишке түшкөнүн карачы!”- деп  тамшанат. Таңсулуу өзүнөн чоң боз балдарды  да боюнан ашыра көтөрүп, жыга чапчу. Аскар тоого бир демикпей, жигиттерден мурда маралдай жүгүрүп чыгып, ак бараң атчу.

   Арадан жыл айланды. Качканакка өнөкөт болду, уулун эстөө.  Жөкөрлөрүнөн чүрпөсүнүн колго түшкөнүн сурап билген. Баласынын  Кутмандыкында  туткунда жатканын угуп, кызга колго түшкөнүнө арданып, ага жаалданып жүргөн. Уурулук оокат аш болбой, өзөгүнө сиңбешин, арам оокат курсагын бир күнү тешип чыгаарын оюна  түйгөн. Перзентин сагынып, күнү-түнү санаага батып, жылкы уурулугу үчүн мал ээсине батынып барбай, актанууга амал таппай, ичинен жалын түтөгөн. Жетимиш ирет ойлонбой, бир кескен алаңгазар буйругу үчүн басса-турса бармагын тиштеп, башын муштап, өкүнгөн. Мезгил өткөрүп, Кутмандын ачуусун таркаарын күткөн. Эми ойлонуп иш кылууга, жетимиш өлчөп, бир кесүүгө көнгөн.

   Жигиттери:

   –Кууган чабандес уулуңуздун жоргосун тизеге чаап жыкты. Акыркы жолу  көзүбүзгө илешкени – аны укурук менен кармап, сүйрөп кеткени болду – дешкен.

   Качканак куру намысты жыйыштырып, уулун куткарууну чечти. “Колум менен кылган ишти мойнум менен тартайын. Арадан жыл өттү. Кутмандын заары да таркагандыр. Анын жылкылары менен элимди көккө жеткирип, жуттан сактадым. Эми… Куржундун көздөрүн тай туяктай алтынга толтурайын. Бир көздөгү алтынды жылкыларына кол салганым үчүн, экинчисин жыл бою уулумду баккандыгы үчүн колуна он эселетип, карматайын. Башымды алса да, алдына барып кулдук урайын. Баса, ийилген башты кылыч кеспес”- деди, өзү менен өзү акылдашып.

  Ал күлүгүн минди. Кутманга атаган алтын толо жана көз жоосун алган сарпайылуу  куржундарды артынтып, ак боз атты жетелетти. Кыйла жүрдү. Куржундарды Кутмандын үйүнө түшүрттү. Уурдалган жылкылардын ордуна элдин жандыгына кол тийгизбей, өзүнүкү менен тууган-уруктарынан топтоп, Кутмандыкына айдаттырып кирди.

  Каалга жабуусу өйдөгө түрүлүү, оозу ачык  ордо төрүндө Кутмандын китеп окуп, олтурганын көзү чалды. Атынан түшүп, жерге ийилип, боз үйгө дейре кулдук уруп барды. Өзү менен кошо тизе бүккөн жөкөрлөр Кутмандын алдына койду, куржундарды:

 –Айыбым алтымыш жылдык, байым! Макул десең, өмүрүм өткөнчө кулуң болоюн! Булар – уулум менен уурдалган жылкылардын акысына – деди Качканак, башын ийген калыбында.

   Кырк жаштын кырына чыккан Кутман ордунан тура калды. Китебин колтугуна кыса кармап, жолоочуну колтугунан өйдө тартып, тургузду.

   -Алдыңа келсе, атаңдын кунун кеч – деген. Антпесе, башыңызды алсам да, элиңизди чапсам да жарашмак. Бирок, чама-чаркыңыздын тамырын тартайын дедим. Ошон үчүн көрөр көз-секелегимди айлыгыңызга байкаттырбай тыңчылыкка  жибердим. Чалгын салган Таңсулуум сиздин актыңызды айтты. Алган эмес, берген март дегендей, берешендигиңизди  угуп, кегим кайтты… Эми, сизде күнөө, менде байлык ашса – ашты, кемиген жок. Жутчулук каптабаса, сиз жылкыга тиер эр белеңиз?.. Мал-жандык бизде, ачыгы, ар жылы жоо чапса да, көбөйүп атат эсепсиз. Төрт түлүгүм  түгөлү менен  кыштоолорумда турса да, боо-боо түшүп, жыгылмак. Анткени, малга жем-бычан, чөп-чарыбыз эсептелүү болчу. Мына, уулуңуздун алты саны аман, аны өз колуңузга тапшырайын. Жөкөрлөрүңүз айдап кеткен жылкылар менен элиңизди бактыңыз. Ошон үчүн уурулукту да кечтим, кечирдим.

