Проза

ЫРЫСБАЙ АБДЫРАИМОВ, жазуучу:

СҮЙҮҮНҮН  БИР  СААТЫ…

Аңгеме

 

Чолпонбек ызы-чууну жактырбай, оорукананын тынч бөлмөсүндө дарыланып жаткан. Күн чакчайып тийип, ачык терезелерден соккон шамалдын эпкини  алтынчы кабатты да желдетип, жалгыз кишилик, тынч бөлмөнүн пардаларын ыргалтат. Ал өнөкөт оорусун күчөтпөө үчүн  жарым жыл  сайын бейтапканага көрүнөт да, доктурдун кеңеши менен кымбаттыгына карабай, менчик шыпааканада дарыланат.

Күтүүсүздөн тамак-аш шыкалган баштыктарын  көтөрүнүп, бөлмөгө Айнагүл кирип келди. Анын эсинен  Чолпонбектин кандагы канты көбөйгөндө обору ачылып, тез-тез  шам-шум этеери чыкпайт. Селкинин  айдай тунук жүзү, карагат көз, чийилген кара кашы – күлүп-жайнаган ажарын ого бетер ачкандай. Көздөрү жайнаган жаш келин керебетке чалкасынан түшкөн жигитти буйдамга келтирбей, таап алганына сүйүнгөн бойдон үстүнө баса жыгылды. Ой-боюна койбой, жан-дили менен  жигиттин жүзүнөн чоп-чоп эттире өпкүлөйт да, кыт-кыт күлөт. Эркектин эки жаагын кош колдоп сылагылап, күлүмсүрөгөн көздөрүн сүйкүмдүүлүк менен жүзүнө кадады. Анткени, бир  айдан бери көрүүгө зар болуп, Чолпонбектин үнүн укпаганга кусаланып калган:

-Чолпонум менин…- деп, моокуму канганча жигиттин төбөсүнөн жыттап, чачтарын сылады. Башын көкүрөгүнө жөлөдү.- Издеп жүрүп, акыры таптым… Берекем!.. Эмне жашынасың? Же, телефон албайсың. Карааныңды көрүп, көзүмө сүртөйүн десем, ватсапты такыр ачпайсың.

– Ө-х, өрттөп ийдиң го, адамды – деп, Чолпонбек селкиден оолактап, көйнөгүн желпинди. Керебетке олтуруп, кере дем алды. Айнагүл балкылдаган көкүрөгүн  денесине тийгизгенде тула бою ток ургандай дүркүрөгөн. Коргошундай көлкүлдөп ээрип, делебеси козголгон.

-Ай эсиңдеби?…- деди селки күлүмсүрөп. – Мөңгүдөн агып түшкөн көк кашка сууга курулган махабат көпүрөсү… Көпүрөгө чукул  “Сүйүүнүн бир сааты – бүтүндөй бир өмүр” деген темир тактадагы жазуу дагыле өчөлек. Сүйүшкөндөр бирде өйдө көтөрүлүп, бирде ылдый түшкөн көпүрө менен суу жээгиндеги чытырман токойго өтүп, чардашат. Экөөбүз да ошол көпүрөгө олтуруп алып, серүүндөсөк. Мөлтүрөгөн кашка сууга жүзүбүздү чайысак…

Жигит көркөмдүү капчыгайды элестетип, Айнагүлдүн кооздук тууралуу оюн улагандай баш ийкеди. Селкинин тагдырын эстеди…Бышып-жетилип, мөмөсүн нөшөрдөй төгүп ийүүгө  камбыл  селкинин  күйөөсү менен чет жакка иштегени  сапар тартканына  аз эле болгон. Анын Орусияга жетип кайттыбы, же жарым жолдон кайттыбы, ай,  ким билет?.. Бирок, көрмө тасмалуу  телефону менен күн сайын үч-төрт мертебе чалып,  Чолпонбектин тынчын алчу. Ал суйкайган жаш чүрөктүн акыркы коңгуроолорун жоопсуз калтырып, чөнтөк телефонун көрмө тасмасы менен кошо көбүнэсе өчүрүп коюучу.

