Жеңиш жөнүндө ой
Согуштук чоң кезинде мекенибиз,
Кыргыздар жоокер калктан экенибиз.
Көмүнүп, Европанын ар жеринде,
Окко учуп, жатып калды неченибиз.
Ар күндүн узактыгы доор болду,
Ар бир күн кандуу болду, оор болду.
Жоолаштык кычыратып азуубузду,
Жоо менен бөрү көздүү, жоон колдуу.
Согуштук түн ичинде, таң атарда,
Согуштук кыш чилдеде, саратанда.
Жергеге жетсек дедик кут сыяктуу,
Жеңишти салып ыйык алаканга.
Согуштун жазын көрдүк, күзүн көрдүк,
Кыйраткыч, талкалагыч күчүн көрдүк.
Жексур жоо мерт болгондо бели сынып,
Жеңиштин ырайымдуу жүзүн көрдүк.
Сазайын мыкаачынын анык бердик,
Жергеге жайнап келдик, жанып келдик.
Бардык эл эңсеп күткөн Жеңиш аттуу,
Баа жеткис улуу белек алып келдик.
Азайдык, азыр калдык бир азыбыз,
Жок тура азайбоого ылаажыбыз.
Таймашып элдин жоосун жеңип келген,
Тагдырга сыймыктуубуз, ыраазыбыз.
Кармашта төгүлгөн кан акталса экен,
Кайратман майдангерлер баркталса экен.
Жалгыз да эр жеңишкер калбаганда,
Жасаган жеңишибиз сакталса экен.
Созулуп анын улуу даңазасы,
Согушсуз сан кылымдар башталса экен
Келгенде Жеңиш ким элем?
Улуу Жеңиш келгенде мен ким элем?
Элге Жеңиш, элге бакты тилеген
Өзүм көргөн, көзүм көргөн Жеңишти,
Сталиндин жоокеринин бири элем.
Жоокер элем катаал шартка багынган,
Элди, жерди, энекемди сагынган.
Эң алгачкы өмүрүмдө сыйлыгым –
“Эрдик үчүн” деген медаль тагынган.
Ой чубуруп турчу анда кыялдан,
Жер кепеде алгач жазган чыгармам.
Үч ыр эле майдан, дары жыттанган,
Акын Жоомарт журналына чыгарган.
Атактуу да, азаптуу да жагы бар,
Жоокер элем мен акжолтой, багы бар.
Кокусунан өлбөй калган денемде,
Немец аткан эки огунун тагы бар.
Миңдер менен улуу кызмат аткарып,
Жеңиш карай Сталин турган башкарып.
Көп жоокердин бири экенге мактанып,
Көп-көп жылдар жүзүм жүрөт жапжарык.
Алакан
Балам мына төшөгүнөн турду бат,
Моюнумдан кучактады булдурап.
Алаканын өптүм дагы баламдын,
Те согушту эстеп турдум тунжурап.
…Самак эле ынак досум сырдашкан,
Укмуш болчу күлкү менен ыр жактан.
Ызылдаган октор тына калганда
Ыр, күлкүгө бизди бөлөп жыргаткан.
Самак айтты: –Кайда жүрдүң жанатан?
Мына балам! Сен баламды карасаң…
Ал бала эмес. Турду кагаз үстүндө
Беш манжалуу кичинекей алакан.
Самак өөп, кагаз бетин жапты да,
Улутунду: –Бала кандай жакшына!
Ошол түнү алакандуу кагазды
Коюп жатты жаагынын астына.
Далай өөп Самак ошол сүрөттү.
Далай жолу алмаштырдык түнөктү.
Бир кыштакка кирип бардык жоо сүрүп,
Дүкүлдөтүп үмүтү жок жүрөктү.
Бир короодо бала турат байлануу,
Бул не шумдук?! Таппай калдык айланы.
Жардам сурап бала колу эрбеңдеп,
Бала көзү бизден өтүп жайнады.
Баланы биз аң-таң калып карасак,
Баарыбыздан Самак тура баласаак –
Наристени бошотууга байлоодон,
Аттап-буттап чуркап кетип баратат.
