Жаңылыктар

“Ташка жазылган тарых” — Дархан Кыдыралинин китеп таанытуусу Бишкекте өттү

📅 2025-жылдын 4-августу
📍 Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу, Бишкек шаары

Бүгүн Бишкек шаарында, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун залында, түрк дүйнөсүнө таанымал казак окумуштуусу, тарыхчы-илимпоз, коомдук ишмер Дархан Кыдыралинин “Ташка жазылган тарых” аттуу китебинин кыргызча басылышынын таанытымы болуп өттү.

Иш-чараны ачып, куттуктоо сөзүн Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев сүйлөп, бул китеп кыргыз окурмандары үчүн маанилүү илимий-тарыхый булак экенин белгиледи.

Автор Дархан Кыдырали өз сөзүндө бул эмгек түрк элдеринин байыркы тарыхын таш жазмалары аркылуу жаңыча интерпретациялап, бүгүнкү муунга жеткирүүнү максат кылганын айтып өттү. Ал бул эмгекти казак тилинен кыргызчага которгон Негизбек Шабданалиевге, редактор К. Конкобаевге жана китептин жарык көрүшүнө салым кошкон бардык тараптарга ыраазычылык билдирди.

Иш-чарада бир катар кадырлуу меймандар чыгып сүйлөштү:

🔹 Медеткан Шеримкулов — Кыргыз Республикасынын Баатыры, мамлекеттик жана коомдук ишмер:
«Бул эмгек — түрк элдеринин тарыхый биримдигинин жана руханий жакындыгынын далили. Мындай чыгарма жаңы муунга чоң багыт берет», — деди.

🔹 Абдыганы Эркебаев — академик, илимпоз, мамлекеттик ишмер:
«Дархан мырзанын бул китеби – илгерки бабалардан калган издерди бүгүнкү күнгө жеткирген көпүрө», – деп баса белгиледи.

🔹 Осмонакун Ибраимов — адабиятчы, сынчы, котормочу:
«Кыргыз жана казак элдеринин рухий мурасын чагылдырган бул эмгек — тил жана тарых жаатындагы чоң кадам», – деп белгилеп өттү.

🔹 Арслан Койчиев — Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, тарых илимдеринин кандидаты, жазуучу:
«Китептеги илимий жана маданий бай мазмун — азыркы кыргыз тарыхнаамасына да кошкон салым. Бул эмгекти кыргыз таануу менен алектенгендер үчүн баалуу булак десек болот», — деп билдирди.

📖 Китеп тууралуу:
Бул эмгекте түркологиянын ар түрдүү багыттары боюнча терең изилдөөлөр, ой толгоолор, түркология илиминин акыркы жетишкендиктерине негизделген баалуу илимий маалыматтар камтылган. Китепке автордун илимий жана илимий-популярдуу макалалары топтолгон.

“Ташка жазылган тарых” — кыргыз окурмандарынын кеңири катмарына, ошондой эле кыргыз таануунун ар түрдүү аспектилерине кызыккан окумуштууларга, аспиранттарга жана изденүүчүлөргө арналган мазмундуу жана терең эмгек.

– Аталышы: Ташка жазылган тарых
– Жооптуу редактор: К. Конкобаев
– Казакчадан кыргызчага которгон: Негизбек Шабданалиев
– Басмакана: “Кен” басма үйү, Бишкек, 2024-жыл
– Көлөмү: 376 бет

About the author

Жазуучулар Союзу