Жоопсуз каттар
Капилеттен алоолонуп бүт дүйнөң,
Кандай учур биринчи ирет кыз сүйгөн?!
Күлмүң этсе — көңүл куштай көкөлөп,
Мулжуң этсе — ыза кысып, ич күйгөн.
Сүйүү эмне? Сезбей жүрсөм бир кезде,
Чалдыгыпмын мен да ошондой илдетке.
Уяң жаным, араң бердим катымды,
Элет жерде эч ким сунбайт гүлдесте.
Алабарман-ай, балалык! Ай, жаштык!
Андай катты канчаларга карматтык.
Жооп күтүп… Күндөй жарык тилекти
Бир жылт эткен сезимдерге алмаштык.
Кайран каттар! Жок силердин айбыңар,
Тытылдыңар, мүмкүн отко жандыңар…
Өз милдетин курман болуп аткарган
Чалгынчыдай кайра кайтпай калдыңар.
Айылдаш чал
Бала кыял болобу адам
Карганда…
Бир абышка ынак эле
Балдарга.
Сыртка чыгат тийген кезде
Күн чубак.
Чал жанында биз жүрөбүз
Чуркурап.
Ар немени айта берип,
Күлдүрүп.
Сыначу эле ким карылуу,
Ким күлүк?
Биз ошондо күрөшчүбүз
Аянбай.
Чал отурчу мактоо сөзүн
Табалбай.
Күлмүң этет байге бөлөр
Өңдөнүп.
Баарыбызга кемпут берет
Тең бөлүп.
Эч кимде жок ыза болуу,
Таарыныч.
Демек, балбан бирөө эмес,
Баарыбыз.
Жүрөгүндө жүрөт окшойт
Көп санат.
Эрикпестен эзелкиден
Кеп салат.
Жомогу анын кайгылуу да,
Муңдуу да.
Коңур чыккан добушундай
Сырдуу да.
Кулак төшөп шуулдаган
Шамалга
Биз ал түнү уктабайбыз
Далайга.
Ошол жомок, ошол баян
Өмүрдө.
Көп нерсени али салат
Көңүлгө.
Ойго конгон сөздөрдү элеп
Чыпкадай.
Кээ бир түнү чыкчу болдум
Уктабай.
Билинбестен кетип калган
Кар өңдүү…
Айлыбыздан ал акылман
Чал өлдү.
Жоконда
Мансап өттү —
Куру сөздүү жыйында,
Байлык өттү —
Баасы арзыбас тыйынга.
Нечен кылым көргөн жанды умсунтуп,
Сен турасың Париждеги Луврда.
Күн узаткан күлкү менен, шат менен,
Оттой ысык жалындаган жаш белең.
Кээде адамды кылмыйыңкы карайсың
Аялдагы асылкечтик наз менен.
Гүлдөй аруу,
Күндөй нурлуу дидарың,
Карашыңан көп нерсени туямын.
Миң сандаган көрүүчүлөр сени эмес,
Сен аларды теше тиктеп сынадың.
Ачык асман болор-болбос жарыктап,
Көгүлтүр тоо мунарыктайт алыстап…
Кол куушуруп, түшкөн терең санаага
Бул турушуң алигүнчө табышмак.
Жашырсаң да көөнүң бир аз чөгүңкү,
Окуялар ойлонттубу а күнкү?..
Эмнени эстеп, жымыйганың билбептир
Мен гана эмес,
Леонардо да Винчи.
Кышкы кыялдар
Учкандай аппак аарылар
Уюлгуп жерге жаады кар.
Касиет анда, күч анда
Заматта жокту бар кылар.
Ак кайың эспейт дабышын,
Санаасын айтсак — ал узун…
Кечээги бойдон көтөрбөйт
Ийнине түшкөн шалысын.
Үмүтү аны таштабас,
Кайрылып келер башка жаз.
Сүрөткө, ырга мелтирээр
Ой-тоого жайган ак кагаз.
Ушундай кыйын кышта мен
Ойлорго түркүн туш келем.
Бороонго бошоп буюкпа,
Кайдасың, курбум, издеген?