Айнагүл анын дареги чыкпаганга санааркап, жалынып жалбарган смс каттарын жамгырдай жаадырчу. Азыр Чолпонбек менен бет маңдай тиктешкенине жетине албай, бак-таалайы чегинен ашып ташкандан бетер көөдөнү жылып, кумарлуу денеси балкып турду. Көзүнө шадылуу болгону менен өңү шапая түшкөн  Чолпонбектен башка эч ким, жадесе орус калаасында калган күйөөсү менен бойтоңдогон уулу да көрүнбөй, ушул саатта муну менен бир болууга дем байлап, ага арбалды. Ал эмне десе, эмне самаса, сүйгөнүнүн  күсөгөнүн жайгаруу үчүн баарына кайыл турду. Баштыктарынан сууруган чучук, казы-карта жана өз колу менен кууруган этти майдалап туурап, тапканын балапандын тумшугуна сунган эне чымчыктай утуру жигиттин оозуна салат. Даамдуу эттин артынан кабыгынан ажыраткан мандариндин бөлүкчөсү менен  эрининдей кызарган  кулпунайды улам сугунтат. Жигит баш чулгуса да болбой, суусундук ууртатып, ошондон  ырахат алгандай,  эбедейи эзилет.

Чолпонбектин ооруканада экенинен ата-энеси менен жумуштагылары гана кабардар. Бөлөк адамдарга дайынын айтпай, сурагандарга телефон номерин бербөөнү аларга дайындаган. Жакындарынан башка бөтөн кишилерди ооруканага киргизбөөнү биринчи кабаттагы кабылдамада сыркоолорду каттаган мээрбан айымга да табыштаган. ”Айнагүл кантип таап алды?” Селкинин асмандан түшө калгансып, маңдайында жутуп ийчүдөй тейде турган жоругун өөн  көрдү:

-Бул жакка сени ким киргизди, ыя?- деди сылык түрдө.

Бийкеч жылмая берип, Чолпонбекти  жүзүнөн удаа- удаа өптү да:

-Алтыным ай…Москвадан  таңга жуук  учуп келип, бөлмөңө кирээрге арга таппасам, жүргөн экем?..  Ооруканада жатканыңды  досторуңдан сурап билдим. Биринчи кабаттагы доктурдун колуна акча кармата койдум эле, палатаңды айтты.

-Кызыксың го!.. Жарым ай өтөлек… Россиянын босогосун аттабай атып,  артка бурулганыңды кара…

-Мурдале бутум тарткан эмес. Сенин “бар” дегениңди кыялбай, мойнунан байланган күчүктөй араң кеткем…Нары эр сөрөйүм эркиме койбой, зордоп жетелеген.

-Бөтөн элге уулуңду таштап, баса бердиңби? Күйөөң жетип келип, экөөбүздү төрткө бөлө чаппагай эле…

-Жемин жедиреер, ага жетеленчү мен эмес.  Ал –жапайы кылыктуу шоркелде… Мектепти бүтүп келатсам,  “үйүңө жеткирем” деп, машинасына олтургузду.  Кылыгыма арбалдыбы, он алтымда козудай бөктөрүп,  ала качкан. Нике түнү кууп жүрүп, мени уйпалаган эркек, бала багууну да билеер… Ээ, ошо  жүүнү бош салпетекти койчу… – Айнагүл жубайын тең санабай, далылары күржүйгөн, узун бойлуу, чымыр дене Чолпонбекке кайра жабышты.  – Менин бир тал гүлүм үзүлгүчө учурабай, кайда элең?..Өзүңдү утуру эңсеп, кыйналдым… Аячы мени… Экөөбүз бөлүнбөй, бүтүн бололучу?!!..Кучакташсак – баш-аягыбыз биригип,  бүтүн адам болуп калабыз… Үйлөнөм десең, азыр ажырашам. Эриме телефондон  дароо жооп узатууга мен даяр. – Айнагүл күйөөсүнүн номерин термекке колуна зымсыз телефонун алды.

-Таш түшкөн жеринде оор…Турмушуңду ойло.  Уулуң бирде сага, бирде күйөөңө кылчактап, сарсанаага батат.

-Ал атасында калат. Эгер оор көрбөсөң,  аны өзүм менен сага ээрчите келем.

