Мекен, сенин тузуң таттуу
Мекен, сенин тузуң таттуу,
Уулдарың азамат!
Төрүң кенен, бийик ашууң,
Куш канаты талыгат.
Тили жүйрүк, көзү өткүр,
Кол сунганы келечек.
Элиң сонун – пейли кенен,
Ыр-күүсү бар керемет.
Кызыл байрак кырка тарап,
Кызы наздуу Мекеним.
Алмустактан аяр тутуп,
Аздектеген медерим.
Жылга-жыбыт, кокту-колот,
Ар бир ташың баа жеткис.
Сен экөөбүз киндик туташ,
Жаралгандан эгизбиз!
Ала-Тоодой заңкайышкан,
Карылары – кеменгер.
Кагылайын Ата Мекен,
Эсен-аман боло көр!
*****
Мүнөзү бар өзгөрүшчүл элиңдин,
Дагы канча өзгөрүү бар ким билет!?
Уулдарың кашкөй баатыр, эзелтен
Каршылашы кара жандан түңүлөт.
Санжырасы сабак болгон дүйнөгө,
Сенсиң ыйык мойнумдагы тумарым.
Сапарлашсың үлкөн өлкө, эл менен,
Сага болгон таркабас эч кумарым.
Кулаалысы шумкар болуп зымырап,
Пейлиң кенен курамасы журт болгон.
Бар бол, Улуу Кыргыз жери – Мекеним,
Айкөл Манас, атам Кыргыз колдогон!
*****
Буура болуп буркулдап,
Заман көчөт.
Булут самсып, асмандан
Жашын төгөт.
Караңгы түн, капырай
Келдиң кайдан!?
Бүлбүл жанган алыстан
Жарык өчөт.
Өйүз-бүйүз тартышып,
Суулар агат.
Ойлор, ойлор каякка
Кагат канат?!
Үрөнүнө айланып
Өлбөстүктүн,
Каректерден кош тамчы,
Жерге тамат.
Аттар келет көгала
Дүбүрт салып.
Сурак алат сумсайып,
Зулум тарых.
Өткөн жолду кайрылып
Басабыз биз.
Өчпөйт дилден эзели
Үмүт-жарык!
*****
Айтуу кыйын бу дүйнөнүн
Качан, кайдан бүткөнүн.
Орундалат анан качан
Үмүт, тилек күткөнүң.
Даңгыр жолдо адашабыз,
Чырак кармап колдорго.
Даңгыр жолдор айрылууда,
Барып-барып оң-солго.
Оңу бизди оңго тартат,
-Күнгө тос дейт жүзүңдү!
Солу бизди ойго салат,
Бытыранды, бүлүндү.
Жебе болуп мезгил учуп,
Мээге, көзгө кадалат.
Мээрими жок күндөр укпайт,
Кудай уккан үнүңдү!
Адамбыз биз – демек үмүт
Барат бизди жетектеп.
Тосот жүзүн көктөгү Күн,
Кучак жаят эреркеп.
Батыш-чыгыш аралыгы
Күн батканча кыскарат.
Ой аркылуу бой узарып,
Ай-асманга теңелет.
Жолдор жылат, коолор жылат,
Алмашылат орундар.
Жыл тогошуп, доор жаңырып,
Мезгил келет сонуркар.
Атаганат, ал күндөр да
Өтөт, кетет эмеспи!
Ар нерсенин ал анткени,
Чен-өлчөмү, соңу бар.
Үйүң кайда, Жарганат?
Сен жана Мен. Күзгү жамгыр,
Ырдайт, бийлейт бак-дарак.
Үн жок. Сөз жок сенде, менде
Үйүң кайда Жарганат?
Сен жана Мен. Улуу Бакыт,
Улуу Азап көөдөндө.
Көзүм тартат алмак-салмак,
Бул өзү не жөрөлгө?
Көзүм тартат… Көөдөн сыздайт…
Угам доошун кылымдын.
Эй энеке, балаа кетсин
Суу чач, жаса ырымың!
Үйүң кайда, үйүң кайда…
Үйүң кайда Жарганат?
Мен өзүмдү бүтпөй койдум
Куруп, баштан талкалап.
*****
Турмуш мени колдон алып жетелеп,
Өгөй дагы болуп анан өз эне.