Кээ көңүл ташпы, темирби?..
Курдашты курдаш жерийби.
Жаш жааган кардай агарып,
Күн тийген кардай эрийли.
Сулуулук
Көлдөр сулуу кубулган күмүш нурдан,
Бирде толкуп, бирде тынч дымып турган.
Токой сулуу, токойдо булак сулуу
Теребелге шыңгыр, шат күү уктурган.
Табийгаттын татына жарашыгы
Малга, жанга байлыгы таратылуу.
Байыртадан ыр болгон, жомок болгон
Уч-кыйыры жок созулган талаа сулуу.
Конуш издеп жумшак саз, көк камыштан,
Сапарынан чаалыгып көз талыткан.
Ала моюн каз сулуу, өрдөк сулуу
Күүгүм талаш айылдан четтеп учкан.
Күн эңкейди батууга, жай алышка,
Булут болсо, албырат тээ алыста.
Жымжырттыкка чөмүлгөн иңир сулуу,
Оттоп жүргөн мал сулуу беде аңызда.
Тоолор сулуу башына аяз турган,
Ар жылгасын түгөнгүс санат кылган.
Кызыгы көп ушундай дүйнө сулуу,
Адам сулуу буларды карап турган.
Түндүк кышы
Кайда барба, кар опоюп, кар калың,
Айланаң бүт алаң ачык, айдарым.
Аяз баатыр ар бир жандын жүзүнө
Аяр гана бүлөп өтөт канжарын.
Колго консо эритүүгө ал жетпей,
Кар бүртүгү жылдызданат сан жетпей.
Аба мында тоңуп калган муз болуп,
Зың-зың этет сынып кетчү айнектей.
Бирде жасап кардын, муздун аскасын,
Бирде жасап көркөм шаар капкасын…
Азгырмалуу нечен түркүн кубулуп,
Алды жактан көтөрүлөт ак закым.
Чырак кандай майы бүтөр кезинде,
Дал ошентип күн эңкейди бешимге.
Учкун ойнойт жерге кулап түшчүдөй
Бугулардын балбылдаган көзүндө.
Кереметтүү нурга оронуп көгүш, ак,
Түндүк кышы чынында эле перизат.
Жомогу анын жашыл жазга арналган
Карда калган чана изиндей эң узак.
Кыш
Кар жамынган тал-теректер
Башын салып кыялданат.
Кереметтүү кыш келбетин
Тереземден турам карап.
Дүйнө көркөм, кубулмалуу,
Дүйнө таза периштедей.
Бул — ак деңиз, көшүй калган
Ташкындабай, көбүктөбөй.
Анан бир кез албууттанат,
Толкун каптайт сапырылган.
Бирок, ошол бурганакта
Мээрим жүрөт жашырынган.
Ошол мээрим үстөмдүгү —
Токтойт бороон азга демеп.
Тирүүлүктө болот баары,
Кыш артынан жаз да келет.
Турам карап тереземден
Кыш келбетин кумар канбай.
Үстү-үстүнө карлар жаайт
Ырлар сөздөн куралгандай…
Куштар кайтты
Тууган жерден кетип барат куш кайтып,
Тал башында уяларын сустайтып.
Далбаң этет саргайыңкы жалбырак,
Көч соңунан ал да кошо учкансып.
Аз элеңер,
Түмөн болду башыңар…
Карк-карк этет өрдөгүңөр,
Казыңар.
Күздү чанып, жөнөйсүңөр шашылып,
Жерлерди издеп жагымталдуу жазы бар.
Башка жерлер мындагыдан сонундай,
Издегенден келесиңер корунбай.
Асман бети толуп барат силерге
Удаа тарткан миң сан жаанын огундай.
Көк бетинде кыркаар тартып, желелеп,
Куштар көчү…
Өзүнчө бир керемет.
Балапандар үйүр алып калганда,
Ойлономун: «Бул кетиши неге?» — деп.
Элим барда менин дүйнөм түгөлдөй,
Жашап келем бөлөк жерди тиленбей.
Ата журттун ар мезгили эң кымбат,
Кыйып таштап кете албаймын силердей.