Поэзия

ШЕРБЕТ КЕЛДИБЕКОВА, АКЫН: Ырлар топтому

СЕН КААЛАСАҢ!..

 

Кымбатым! Сен кааласаң күндө келем,

Күндө келем, асылым, бул дүйнөнү

Укмуштуу кооздоп, сырдап айта берем,

Айта берем, айта берем,

Кубултуп, көрккө бөлөп нечен-нечен,

Сен анда сүйүнөсүң,

Балбылдап түпсүз ойго жык көздөрүң.

Бирок, эркем,

Өзүмдү алдамчыдай сезип кетем.

 

Жылдызым! Сен кааласаң күндө келем,

Күндө келем!

Дүйнөнүн түрүн бузуп айтып берем.

Тиричилик кунарсыз купкуу өңдөнөт.

Жашоодогу кубаныч, рахат өчөт.

Бирок, эркем,

Үмүтсүз көздөрүңдү карай албай,

Өзүмдү күнөөлүүдөй сезип кетем

 

Кубанчым, сен кааласаң дайым келем,

Түгөнбөс жомоктордон айта берем.

…Кут түшчү кадыр түнү конуп кетем,

Айтып берип кызыкты нечен-нечен.

Көздөрүң жумулса да,

Айта берем, айта берем…

Уктасаң да тынчтык бербейм!..

Айткандарым түш болуп кирет баары,

Кутмандуу түндө дагы!

Бирок, жаным,

Түгөтө албайм, эч качан айтып баарын…

 

 

 

 

*   *   *

 

… Тарсылдашып туяктар ташка тийип,

Теребелдин тынчтыгын бузуп жатат.

Караңгылык, шамал жок үлбүр эткен,

Тулпардын жал-көкүлү учуп жатат.

Улам демеп камчы салып,

Туяктан от чагылып.

Жолоочу жымжырт түндү жарып барат,

Закымдап кылт көрүнө жароокери,

Жок болот сагындырып… кечээгидей,

Келбегин деп муңайым жоодур карап.

 

Ал азыр,

Уккан чыгар дүбүртүн аргымактын,

Урган чыгар жүрөгү ылдам-ылдам.

Селт чочуй кымтыланып, жашырынып,

Кайрадан кыймыл кирип,

Кайраттана желбегей кийим илип,

Селейе дүбүрт тыңшап турган чыгар.

 

Шыңгыр эте күлүктүн жез ооздугу,

Кырчоого илип тизгинди буйдалбастан.

Келе жатты кадамдар ак өргөөгө,

«Ким бул?» – дейт үн жүрөксүй ичкериден.

Жооп болбоду… Жымжырттык…

Сүрү катуу тунжуроо аздан кийин,

«Аччы?» – деди күбүрөп күңгүрт добуш.

 

Жылдыз тиктеп түндүктүн жылчыгынан,

Босогого сүйөнгөн жапжаш келин.

Калтырады акырын колун сунуп,

Каалганы жай гана ачып жатып…

 

 

 

 

 

 

*   *   *

 

Сезимде жаңырып жаралар,

Жүрөгүм муңканат жаш төгүп.

Жароокер көздөрдөн жадагам,

Тагдырдын каарынан өзгөрүп.

 

Жалтанып от жааган көзүңдөн,

Жаштыгым чегинген алыска.

Күнөөсүз шаттыкты өчүргөм

Күүгүмдүү күндөрдөн мени изде…

 

 

 

 

 

 

 

ЭЛЕГИЯ

 

Караңгы түн, күз айынын салкын түнү

Жамгыр жаады, а мүмкүн эң акыркы,

Жамгырыдыр, ушул жылдын…

Акыркылар ар дайым аянычтуу.

 

Жамгырлар жай, акырын себелеше,

Тамчылар жылтылдашат тереземде.

Жымжырттык үй ичинде,

Чубалган ойлор менде.

 

Балбылдаган көздөрдөн таалай алып,

Сүйөбү, сүйбөйбү деп жооп таба албай.

Күйүп-жанып, кайгыланып,

Сүйө албайм,

Мүмкүн мен ал курактан өтүп кеттим.

Өтүп кетти… Жалындуу жапжаш кезим.

 

Томсоргон көз, кайдыгер, салкын жана,

Жалындаган сезимсиз, оор салмактуу.

Ой менен, эсеп менен жашап гана,

Өтүш үчүн жүрөгүм жаштык кылат,

Дайыма… жүрөгүм… жаштык кылат.

 

Үй ичи тыптынч турат,

Тамчылар ирети жок тып-тып тамат.

Жүрөгүм ирети жок булкуп кагат,

А менде… кайрадан ой жаралат.

 

 

 

 

 

 

*   *   *

 

Бир түн эле мен өскөн айылдагы,

Унутулбай эмгиче эсте калды.