Ыйлап турган ал балага таңылып,
Жеткен кезде атасындай сагынып.
Кара түтүн, боз топурак бурк этти,
Коюп койгон жоо минасы жарылып…
Андан ары мен айталбай баратам,
Айткан сайын жүрөгүмдү канатам:
Экөө тең жок… Жерде жатты бир гана
Купкуу болгон кичинекей алакан…
Кээде түшүп мен торуна санаанын,
Көргөнүмдүн көбүн эске саламын.
Согуш десе, көз алдыма көрүнөт
Ошондогу алаканы баланын…
Түшүмдө
Түшүмдө бүтөйт жолду кар бороону,
Касаба каптап жатат ар короону.
Дүрбөлөң. Чакчалекей. Белгисиздей
Дүйнөнүн жок болору, бар болору.
Чоң өрттө этегимди жалын жалмайт,
Танк келет, бут шилтөөгө алым калбайт.
Качырайт калың токой, кайың токой,
Танк тепсеп өтсө, бир да кайың калбайт.
Танкты атсам, крести бар чоюн сынат,
Өрттөнгөн танкист чыгып, моюн сунат.
Касым да капысынан келе калып,
Кучактап беттен өөп, колун сунат.
Боз үйдүн түндүгүн күн нурдап турат,
Куунак кыз чызылдатып куймак куят.
Капыстан мен ашыгып сыртка чыксам,
Казыкта кер аргымак туйлап турат.
Дөбөгө чаап барсам күжүлдөтүп,
Саякбай “Манас” айтат күпүлдөтүп.
Оозунан бороон чыгат, жалын чыгат,
Уккандын жүрөктөрүн дүкүлдөтүп.
“Манасын” алп Саякбай аяктады,
Өрттөнгөн танкист келип каяктагы.
Жунайга, Олжобайга, Түмөнбайга
Жолукту колунда бар таяктары.
“Кыскарткан сенсиң биздин учубузду,
Качырган сенсиң биздин кутубузду.
Сыздатып жүлүндөрдү, жүрөктөрдү,
Сылтыткан үчөөбүздүн бутубузду!” –
Танкистти турса бекем кармап алар,
Айласын таппады ал кайда барар.
Жалдырап жалынса да жан соогалап,
Ыргытты бийик зоодон дайрага алар.
Айкырды танкист кулап бара жатып,
Аны үчөө зоодон турду табалашып.
Баатырлар таягы бар колдорунда,
Басышты тирүүлөргө аралашып.
Дарак
Жансыз деп кимдер айтат дарактарды,
Жансыз да өсүп турган дарак барбы?
Дарактар адам сындуу билип турат,
Кеч кирип, жылдыз чыгып, таң атканды.
Чилдеде үшүп кетсе ичиркенип
Силкинип бутагынан кагат карды.
Майданда снаряддар даракты урат,
Жоокердей бир кыйкырып калат сулап.
Башкасы курбусуна башын ийип,
Унчукпай аза күтүп карап турат.
Азыр да токойлорду араласаң,
Согуштан мунжу болгон дарак турат.
Дарактар боюн желге ыргай берет,
Ыргалса күңгүрөнүп ырдай берет.
Бутагы гүл тагынып, мөмө байлап,
Булбулдар күүсүн безеп жыргай берет.
Даракка күн да керек, суу да керек,
Күү керек, тынчтык керек, жыргал керек.
Даракты кырккан кезде кесип, боёп,
Күн мурун не болорун сезип коёт.
Муңайып балдак болот майыптарга,
Кубанып стол, парта, эшик болот.
Ыйлайт да табыт болот аргасыздан,
Жыргайт да бөбөктөргө бешик болот.
Кардуу да, каардуу да Москвада
I
Кырк биринчи катаал жыл, кан аккан жыл,
Көп миңдеген адамдын жанын сууруп,
Көп миңдеген жүрөктү канаткан жыл.
Октябрда Москванын кары сургулт,
Асман сургулт, там сургулт, дарак сургулт,
Адам сургулт, жол сургулт, баары сургулт.
Кандуу уруш, салгылаш жүрүп жатат,
Жер жарылып, жер онтоп, жер озондоп,
Кар жыттанган муздак кар күйүп жатат.
Карды боёп кочкул кан аккан убак,
Кар үстүнө боо түшүп суласа да,
Кас борборго жутунуп жаткан убак.
Кандай сүрдүү карасаң кай тарапка,
Ар адамдын башында түркүн түйшүк,
Абал кыйын, абал оор ар тарапта.
Душман айтат: “Кубат мол тайманбайбыз,
Кирип барып жакында биз марш менен,
Москвада жеңишти майрамдайбыз!”
Жоонун сөзү сөөктөн өтүп кетти,
Иштөө үчүн коопсуз Куйбышевге,
Өкмөттүн жарымы көчүп кетти.
Жер астында бекемдеп кенен курган,
Сталин үчүн жашырын кызмат орду,
Эчак күтүп ээн да, белен турган.
Ой жүгүртүп өлкөнүн абалына,
Жалаң эле Москвага кар жаабастан,
Кар жаап турду көсөмдүн кабагына.
II
Кыйналбаган мынчалык өмүрүндө,
Уйку көрбөй Сталин капсалаңда,
Согуш турду күн-түнү көңүлүндө.
Жетип турду согуштун дүңгүрөгү,
Өз ордунда отурса күндүз эле,
Көзү илинип бир азга үргүлөдү.
Учкул жоктур көсөмдүн кыялындай,
Чырым этип куш уйку сала койсо,
Ал түш көрдү чак түштө мына мындай:
Башында анын түркүн ой түмөн эле,
Оор күндө ушундай Куйбышевге,
Жөнөнбөсү, жөнөөрү күмөн эле.
Куйбышевге заматта жете турган,
Поезд турду Москванын чет жагында,
Сталинди шарт алып кете турган.
Күзөтчүлөр перрондо үшүп турат,
Баркы бийик дүйнөгө “Сталин” аттуу,
Бир адамды бардыгы күтүп турат.
Мына! Мына! Сталин келип түштү!
Анын жүзүн баамдап, байкап көрсөң,
Лимузинден санааркап, кейип түштү.
Лимузин турду ордунан козголбостон,
Сталин кирбей бепбелен салонуна,
Жалгыз басты перрондо токтолбостон.
Бир нерседен калардай кур калышып,
Сталин менен бир кетчү жардамчылар,
Ыйбаа кылып тиктешти уурданышып.
III
Ээн перрон унчукпай жата берди,
Бир учунан перрондун бир учуна,
Баса берди Сталин, баса берди.
Улам артка бурулуп бара берди,
Өзү ултарган өтүктүн сансыз изи,
Жаңы жааган жаш карда кала берди.
Албан-албан артында иш калтырчу,
Адам ушул перрондун кары тургай,
Тарыхында дүйнөнүн из калтырчу.
Турчу адам көзүнөн учкун жанып,
Азыр анын кези эле аргасыздан,
Оор ойго камалып, туткундалып.
Чоң бийликке ал келген кезден эле,
Кыйын-кыйын чаташкан, чырмалышкан,
Нечен татаал түйүндү чечкен эле.
Сансыз суроо башына толуп турду,
Олку-солку ойлордун ортосунда,
Көңүлү анын эки анжы болуп турду.
Даяр поезд көңүлүн бөлүп турду,
Бул учурда: “Кетсемби? Кетпесемби?”
Деген суроо жүрөгүн өйүп турду.
Баса берди эки анжы абалында,
Кыйын ойго тушуккан кеменгердин,
Кырт-кырт этет кымкар кар таманында.
Түшсөм поезд жеткирет закым болуп,
Кремлден канчалык алыстасам,
Калуу мүмкүн жеңилүү жакын болуп?..
Эртең эле кеткеним дайын болор,
Жердин асты – мен иштер жайым болор,
“Суу жүрөктүк кылды” – деп айың болор.
Атым калар артымда “качак” деген,
Жол башчы да, кол башчы болуп туруп,
Кантип жашайм мен ошол атак менен?!
Кетсем дароо душмандар жанданышар,
Уруштук деп узакка арданышар.
Москвага кирүүгө камданышар.
