Талантаалы Бакчиев: Аман Саспаевдин “Каныкейдин алтын билериги” жөнүндө

Аман Саспаевдин “Каныкейдин алтын билериги” жөнүндө

“Манас” эпосунун мотивинде 1991-жылы жазылган көркөм адабияттын аңгеме жанрындагы бул чыгарма С.Каралаевдин вариантындагы үчилтиктин биринчи бөлүгүндө баяндалган – “Каныкейдин ордосун Абыке, Көбөштүн талап кетиши” аттуу окуянын негизинде жазылган. Жазуучунун С.Каралаевдин вариантына кайрылгандыгынын себеби да бар. Биринчиден: 1958-1960-жылдардагы кыскартылган курама варианттан жана С.Каралаевдин, Ж.Мамайдын айтуусундагы варианттан сырткары бул окуя башка варианттарда (1991-жылга чейин) жарык көрө элек эле. Экинчиден: окуя биринчи менен экинчи бөлүктөрүнүн ортосундагы байланыштыруучу окуя болуп эсептелинет. Ал эми негизинен окуянын өзү, мааниси жана мазмуну жагынан көбүнчө экинчи бөлүккө жакыныраак. Үчүнчүдөн: кыскартылган курама вариантка (1958-1960-жж.) салыштырмалуу, С.Каралаевдин айтуусундагы бул окуя алда канча кенен берилген.

Чыгарма өзүнүн көркөмдүүлүгү жагынан өзгөчө мааниге ээ. Чыгарманын жаралышынын себептери тууралуу автор менен маек курганыбызда, “Ала-Тоо” журналынын ошол жылдардагы сандарына жарыяланган А.Жакыпбектин “Манастын” (“Теңири Манас”) кара сөз түрүндөгү чыгармасынын үзүндүлөрү болгондугун айтып өткөн. А.Саспаев ал үзүндүлөрдү окуп чыгып, эпостун мотивинин негизинде жазыла турган проза жанрындагы чыгарманын мындай формасына канагаттанбастан, протест катарында өзүнүн чыгармасын кагаз бетине түшүргөн. А.Саспаевдин чыгармасында чагылдырылган эпостогу эпизод “Теңири Манастын” жетинчи баптагы “Бар бол кыргызым” аттуу эпизодунун мазмунунда да кездешет.

Арийне, сюжеттин жүрүшү, мааниси, мазмуну, көркөм тили, стили жагынан окуянын айырмачылыгы кыйла. Мисалы, сюжеттин курулушу жагынан алганда, А.Саспаевдин чыгармасында окуя сырткы душмандардын катышуусу аркылуу өөрчүсө, тагыраак айтканда, Коңурбайдын Жакыпты коркутуп-үркүтүп, Семетейди өлтүрүшүн буюрат. Ал эми А.Жакыпбектин чыгармасында болсо, окуя ички душмандардын катышуусу аркылуу өөрчүп, Манастын көзү өткөндөн кийин анын бир туугандары Абыке менен Көбөштүн кан тактаны талашышын чагылдырат. Эпостогу С.Каралаев менен Ж.Мамайдын варианттарында Каныкейдин ордосун чаап, Семетейди өлтүрүп, кан тактаны тартып алуу үчүн Абыке менен Көбөштү Жакып тукурат. Бул жагынан алып караганда, А.Саспаевдин чыгармасында автордук жеке позиция байкалат. Жазуучу эпостогу эпизоддун жалпы сюжетин алганы менен анын негизги идеясын ээрчип улабастан, өз алдынча чыгармачылык кыял чабыт жүргүзүп, ошол эпизоддун таптакыр башка, мурда-кийин бир дагы манасчы тарабынан козголбогон жаңы проблеманы алып чыгып, окурмандарына тартуулап жатат. Жакыптын ата катары өз тукумуна кол көтөрүүгө колу да, ниети да барбай, Коңурбайдын буйругу менен аргасыздан кыянаттыкка моюн сунууда. А.Саспаев Жакыптын ички психологиялык абалы аркылуу ата-бала ортосундагы кыйышпастыкты, жогорку гумандуулукту көрсөтүүгө далалат кылган. Ал эми А.Жакыпбекте болсо, сюжеттин курулушу жогорудагы эки эпостук вариантка жакындашып кетет. Бул жагынан алганда, А.Саспаев даяр турган эпостук сюжеттен да, анда козголгон проблемадан да сырткары чыгып, автордук өз алдынча ой жүгүртүүгө жана проблеманы башка тараптан карап алып чыгууга мүмкүнчүлүк берип, өзүнүн жазуучулук чеберчилигин көрсөтө алган.

Бир курдай, автордун өзүнө да кайрылып, чыгармасынын эпостук сюжеттен кескин айырмаланган бул эмгеги тууралуу өзүнүн автордук жеке оюн сураганыбызда, ал: “Каныкейдин алтын билериги” – аңгемелеримдин ичинен эң мыктысы ушул чыгармам” деп, тамшануу менен айтып өткөн.

КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору, манастаануучу, манасчы Талантаалы Бакчиев