Сардарбек Рыскулов: Аксак бөрү Абайылда баатыр

Аксак бөрү Абайылда баатыр

(Эл оозунан)

Абайылда аттуу баатырлар кыргыз элинде көп. Ошондуктан уругун атадык. Эл да бул кишини ошондой атап келген. Аксак бөрү солтонун атактуу уруусу. Абайылда баатыр – солто уруусунан. Айтылуу Черикчи баатырдын уулу Абайылда баатыр – Кочкордогу Болот-Темирден чыккан.

Бир жылы күздө Суусамырда ат чабыш болот. Ошол чабышка кыргыз жеринен атактуу күлүктөрдүн бири калбай бүт келет. Таласта Шаккулу деген кишинин күлүк тору кашка аты бар экен. Бир күндө эки чапса эки, үч чапса үч чыгып, алдына жылкы салбаган күлүк болуптур. Бул аттын даңкы казак, кыргыз элине бүт тарап жомок сыяктуу айтылып жүргөн учурунда Суусамырдагы чоң ат чабыш башталып, эл дүрбөп жөнөп калышат.

Ошол жылдарда Төрөгелди баатыр бул Торкашка атты кандай колго түшүрөрдүн айласын таба албай шаштысы кетип жүргөн экен. Төрөгелди Суусамырдагы чоң чабышка Шаккулунун Торкашка аты да келерин угуп, күн мурун жете барат. Ал чабышка Аксак бөрү Абайылда баатыр да келиптир. Төрөгелди бир жигитин жиберип Абайылдага алдыртан сөз катыштырат. «Кандай айла кылсаң да, Шаккулунун тору кашка атын колума тийгизсин». Бул сөздү уккандан кийин Абайылда баатыр эл арасынан көрүнбөй жок болуп калат.

Күлүктөр Суусамырдын аягынан Өтмөктүн белине кетчү туура жолго чейин айдалып, мара Сөөк, Караколдун Суусамыр жаккы бетиндеги эки суунун куйганына жакын атактуу Үйгөн таш болот. Кайра тарткан жерден Шаккулунун тору аты күлүктөрдөн бөлүнүп алдыга келе берет, Суусамырдын суусунун аяк-башы кошулуп Көкөмеренди көздөй бет алган жердеги булуңдагы токойдун арасынан аңдып жаткан Абайылда баатыр Торкашка аттын келатканын көрүп капталынан качырып чыгып үстүндөгү балага кыйкырат: «Келе чылбырыңды, сүрөйүн», – деп. Үстүндөгү бала тиги кишинин олбурлуу суук түрүн көрүп шектене түшөт да Торкашка аттын оозун коё берет. Абайылда баатырдын аты да күлүк ат экен, «Боорсок кулак» деп атагы чыккан. Канчалык чукул жерден ыкыс берсе да куйрук-улаш куйрук-улаш бара түшүп Торкашка атка жакындай албай калат. Жетпесине көзү жеткен Абайылда казык бою кылып токойдун суу талдарынан билектей-билектей үч-төрт талды күн мурун солоп койгон экен, бирин сууруп алып эшик-төрдөй жерден урганда бала бакырып аттын үстүнөн учуп түшөт. Торкашка чылбыр-тизгинин сүйрөп жолдон чыга берип, башын жерге салып оттой баштайт. Ошол учурда тизгини эки бутуна чалынып ат алыстай албай калат. Артынан жете барган Абайылда баатыр аттын буттарынан тизгин-чылбырды бошотуп жетелеген бойдон чытырман токойду аралап кирип кетет. Чабылган аттардын чыкканы чыгып, чыкпаганы калып марага жетет. Торкашка ат жок. Топ тарайт. Төрөгелди «аксарбашылын» айтып үйүн көздөй баратат.

Ошол жылы Төрөгелди Караколду жайлап, үйү Чоң таштын чоң конушунда болчу. Түн ортосу оогондо иттер ызы-чуу түшүп түрсүлдөгөн аттын дабышы үйдүн капшытынан угулат. Төрөгелди ордунан ыргып туруп: «Кокуй чыккыла, Абайылда баатыр келди!» деп бакырат. Абайылданы күтүп, кырынан кийимчен жаткан Төрөгелдинин жигиттери жабалактап эшикке чуркап чыгышат. Абайылда ат үстүнөн күрпүлдөп: «Алдыман тосуп чыкпайсыңарбы, бул эмнеңер, ыксырап жатып алганыңар!» – деп бир-экөөнү камчы менен басып-басып алат. «Кайда жанагы силердин Төрөгелдиңер?» Төрөгелди мойнуна курун салып: «Мына, мына-мына баатыр мен быякта, мен быякта, ат кайда-ат кайда?» – деп алдалактап шашып калат. Эси-дарты атта болуп алкы бузулуп турган ач көз дүнүйөкор экенин байкаган Абайылда бырс күлүп жиберип: «ат тээ тетиги жерде калды айылга жакындаганда баспай кежигесин тартып тык туруп калды» – дейт.

