Бул даректүү тасма— “Өмүргө байланган поэзия” деп аталып, Сооронбай Жусуевдин чыгармачылыгы менен жашоосунун айкалышын көркөм жана даректүү формада чагылдырууну максат кылат. Биз тасма аркылуу акындын өмүр жолун, анын ырларындагы философияны, ошондой эле шакирттеринин, замандаштарынын жана үй-бүлөсүнүн жүрөгүндө калган элесин кайра жандандырабыз.
Тасма Сооронбай Жусуевдин 100 жылдык маарекесине арналган.
Концепциясы
Тасма — поэтикалык эссе формасында курулуп, адабият, эскерүү, архивдик документтер жана символикалык визуалдар аркылуу адамдын рухий дүйнөсүн терең ачып берген даректүү-адабий чыгарма.
Концепция төмөнкү негизги элементтерге таянат:
- Эскерүү аркылуу көркөм чагылтуу
Тасмада акындын өмүрү түз баян түрүндө эмес, анын шакирттеринин, замандаштарынын жана үй-бүлөсүнүн эскерүүлөрү аркылуу берилет. Бул ыкма — адамдын эсинде калган жарык элесин көрүүчүнүн жүрөгүнө жакындатат.
- Табигый мейкиндик — ички дүйнөнүн символу
Арашан айылындагы жазуучулар үйү, тоо боору, от жанындагы маектер — акындын чыгармачылык руху жашаган мейкиндик катары берилет. Табият менен байланыш аркылуу ички дүйнөнүн тереңдиги чагылат.
- Поэзия — өткөн менен бүгүндү бириктирген көпүрө
Акындын ырлары жана аларга жазылган обондор көркөм мазмундун жүрөгү болуп берет. Ар бир ыр көрүүчүнүн сезимине таасир берип, акындын көзү өткөнү менен анын сөзү өлбөс экенин далилдейт.
- Архивдик материалдардын жандуу байланышы
Тасмада архивдик видеолор, сүрөттөр, жаңы кадрлар менен жуурулушуп, убакыттар ортосунда жандуу диалог түзөт. Бул аркылуу көрүүчү өткөн мезгилди бүгүнкү күн менен кабыл алат.
- Мурас жана тарбия темасы
Тасманын аягында жаш муундун акындын мүрзөсүнө гүл коюп жатканы — мурастын улануусу, эскерүүнүн тирүү экени тууралуу символдук жыйынтык болот.
Тасманын режиссеру жана сценаристти Эсенгул кызы Асел.
Бул даректүү тасманы колдоого алган Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу.
Тасманы төмөнкү шилтемеден көрө аласыздар: