Улуу Жеңиш майрамыңыздар кут болсун!

Урматтуу мекендештер!

Кадырлуу калемдештер!

Бүгүн, 9-май Улуу Жеңиш майрамы менен чын дилден куттуктайбыз. Кезинде душман менен салгылашып кан кечип жүрүп бизге бүгүнкүдөй жаркын күндү алып берген аталарыбызга түбөлүк таазим!

Урматтуу биздин баатыр аталар, энелер, силер согушта кыпкызыл өрт кечип, кан кечип жүргөн талаалар эрдигиңердин аркасында бүгүн кыпкызыл гүлгө оронуп турат. Гүл заманды тартуулаган силер менен чексиз сыймыктанабыз! Сиздер баатырдык, эр жүрөктүүлүк, кайратмандык менен алып берген жеңишти кийинки муунга сыймыктануу менен айта жүрүү биздин башкы милдетибиз.

Ар дайым жергебизде тынчтык өкүм сүрүп, андай алаамат согуш эч качан кайталанбасын. Өлкөбүз өнүгүп-өсүп, дүйнө эли менен ынтымакта, биримдикте жашайлы!

Майрамыңыздар кут болсун!

КР Улуттук жазуучулар союзунун Башкармалыгы.

С.Эралиев

Күтүү

“Жалгыз уулум бар эле

Ал да согуш башталганда кетти эле

Алиге жок…”

Үшкүрөт да кары эне

Улам айта берет ушул кепти эле.

Андан бери

Отуз жылдай өтсө да

Эч ким айтпайт:

Күтпөңүзчү текке эне.

 

А кайтара:

“Антип санаа жебегин

Аман болсо келер” дешип коюшат.

“Айланайын оозуңа май”

Эненин

Ошого да боло түшөт ою шат.

“Өлгөн чыгар” деп болжолдоп атасы

Куран окуйт

Барсын үчүн “батасы”.

Анан окуйт

“Жараткан ай болсо деп –

Өлдү деген оюмдун да катасы”.

 

Жалгыз гана кызы билет алардын

Агасынын чын себебин кайтпаган

Эчак алып “өлдү” деген кабарын

Энесине,

Атасына айтпаган.

 

Анысы да бир себептен жакшы эле

Азыр мына

Жетимиштен ашты эне

Ата дагы….

Бир үмүттө жашап келе жатышат.

Мүмкүн анда

Айтып койсо башка эле.

 

Айтат эне:

“Карып көрбөй барамын

Көзүн тиктеп өлсөм экен баламын”

Азыр эми көрбөй калып таптакыр

Ал өзүнчө

Мына мындай тапты акыл:

 

“Колум дале сыйпап тааныйт иреңин

“Уулуң тирүү” – дейт энелик жүрөгүм,

Эчак көрдө жатмак элем,

Бир гана,

Өзү келип көмсө экен деп жүрөмүн.

Улам аздан

Курч үмүттөр кетилип,

Улам аздан

Карылыгы жетилип

Барат ата-эненин.

Бирок болбойт

Жокту “бер!” – деп өтүнүп.

 

Биз

Бул турмушта көптү билип, көп көргөн,

Мен уулумун түйшүгү көп кылымдын.

Кызыл кыргын, салгылашты өткөргөм,

Кырчын кезин канча айы-жылымдын.

“Ураалаган” чабуулдарда бышкамын,

Өлүм десе, өлүмгө да баш уруп.

Төрт жыл катар окоптордо кыштадым,

Кыйналганым тагдырымдан жашырып.

Жан болсок да тынчтык күнгө жаралган,

Жоокер кийимин кийдик, катаал кез эле.

Учурунда адам катуу карарган,

Тозокко да көнөт тура тез эле.

 

Бара-бара согуштагы тирилик,

Айлангансып көнүмүшкө, адатка.

Эчен өлүп, эчен кайра тирилип,

Жоо соңунда жүрдүк батыш тарапта.

Башка да бир өмүр бардай запаста,

Ал күндөрдө бизге атайы берилген,

Жан кечти элек адамда жок бир башка,

Кайттык анан Жеңиш алып Берлинден.

 

Күзөттө

Жыйырмада курагым,

Жалын ичте, от көздө.

Сакчылыкта турамын,

Максат – жоону өткөзбөө.

 

Бак-дарактуу, ак тамдуу,

Украина кыштагы.

Мага ишенип жаткан бу –

Бүткүл полктун штабы.

 

Түн күзөткөн экөөбүз,

Ай асманда,

Мен жерде.

Сак турбасак өтө биз,

Душман кирсе эгерде…

 

Жок, жок андай болбосун,

Тынч көшүлөт айлана.

Жардамчым да жолдошум,

Курал менен Ай гана.

 

******

Мына, дагы Тогузунчу Май келди,

Жаркын жаздын коштоосунда акырын.

Ал жылдарда бут баспады кай жерди,

Баарын кошсо, болмок канча чакырым?

 

Жеңиш күнүн күтүп алган кез жакшы!

Согуш гана эске түшөт кайра да…

Ошондогу аккан канды, көз жашты

Бирге кошсо, жетмек канча дайрага?!

 

Жатты дүйнө, канга, жашка бөлөнүп,

Калаа кыйрап, миң-миллион эр өлүп.

Анын орду араң толду кайрадан,

Дагы ошончо жаңы балдар төрөлүп…

 

Үч мертебе кайра туруп жараттан,

Үч мертебе жоону беттеп бараткам.

Тагдырыма мен ыраазы ар качан

Мекениме солдат кылып жараткан!

 

Алтын барактар

Кандуу кыргын анда төрт жыл уланган,

Элден калбай эр жигиттен-уландан

Баары кеткен… Тирүүлөрдөн канча көп,

Азаматтар октон анда куланган.

 

Биз көрбөгөн азап-тозок калбаган,

Окшоп турду күн батышка кан жааган.

Жаралангам, бардык огум атылып,

бүтө электе мен жоого деп камдаган.

 

Өлгөндөрдүн тизмесине кирерге

Аз калганда, Петр деген бир эрге

Дуушар болгом, сүйрөп чыгып ал мени

Жеткирди эле октон далдаа бир жерге.

 

Бизде достук кан, тер менен бекилип,

Үзүм нанды жедик дайым тең бөлүп.

Эрдиктер да жатты тынбай жетилип,

Матросовго, Чолпонбайга теңелип.

 

Мүрзөлөргө көп болду чөп өнгөнү,

Өлгөндөрдүн бизге чоочун өңдөрү,

Бирок алтын барактарда жазылып,

Түбөлүккө калган аты-жөндөрү.

 

Эс алуу маалында

Фронтто жаз,

А мен чөптө жатамын

Жаткан өңдүү чоң атамдын төрүндө.

Азыр мага керек эмес чатагың,

Дитим барбайт киши өлүгүн көрүүгө.

 

Мурун жарып жыты келип талаанын,

Токой чөбү узун өскөн көйкөлүп.

Алар кудум колундай жаш баланын

Жатат менин сакалыма сөйкөнүп…