КРнын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, акын Н.Калыбеков коомдук байланыш менен жалпы улуттук биримдикти чыңдоого кошкон салымы үчүн Казакстан калкы ассамблеясынын “Мээрим” төш белгиси менен сыйланды. Урматтуу Нурланбек Өскөналиевич, сыйлыгыңыз кут болсун! Сиздин эки элдин ортосундагы адабий алаканы бекемдөө максатында жасап жаткан иштериңиз мындан ары да арта беришине тилектешпиз. Эскерте кетсек Н.Калыбеков 2000-2002-жылдары эл аралык “Шабыт” фестивалында М.Макатаев жана Г.Мусрепов атындагы адабий сыйлыктар менен, 2015-жылы казак хандыгынын 550 жылдык юбилейлик медалы менен сыйланган.
Ушул эле “Мээрим” төш белгиси менен кыргыз-казак тилдеринде ыр жазып, эки элдин чыгармаларын бирдей которуп, чыгармачылык менен жигердүү алектенип келе жаткан жаш калемгер Перизат Алмаз кызы да сыйланды. Сиздердин сыйлыгыңыздар жалпы элдин сыймыгы! Сыйлыгыңыздар кут болсун!