Жашы кыркты чамаласа да, Чолпонбек  алигиче бойдок. Үй-бүлө күтөөргө эмнегедир купулуна толчу бийкеч табылбай жүрөт. Кээде кайсы кыз  табитине дал келээрин, кандай бийкечти сүйөөрүн да билбейт. Билгендер буга тамшангандай кош кабат үй-жайы, мөмөсү төгүлгөн бак-шагы белен. Нечен жыл соодада жүрүп, ишкерлиги  менен ашып-ташкан дүнүйө  жыйды. Ата-энесин алаканга салып, багат. Жогорку окуу жайларды бүтүшүп, ар кимиси өз кесиби менен иштеген инилерин үйлөндүрүп, карындаштарын бактылуу туурга кондурган да, ушу Чолпон. Ишкерликтин убайы менен кыйла шаарда ишканаларды, кабаттуу үйлөрдү курду. Келишим акыларын төлөп, чет өлкөлөрдө элүүдөй улан-кызды окутуп жатат. Бирок, мындай берешендиги тууралуу  эч кимге ооз ачкысы кылгысы келбейт. Моюн – билектеринде жоон алтын чынжыр, манжаларындагы алтын шакектер менен сол колундагы алтын саат көз жоосун алат. Өнө боюна сыдыра көз жүгүрткөн не бир кыз-келин сук артса да, көзү аларга түшкөн жок. Анча улгаялек ата-апасы да  жыйнаган көр дүнүйөсүнө топук кылууну, өмүрлүк жар күтүп, бала-чакалуу  болууну эскертип, кулагынын кужурун алышканда: “Сиздерди дүйнө кыдыртам” – деп убада берип, кепти башка нукка буруп ийген.

Айнагүлдүн жубайы жылына бир көз көрсөтүп, келип-кетчү. Калган учурда жаш келин үйүндө жалгыз . Чолпонбек эстесе, тал чыбыктай солкулдаган  ушу селкинин курдаштары менен көлдө чогуу эс алган. Кыздарды Ысык-Көлдү эки-үч айланта кеме менен кыдыртып, көлдүн баш-аягына тик учак менен сейилдеткен. Түшкүсүн ак кемеде шерине уюштуруп, көлдүн кооз капчыгайлары менен тоо-жайлоолоруна саякаттатып, марттыгы менен черин жазган. Махабат көпүрөсү салынган кооз капчыгайда сулууларды сынатып, сынакты утуп чыккан кыздарга сыйлыгы менен белек-бечкегин тартуулаган.  Ичинде кири жок. Тамашалашып сөз ыргытканы менен шарактаган кыз-келиндердин бирине да жологон эмес.

Алган жары экөө таарынышып, айылда убактылуу бой жүргөн Айнагүл ошондо муну жактырган. Ал  Чолпонбекти  кайдан болсо табат да, кечке дейре жанынан чыгарбайт. Айнагүл  жары менен жарашкандан кийин деле жигитти унута албады. Кайда жүрсө, эси-дарты ушунда. Тоодогу үйүнөн шаардагы базар-учарга түшүп, кайра айылына кайтаарда кадамы артка шилтенбей, жигитке чып жармашат.Чолпонбек мындайда арга таппай, аны жол тандабас унаасы менен  үйүнө жеткирүүгө аргасыз болот. Азыр да убакыт  бешимге ооп  баратат. Бирок, жутуп ийчүдөй умсунган  Айнагүлдүн бөлмөдөн жылаар түрү жок.

Бул арада жигит үстүндөгү ак желеги боюна куп жарашып, колу кебездей жумшак, болтойгон кыздын колунан түшкө дейре, анан бешимге жакын, эки ирет асма үкөл алганга үлгүрдү. Денеге ийне сайганы сезилбеген кызга ичинен имерилип, анын бат-бат  кабар алуусун, шилекейи чубурган келиндин ылдам кетүүсүн дегдеди. Айнагүл сүйгөнүнүн  асма уколдун күчү менен чыпылдап тердеген маңдайын жүзаарчуу тийгизип, сүртүү менен убара.

Бир кезде  Чолпонбек кыйыла караган селкини билектен алды да, коридорго жетеледи. Ылдыйкы  кабатка түшүүчү тепкичтин каалгасын ачып:

-Үйүңө жеткиргенге азыр машинам жок. Бар эми… Кайыната, кайын энеңди кабатыр  кылба.–Алардан бөлүнүп чыкканбыз. Кайната-кайынэнем менден бөлөк жашайт. Алар менин турмушума киришпейт. Ээн үйдө жалгыз макоодой жүргөндөн көрө, ушу бөлмөдө сени менен түнөгөнүм артык… Сүйөм сени… Кет дебечи!