Бирде сүйсө маңдайыман, а бирде
Алар эле тепкисине, жемеге…
Тепкисинде калган күнү турмуштун,
Өкүм сүйлөп, ырдаганды үйрөнгөм.
Жылуулугун кабыл алгам дүйнөнүн,
Жүрөгүмө бир ажайып гүл өнгөн.
…Таарынычтар унутулган, алдымдан
Гүлгө оронуп чыккан күнү куу турмуш.
Кудай аял түш көргөнмүн өзүңдү,
Келген элең көйнөк кийип бир укмуш.
Наристедей дили таза махабат,
Анан бир күн бүлүк салган сезимге.
Арноо ырымды тапшыра албай, түйшөлгөм
Коңшу үйдөгү боюнда бар келинге…
Аруу дүйнө, жетелеген колумдан,
Арман дүйнө сай сөөгүмдү сыздатып,
Энем менен атакемди сагынгам,
Элик болуп кеткен бир кез кырды ашып…
Ырлар жазгам, Ыр кудайы болом деп,
-Арыба!-деп Күнгө айтканмын саламды.
Арткан анан бул жашоого кумарым,
Колго алганда алгач ирет баламды.
Мезгил сызып, чачты бубак аралап,
Мээнет менен өтүп барат замана.
Мен турмушту минип алдым алкынтып,
Турмуш бүгүн мени менен убара…
*****
Түйшүк болуп түмөн ойлор жаралат,
Мезгил минтип мейкиндикте айланат.
Сүйүүм менин булут болуп убай жеп,
Сен жашаган тараптарга айдалат.
Жамгыр болуп нөшөрлөнгөн төгүлөт,
Жарык болуп тоо башынан көрүнөт.
Дарак болуп жайы-кышы көктөгөн,
Данек болуп, тең экиге бөлүнөт.
Күндөй балкып, батып барат, кызарат,
Закым болуп, үрүл-бүрүл тунарат.
Бакыт болуп, өмүр бою эңсеген,
Өксүк болуп, өкүмү күч куралат.
Өрүк болуп, ширеси бал эзилет,
Өмүр болуп кайда жүрбө кезигет.
Жүрөгүңө баёо куштай уялап,
Жүрүшү күч азоо аттай элирет.
Желге айланып, этек-жеңиң тарткылайт,
Жылдыз болуп өчөт-күйөт, жаркырайт.
Жообуң күтүп улагаңда түнөйт да,
Долуланып, эшигиңди каккылайт….
Фэриде
Айыл кечи. Жай түнүнүн биринде
Ай караңгы. Иттер үрүп тигиле
Деңиз жакты. Ал тараптан үн чыгат,
Анда жашайт суу периси – Фэриде.
Ага далай жигиттер сөз айтышчу,
Абышкалар “аттиң!”- дешип калышчу.
Жаш кездерин кеп салышып эзелки
Кыт-кыт күлүп, муруттарын жанышчу.
…Мезгил өтүп, бойго жеттик керилип,
Жүрөк туйлап, сезим дүрбөп элирип,
Көк ирим көл бойлой басып ар күнү
Көп карадым кыз-келинди телмирип.
Ошол кыздар турмуш курду, сен дагы
Тийдиң эрге. Айтылбаган сыр калды.
Ыр ырдадым, ый аралаш ал түнү,
Бир башкача, бир бөтөнчө ыргагы.
…Суусуз өмүр – өмүр бекен периге?
Кайттың бир күн баштагыдай кериле.
Ыр ырдадың анан түнү мукамдуу,
Ый аралаш, олдо курган Фэриде…
…Айыл кечи. Жай түнүнүн биринде
Ай караңгы. Иттер үрүп тигиле
Деңиз жакты. Үнүң коштоп баратам,
Тос, тосуп ал, тун сүйүүңдү Фэриде.
*****
Алыста сен жашаган,
Айдың көл тараптарда
Ак сүйүүм калган менин,
Айланып санаттарга.
Алыста сен жашаган,
Айдың көл түшкө кирет.
О, анда ойлор чулу,
Көөдөндү учат жиреп.
Алыста, алыстарда
Жашайсың үмүт коштоп.
Аялуу жароокерим,
Ак инген болуп боздоп…