Топчугүл Шайдуллаева: Балакана

Балакана

(аңгеме)

Гүлжандын жан жеринин ооруксунуп жүргөнүнө көп болгон. Же анысын бирөө жарымга ачык айта алса. Айылдын доктуру эркек, ага канча ирет камданып барып ооз ача албады. Эри жок аял “эл эмне деп ойлойт” деген баягы эски санаасына дагы малынган эле. Акыркы күндөрү салаңдап, сыртка чыгып калган жатыны аялды бастырбай кыйнады. Бели сыздап ооруп, такыр эле эңкейип калды.

Бара-бара Гүлжан буттарын керебеттин кырына асып алып керээли кечке жаткан акыбалга өттү. Ошентсе кичине белинин ооруганы басылып, жаны жай табат. Жатып калган жалгыз бой аял тиричилигинен кыйналып, абалы оорлой берди. Бул дартын уулдарынан да уялып, айтпай, жашырып жүргөн. Алардын кичүүсү аскерде, улуусу шаарда доктурдун окуусунда. Окуудагысын тез чакыртты. Баса албай калган апасын көтөрүп машинага салган уулу үстү-үстүнө суроолорду бере берди. Аял көпкө унчукпады, анан бир топто барып:

-Балаканам түшүп, бастырбай атат…

-Балаканам? – Уулу түшүнбөй апасын үтүрөйө карады. Ал адам баласынын бардык органдарын жатка билет, “балакана” дегенин укпаптыр.

-Силер ичинде тогуз ай жатып, чоңоюп, анан төрөлгөн жериңер. – Уулу бир нерсени боолголоп, түшүнгөн адамча унчукпай калды.

-Ушунча акыбалга келгенче айтпай жүрө бериш керек беле, апа? – Арыктап, өндөн азган апасына уулу бир чети ичи ачышып, бир чети ачуусу келип турду.

-Меники элге айта турган дарт эмес эле да, балам…, ачык-жарык жерим болсо экен…, меники аялдын кесели да…

-Аялдын кесели дейсиз, аялдын кесели кесел эмес бекен, апа!- Уулу эми таза ачууланып алды. Башка суроо узаткан жок, экөө тең өз ойлоруна чөгүп калышты. Аял жесирлик турмушунда кара иштерди көп кылганын, оор жүктөрдү көп көтөргөнүн эстеди…, алардын баарын эсептеп көрсө тонна-тонна болуп кетээр, анан акыбети ушул да. Бу дарттын мындан башка да себеби барын баёо мүнөз зайып кайдан билсин, билсе да бул аны ойлогондон уялмак. Уулу болсо апасынын чыдап жүрө бергенине айран-таң…, ачуусу тарабады.

Доктурлар аялды көрүп эле “тезинен операция кылабыз, салаңдаган жериңди алып салабыз” дешти. Күтүүсүз нерседен аял чочуп, ыйлап жиберди.

-Өпкө, жүрөгүңүздү алып жаткандай кайгырасыз да, эже, бул органдын сизге эми кереги деле жок, жашыңыз элүүгө келип калыптыр…- Көз айнекчен олбурлуу доктур корс сүйлөдү.

-Балдарым жаткан балаканам эле да…, сактап калыштын эсеби жокпу? – Аял көз жашын тыялбай жалооруду.

-“Балаканам”, “балаканам” дейсиз, эртерээк келиш керек эле, эми кеч …, алып салбасак кесепети жаман болот.- Кесе сүйлөгөн доктур палатадан шашып чыгып кетти.

“Элге анык шерменде болот экенмин да …”. Гүлжан ичинен ушуну ойлоп алып, санаасы санга бөлүндү.

Операциядан кийин жаңы эле өзүнө келип палатада жаткан аялга доктур айнек идишке салынган “балаканасын” апкелип көрсөттү.

-Эже, мына “балаканаңыз”, эми жакшы болуп кетесиз, ордунан козголуп калган орган сизди кыйнай бермек, анын үстүнө жатыныңыз ооруп калган… Уулуңуз муну азыр анализге жеткирсин, кайда экенин жазып койдум.