– Укмуш күйөөрүңдү билем. Мен да сени кыя албайм… Бирок, арга жок. Ак никелүү түгөйүң бар, эмне камың бар? – деди жигит бир аз күлүмсүрөй.

– Кааласаң, азыр ажырашам… Ага “үч талак кой!” деп, ачык айткам. Мен деле өз сүйүүмө акылуумун. – Айнагүл бышактап, көзүнө жаш алды. Кучактамак болгондо жигит боюн ала качты. Алтынчы кабатта экөөнөн башка жан жок эле.

Оттой жалындаган жаш селки ооруканага  эртеси да баш бакты. Бу жолу көз жоосун алчудан бетер жасаныптыр. Ошондуктан го,  жаңы жетилген, кыргый мүчө, кымча бел кыздай өзгөчө сулуу көрүндү. Бирок, жалынып-жалбарганына карабай, Чолпон  аны менен саламдашкан да жок. Ага жонун салып,  дубалга бурулуп  жатып алды. Айнагүл аны ийите албаганына үнсүз буулугуп, күчүн көз жашына чыгарды:

-Бери карачы, садагам?!… Чолпонум… Мен сен үчүн  келдим… Дөңгөчтөй эр сөрөйүмдү көрүүгө көзүм жок… Сени менен  бактылуумун. Антпесек, өмүрүм арман, күйүттө өтөт. Таалайымды ташка чаппа, суранам…

Чолпонбек жаздыктын алдынан калың конверт сууруп алды да:”Эми үмүт үзөөр!”-деген ойдо келиндин  баштыгына салды:

–Бактыңды байлаба, сулуу! Бул акча Москва эле эмес,  Швейцарияга барып, үч жыл ойноп келгениңе да жетет! Унут баарын.

Айнагүл  конвертти караган да жок. Конвертти баштыгынан сууруду да, ыргытып ийди. Оозу ачык конверттен чачылып кеткен көгүш акчалар абада самандай сапырылып,  жер жайнады. Жигит буга не дээрин билбей, саамга бушайман тартты да;” Сага кор болгон кайран акча… Сага бергиче, сагырларга кармата койбой… Же дагы бир жерге базар ачсам болмок экен. Базардан агын суудай пайда түшмөк?” – деп ойлоду.

Айнагүл:

-Сүйгөнүң менен  чогуу  жашабасаң, эмнеси бакыт!?. Байталды бура бастырбай, баса калган айгырдай, эркелетүүгө жарабаган дөңгөчтөй эркегимдин эмнеси бакыт!?.. Сүйүүнүн бир сааты – бүтүндөй бир өмүр…  Сүйүү –  сүйдүрөт да, күйдүрөт. Куйдургүсүнө чыдай албай, жарылгым келип атат…Сүйгөнүмө жетпесем, өмүр бою арман  айтып, өкүнөм, – деди ал буулуга.

Чолпонбек суроолуу тигилгенде келин сөзүн кайра жаңыртты:

-Мага төбөмдөн ылдый төгүп ийген дүнүйөңдүн кылчалык  кереги жок. “Байлыгыма суктанып жатат”- деп ойлосоң, артымдан депутат, министрлерди жүгүртпөс элем… Мага сенин тоодой иш  бүтүрсөң да, мактанбаганың жагат… Сенин мырза жигиттигиң, жентелмендигиң  сүйдүрдү.

-А мен башканы сүйөм, – деди жигит тамашалай. –  Сенин отуң – Чыгышта күйсө, менин отум- Батыштан жанаар…

Айнагүл буга ишенген жок. Чын пейилинен күйүп-жанса да, Чолпонбекти өзүнө тарта албаганына туталанды.