Алар дүрбөп эрдемсип күчтөнүшөр,
Жүткүнүшөр өлгөндөн калгандары,
Эртең, балким, Москвада түштөнүшөр…
“Армиямдын кубатын ашырдым – деп,
Мүңкүрөтүп, мүргүтүп Сталинди,
Гитлер айтар Москвадан качырдым” – деп.
Оор ойлор көсөмгө келе берди,
Жебелери саатынын тегеренди,
Көктөн назик ак кымкар себеленди.
Машинечи буйрукту күтүп турду,
А Сталин перрондо баса берди,
Жаш сакчылар унчукпай үшүп турду.
Ойдон-ойду Сталин тандаганын,
Поезддеги күтүшкөн кызматкерлер,
Карап турду шилтеген ар кадамын.
Адамзаттын акылман адамына,
Булар тургай бүт дүйнө назар салчу,
Анын ар бир сөзүнө, кадамына.
Анын ою ааламды кезип турчу,
Өзүн баалап, өзүнүн кылган ишин,
Өзүнүн ким экенин сезип турчу.
Түшсө дагы башка ойлор арачага,
“Кетүү”, “Калуу” – эки ойду, теңдеш ойду,
Акырында ал салды таразага.
Таразадан олуттуу жооп күттү,
Өйдө-төмөн кылтылдап элпек жебе,
“Калуу” деген ой жакка ооп түштү.
IV
Акырында чечимге келди көсөм,
Лимузинге түшкөнгө шоферуна,
Кылды секин ишарат-белги көсөм.
Тааныш шофер акырын: – Кайда? – деди.
Анда Сталин мурутун сылап коюп:
-Кайда болсун, Кремлге айда! – деди.
Кремлге барууга кайта айланып,
Узак турган лимузин жылды ордунан,
Дөңгөлөгү заматта чарк айланып.
Поезддеги күткөндөр таң калышты,
Кеткенине көсөмдүн курсант болуп,
Терезеден тикчийип жарданышты.
Күлүк поезд ордунан жылбай турду,
Сур булуттан кымкар кар бир калыпта,
Секин гана себелеп тынбай турду.
Көсөм дале пенде да, карагыла,
Ойгонду да, ойлонуп айран калды,
Түштө көргөн дендароо абалына.
Бир заматта чыйралды тыңып кайра,
Арам ойлуу душманга каршы арнады,
Акыл, күчүн Сталин жыйып кайра.
Москвада калаарын, калбастыгын,
Шакирттери көсөмдүн билбейт эле,
Куйбышевге барарын, барбастыгын.
Алар күндө көсөмгө кез келишти,
Ачык, тике берүүдөн бул суроону,
Андан чочуп, сүрдөшүп сестеништи.
Билүү ыгын биригип табышты алар,
Жакшы сакчы Игнатошвили аттуу,
Генералды ортого салышты алар.
Бир суроону айтышты арнап көр – деп,
Куйбышевге жөнөйбү, жөнөбөйбү? –
Сталиндин тамырын кармап көр – деп.
Сөзгө кошуп жумшады ал акылын:
-Куйбышевге буюмдун кайсыларын
Алабыз? – деп сурады ал акырын.
Акырайып Сталин, каарын чачты:
-Атуу керек сен өңдүү коркокторду!
-Генералды кекетип, заарын чачты.
Ал учурда ок жебей ай далыга,
Тобо кылды генерал Сталиндин,
Ачуусунан эсен-соо калганына.
Эрки такыр эч качан сынбастыгын,
Баары билди келсе да кыйын кезең,
Кремлден Сталин жылбастыгын.
V
Кремлдин үстүндө шамал улуп,
Турган кезде кабатыр болду Сталин,
Кан агылган майдандан кабар угуп.
Кабагы анын бүркөлүп, ачууланды,
Канжасынан бурк этип түтүн булап,
Каарып сүйлөп, пейили катууланды.
Буйрук жазды башкадан айырмалуу,
Басташсын – деп Москвага жоо киргизбей,
Башчы кылып Жуковду дайындады.
Ал буюрду калп имиш басылсын – деп,
Жоону жактап, дүрбөлөң салган жандар,
Кармалса эле сураксыз атылсын – деп.