    Качканак ордо ээсинин ток пейилдигине, сылыктыгына ыраазы болду. Ичинен: “Ээ, тыңчы болуп, бизге барган кызы да кыраан экен. Мунун мендей душманга кек сактабай, ак жүрөктүк кылганын кара! Китеби колунан түшпөгөнүнө караганда, илимдүү, көз карашы терең, ток пейил адам тура!”- деп ойлонду.  Уятына чыдабай, артына карабай, боз үйдөн чыга берди. Кутмандын ичинде кири жоктугун боолгоду.  

   Ордо ээси мейманды коштоп чыкты.

   Качканак уулунун  секелек кыздан чабалдыгына, ага колго түшкөнүнө, анан жыл бою боз үйдө бүк түшүп, кайратсыз олтурганына ичи бышты. Кутманга бурула карап,аны туурап:

  -Сизде кыз бар деп уктум. Жок дебесеңиз, сыйлашкан да, сырдашкан да, миң жылдык куда бололу! – деди. Араактан кырк өрүм чачын сеңселтип, эки колуна чака кармап, суу көтөрүп келе жаткан  чыканактай Таңсулууга көз жиберди.

   Кутман Качканактын аргасыздан ийменип турганын, секелеги көңүлүн бурганын сезди. Таңсулуусу анын уулун туткун кылганын,из кубарлыгын айтып,  мактанса да болмок.

  Бирок, акылы мол Кутман антпеди.Ансыз деле уурулугу үчүн адамдын жүзүнө тике карай албай, көздөрүн ала качкан меймандын жети өмүрү жерге киреерин болжоду. Аны тилге албады. Жай гана:

   -Кызым али секелек, эне сүтү оозунан деги кете элек. Ат жалында өссө да, жоону бирге чапса да, мага ошондой сезилет – деди болгону.

  Сөз маанисин Качканак да боолгоду. Ал кеп кошо албай, бир топко эрдин кымтынып, ичинен онтоду. Саамдан кийин үнсүздүктү бузду, ортодогу:

  -Ээ, байым! Суунун бараар жери – тегирмен, кыздын бак коноор жайы – күйөө, кайын журт! Тамакты ач калганга, кызды сураганга кармат. “Кызыңдын төрүндө чалкалагыча, уулуңдун улагасында олтур” деген да кеп бар. Экөөбүз сыр бекишип, куда болбосок, көк бөрүдөй өңөрүп, ала каччулар табылбас бекен?- деди тамашага чаптырып.

   Кутман сөздүн төркүнүн түшүнсө да, күлүмсүрөп:

   -Уулуңуз да эр жетсин, үй-бүлө багаар куракка толсун! Жары менен балдарын баккыдай,  кадырын билгидей болсун! Бешиктен бели чыга элек бул оюнкарактарды түйшүккө түртө салбайлы. Экөө тең балалык доорун сүрсүн, балалыктын жыргалын көрсүн! Моокуму кансын! “Келечек –билимдүүлөр менен илимдүүлөрдүкү”- деген каңшаар желдей тарап атат. Китеп окуп, өнөр үйрөнсүн! Бойго толук жеткенде, жашы жыйырмадан өткөндө  бири-бирин жактырса, мен каршы эмесмин… Баса, сизди балаңыздын көйгөйү баш оорутса, мени эл-жеримдин эртеңкиси ойлондурат – деди. Ал оюна бүлүк түшүрүп, көөдөнүн түйшөлтүп жүргөн ойду  дал ушул сатта ачык айтууга удулу келгенин сезди:

  – Андан көрө жалгыз-жарым болуп бириндебей, жер үстүндөгү бүткүл кыргыз биригели! Сиз – Чыгышты, мен – Батышты, дагы бири түштүктү карабай, биримдик менен бир түндүктү көтөрөлү! Көрүнгөн коктуда макоо сыяк, жалгыз олтурган коколой баш адамга  ар кайсы жоо тиет. Аргаңды түгөтүп, сөөгүңдү сөпөт, устуканыңды упат кылып,  күнбү-түнбү, чаап кетет… Алсызга алдуу көмөктөшпөйт.  ”Бөлүнбө кыргыз бөлүнбө, бөлүнсөң бөрү жеп кетет. Бөлүндү кыргыз деген сөз, кыйырга дейре кеп кетет”. Чачырап жүрсөк, майдаланып жок болобуз, чоң элдерге жем болобуз! Азиядан учуратасыңбы, же Алтай менен Каңгайдан, Тыва менен Хакас, Бурят, Кытайдан, болбосо Кырым менен Урумдан жолугасыңбы, кыргыз көрсөң, мына ушуну айт, жайылт. Тирүү кезде бир дөбөдө бололу!

