Эл акыны Тенти Жунушбаева-Адышева атындагы ыр сынактын
ЖОБОСУ
1. Жалпы жобо
1.1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун демилгеси тарабынан Кыргыз эл акыны Тенти Жунушбаева-Адышева атындагы ыр сынак
1.2. Сынактын уюштуруучусу төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
– Сынакты өткөрүүгө документтерди даярдайт;
– Сынактык комиссияны түзүү;
– Сынактык иш-чараларды өткөрүү;
– Жеңүүчүнү сыйлоо аземин өткөрүү;
– Сынакты жана анын жыйынтыгын жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу чагылдыруу;
2. Сынактын негизги максаты:
– кыргыз тилинин көркөмдүүлүгүн, байлыгын, тереңдигин даңазалоо;
– акын кыздардын талантын ачуу, шык берүү, кыргыз поэзиясын даңазалоо;
– акын аялзатынын арасындагы мыктыны тандоо;
3. Сынактын этабы жана мөөнөтү:
3.1. Тандоо туру: конкурстук чыгарма 2026-жылдын 5-февралынан 30-апрелине чейин кабыл алынат.
3.2. Баалоо: конкурстук чыгарманы окуп чыгуу жана баалоо 2026-жылдын 1-майдан 15-майына чейинки убакытта ишке ашырылат.
4. Сынакка катышуунун шарттары:
4.1. Сынакка кыргыз тилинде жазылган бирден үчкө чейинки ыр кабыл алынат.
4.2. Сынакка республикабыздагы 18 жаштан жогору акын айымдар катышат.
4.3 Ыр эч жерде жарыяланбашы керек
4.5. Ыр WORD түрүндө Times New Roman 14, интерваль 1,5 кабыл алынат.
4.6. Ырлар 2 куплеттен 10 куплетке чейин гана болууга тийиш.
4.7. Сынакка катышуу үчүн автор каалаган тематикадагы үчкө чейин ырды жөнөтө алат.
4.8. Уюштуруучу сынакка жиберген ырды рецензиялабайт, кайтарып бербейт.
5. Сынакка катышкан чыгармаларды каттоого коюлган талаптар
5.1. Чыгармаларды баалоо үчүн Уюштуруучу 5(беш) адамдан турган, анын ичинде бирөө төрага болгон калыстар тобун түзөт.
5.2. Калыстар тобу ушул жобонун негизинде иш алып барат жана жеңүүчүнү аныктайт.
5.3. Чыгармалар уюштуруу тарабынан катталат жана калыстарларга аты-жөнүн көрсөтпөй номер аркылуу берилет.
5.4. Чыгармаларды баалоо он баллдык (бештен он баллга чейин) система боюнча жүргүзүлөт.
6. Чыгарманы баалоо критерийи
6.1. Поэтикалык форманы билүүсү, тили жана чеберчилиги
6.2. Таасирдүүлүгү, образдын айкындыгы, жаңычылдыгы
6.3. Уюштуруучу баллдарды санап чыгып эң алдыңкы орунду аныктайт.
7. Жеңүүчүлөрдү жарыялоо жана сыйлоо
7.1. Сынактын жеңүүчүсүн жарыялоо жана сыйлоо атайын уюштурулган кеченин негизинде өтөт.
7.2. Сынактын сыйлык фонду 100 000 (жүз миң) сом
Уюштуруучу Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу
Электрондук дарек: jazuuchular@gmail.com
Байланыш номер: +996554949020
https://www.instagram.com/yrysgul_izatova?igsh=MWZrcmUzZTA5dmFxMQ%3D%3D&utm_source=qr