Жигит жумшак сүйлөп, өзүнө имерсе эле келиндин чып жармашаарын болжоп турду. Айнагүл анан  өмүрлүк жары менен ажырашы да ыктымал. “Ошондо жаш үй-бүлөнүн бузулушуна себепчи болушум  мүмкүн. Же мунун көзүнө тап-такыр көрүнбөш үчүн  бөлөк  жакка дейдип кетсемби?”  Ал  селкиден арылуу үчүн каалгасы ачык бөлмөнүн тушунан өтүп бараткан болтойгон медсестраны кол жаңсап чакырды. Андан Айнагүлдү узатып коюуну өтүндү.

Мээрман айым селкинин оттой жанган көзү менен жигитке үмүттүү тигилгенин көрдү. Өзүнчө күлүп койду да, жаш айымды палатадан айдап чыгууга батынбай турганын кыйыткандай баш чайкады.  Чолпонбек: “Эчтеке эмес. Сүйүү, күйүү – убактылуу… Мезгил өтүп, унутулат. Менин бактымды ушу кыз ачат окшойт” – деп, мээрман кыз тууралуу кыялданып, ордунан  турду. Жүзүн мисирейтти да, Айнагүлгө:

-Тамашага салсам, кайра жабышасың… Бар эми,  жолуңа түш… Мен уулуңдун  тирүү жетим болуусун каалабайм! Үй-бүлөнү бузгандан өткөн  кыянаттык жок. Сен күйөөңдү бүгүн жектегендей эле… Чаңкооң канып, отуң сууганда мени да чанасың. Себеби, беш манжа тең эмес, узун- кыскалуу… Суранам, жылуу төшөгүңдү муздатпай, Москвага кайра кет! Эриң менен чүрпөңдүн кадырына жет!.. Мындан ары мени эңсебе, кайра келбе… – деди өктөм түрдө.

Айнагүлдүн аргасы түгөндү.  Кош колу менен жүзүн калкалап,ызасына чыдабай, шолоктоп ыйлады. Анан бир кыйлага дейре үндөбөй, ыйын токтотуп, ойлонуп турду. Акырында көз жашы аралаш ызырына:

-Эми таптым… Тыйын артынан томолонгон сендей чайкоочу сүйүүнү түшүнбөс. Чайкоочуга пул болсо, жетишет, энесин да сатат, – демиш болду.

Жигит күлүмсүрөдү да: -Мен чайкоочу эмес, бизнесменмин.

-Арданба, соодагер. Он сомдук буюмга жүз сом кошуп саткан кызыл кулак… Вот ты, кто?… Бизнесмен деген – үлкөн завод, фабрикаларды  салат, жоктон барды табат. Эл-жерине пайда кылат. А сен… бирди экиге чабыштырган чайкоочу.. Сендейлерге сокур тыйын кымбат… Махабат менен иши жок, эч нерсеге жарабаган чурку… Сага корогон кайран сүйүүм… Кыз-кыркындан качкан эркек  тукумсуз өтөт. Сендей  муз жүрөк, өмүрдүн баркын, сүйүүнүн казабын сезбейт…   Чолпонбек  колу жукаларга кабат-кабат үйлөр менен балдар бакчаларын  курганын,  базар-ишканаларды ачып, эң мыкты окуучу-студенттерге үзбөй стипендия төлөп жүргөнүн, балдарды чет өлкөдө окутканын Айнагүлгө да айткан эмес. Ич күптүсүн каяша менен чыгарган жубанга карап, жылмайды.Бирок, кепти кайра ырбатууну каалаган жок. Биротоло өзүнөн түңүлтүүнү самап, селкини ийнинен акырын түрттү. Ылдыйга түшөөр тепкичке жеткирди. Ошондо да ордунан жылбай,  үмүттүү тиктеген Айнагүлдөн көзүн ала качты. Дароо терс бурулуп, келин кайра чалбоосу үчүн чөнтөк телефонунан сим-картасын чыгарды да, аны акыр-чикир төгүлчү  челекке ыргытты. “Ырас, көр дүйнө кишини бактылуу кылбайт. Бирок, ага нечендеген иш  бүтөт… Тукумсуз дегидей… Чет жерде окуган улан-кыздар – менин балдарым да… Кой. Айнагүл эми кайра кирип келбес. Антсе, эмне кылам?.. Мендей  муз жүрөк, бирөөнүн ырыскысына көз артпайт да, кол салбайт.” Чолпонбектин башы, эми чындап катып,  Айнагүлгө жолукканына бушайман жеди.

About the author

Жазуучулар Союзу