  Качканак буга эмне дээрин билбей, ооз ача албады.

  -Туура айтасыз!.. Бирок, ошондо бизди бир адам башкарабы? Ар кимибиз өз-өзүнчө хан, бий-болуш, манап элек, – деди кыйладан кийин.

  Кутман анын соболуна жооп айтууга үлгүргөн жок. Ордодон чыккан чачтары өрүлүү, кызыл тебетейчен, ай маңдай өспүрүм кыз анын жанына келди. Күлүп-жайнап, жүзүнөн нур төгүлө:

   -Ато-оу… – деп, айланчыктап ага эркеледи.

   –Алты-ын кызым! – Кутман ийилип, беш көкүл Таңсулуунун төбөсүнөн жыттады. Кучагына кысып, саамайынан сылады.

   Качканак бири-бирине ынак кызы менен атасына суктана карады. Аны баамдаган Кутман:

 – Билсеңиз, кыз деген уютулган алтын болот. Кыз-келинди, аялды барктап, алаканга салган даанышмандын үйүнө кут, ынтымактуунун башына бакты-таалай түбөлүк конот. Мындай ой – атам замандан уланган, турмуш электеген акыл.

  Таңсулуу бир аздан соң, баланын жанына жетти:

 – Уктуңбу, биздин кепти?  Чекилик – баш ийилтет, тизе бүгүлтөт, жер тиктетет, – деп угузду накыл сөздү. – Бирөөнүн ырыскысы башкага жукпайт. Эл эмгегин эр жебейт да, жер жебейт. Ошон үчүн атамдын малы силерден кайтты. Колуңдан келсе, жаза баспа,уурулук кылба! Мээнетсиз – эчтеме алба! Тиги башын жерге салган атаңдын акыбалын кара… Көрдүңбү? Ошентип, обу жок иш кылсаң, бирөөдөн уруксатсыз буюм алсаң, кечирим сура! – деп, акыл үйрөттү, балага.

  А өспүрүм:

   -Сүйлөгөнүң жалаң эс-акыл,  кызылдай макал. Сендей эсти кемчонтойлор кайдан табаар? Бул акылды ким үйрөттү? – деп сурады.

   Таңсулуу күлө багып, “тиги” дегендей атасына баш жаңсады.

   -Буудан багып, ээр токуганга… Көк буурул күлүк таптап, байге жарышта мөөрөй утканга… Алдыга озгонго да… Атаң машыктырдыбы?

   Кыз ал өнөрдү балдар менен аралаш өсүп, өзү үйрөнгөнүн жашырып, “ Ии, ооба!”- деди, жылмайып.

  -Кемеге асып, эт кууруп, боорсок бышырып…Бозо сүзүп, сабаа бышканды.. Куурма чай демдеп, калама да бышыра аласыңбы? Аны жеңелериң үйрөттү дечи, – бу жолу тестиер өз суроосуна жоопту өзү тапты.

  – Жо-ок, ал жагы – апамдын таалими – деди кыз  кылайып.

  Качканак ал экөөнөн беш-алты кадам обочо  турган. Секелек кыздын уул    уна тыкылдата кайтарган жообун кулагы чалды. “Ой-бо-ой, чиедей боло туруп, биттин ичегисине кан куйган кыз тура! Чоңойгондо Чыйырды, Каныкей, умай эненин өзү болот өңдүү” – деп ойлоп, Таңсулуунун акылына тен берип, өтө уялды. Өйдө карай албай, башын жерге салды. Алдына тартылган тулпарын мине берип, уулунун чабалдыгын, Кутман экөөнүн өз ара кебин эстей келип: “ Ал мамлекет курайлы десе, кепти башкага буруп, секелек кыздын колун сураганымды кара!  Осол соболду оозума алган мага, ырас чала! Эсиргениң менен кызга колго түшүп, эрдикке жарабаган балам, эмне кылып койдуң? Эстүүлөрдүн алдында тилимди кыска кылып… Уялганыма чыдабай,  эселек кызга баш ийдиртип, мени “сойду-уң, сойдуң!” Элүүдөн ашып, эр ортонуна толгонумда секелек кызга шылдың болдум! Ойлонбогон  ишим менен онтобогон ооруга жолуктум. Уурулукка тойду-ум, тойдум! Ал “өнөрдү” биротоло койдум!.. “Асыл-таштан, акыл-жаштан чыгат” – деген накыл кеп ырас экен”-деген ойдо калды.

  -Ой бас, алдыма түш!- деп, жөө айдап кетмекке баласын чакырды да,ага бакырды. – Жамандан – жаан, жакшыдан бөөн чыгат… О, бөлбүрөгөн сени…

About the author

Жазуучулар Союзу