Төрөгелди: «О кокуй ал: «Мени алдыман тосуп албайт деп таарынып жаткан тура» – деп атка чейин көйнөк, дамбалчан, жыңайлак, жылаңбаш чуркайт. Topкашка атка жетип мойну-башын сылап маңдайынан өөп, үйүнө чейин өзү жетелеп келет. Эртеси күнү ак боз бээ союп, айыл-апасын бүт чакырып той берет. Бир жумадан кийин илбирс ичик жаап, алдына тогуз чаар ат салып бир жигитин кошуп, аксак бөрү Абайылда баатырды жөнөтөт.

Таластыктар Торкашка аттын Төрөгелди баатырга барганын билсе да артынан доолап келе албайт.

Торкашка ат Төрөгелдинин колуна келгенден кийин да бир канча жолу чоң байгелерге чабылып биринчиликти бербей жүрөт. Төрөгелдинин Аккызыл деген тулпары да күлүк ат экен. Кайсы бир байгелерге Торкашка ат менен кошо чабылып калганда Төрөгелди баатыр айтыптыр: «Аккызыл жоо көрүп калган ар дайым жортуулга минип жүргөн тулпар. Торкашка ат чыгып келатса да оозун тартып Аккызылдын артынан бирдин соңу кылып койгула, астына ат өтүп кетсе Аккызылдан сыймык кетип калат».

Ошондой бир чабышта Аккызыл чыгып, артында Торкашка ат келатыптыр. Төрөгелди баатыр жол караган көзү курч жигиттерден: «Кайсы ат чыгып келатат, балдар?» – десе бир жигит: «Аккызыл алдыда экен, Торкашка артынан түшүп жолдун аркы өйүзүнө бир, берки өйүзүнө бир секирип ойноп келатат», – дептир.       Ошондон кийин Төрөгелди Аккызыл тулпарын Торкашка ат кошулган чабышка кошпой калган дешет, карыялар.

Шаккулунун Торкашка күлүгүн Төрөгелдиге алпарып бергенден кийин Байтик баатыр аксак бөрү Абайылда баатырды нечен жолу кырсыктай берет. Бир күнү Абайылда баатырды чакырып алып: «Сен кимдин атын кимге жеткирип жүрөсүң? Ушул күзгө чейин тору атты Төрөгелдиден алып менин колума тийгизбесең башың кесилет» – деп, Абайылда баатырдын карегине сөөмөйүн такайт. Абайылда Байтиктин үйүнөн үн дебей чыгып кетет. Төрөгелди менен куда экен. Абайылда Бабакан деген баласынын Жүлжү деген кызын Төрөгелдинин Токсоба деген баласынын баласына бериптир. Ошол үчүн Шаккулунун Торатын «башаты» катары Төрөгелди баатырга берген экен, Абайылда баатыр. Айла канча «Кийиз токмок катуу болсо, мүйүз казык жерге кирет» – дегендей Байтик агасынын Абайылда солтонун аксак бөрү деген уругунан күчү токмоктолуп, катуу болуп жатпайбы…

Абайылда баатыр болгон ишти Төрөгелди баатырга жетип, төкпөй-чачпай баяндайт. Төрөгелди: «Баш алышмайдан ойносо ага да мен даярмын. Атты бере албаймын» – дейт. Бул сөздү уккандан кийин Абайылда баатыр арадан бир нече күндү өткөрүп жиберип Торкашка атты таңашып турган мамысынан чечип алып күн-түн дебей жол жүрүп oтypyп Байтикке жеткирди. Байтик дагы каарына алды: «Эшиктеги минип жүргөн атыңды сой» – деп Абайылданы жекирди. Абайылда баатыр үйдөн шып чыгып эки миздүү шабы менен Тиккулак деген кара тулпарын туруп турган жеринен көкүлүнүн түбүнөн тутамдап туруп башын кесип алып, канын чууруткан бойдон үйгө шымаланып алып кирип келди. Бир колунда баш, бир колунда кан чууруган шап, жаагынан түгү чыгып сакал-муруту камандын жалындай типтик сайылып, каны ичине тартып өң-алеттен кетип купкуу боло түштү да: «Жеңе этти каякка илем» – деди. Абайылданын ыраңын көргөн Апар (Байтиктин байбичеси) ордунан акырын козголуп Абайылданын колунан шап менен аттын башын алып: – «Ошол алжыган агаңа да теңелесиңби? Сага бир ат табылар» – деп, сыр билгизбей Абайылда баатырды жайлап жиберди. Дагы бирдеме деген катуу сөз Байтиктин оозунан чыкса, Байтиктин да башын кесип алгандан кайра тартчудан эмес, Абайылда баатыр.

Эртеси күнү Абайылдага Байтик өзүнүн кара кашка тулпарын алдына тартып, астына түштү. Байтиктен Төрөгелди да Торкашка атты кууп ала алган жок.