Кемибес кенч
Кош карекке сыйып ысык шаарым,
Көкүрөктү көлкүлдөттү баарың.
Көзүм тойбой, кылчак-кылчак карадым.
Көзгө илешпей калгычакты карааның.
Эне сүтү, ата каны – мээр табың,
“Тогуз жолдун тоомундагы” шаарым.
Ким бирөөгө көрүнөр каксоо, таштак…
Мага болсо кемибес кенчтүү шаарым.
Таманымдан табы урат көмүрүңдүн.
Көбүн сыртта өткөрдүм өмүрүмдүн.
Менин мүдөөм – ак кызмат өтөө элге,
Шүгүр этип бергениңе Теңиримдин.
Ыр Дөөлөт
Аткан таңга, чыккан Күнгө сүйүнүп,
Жердин жүзүн чарк айландым жүгүрүп.
Ыр дөөлөттү ыроологон Теңирге,
Ыраазымын миң мертебе жүгүнүп.
Ыр дөөлөттү көтөргөн бар, көпкөн бар
Ырга башын сайып коюп өткөн бар.
Ыйманын жеп, ыр дөөлөткө көз артып,
Ышкы отун тутанта албай өчкөн бар.
Ыр дөөлөткө таазим этип карманам,
Ыр дөөлөткө суктанбаган барбы адам?
Ыр дегениң бир керемет нерсе экен,
Ыракатын өмүрүмдө танбагам.
Эне тилим
Эл туруп эне тилин унуткан бар,
“Эл безер” атка конуп куруткан бар.
Эненин сүтүн эмип, тилин билбей
Эненин сай-сөөгүн сыздаткан бар.
Элинин элдигине башын ийбей,
Эненин тилин билбей, дилин сүйбөй.
Эргулдар көбөйдү го көктөн түшкөн
Эли үчүн, энеси үчүн жаны күйбөй.
Камчы чаап абийириме айтпайм жалган,
Кыргыз бар кыргыз тилин билбей калган.
Кайгы жок каран калгыр мындан өткөн,
Билгенге мындан оор болбойт арман!
Эне тилдин тагдырына жаны ачып,
Эне тилдин тазалыгын талашып.
Тилдин тилге тийбестигин залалы
Чынгыз агай түшүндүрдү жаны ачып.
Өгөө болуп өгөй берет дайыма,
Күндүр-түндүр тынчтык бербей жаныма.
Эки дүйнө унутууга акым жок,
Эне тилди сиңген каны-жаныма!
Эне тилим эчен кылым карытты,
Күбө тартам күжүлдөгөн Тарыхты.
Кыргыз эли эчен кыйын кезеңде,
Кыл чайнашып, кылыч сууруп чабышты.
Эне тилим эчен кылым карыткан
Эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан!
Кыргыз тили – эстелигим урабас,
Кеткенимде келбес жайга жарыктан.
Айыл-көрүстөн
Айылга барганымда.
Айтпастан жан адамга.
Келемин көрүстөнгө,
Мейли кыш… мейли жазда.
Көзгө тааныш Мүрзөтөбө,
Тегереги туташ мүрзө:
Чөккөн мүрзө… мүрзө…
Үрөй учкан жымжырттык,
Өкүм сүрөт чак түштө.
Мүрзөтөбө-көрүстөндө,
Мен тиземди бүгөмүн да,
Улутуна үшкүрөм да,
Арбактарга дуба кылам.
Арга жок мындан башка,
О дүйнө кеткендердин,
Айылы ушул көрүстөн,
Жатат мында:
Аял-эркек, жаш-кары,
Таяке-жээн, куда-сөөк.
Деги койчу бүт баары,
Бар айырма болгону эми:
Азыр булар баштагыдай,
Бир болбогон нерсе үчүн
Кагып-силкип бирин-бири,
Кер-мур сөздү айтышпайт…
Жана да ушак-айың аралап,
Бир-бирине таарынышпайт.