Сулуу болчу ошол түн суктандырып,

Суук да болчу кычырап кооз карлары,

Жалгыз кетип бараттым. Айыл тыптынч,

Мүрзө жактан келатты жаш ай дагы.

 

Мен биле элек сүйүүнүн толкундары,

Деңиз болуп көрүнбөй шарпылдады.

Мен көрө элек сүйүүнүн от нурлары,

Жалын болуп алыстан жаркылдады.

 

Жылдыз учту асмандан каяккадыр,

Жүрөгүмдү бир сезим сыйкырлады.

Ойгонушту сүйүүлөр уйкудагы,

Жылдыз учту асманда кайра дагы.

Жылдыз түстүү желбегей чепкен кийген

Кезиктирдим жолумдан карыяны.

 

Ийменип мен куудай ак сакалынан,

Үнсүз гана ийилип учураштым.

«Тыңша, – деди, – чырагым, тагдырыңды…

– Кереметтүү добушун угуп жаттым –

Сүйүү менен кыйырсыз сапарыңан

Кезигесиң, кейибе али жашсың,

Бирок, чындык, ал кезде өзгөрүлүп

Буурул болот азыркы кара чачың.

Өлүктөрдө сүйүү жок. Бүт бардыгын

Жер үстүнө калтырган. Мүрзөлөрдөн

Сүйүү издебе, каралдым, артка кайткын».

 

Керемет үн дирилдеп бүтүп калды,

Жылдыз учуу асманда кайталанды.

Көтөрүлүп келатты жаш ай дагы.

Жүрөгүмдө сүйүүнүн толкундары…

Жүрөгүмдө сүйүүнүн кайгылары…

 

…Кайра баштан элестеп ак сакалдуу,

Ак тилектүү даанышман карыяны.

Көңүлүмдө армандуу ойлор калды:

«Кыйынбы түбөлүктүү жалгыз калуу,

А жеңилби сүйүүсүз,

Чоң турмуштан милдеттүү орунду алуу».

 

 

 

 

*   *   *

 

…Сулуу түндө шыбырашат жалбырак,

Сулуу түндө шыкаалашат жылдыздар.

Жайдын түнү! Дирилдеген эрке жел,

Бүт дүйнөдө, бүт ааламда термелүү!..

Жылдыз өчөт! Түн да кетет, кымбатым,

Келчү танда күтөсүңбү сен мени?!

 

…Сулуу түндө айдын нуру эң назик,

Сууда жүрөт, бакта жүрөт үлбүрөп.

Нурга жуунуп, муңдуу бийик күмбөздөр,

Нурга жуунуп, нур сиңирип айлана!

Ай да кетет! Нурлары өчөт, кымбатым,

Аппак таңда келесиңби сен мага…

 

Күндөр өтөт, гүлдөр өчөт жайнаган,

Булбул кетет кечээ бакта сайраган.

Кайталанат түндөр күнгө алмашуу,

Кайталанат сулуу нурлар, ай дагы.

Биз издешкен таңдар гана туруктуу,

Кайталанат бүт бардыгы кайрадан…

 

 

 

 

 

 

КЫЗДАР СҮЙЛӨЙТ

 

Турмуштун кайнап турган базарында,

Сандаган адамдардын катарында.

Жашайбыз жаркыратып көңүлдөрдү,

Жаштыктын, жаңы өмүрдүн сапарында.

 

Жашайбыз бир өмүрдү жер үстүндө,

Жашайбыз бир өмүрдү жүрөктөрдө,

Жарыгы, жаны болуп асылдыктын,

Ырларда, обондордо, сүрөттөрдө.

 

Жарашкан буюмдардын жаркырагы,

Жарашкан жаштык сүйүү көрктүн баары.

Көргүлө «кыз» – деген эл биз болобуз,

Асемдеп келе жаткан кылымдырды.

 

Ааламда атак алып сулуулуктан,

Жаңырып, гүлдөп, өсүп, жайнап, толуп.

Өтөбүз дагы эсепсиз кылымдарды,

Түбөлүк бийик жана улуу болуп.

 

 

 

 

 

 

ТААНЫШ КӨЧӨ

 

 

1.

 

Учкан эле чакырымдай чагылган,

Удургутуп ууз түндү жалындай.

…Ойлогомун ошол түндөй түнөрүп,

Ошол бойдон унутулуп калууну…

 

Кечир, кечир кыялымды, тоголуп

Коштошууга кыйбай турган айнууну:

Өбөөрүңдө чачтарыма оролуп,

Ойлогомун өмүр-жашың алууну…

 

Түнөрүп бир түштүн туюк түнүндөй,

Кербези өчкөн көңүлүңдү улаган –

Көздөрүмдөн сүйөөрүңдө… Сүйүүңдөн

Бүткүл тирүү күндөрүңдү сурагам.

