А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев чыгармачыл союздардын төрагалары менен жолукту. Жолугушууга Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү К.Мамбеталиев, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, төраганын орун басары К.Кадыракунов, КР Эл жазуучусу М.Абакиров, КР Эл артисти Т.Казаков, Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Т.Усубалиев, КР Эл жазуучусу, театр ишмери Ж.Кулмамбетов, кино ишмерлери ж.б. маданият өкүлдөрү катышты. Султан Раев алдыдагы иш-пландары тууралуу маалымат берип, маданият ишмерлери үчүн аянтча түзүп, эл аралык маданий кызматташтыкты, байланышты арттыруу керек экендигин айтты. Маданият ишмерлери тарабынан бир катар сунуш-пикирлер айтылып, жолугушуу суроо-жооп иретинде эркин форматта өттү.