Атаандашып мал-мүлк күтүп,
Өйдөсүнбөйт эч кимиси,
Баарынын жаны алып жай,
Топуракка көзү тоюп,
Баары жатат унчукпай…
“Кыямат кайым жакын – дейт,
Кымат кайым…”
Аял
Бириңден калып көңүлүм,
Бириңе турам арбалып.
Бириңе сайып өмүрүм,
Бириңе калдым алданып.
Азапты бириң тарттырып,
Агарттың кара чачымды.
А бириң дилим тазартып,
Көтөрүп койдуң баркымды.
Бириңе болсом кадырсыз,
Бириңе суудай керекмин.
Бириңе кыйбас жанкүйөр,
Бириңе күйбөс мересмин.
Касиет
Кесе тиштеп эринимди ыйлагам,
Кенен жарык кең дүйнөгө сыйбагам.
Келбес жайга кетеримде туңгуюк.
Караан туткан балдарымды кыйбагам.
Касиеттин барлыгына ишенем,
Касиеттен ажарланды бешенем.
Кара дуба курмушудай карайтып,
Кебетемен кетип калган киши элем.
Касиеттин сыйкырына күбөмүн,
Белги-аянын бекем эске түйөмүн.
Касиеттен кара дубам чечилип,
Касиеттен арууланды жүрөгүм.
Касиеттин колдооруна ынандым,
Касиеттен ыйман, ынсап сурандым.
Касиеттин калбайын деп каарына,
Канга сиңген “жинди сууну” чыгардым.
Касиетке жылдыз болуп көрүнгөн,
Касиетке камчысы бар өрүлгөн.
Башымды ийип ниет кылам күнүгө,
Таза жүрүп адал өмүр сүрүүгө.
Касиеттин кусуруна сыйынам,
Эки дүйнө кеп бузулбайт чынынан.
Кудуреттин касиети эң улук,
Жараткандын жакшылыгы буюрган.
Биз, акындар
Ушул дүйнө эзелтеден туңгуюк,
Биз, акындар туңгуюкту нур кылып:
Кут түшүрүп, касиетин арттырып,
Өчкөн отун жандырабыз күйгүзүп.
Ушул жашоо абалтадан аманат,
Биз, акындар учкан куштай сабалап:
Карек мокоп, үн кардыгып калганча
Ырга айлантып келатабыз дамамат.
Ушул өмүр өктөлүү да чектелүү,
Убайым жеп убакытка экчелүү.
Азап тартып улгайганга карабай,
Унутулбас ууз сүйүүгө кез келүү.
Бул жалгандын жалганыдыгы билинбей,
Биз, акындар жакшылыктан түңүлбөй.
Жаратканга жарчы болдук тайманбас,
Атка минер аксымдарга жүгүнбөй.
Аламүдүн
Аласалган ак дайра,
Аламүдүн карт дайра.
Агымы күчтүү шаркырап,
Шоокуму жеткен капкайда.
Күргүштөп сайга батпаган,
Көз ирмем тынчып акпаган.
Куралып кокту-колоттон,
“Көз жарып” чыккан ак кардан.
Тоо боорунан суурулуп,
Таштан-ташка урулуп.
Титиреп кетет капчыгай,
Ташканда дайра удургуп.
Дайраны мезгил алкымдап,
Алам деп жонго арчындап.
Ак дайра агат бой бербей,
Толкуну Күнгө жаркылдап.
Дайранын тыңшап шоокумун,
Кандырдым канбас моокумум.
Азаптан жаным арылып,
Ааламга сыйбай олтурдум.
Күн кучактап баратам
Аэропортко шашып келдим таңазан,
Ак булутту жиреп учуп баратам.
Самолеттун салонунда эл толо,
Сургут шаарга сапар тартып бараткан.
…Аэропортко шашып бардым таңазан,
Ак булутту “тилип” учуп баратам.
Самолеттун салонуна жык-жыйма,
Сага жаным, сагыныч жүктөп баратам.
Күн кучактап сага шашып баратам,
Жер кыйыры учсуз тура карасам.
Жер үстүнөн он миң чакырым бийикте,
Кыялымда сени менен жанашам.
Сага жаным, Күн кучактап баратам.