Банке ичиндеги муштумдай кичине этти тигиле тиктеп, аял таң калды, балканактай уулдары ушунун ичине кантип батты экен. Доктур терезе текчесине коюп кеткен айнек идишти тиктеген бойдон аял кыжаалат акыбалга кептелди. Баягы “эл эмне дейт” санаасы кайра башталды. Өзүн ургаачылык касиеттен биротоло ажырап калгандай, элде-журтта жок капылет иш болгондой, киндигинин асты сыздап ооруганына карабай, аны уят менен намыс көбүрөөк ойлонтуп, айласын алты кылды. Ушул жашка келип “балаканасын алдырган аял” дегенди укпаптыр да, көрбөптүр. “Ушул жериме күч келип, иштен чыкты” дегидей элчилеп чууртуп бала төрөбөсөм, күйөөмдөн жаш калсам, бир эркекти жаныма жолотпой балаканамды түйүнчөктөй түйүп, сактап жүрсөм…

Аял жаш маалында өзүнө көз артып, сөз айткан эркектерди азыр аргасыз эстеди, алар аз эмес эле. Эч кимисине макул болгон эмес. Көңүлүнө жакканына да, жакпаганына да, үйлөнөм дегенине да, баарына, баарына. Ошондо буларга эмне эле минтип көгөрүп-көшөрүп көнбөй койгонун алигиче өзү да түшүнө албайт. Аны ичинде бир сезим ооздуктап турганы турган эле. Уулдары да “апалап”, этегине эрмешип, анда жаш эле…, көңүлүнүн баары ушул эки баласында болду. Кийинчерээк уулдары эс тартып калганда аларың апасын ачык эле коруп туруп алышпадыбы.

Эми бу Гүлжанга жетпей, арманда калган эркектерге кудай берди. Анын азыркы акыбалын угушса баарынан да ошолордун табасы канып: “Ырас болуптур” дешээр.

Эртең айылга барса айылдыктары: “балаканасы жок да аял болобу, бу Гүлжан эми ким, бычылып калган бир шордуу” дешсечи. Ай, уят, уят! Эл ичинде кантип баш көтөрүп басып жүрөт эми?!

Бир чекитти тиктеп жаткан тейде санаалуу Гүлжан уктап кетти.

Аялдын түшүнө маркум күйөөсү кирди. Жапжаш бойдон, үстүндө баягы көк шахмат сүрөттүү көйнөгү. Ал Гүлжандын жатыны салынган айнек банкени колуна кармап, кадала тиктеп алыптыр, көзүнөн куюлган жашы аялга даана көрүндү.

Сенин балаканаң жык толо бала экен, Гүкү, мен өлбөсөм экөөбүз кө-өп перзенттүү болмок экенбиз, сенин убалыңа калдым, төрөлбөй калган балдардын убалына калдым… Атаганат, ай!

Муну көрүп турган аял уялганынан жер тешик болсо киргидей болду. Күйөөсү айнек идишти мынча кадала, кусалуу карайт, бир нерсе издегендей, сагынгандай…, Гүлжан болсо өзүнүкүн ага ачык көрсөтүп, накта уят болду. Айнек банке да неге мынча жукарып кеткен?.. Ичиндегиси дапдаана көрүнүп калганын карасаң. Аны бери тартып алмакка колун сунду. Күйөөсү бербей, айнек идишти биротоло көкүрөгүнө кысып, бекем кучактап алды. Аял эми аны талаша баштады. Ал бербеди, чуркаган бойдон алыс-алыс кетип калды. Күйүгүп күйөөсүнүн артынан жүгүргөн аял ага жетпей, аны жоготуп жиберип, чочуп ойгонду. Ичи ысып, тили оозуна батпай калыптыр. Гүлжан тумбочкасы үстүндөгү күрөжкөсүнөн суу ичкенден кийин жүрөгү кичине ылдыйлады. Жаздыгын бийиктетип жатты. Көргөн түшү аны не ойлорго, не санааларга жетеледи. Күйөөсү өлбөгөндө очор-бачар турмуш кечирип, эшикке чыгып эркек болбой, каттык-ирик ишин эри жасап, бу дартка да тушукпайт беле. Түшүн жоруй баштады. Эримдин банкени көтөрүп качканы менин ооруу-мээнетимди алып кеткени да…, же менин ургаачылык белгимдин биротоло жок болгонубу? Же “балакананын” ээси мен элем, меники бойдон калды деп көтөрүп кеттиби? Ыйлаганы эмнеси…, жубайлык жашоого тойбой калганы, жаш кеткени, төрөлбөй калган балдары арманыдыр. Аял көзүнө толгон жашын жанындагы шериктерине көрсөткүсү келбей тескери бурулуп жатты.

Жубайлык жашоо демекчи, азыр ойлосо, ал Гүлжанга бир көргөн түштөй эле болуптур. Тагдыр экен, ыраматылык балдарынын атасы менен беш жыл гана бирге жашады. Беш жыл…, жубайлык жашоого анын оозу гана тийди, тойбоду. Ошол ширин, кызык, кыска жашоосун бу аял алигиче эш тутуп, элестетип өмүр кечирет, ысык-суук күндөрүнө от тамызгы кылат.

Бул ирет да ооруп жатып Гүлжан өзүнүн азыркы көргөн түшүнө, эбак көзү өтүп кеткен эрине таянды. Карачы, бир паста түшүнө кире калып, муну санааркаткан айнек банкени көтөрүп кетти. Гүлжандын дарт-мээнетин алып кетти. Балдарынын атасына жүрөгү элжиреп, миң ыраазы болду. Айыгып кетээрине бөркүндөй ишенип турду.