 

 

2.

 

Мен сүйгөндө күлгүн аруу жүз күтүп,

Мен сүйгөндө жашыл эле жер жүзү…

Дес-демиңден жер силкинип, көк тыңшап,

Сен да жапжаш өрттөй элең сүйүктүүм.

 

Мен сүйгөндө кыял эле жер үстү…

Мен сүйгөндө кыял эле бүт аалам…

Улуулуктан укмуштарды издеген,

Сен да кырчын, учкул элең, садагам.

 

 

3.

 

Түн көөшүгөн, жер-аалам…

Ит улуду кайдандыр аба жарып.

Иттер үрөт… Үргүлөө. А түшүмө,

Жүрөк кирет жанчылып, жараланып…

 

…А түшүмө чачтарың аппак кирет,

А түшүмө көздөрүң жапжаш кирет.

А түшүмдө сүйлөйсүң булут үстүн,

Добушуңда топурак асты жүрөт.

 

…Кайра-кайра агызып жаштарымды,

Карай албай жалтанам ак чачыңды.

Колдорумду сүйөсүң… Кейип туруп,

Жүрөгүмдү сурайсың… Эрип туруп.

 

Жүрөгүмдү сурайсың… Каным муздайт,

Бүт боюмду оройсуң… Жаным муздайт!

А түшүмдө өчөм мен, күйүп бүтпөй…

А түшүмдө кетем мен… сүйүп бүтпөй.

 

 

4.

 

Ыргалат караңгылык. Шооласыз түн,

Ылдамдайт ыргактары жүрөгүмдүн.

Жабыркап туруп сездим жалгыздыкты –

Жаштык да… өткөндүгүн.

 

Канаттай кагынышып күңгүрттүктөр,

Кан-сөлсүз карап турду караңгы түн.

Үн-сөзсүз тыңшап турду тааныш көчөм:

Унчукпай сүйлөп бүттүм…

 

 

 

 

 

 

 

МЕНИН КОЛУМ

 

Менин колум жазат түркүн жазууну,

Буйрук алып жүрөгүмдөн жазганда,

Жалын болуп толкуп турат жазуулар.

Буйрук алып көңүлүмдөн жазганда

Жазуулардын чала тирүү жаны бар.

 

Жазат колум, жазат түркүн жазууну –

Өмүрүмдөй өксүбөгөн сүйүүмдү,

Өзгөрүлгөн кабылдоомду, күнүмдү,

Өрт сезимдер делбе кылган дилимди.

 

Жүрөгүмдү арнаганды танбайт ал,

Жүрөгүмдүн каардаганын каргайт ал.

Жаза берип, жаза берип жүрөгүм,

Токтогончо эркиндикти албайт ал.

 

 

 

 

 

 

ТҮНДӨР ЖӨНҮНДӨ СӨЗ

 

Түндөр…түндөр… Кара түндөр, караңгы

Түндөр, түндөр… Аруу түндөр, ажайып.

Канча жолу узатышты адамдар

Жер үстүнөн, ар кыл түстө түндөрдү.

Улуу түндөр!.. Толкутпаган кимдерди

Бу түндөрдүн кереметин, сырларын,

Бүт адамзат байкаганбы, билгенби…

 

…Түндөр, түндөр келет нечен кылымдан,

Сансыз түндөр, сан окуя жыйылган.

Кара түндөр, каардуу түндөр кайрымсыз,

Бу түндөрдө, кимдер билет?!

Канча адамдын башы ийинден жулунган.

 

Канча адамдар жан соогалап, айлага,

Карбаластап түрдүү динге сыйынган,

Канча адамдар аттап ыйык үй-жайын,

Түз жолунан, ак оюнан бурулган.

Канча адамдар кордук көрүп жазыксыз,

Үнү жалгыз кудайга эле угулган.

Канча иштер кайып болду жазасыз,

Калкаланып көө түндөрдүн нурунан.

 

Түндөр, түндөр, түмөндөгөн көп түндөр,

Түндөр, түндөр Кайгылууга өч түндөр!

Канча сапар карардыңар өзгөчө,

Канча сапар акыйкаттан өчтүңөр.

Канча сапар шордуулардын тагдырын

Каракчыга таштап коюп кеттиңер.

 

Түндөр, түндөр… Аруу, түндөр, ак түндөр,

Канчалардын бак-таалайын ачтыңар.

Канча жолу сырга бөлөп сыйкырлуу,

Шоолаңарды жүрөктөргө чачтыңар.

Канча жолу толкундарын бакыттын,

Жарыктыктан кызгандыңар, каттыңар…

 

 

 

About the author

Жазуучулар Союзу