Баарын сезип, бардыгын көрүп турган,
Көсөм оор ойлонуп, суроо берди,
Күндөп-түндөп жүрөгүн өйүп турган:
Жолдош Жуков, сураймын, чынын айтчы:
-Москваны алдырбай, кармап калар
Айла барбы, бар болсо, ыгын айтчы.
Көсөм берди Жуковго оор суроо,
Ойлонбостон айталбас ошол замат,
Оор суроо болучу оор сыноо.
Аттиң, муну неге эрте эшитпеди?
Абдан туура жоопту айтуу үчүн,
Акыл-эси Жуковдун тез иштеди:
-Москваны алдырбай коргойбуз биз,
Дагы эки армия, эки жүз танк,
Сиз берсеңиз элге уят болбойбуз биз.
-Түшүнүктүү убакыт тар экени,
Жакшы, Жуков, Москваны алдырбоого,
Оюңда бек ишеним бар экени.
Жок нерсени берем деп неге алдаймын,
Берем сага жакында эки армия,
Эки жүз танк азыр жок – бералбаймын!
VI
Кастар эргип: “Эң жакын жеңиш!” – дешти.
Жылып кандуу убакыт, Октябрдын
Жыйырма төрт жылдыгы келип жетти.
Эл жүрөгү эзилип, канап турду,
Жылда болчу бул кезде салтанаттуу
Чогулушту Чоң театр самап турду.
Душман жылып Москвага жакындады.
Өттү жыйын метронун бекетинде
Маяковский акындын атындагы.
Чоң жыйында Сталин доклад кылып,
Кебелбестен сүйлөдү кекээр менен,
Келекелеп Гитлерди акмак кылып.
Мукактануу үнүнөн эч билинбей,
Кайрат, акыл сезилди ар сөзүнөн,
Кадимки эле мурдагы мезгилиндей.
А эртеси кымкар кар түшүп турду,
Кызыл Аянт бул күнү адатындай,
Кызыл аскер парадын күтүп турду.
Гитлер айткан бакырып көпкөлөң кеп:
-Москвада, жетинчи ноябрда
Улуу жеңиш парадын өткөрөм! – деп.
Ушул сөздөн душмандар күчөп турган,
Өтүктөрү алардын мык тамандуу,
Москвада басканды күсөп турган.
Кас күтпөгөн таң эртең парад болду,
Сталин сөз сүйлөдү мавзолейде,
Куралданган аскерге аянт толду.
Сталиндин парадды өткөргөнү
Дүйнөгө дүңк дей түшүп, дайын болду,
Максаты кас душмандын өрттөнгөнү.
Көз карашы көргөндү теше жаздап,
Гитлер дароо айкырды: “Бомбала!” – деп,
Кекиртеги айрылып кете жаздап.
Асманына Москванын келип кирер
Самолеттун бардыгын кыйратышты,
Кыраакы да, кыл мерген зенитчилер.
Жоокерлерге бул парад кайрат болду,
Элдин күчүн курчутуп кайрап койду,
Жоонун шайын кетирген айбат болду.
Душман турса жыйырма чакырымда,
Парад кылган тайманбай Сталиндин
Дүйнө сезди эрдигин, акылын да.
Армияны бүткүл эл сүрөп турду,
Чындап коргоп Москваны калкан болуп,
Чымырканган кубаттуу жүрөк турду.
Бир ай өттү армия күчүн топтоп,
Даяр болду алдында Москванын
Жоонун ээсин оодаруу үчүн топтоп.
Баатыр Жуков чоң жумуш аткарды анда,
Ойрон кылып душманды кыш чилдеде,
Эрдик менен чабуулду башкарды анда.
Кас душманды соккондун эбин билди,
Москвадан эки жүз чакырымдай,
Күн батышка ал сүрүп чегиндирди.
Жеңиш жолун Сталин ачмак болду,
Боло турган Берлинде чоң Жеңишти,
Москванын алдында баштап койду.
Бир башына бардыгын үйдү көсөм,
Баарын билип, бардыгын бүт башкарып,
Кремлде олтурду сүрдүү көсөм.