Түштөн кийин күн терезеге жаркырап тийип, айнек банкедеги “балаканасы” ого бетер даана көрүнүп калды.

Азыр уулу келип калса, ал да атасына окшоп банкенин ичиндегини тигиле карайт да, ошондо уятынан кантет экен бу. Аял терезе текчесинде турган балаканасын колундагы сүлгү менен тез жаап койгонго ордунан обдула берди, кесилген жери алда-немедей катуу ооруп кетип, башы кайрадан жаздыкка тийди, ага колу жетпеди. Медайым тезирээк келсе экен, балаканасын  жаап кой дейт эле, же банкени бирдеме менен ороп бер деп сурансабы.

Гүлжан онтоп атып, эки көзү эшиктен өттү, медайымды күттү…, банкени жаап койсо болот эле…

Уулу болсо кыжаалат. Доктур апасынын “балаканасын” рак дартын аныктоо үчүн анализге жөнөтүп атат. Ал өзүнүн шектенүүсүн буга ачык айтпады. Болгону жүзүнө олуттуу карады да: “көңүлдү биротоло тынчытуу үчүн тапшырып, аныктап койгонубуз жакшы” деди. Сыртка чыгып, апасына керек дары-дармегин издеп таап, кем-карчын толуктап, бир топко кармалып анан келди. Палатанын эшигин ачаарда жүзүнө күч менен жылмаюу чачып, шашып кирди. Апасын бетинен өөп, жүзүнө тик карай албады. Өңү кубарып, керебетте жаткан оорулуунун сүрүнөн айбыкты. Тамагын кыскан ыйын араң кармады.

-Апа, баары жакшы болот, кам санабай жатыңыз…- Кыска сүйлөгөн жигит апкелгендерин тез-тез тумбочкага сала баштады. Гүлжандын оюнун баары ичиндегиси даана көрүнүп турган банкеде эле. Уулу идиш тарапты караган да жок. Апасы менен коштошуп атып, сөз арасында аны терезеден  шарт ала коюп жан сумкесине салды да чыгып кетти. Гүлжан эс ала түштү.

Уулу өзү тогуз ай жатып жарыкка келген апасынын “балаканасын” кичине кол сумкесине салып алып шаардын түштүк тарабындагы лабораторияга бара жатты. Айнек идиштеги эбелектей жеңил нерсе ага таштай оор сезилди. Сумке асынган оң  ийини талып кетти. Сумкени сол жагына алды. Жаны кыйналып атса да “балаканам” деп жашын төккөн апасы көз алдына келди. Көрсө, апасы “балаканасын” балдарым жаткан жай деп гана жакшы көрөт турбайбы. Ошон үчүн гана, ооба ошон үчүн гана…, башка үчүн эмес. Жаным апа, өзүңдөгү өзүң үчүн сезимдериң, жан кумарың кайда? Качан жоготтуң? Кайда таштадың экен?! Жигиттин каңырыгы түтөп, доктур менен сүйлөшкөн сөз эсине кайра түштү.

-Апаң оор нерсени көп көтөргөнү, жалгыз бой жашаганы, гормоналдык бузулуу баары биригип бу дартка себеп болгон…

Доктурдун сөзү муну башка чапкандай болду. Апасын жалгыз бой акыбалга кептеген бул өзү да, анан ким? Балким, апам көңүлүнө жаккан эркек үчүн “эл эмне дейтке” да көз жуумп коёт беле…

Гүлжан кокус көчөдөн тааныш эркек менен бир аз сүйлөшүп калса да тултуюп, апасын далай коркутканын эстеди. Уулунун бүркөө кабагын апасы да көтөрө албайт эле. Эстеп көрсө апасына тийишип сүйлөгөн, үйлөнөм деп жуучу жиберген эркектерди ушу күнгө чейин жаман көрчү экен.

Эгер апасы чын эле ооруп калган болсочу, кокус сактай албай калышсачы…, Муну ойлогондо жигиттин көзү караңгылап, буту шилтенбей калды. Жол боюндагы карагайга жөлөнүп, эсенгиреп саамга турду. Анан балакана салынган сумкесин ийнинен алып, өтө бир ыйык буюмдай ага пешенесин тийгизип, көкүрөгүнө аяр кысты: “Кечир, балаканам, оорутуп койгонум үчүн, баары-баары үчүн кечир …”

Жигит кере-кере кадам шилтеп шашып жөнөдү. Кечигип атат, жеткириши керек.

Гүлжандын уулун балким, балаканасы кечирсе кечиргендир, бирок ал өзүн өмүр бою кечире албады, кечире да албайт эле…